Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-декабры № 691
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 93-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"93-статья. Дары-дармек каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө белгиленген тартипти, талаптарды, эрежелерди бузуу
Дары-дармек каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө белгиленген тартипти, талаптарды, эрежелерди бузуу, -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн токсон өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн төрт миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
2) 10-глава төмөнкүдөй мазмундагы 93-1-статья менен толукталсын:
"93-1-статья. Медициналык багыттагы буюмдарды колдонуунун жагымсыз кесепеттери жөнүндө маалыматтарды бербей коюу же жашыруу
Адамдардын кесиптик ишинде белгилүү болгон медициналык багыттагы буюмдарды колдонууда адам өлүмүнө, ооруга же адамдын организминин травмасына, организмдин түзүлүшүнүн же функциясынын бузулушуна, медициналык, анын ичинде хирургиялык кийлигишүүгө, түйүлдүктүн функциялык бузулууларына, анын өлүмүнө, тубаса аномалияга же төрөт травмасына алып келген жагымсыз окуялар жөнүндө маалыматтарды бербей коюу же жашыруу, -
жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн сексен өлчөмүндө, кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
3) 94-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"94-статья. Дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды мыйзамсыз өндүрүү, даярдоо жана сатуу
Иштин тандаган түрүнө тиешелүү лицензиясы жок дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүү, даярдоо жана сатуу -
администрациялык эреже бузуунун түздөн-түз предмети болгон дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыш өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жети миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
4) 302-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды белгиленбеген жерлерде сатуу -
администрациялык эреже бузуунун түздөн-түз предмети болгон дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды конфискациялоо менен жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыш өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул берененин биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган, жашы жете электер тарабынан жасалган ушундай эле аракеттер -
алардын ата-энелерине же аларды алмаштыруучу адамдарга эсептешүү көрсөткүчүнүн жетимиш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
5) 318-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"318-статья, Дары-дармек каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды жарнамалоо
Дары-дармек каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүгө, даярдоого жана сатууга саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин органдары тарабынан берилүүчү лицензиясы жок аларды жарнамалоо, ошондой эле саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин органдары белгилеген аларды колдонуу боюнча чектөөсү бар дары-дармек каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды жарнамалоо -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыш өлчөмүндө, юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
6) 508-статья "93" деген цифралардан кийин "93-1" деген цифралар менен толукталсын;
7) 535-статьянын 1-бөлүгүндөгү "1 жана 3-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "1, 3 жана 4-бөлүктөрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 255-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"255-статья. Дары-дармек каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды мыйзамсыз өндүрүү, даярдоо жана сатуу
Дары-дармек каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды мыйзамсыз өндүрүү, даярдоо жана сатуу, эгер мындай иштин натыйжасында адамдын ден соолугуна байкабастыктан зыян келтирилген болсо, -
келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен коомдук иштерге тартуу аркылуу же үч жылдан беш жылга чейин эркиндигин чектөө менен жазаланат.
Ушундай эле жосундар байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе -
айрым кызмат орундарын ээлөө укугунан же айрым ишти жүргүзүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен бир миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салуу же үч жылдан беш жылга чейин эркиндигин чектөө же эки жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.";
2) 25-глава төмөнкүдөй мазмундагы 255-1-берене менен толукталсын;
"255-1-берене. Дары-дармек каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды мыйзамсыз клиникалык изилдөө (сыноо)
Жашы жете электерге, аскер кызматындагыларга, эркиндигинен ажыратуу жайларында айыбын өтөп жаткандарга, ошондой эле тергөө изоляторлорунда күзөттө тургандар адамдарга, кош бойлуу аялдарга, психикалык оорулууларга жана/же мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылгандарга дары-дармек каражаттарын, медициналык багыттагы буюмдарды клиникалык изилдөө (сыноо), ошого тете мындай жосундардын натыйжасында жабырлануучунун ден соолугуна байкабастыктан зыян келтирүү, -
жыйырма миңден кырк миңге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салуу же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.
Ушундай эле жосундар, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келсе, -
айрым кызмат орундарын ээлөө укугунан же айрым ишти жүргүзүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейин эркиндигин чектөө же эки жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
163-берененин 1-бөлүгүндөгү "255," деген цифралардан кийин "255-1," деген цифралар менен толукталсын.
4-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуланын 2-бөлүгүндө "дары-дармек каражаттарына (продукцияга, анын ичинде ветеринардык препараттарга, пестициддерге, агрохимикаттарга, медициналык багыттагы буюмдарга, тамак-аш продукцияларына карата милдеттүү талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруу учурларын кошпогондо)" деген сөздөр "дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга (продукцияга, анын ичинде ветеринардык препараттарга, пестициддерге, агрохимикаттарга, тамак-аш продукцияларына карата милдеттүү талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруу учурларын кошпогондо)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.";
2) 18-берененин 2-бөлүгүндөгү "фармакопеялар жана фармакопеялык беренелер," деген сөздөр алып салынсын.
5-берене.
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы пункттар менен толукталсын:
а) 5-пункт менен:
"Айлана-чөйрөдөгүлөргө коркунуч туудурган оорулар - кыска мөөнөттүн ичинде көп сандагы адамдардын ооруп калуусуна жана (же) өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон оорулар.";
б) 18-пункт менен:
"Сейрек оорулар - калктын аз гана бөлүгүн камтып, адам өмүрүнө коркунуч келтирген, ошондой эле өнөкөткө айлануу менен кабылдай берүүчү жана адам өмүрүнүн кыскарышына же анын майып болуп калуусуна түздөн-түз алып келүүчү оорулар.";
в) 26-пункт менен:
"Социалдык маанидеги оорулар - келип чыгуусу жана (же) таралуусу кандайдыр бир деңгээлде социалдык-экономикалык шарттарга көз каранды болгон оорулар.";
2) 10-берененин 1-бөлүгүндөгү "жана медициналык жабдуулардын" деген сөздөр алып салынсын;
3) 30-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"Социалдык маанидеги оорулардын жана айлана-чөйрөдөгүлөргө коркунуч туудурган оорулардын тизмегин түзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";
4) VIII глава төмөнкүдөй мазмундагы 71-1-берене менен толукталсын:
"71-1-берене. Сейрек оорулар менен жабыркаган жарандардын укуктары
Сейрек оорулардан жабыркаган жарандар мыйзамда бекитилген тартипте медициналык-санитардык, анын ичинде дары-дармек жактан жардам алууга укуктуу. Сейрек оорулардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт";
5) 84-беренеде:
а) 4-абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
6) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте медицина кызматкерлери дарыларга рецепт жазууга, ишке жарамсыздык жөнүндө баракчаны жана маалымкатты берүүгө укуктуу.".
6-берене.
"Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-беренедеги "жөнөтүүнү" деген сөз "даярдоону" деген сөз менен алмаштырылсын.
7-берене.
1) Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн жана өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти