Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-ноябры № 631
"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2015-жылдын 19-июну, № 56) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-беренесинин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) атаандаштыкты жана ак ниет эмес атаандаштыкты чектөөгө багытталган макулдашуулар, макулдашылган иш-аракеттер (картел) боюнча иштерди кароонун алкагында монополияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.";
2) 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 20-пунктундагы "эркин жүгүртүү" деген сөздөр "ички керектөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун "а", "б" жана "в" пунктчаларындагы "бажылык тариздөө" деген сөздөр "бажы операциялары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 22-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
3-пунктунун "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) квалификациялык күбөлүк алган бажы операциялары боюнча кеминде эки адистин өз штатында болушу (ушул Мыйзамдын 231 жана 232-беренелери);";
4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "н" пунктчасы менен толукталсын:
"н) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө көз карандысыз аудитордук отчёт (аудитордук отчёттор) менен тастыкталган юридикалык жактын толук түзүлгөн уставдык капиталы жөнүндө маалыматтын болушу;";
5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "д") пунктчасы менен толукталсын:
"д) бул жак тарабынан бажы органына кайрылган күнгө карата эки жылдан кем эмес мезгилде жүктөрдү ташуу боюнча иш жүргүзүүсү.";
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси жана бажы өкүлү катары иш-аракет жүргүзүү өкүлү болгон жактын мүлкүнө зыян келтирүүнүн же ушул жактар менен келишимди бузуунун натыйжасында келип чыгуусу мүмкүн болгон өзүнүн жарандык жоопкерчилиги милдеттүү түрдө камсыздандырылууга жатат, муну менен бирге камсыздандыруу суммасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.";
5) 24-беренесинин 3-бөлүгүндө:
а) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "е", "ж", "з", "и", "к" пунктчалары менен толукталсын:
"е) бир жыл бою убактылуу сактоо кампасынын же бажы кампасынын ээси катары чарба ишин жүргүзбөгөндө;
ж) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүүдө бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүү шарттары сакталбаса;
з) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 2б-беренесинин 1) - 5), 7) жана 8) пунктчаларында каралган милдеттер убактылуу сактоо кампасынын ээси тарабынан сакталбаса;
и) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 31-беренесинин 1) - 6), 8) жана 9) пунктчаларында каралган милдеттер бажы кампасынын ээси тарабынан сакталбаса;
к) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак жоюлса;";
б) 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "к", "л", "м", "н" пунктчалары менен толукталсын:
"к) бажы операциялары боюнча адис тарабынан бажы иши чөйрөсүндө жазык-жазалануучу жосун жасалганда;
л) эгерде мурда ага карата ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык чаралар колдонулса, бир жыл бою бажы өкүлү катары чарба ишин жүргүзбөгөндө;
м) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүү шарттары бузулганда;
н) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак жоюлса;";
в) 3-пунктта:
"а" пунктчасы "укук бузганда" деген сөздөрдөн кийин ", эгерде мурда ага карата ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык чаралар колдонулса" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы "е", "ж", "з", "и", "к" пунктчалары менен толукталсын:
"е) алымсыз соода дүкөнүн түзүүдө, ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасында каралган бажы иши чөйрөсүндөгү иш жүргүзүүчү жактарды реестрге киргизүү шарттары сакталбаганда";
ж) ушул Мыйзамдын 150-беренесинде каралган милдеттерди алымсыз соода дүкөнүнүн ээси сактабаса, эгерде мурда ага карата ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык чаралар колдонулса;
з) үч ай бою алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары чарба ишин жүргүзбөгөндө;
и) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жак жоюлса;
к) алымсыз соода дүкөнүнүн ээси Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 36-беренесинде каралган милдеттерди сактабаганда.";
6) 27-беренесинин 3-бөлүгүнүн 7)-пунктундагы "бажылык тариздөө" деген сөздөр "бажы операциялары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 31-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде товардын чыгарылган жери жөнүндөгү тастыктамада товарлар чыгарылган өлкө жөнүндөгү маалыматтар, аларды колдонуу товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелеринин маселесин жөнгө салган Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде каралгандан башкача критерийлерге негизделген болсо, товар чыгарылган өлкө ушул эл аралык келишимдер менен аныкталган критерийлерге ылайык аныкталат.";
б) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "алты" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Товардын чыгарылган жери жөнүндөгү тастыктама Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында белгиленген аны тариздөө жана (же) толтуруу талаптарын бузуу менен таризделгенинин белгилери табылганда бажы органы мындай тастыктаманы тарифтик жеңилдиктерди берүү үчүн негиз катары кароодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.";
8) 32-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. "Эгерде товардын чыгарылган жери жөнүндөгү декларацияда товарлар чыгарылган өлкө жөнүндөгү маалыматтар, аларды колдонуу товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелеринин маселесин жөнгө салган Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде каралгандан башкача критерийлерге негизделген болсо, товар чыгарылган өлкө ушул эл аралык келишимдер менен аныкталган критерийлерге ылайык аныкталат.";
9) 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "эркин жүгүртүүгө" деген сөздөр "ички керектөө үчүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 76-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "эркин жүгүртүү" деген сөздөр "ички керектөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 77-беренесинин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 81-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "180" деген цифралар "182" деген цифралар менен алмаштырылсын;
13) расмий тилдеги вариантында 94-беренесинин аталышындагы "помещенными" деген сөз "под" деген сөз менен толукталсын";
14) 148-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын;
"4. Алымсыз соода дүкөндөрүнүн иштөө тартиби жана аталган дүкөндөрдө товарларды сатуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
15) 149-беренеде:
а) 3-бөлүгүндөгү "мамлекеттик орган менен" деген сөздөрдөн кийин ", башка жерлерде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Алымсыз соода дүкөнүн жабдуу жана жайгаштыруу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
16) 187-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "жана (же) Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдары" деген сөздөр алып салынсын;
17) 196-беренесинде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5) пункт менен толукталсын:
"5) камсыздандыруу келишими.";
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу ыкмасы бажы өкүлдөрү, убактылуу сактоо кампаларынын ээлери, бажы кампаларынын ээлери, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери жана бажы ташуучулары катары бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын реестрине киргизүүдө колдонулат.";
18) 40-глава төмөнкүдөй мазмундагы 200-1-берене менен толукталсын:
"200-1-берене. Бажы төлөмдөрүн төлөөнү камсыз кылуу катары камсыздандыруу келишимин колдонуу
Ушул Мыйзамдын 196-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуу катары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн камсыздандыруу келишими колдонулушу мүмкүн.";
19) 203-беренесинде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ошол эле учурда бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талапты жөнөтүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуу менен байланышкан кылмыш белгилери боюнча (укук бузуулар) жазык же административдик иш козголгон мөөнөткө токтотулушу мүмкүн.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Бажы төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талап бажы органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте кайра сурап алынышы мүмкүн.";
20) 205-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "эркин жүгүртүү" деген сөздөр "ички керектөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
21) 225-беренесинин 10-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Декларант товарларга карата мезгилдүү декларацияда белгиленген товарлар жөнүндө такталган маалыматтарды камтыган толук бажы декларациясын бажы органына берүүгө милдеттүү:";
22) 229-беренесинин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ушул Мыйзамга ылайык төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн бажылык өкүл ушул Мыйзамдын 181-беренесине ылайык декларант менен бирдей эле жоопкерчилик тартат, буга төмөнкүлөр менен байланышкан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттерди аткаруу учурлары кирбейт:
- товарлар чыгарылгандан кийин товарлар жайгаштырылган бажы жол-жоболорунун шарттарын жана талаптарын сактоо;
- бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди бул товарларды пайдалануу жана (же) тескөө боюнча чектөөлөргө аралаш колдонуу, ошондой эле зачет ыкмасы менен товарлар чыгарылгандан кийин бажы алымдарын, салыктарды төлөө боюнча жеңилдиктерди берүү милдеттүү болгон шарттарды аткаруу менен ички керектөө үчүн товарларды чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды колдонуу жана тескөө менен.";
- декларанттан же кызыкдар жактан алынган көз көрүнө анык эмес (жалган) маалыматтарды жана (же) жасалма документтерди колдонуу, анын негизинде бажы декларациясын берүү.";
23) 257-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бажы органдарынын кызмат адамдары тарабынан товарларды жана транспорттук каражаттарды тыкыр кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
24) 258-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "бажы органдары тарабынан," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
25) 260-беренеде:
а) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Бажы өкүлү квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын онуна чейин бажы органына бажы операциялары жүргүзүлгөн товарлар жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган отчеттуулук формасы боюнча берүүгө милдеттүү.";
б) 10-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "эркин жүгүртүү" деген сөздөр "ички керектөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
26) 296-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Бажы төлөмдөрүн жана туумдарды төлөө жөнүндө коюлган талаптарга даттануудан кийин Кыргыз Республикасынын жогорку турган бажы органы коюлган талаптын укук ченемсиздиги жөнүндө чечим кабыл алса, анда талап койгон бажы органы сот органдарынын чечими жок эле отуз жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө талапты кайра артка алат.";
27) 302-беренесинин 6-бөлүгүндөгү "эркин жүгүртүүгө" деген сөздөр "ички керектөө үчүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Өкмөт алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти