Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-ноябры № 630
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 30-статьянын 5-бөлүгү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "213-4-статьясын," деген цифралар жана сөз менен толукталсын;
2) 213-4-берененин 1-бөлүгүндө:
экинчи абзацтагы "жүз" деген сөз "беш жүз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Эскертүү: 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге жана Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген башка документтерге ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучуларына Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобиль менен жүктөрдү (кооптуулардан тышкары) ташууга жол берилет.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ташуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобиль менен жүктөрдү ташуунун шарттарынын сакталбашы -
эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|