Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-декабры № 696
Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата стратегиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата стратегиясы (мындан ары - Стратегия) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бир айлык мөөнөттө Стратегияны ишке ашыруу боюнча Орто мөөнөттүк иш-аракеттердин планын (мындан ары - Иш-аракеттер планы) иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Стратегияны ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору квартал сайын, отчёттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги отчёттук айдан кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берип турсун.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө тапшырылсын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүүнүн 2017-2025-жылдарга карата СТРАТЕГИЯСЫ
1. Киришүү
Мамлекеттик финансыны башкарууну өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Кыргыз Республикасында 2017-2025-жылдар мезгилинде мамлекеттик финансыны башкарууну реформалоонун багыттарын жана артыкчылыктарын белгилейт.
Стратегияны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - ФМ) Улуу Британиянын Эл аралык Өнүктүрүү Департаментинин (DFID) колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-августундагы № 456 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга "Ишеним жана биримдик" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттер планынын 2.1.5-пунктун аткаруу үчүн иштеп чыкты.
Стратегия МФБны өркүндөтүү маселелери артыкчылыктуу катары аныкталган 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын талаптарына жооп берет.
Стратегия Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана баардык кызыкдар болгон тараптар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан ишке ашырууга багытталган.
1.1. Мамлекеттик финансыны башкаруу
Мамлекеттик финансыны башкаруу - бул коомдун болжолдонгон социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик финансылык ресурстарды топтоону жана бөлүштүрүүнү, аларды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн контролду камтыган мамилелердин системасын, ошондой эле мындай мамилелерди ишке ашыруучу жана жөнгө салуучу финансылык институттардын (мекемелердин) жана механизмдердин жыйындысы.
МФБнын негизги максаты - бул коомчулуктун сапаттуу жана натыйжалуу кызматтардан пайдалануусу үчүн финансылык шарттарды түзүү. МФБнын иштиктүү системасы секторду өнүктүрүүгө ресурстардын зарыл көлөмүн бөлө алуучу шарттарды жарата алат. МФБнын натыйжалуу түзүлгөн системасы баардык кызыкдар тараптарга финансылык ресурстардын кандай жана эмнеге чыгымдалып жаткандыгын көрүүгө мүмкүндүк берет.
Финансыны башкаруу процесси ресурстарды (объекттерди) башкарууну, субъекттерди жана аларды башкаруу механизмин өркүндөтүүнү камтыйт.
1.2. Стратегиянын принциптери
Бул Стратегияга негиз катары төмөнкү негизги принциптер киргизилген:
- баардык кызыкдар тараптардын активдүү тартылуусу жана өз ара түшүнүшүүсү: жоопкерчиликти бөлүштүрүү жана Стратегияны ишке ашырууну милдеттүү мониторингдөө менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, мамлекеттик мекемелер, жарандык коом жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр;
- колдонуудагы мыйзамдарды кызыкдар тараптардын сакташы жана аны өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүдө карама-каршылыктардан качуу;
- МФБ системасын реформалоонун мурунку этаптарынын натыйжаларын улантуу жана аларды ишке ашыруу тажрыйбасын эсепке алуу;
- МФБ системасын реформалоонун жаңы этаптарын ишке ашыруунун артыкчылыктарын жана так ырааттуулугун аныктоо;
- МФБ системасын реформалоо боюнча иш-чаралардын үзгүлтүксүздүгүн жана туруктуулугун камсыздоо;
- тобокелдиктерди баалоо.
2. Учурдагы абал жана көйгөй
2.1. Учурдагы абал
Бир катар жылдардан бери МФБ системасынын реформасы төмөнкү багыттарда ишке ашырылууда:
- бюджеттик процесс: бюджетти пландоо жана аткаруу;
- бюджеттин ачык-айкындыгы;
- программалык негизде бюджет түзүү;
- фискалдык саясат;
- мамлекеттик сектордогу бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук; мамлекеттик органдардын жана мекемелердин, мамлекеттик менчиктеги үлүшү бар ишканалардын ички жана тышкы аудити.
Орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттик карызды башкаруу боюнча милдеттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-октябрындагы № 532 токтому менен бекитилген 2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу Стратегиясында чагылдырылган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан карыздын туруктуулук маселесине олуттуу маани берилет, ушуга байланыштуу мамлекеттик карызды башкаруу боюнча орто мөөнөттүү стратегия үзгүлтүксүз негизде жаңыланып турат.
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 675 токтому менен бекитилген МФБны реформалоо боюнча иш-аракеттердин 2012-2015-жылдарга карата орто мөөнөттүү планы жаңыланган. Иш-аракеттердин планы финансылык башкарууну жана анын ачык-айкындыгын бекемдөөгө, кирешелерди тескөөгө, бюджет аралык мамилелерге, мамлекеттик сатып алуу жол-жоболоруна жана инвестицияларга, бухгалтердик эсеп жана аудитке багытталган иш-чаралардын кеңири спектрин камтыган.
МФБны реформалоодогу техникалык жардам донорлор жамаатынын биргелешкен аракети менен көрсөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Улуу Британиянын, Швециянын, Швейцариянын өкмөттөрүнүн жана Европа биримдигинин ортосундагы 2009-жылдын 16-сентябрындагы жана 2010-жылдын 16-декабрындагы "Көп тараптуу Трасттык фонддун гранты жөнүндө" макулдашууларга ылайык "Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү" долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн Көп тараптуу трасттык фонд (мындан ары - КТТФ) түзүлгөн. Бюджеттик процессти, ички аудиттин жана контролдун функцияларын, институттук жана адам потенциалын чыңдоо аркылуу мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы реформаларды колдоого багытталган долбоор төмөнкүдөй компоненттерди камтыган: (1) Бюджеттик процессти күчтөндүрүү; (2) Орто мөөнөттүү бюджеттин негизин жакшыртуу; (3) Ички аудит жана контроль; (4) МФБ системасынын институттарынын потенциалын өнүктүрүү.
КТТФнын көмөк көрсөтүүсү менен ФМ жана башка МФБ институттары тарабынан 2011-2015-жылдардагы мезгилде МФБ системасын өнүктүрүү боюнча ар кандай багыттар боюнча маанилүү кадамдар жасалган.
Программалык негиздеги бюджет түзүү механизмдери бюджетти пландоо боюнча жаңы инструктивдик жана методикалык материалдар, натыйжалуулук индикаторлорун тандоо жана мониторингдөө менен толукталды, программалык бюджеттештирүүгө катышкан мамлекеттик органдардын камтуу чөйрөсү кеңейген, Орто мөөнөттүү бюджеттик чыгымдар стратегиясын (мындан ары - ОБЧС) бюджеттик каражаттардын 20 башкы тескөөчүлөрү (мындан ары - БКБТ) даярдашат, баардык БКБТ бюджеттик табыштамаларды программалык форматта даярдашат, программалык бюджеттештирүү методикасына БКБТ адистери жана ондогон потенциалдуу тренерлер окутулду. БКБТ өзүнүн чыгымдарын тармактык саясатка ылайык жана чыгымдар беренелери боюнча пландоо мүмкүнчүлүгү берилди.
Бюджеттин ачык-айкындыгын жогорулатуу алкагында үзгүлтүксүз жарыялоолор түрүндө бюджет жөнүндө жеткиликтүү болгон документтердин тизмеги кеңейтилген жана бюджет жөнүндө жарандык коом үчүн жалпыланган маалыматтар жарыяланат, бюджет долбоору боюнча коомдук угуулар жыл сайын өткөрүлүп турат. Мамлекеттик органдардын карамагындагы маалыматты жарандардын алууга укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жана маалыматтык ачык-айкындуулукка жетишүү максатында, ошондой эле маалыматтык ачыктыкка жетишүү үчүн ФМ www.okmot.kg электрондук сайты түзүлгөн, ал "Ачык бюджет", "Мамлекеттик электрондук сатып алуулар", "Экономикалык карта" аттуу рубрикалардан турат.
Фискалдык саясат жаатындагы жаңы киргизүүлөр: мамлекеттик кирешелерди болжолдоонун жана талдоонун жакшыртылган ыкмалары, оптималдаштырылган маалыматтык агымдар жана бюджеттин киреше (ресурстук) бөлүгүн түзүү жана аткаруу процесстеринде мамлекеттик органдардын өз ара мамилелеринин тартиби. Салык маданиятын түзүү жана өнүктүрүү, салыктык эмес кирешелерди реформалоо боюнча бир катар стратегиялык документтер даярдалган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясат концепциясы жана аны ишке ашыруунун иш-чаралар Планы бекитилген, аларда бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн болжолдоо жана ай сайын бөлүштүрүү боюнча бюджеттик жол-жоболордун так регламенти аныкталган, бул республиканын социалдык-экономикалык милдеттерине ылайык мамлекеттик кирешелерди максималдуу мобилизациялоону жана бюджеттин реалдуулук принциптерин ишке ашырууну камсыздайт.
Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу саясатын жана жол-жоболорун өркүндөтүү иш процессин жакшыртуу багытында ишке ашырылган. МФнын 2013-жылдын 30-августундагы № 153-б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча колдонмо иштелип чыккан, ал инвестициялык долбоорлор бюджетке киргизилгенге чейин инвестициялык долбоорлорду аныктоонун жана тандоонун макулдашылган процессин, ошондой эле өнүктүрүү долбоорлорун тандоодо ачык-айкындыкты камсыздайт. Кыргыз Республикасынын инвестициялык долбоорлорун талкуулоого, баалоого жана мониторинг жүргүзүүгө жарандардын катышуусу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министринин иш-аракеттер/милдеттенмелер планына ылайык "Электрондук аянтча" www.projects.minfin.kg долбоору иштелип чыккан okmot.kg сайтында "Тышкы жардам" (donors.okmot.kg) порталы түзүлгөн, анда тышкы жардамга тиешелүү маалыматтар камтылган, ал мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу алкагында республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө берет.
Мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча чараларда төмөнкүлөр камтылган: сатып алуу процессинде натыйжалуулукту жана ачык-айкындыкты жогорулатуу максатында мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасын киргизүү жана анын коомго жеткиликтүү болушун камсыздоо, ошондой эле, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана мыйзамдан келип чыгуучу актыларды кабыл алуу аркылуу укуктук жана методологиялык базаны өркүндөтүү. Мамлекеттик сатып алуулар системасы эл аралык стандарттарга ылайык келет. Кызыкдар адамдар веб-портал аркылуу мамлекеттик сатып алуулардын методологиялык базасына жана ченемдик-укуктук актыларга (мындан ары - ЧУА) жеткиликтүүлүккө ээ.
Ички аудит системасын киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлгөн: ички аудит кызматтары түзүлгөн (27 мамлекеттик органда жана мекемелерде), ички аудит тууралуу мыйзамдар жана методологиялар өркүндөтүлгөн. Бул чаралар мамлекеттик чыгымдарды башкаруу процесстерин жана алардын ачык-айкындыгын жакшыртууга, коррупция көрүнүштөрүн алдын-алууга өбөлгө түздү.
Тышкы контролдоонун механизмдерин жакшыртуу аракеттери жасалды: тышкы аудиттин стандарттарын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кеңеши тарабынан Финансылык аудитти жүргүзүү боюнча колдонмо, Чарба жүргүзүүчү субъекттердин финансылык отчеттуулугу боюнча колдонмо, Натыйжалуулук аудити боюнча колдонмо иштелип чыгып жана бекитилген, алар аудиттин жогорку органдарынын эл аралык стандарттарынын принциптерине ылайык келишет.
Бюджет аралык мамилелер жаатында: бюджет аралык трансферттерди бөлүү саясаты кайра каралды жана билим берүү жана дем берүүчү гранттардын чөйрөсүндөгү чыгымдарды каржылоонун системасы өзгөртүлдү. Жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн жана аткаруунун, дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен долбоорлорду иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун жаңы методикалары иштелип чыкты. Финансы-бюджеттик борбордон ажыратуу жана бюджет аралык мамилелерди өркүндөтүү маселелери бир катар концептуалдык документтерде каралган. Жергиликтүү бюджеттерди финансылык ресурстар менен камсыздоо үчүн жагымдуу жана туруктуу шарттарды түзүү үчүн так тенденция белгиленди.
Мамлекеттик сектордогу бухгалтердик эсеп жана финансылык отчет системасында: мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилген, СГФ 2001ге ылайык жаңы бюджеттик классификациянын негизинде эсептин жаңы планы, бир катар жетектөөчү документтер иштелип чыкты. МСФООС базасында Кыргыз Республикасындагы коомдук сектордун финансылык отчетунун стандарттарын (мындан ары - СФООС) этап боюнча киргизүү чаралары көрүлдү, ал бухгалтердик эсептин жана отчеттун толуктугун жана тууралыгын камсыздоого мүмкүндүк берет.
МФБ системасынын ар кандай багыттары боюнча мамлекеттик кызматчылардын потенциалын жогорулатуу менен байланышкан бир катар чаралар ишке ашырылган. Анын натыйжасында ФМ Окуу борборунун техникалык жана методологиялык базасы МФБ негизги багыттары боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин кеңири масштабдуу окутууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Мамлекеттик сатып алуучуларды сертификациялоо системасы киргизилген.
МФБ системасын реформалоонун көптөгөн аспектилерин мыйзамдуу түрдө бекитүүчү маанилүү документ болуп 2016-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (мындан ары - Бюджеттик кодекс) саналат. Бюджеттик кодекс төмөндөгү негизги жаңы киргизүүлөрдү камтыйт:
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасын түзүүнүн так принциптери, бюджеттик процессте пайдаланылуучу так түшүнүктөр жана терминдер аныкталган;
- бюджеттердин кирешелери, чыгымдары жана бюджеттик инвестициялар жөнүндө ченемдер жаңы бюджеттин принциптерине ылайык келтирилди;
- бюджеттик процессте катышуучулардын ролу жана ыйгарым укуктары такталды жана бюджеттик мыйзамды бузгандык үчүн алардын жоопкерчилиги күчөтүлдү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервин пайдалануу жаатындагы ченемдер так регламенттелди;
- Бюджеттик кодексти колдонуу чөйрөсү кеңейтилди, Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасына Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети (мындан ары - СФ) кошулду;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерин түзүүнүн, кароонун жана бекитүүнүн, алардын аткарылышы жөнүндө отчеттун бирдей тартиби жана мөөнөттөрү аныкталды;
- бюджеттик инвестициялар жөнүндө ченемдер эл аралык практикага жана алдыңкы тажрыйбаларга ылайык келтирилди;
- бюджетти орто мөөнөттүү болжолдоонун ролу күчөтүлдү;
- программалык негизде бюджеттөөгө толук өтүү аспаптары өркүндөтүлдү;
- бюджеттер аралык жөнгө салуу аспаптарынын тизмеси толукталды;
- бюджеттик процесстин жана бюджеттик маалыматтын ачык-айкындыгына талаптар күчөтүлдү.
2.2. Учурдагы көйгөйлөр
МФБ системасын реформалоонун жүрүшүндөгү жетишкендиктер көрсөтүлүп жаткан кызматтардын натыйжалуулугун жана сапатын жакшыртууга, аны андан ары өркүндөтүү үчүн бекем базис түзүүгө мүмкүндүк берди. Учурдагы абалды талдоонун жыйынтыгы (МЧФОну баалоону жана Дүйнөлүк банктын баяндамасын кошо алганда) мамлекеттик финансы чөйрөсүн натыйжалуу жана майнаптуу пайдаланууну кыйындаткан көйгөйлөрдүн бар экендигин көрсөттү жана алар ушул Стратегияны иштеп чыгуу зарылдыгын шартташты. МФБ системасындагы көйгөйлөрдүн негизги топтору:
- бюджеттин реалдуулук жана алдын алуу критерийлерине туура келбестик көйгөйү: бюджетти орто мөөнөттүк болжолдоо элементтеринин жетик эместиги; фискалдык тобокелдерди башкаруу, мамлекеттик инвестицияларды пландоо жана аткаруу боюнча жетишсиз методологиялык негиз;
- программалык негиздеги бюджетти аткарууну иш жүзүндө колдонууга өтүүнүн жетишсиздиги: БКББ программалык бюджетинин иштелип чыккан структуралары жана ПНБнын пландоонун жана мониторингинин методологиялык негизи болгонуна карабастан, Казыналык системасында программалык бюджеттерди программалуу бюджеттик классификацияга ылайык аткаруу татаалданган. БКББнын натыйжалуулук индикаторлору жетишерлик так баяндалган эмес;
- бюджеттин толуктугун жана ачык-айкындыгын камсыздоо көйгөйү: бюджет боюнча аналитикалык материалдардын жетишсиздиги, жарыялануучу негизги бюджеттик документтердин форматтарынын жетик эместиги, бюджет аралык мамилелер системасынын ачык-айкындыгынын аздыгы жана жетишсиз жөнгө салынгандыгы;
- бюджетти аткарууда чыгымдарды контролдоонун начар системасы: ликвиддүүлүктү жана акча каражаттарын башкаруунун каражаттары жетик эмес шартта бюджетти оңдоону талап кылуучу кошумча чыгымдар пландалбаган чыгымдарга жана кошумча карыз алууларга алып келүүдө.
- бюджетти аткарууда сарптоолорду жетишсиз контролдоо системасы: кирешелердин түшүүсүн пландоо жана болжолдоо жыл ичинде кирешелердин бир калыпта түшүүсүн камсыздоону кыйындатуучу жана бюджеттин чыгым бөлүгүн аткарууда кассалык айырмачылыктардын жаралышына, бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүүгө алып келүүчү механизмдердин негизинде ишке ашырылып жатат. Бюджетти кассалык аткаруу өз учурунда болбой жатканы бюджет алуучулардын акчалай каражаттарды толук көлөмдө алуусун кыйындатып жана жыл ичинде каражаттарды текши эмес сарптоого алып келүүдө;
- финансылык эсептин жана отчеттун коомдук сектордогу эсептин эл аралык стандарттарына ылайык эместиги. Бюджеттик мекемелердин иштери тууралуу ишенимдүү маалыматты алуу зарылдыгы бар, ал коомдук сектордогу эсептин эл аралык стандарттарына ылайыктуу мамлекеттик башкаруу секторунун бухгалтердик эсебинин жана отчетунун методологиясы бар болушу менен камсыздалат;
- тышкы жана ички аудиттин жол-жоболорунун жетик эместиги: ички аудитти өнүктүрүүдөгү прогресске карабастан, финансылык башкаруу жана контролдоо институту өзүнүн өнүгүүсүнүн баштапкы этабында турат. Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык стандарттарынын негизинде мамлекеттик тышкы аудит жүргүзүүнүн сапатын камсыздоо зарылдыгы бар.
3. Стратегиянын максаты, узак мөөнөттүү мүдөөсү жана милдеттери
3.1. Стратегиянын максаты:
Натыйжалуулуктун жана жыйынтыктуулуктун талаптарына жооп берүүчү МФБ системасын түзүү.
3.2. Мүдөө:
Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны калктын бакыбаттыгын ар тараптан арттырууга жарактуу, үнөмдүү, майнаптуу, ачык-айкын жана акыйкат сапаттуу тейлөөгө жөндөмдүү заманбап ыкма менен натыйжалуу, отчеттуу, жоопкерчиликтүү башкаруу.
Категориялардын ар бири кеңири мааниге ээ жана реформанын күтүлгөн натыйжасы катары каралат:
"заманбап" - маалыматтык технологияларды, жаңыланган методикаларды жана жумушчу процесстерин пайдалануу;
"натыйжалуу" - кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку сапатына эң аз чыгымдар менен жетишилет;
"отчеттуу" - Жогорку Кеңешке жана калкка толук жана жеткиликтүү маалымат берүү;
"үнөмдүү" - 1) сатып алуулар эң төмөнкү баа боюнча ишке ашырылат (бирден бир критерий - баа), 2) белгиленген критерийлерди эсепке алуу менен төмөнкү бааланган нарк менен (конкурстук документтерде баа менен катар баалоонун башка критерийлери да каралат);
"ачык-айкын" - коррупциялык кынтыгынын жоктугу;
"объективдүү" - башкаруу методдору адилеттүү жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келет.
3.3. Стратегиялык милдеттер
Стратегиянын максаттарына жетишүү үчүн стратегиялык милдеттер:
1) мамлекеттик бюджетти пландоону жана аткарууну жакшыртуу, анын ичинде:
- бюджеттин ачык-айкындыгын, толуктугун жана тууралыгын арттыруу;
- бюджетти мамлекеттик саясатка ылайык келтирүү;
- бюджеттин кирешелерин жана чыгымдарын контролдоону жакшыртуу.
2) финансылык эсепке алуунун жана отчеттун өз учурунда болуусу;
3) ички жана тышкы аудиттин жол-жоболорун өркүндөтүү.
4. Стратегияны ишке ашыруунун ырааттуулугу
4.1. МФБ реформасынын жана Стратегияны ишке ашыруунун этаптары
Стратегиядагы ишке ашыруу каралган реформалардын ырааттуулугу багыттар, пландар жана ыкмалар менен мүнөздөлгөн ишке ашыруу этаптарын белгилейт.
Натыйжалуу түзүлгөн МФБ системасы мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө, экономикалык жана социалдык өнүктүрүү жаатындагы максаттарга жетүү үчүн чоң мааниге ээ, анткени алар: (1) бюджеттик тартипти; (2) фискалдык туруктуулукту жана ресурстардын натыйжалуу бөлүштүрүлүшүн; (3) кызматтардын сапаттуу көрсөтүлүшүн камсыздайт. МФБ системасын өнүктүрүүнүн бул деңгээлдери эл аралык практикада таанылган жана Стратегиянын милдеттерин аткаруу ырааттуулугунда артыкчылыктарды жайгаштыруу үчүн колдонулса болот. (1-сүрөттү карагыла).
1-сүрөт. Кыргыз Республикасында МФБ реформасын ишке ашыруу этаптары
Көрсөтүлгөн этаптар төмөндөгү күтүлүүчү натыйжалар менен мүнөздөлөт:
I. Финансылык тартип. Финансылык тартипти сактоо: бюджетти планга ылайык аткаруу бюджеттин реалдуулугуна жана тууралыгына жетүүгө өбөлгө берет.
II. Фискалдык туруктуулук. Бюджетти орто мөөнөттүү келечекке карата артыкчылыктуу багыттарга жана реалдуу болжолдорго ылайык пландоо жана аткаруу туруктуу фискалдык саясатты ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
III. Кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжалуулугу. Бюджеттик ресурстарды натыйжалуу башкаруу кызматтарды сапаттуу көрсөтүүгө жана каражаттарды үнөмдүү пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Стратегияны ишке ашыруунун негизги багыттары Стратегиянын милдеттерине ылайык келет жана МФБ чөйрөсүндөгү эл аралык тажрыйбада колдонулган реформаларды стратегиялык пландоодо, ошондой эле МЧФО методикасында пайдаланылган МФБ системасынын негизги функцияларын чагылдырат. Стратегияны ишке ашыруунун негизги багыттары:
1) бюджеттин реалдуулугуна жетишүү;
2) программалык негизде бюджеттештирүүнү жакшыртуу;
3) бюджеттин толуктугун жана ачык-айкындыгын камсыздоо;
4) бюджетти аткарууда чыгымдарды контролдоону жакшыртуу;
5) бюджетти аткарууда кирешелерди контролдоону жакшыртуу;
6) бухгалтердик эсеп жана отчет стандарттарын жакшыртуу;
7) ички аудиттин жол-жоболорун жакшыртуу;
8) тышкы аудиттин жол-жоболорун жакшыртуу.
Стратегиянын багыттарын ишке ашыруунун ырааттуулугу 1-таблицада көрсөтүлгөн.
Реформа белгилүү бир динамикага ээ жана бир топ багыттар жетишкендиктер жана узак мөөнөттүү мезгилге карата пландар менен мүнөздөлөт. Башкаруунун бул этабындагы артыкчылыктуу элементтерди камтуучу конкреттүү иш-чаралар каралган, МФБ системасында иштөөчү ар бир этаптын баяндалган милдеттер иш-аракет пландарына айланат.
I этап. Финансылык тартип
Стратегиянын биринчи этабын ишке ашыруунун натыйжасында Кыргыз Республикасында МФБ колдонуу системасы финансылык тартипти сактоону чагылдырат: бюджетти планга ылайык аткаруу бюджеттин реалдуулугуна жана тууралыгына жетишүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасында БОМБнын алкагында чыгымдарды жана кирешелерди орто мөөнөттүү пландоо колдонулат, ал жыл сайын үч жылдык мезгилге түзүлүп жана бекитилет. Бюджетти жыл сайын аткаруу практикасы ар жылдык бюджеттин болжолдонуучу жана иш жүзүндөгү маалыматтарынын ортосундагы айырмаларды, пландоонун үч жылдык айдыңында жыл сайын жылдырууда болжолдордун өз ара байланышы начар экендигин көрсөтүп турат.
Ар жылдык бюджеттик циклди башкаруу механизмдери, болжолдор жана программалык бюджеттер бюджеттин туруктуулугун жана алдын алууну камсыздоого тийиш. Бюджеттин реалдуулугуна жетишүү Стратегиянын I жана II этаптарын ишке ашыруунун негизи болууга тийиш.
Мындай ыкма Стратегияны ишке ашыруунун биринчи этабында, бюджетти орто мөөнөттүү пландоо жана программалык бюджеттештирүү сыяктуу мындай маанилүү аспекттерге көңүл бурууну азайтпайт. Реформаны жүргүзүүдө түзүлгөн ПНБнын методологиялык жана практикалык базасы ПНБ МФБнын башкы шайманы болуп калган учурда, реформанын кийинки этаптарынын ийгилигин камсыздоо үчүн бекемделүүгө жана өркүндөтүлүүгө тийиш. ПНБнын масштабын жана комплекстүүлүгүн колдонуу Стратегияны ырааттуу ишке ашыруу этаптарына жараша өсүп турат.
Стратегиянын I этабын аткаруу төмөнкү багыттарды ишке ашырууну белгилейт:
1. Бюджеттин реалдуулугуна жетишүү:
1.1. Бюджеттин кирешелерин болжолдоону жакшыртуу;
1.2. Бюджеттин чыгымдарын болжолдоону жакшыртуу;
2. Программалык негизде бюджеттөөнү жакшыртуу:
2.1. Бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун жакшыртуу;
2.2. Программалык негизде бюджетти пландоону жакшыртуу;
2.3. Программалык негиздеги бюджетти аткарууну жана мониторингдөөнү жакшыртуу.
3. Бюджеттин толуктугун жана ачык-айкындыгын камсыздоо:
3.1. Бюджеттик классификацияны өркүндөтүү;
3.2. Бюджет жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыздоо;
3.3. Бюджет аралык мамилелердин ачыктыгы.
4. Бюджетти аткарууда чыгымдарды контролдоо системасын өркүндөтүү:
4.1. Милдеттенмелерди жана акча каражаттарды контролдоону өркүндөтүү;
4.2. Мамлекеттик карыздарды башкаруу системасын өркүндөтүү;
4.3. Мамлекеттик сектордо эмгек акы фондун башкарууну жакшыртуу;
4.4. Бюджетти аткаруу тартибин камсыздоо;
4.5. Мамлекеттик сатып алуулар саясатын жана жол-жоболорун өркүндөтүү.
5. Бюджетти аткарууда кирешелерди контролдоо системасын өркүндөтүү:
5.1. Кирешелерди тескөөнү өркүндөтүү.
6. Бухгалтердик эсеп жана отчет системаларын өркүндөтүү:
6.1. Бухгалтердик эсептин стандарттарын өркүндөтүү;
6.2. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун стандарттарын өркүндөтүү.
7. Ички аудит жана контролдоо жол-жоболорун өркүндөтүү.
8. Тышкы контролдоо жана аудит жол-жоболорун өркүндөтүү.
I этапты ишке ашыруунун натыйжасында кийинки этапка өтүү үчүн негиз түзүлөт, ал төмөндөгү аспекттер менен мүнөздөлөт:
1) чыгымдардын жана кирешелердин реалдуу жылдык болжолунун негизинде бюджетти планга ылайык аткаруу;
2) жыл ичинде чыгымдарды жакшыртылган башкаруу;
3) жыл ичинде кирешелерди жакшыртылган башкаруу;
4) өз убагында эсепке алуу жана отчеттуулук;
5) жакшыртылган ички контроль жана аудит;
6) финансылык башкарууну жана контролдоону ишке киргизүү;
7) жакшыртылган тышкы аудит.
Стратегиянын I этабын ишке ашыруу аяктаганда МЧФОго кезектеги баалоо жүргүзүлөт.
II этап. Фискалдык туруктуулук
Стратегиянын кийинки этабын ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжа: бюджетти орто мөөнөттүү келечекке карата артыкчылыктуу багыттарга жана реалдуу болжолдорго ылайык пландоо жана аткаруу туруктуу фискалдык саясатты ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Жылдык бюджеттик процесстин алкагында финансылык тартипти камсыздоо зарыл.
Стратегияны ишке ашыруунун II этабынын негизги милдеттеринин бири болуп болжолдордун тактыгын жана негиздүүлүгүн жогорулатуу эсептелет, ал фискалдык туруктуулукту камсыз кылууга жана орто мөөнөттүү пландаштырууга өтүүнү камсыздоого мүмкүндүк берет.
Жылдык бюджеттин тууралыгы орто мөөнөттүү пландоого өтүүгө зарыл шарт болуп эсептелет. Чыгымдарды пландоого негизди камсыздоо үчүн кирешелерди болжолдоо жетишерлик болууга тийиш. Чыгымдардын пландагы жана иш жүзүндөгү айырмасы минималдуу болууга тийиш.
Бюджеттин алдын ала белгилөөгө жарактуулугу жана туруктуулугу кыйла реалдуу болжолдоонун натыйжасында бекемделет. Алдын ала белгиленүүчү бюджет программалык негизде бюджеттөөнү колдонууга жана натыйжаларды системалуу түрдө талдоого мүмкүндүк берет.
Жакшыртылган финансылык отчеттуулук жана контролдоо бюджеттин ачыктыгына жана колдонуудагы мыйзамдарды катуу сактоого мүмкүндүк берет.
Стратегияны ишке ашыруунун II этабында макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү сапаттуу болжолдоого көңүл бурулат, алардын негизинде артыкчылыктуу багыттарга ылайык реалдуу көп жылдык бюджеттик болжолдоо түзүлөт. Реформанын биринчи этабынын реалдуу жана туура жылдык бюджет боюнча жетишүүлөрү, сапаттуу фискалдык стратегия жана макроэкономикалык болжолдор мамлекеттик сарптоолор үчүн лимитти, кирешенин деңгээлин, бюджеттин дефицитин, карыздын деңгээлин, орто мөөнөттүү келечекке фискалдык тобокелдиктерди баалоо тартибин, мына ушулардын баарын реалдуу белгилөөгө мүмкүндүк берет.
Стратегияны ишке ашыруунун II этабында төмөнкү багыттарды ишке ашыруу каралган:
1. Бюджетти реалдуу пландоого жетишүү:
1.1. Алдын ала белгилөөгө болуучу жана туруктуу үч жылдык бюджеттөөнү колдонуу, төмөндөгү маселелерди кошуу менен:
- бюджеттин кирешелерин орто мөөнөттүү болжолдоо;
- МИПти орто мөөнөттүү пландоо.
1.2. Саясаттын негизинде бюджеттөө, төмөндөгү маселелерди кошуу менен:
- ПНБны туруктуу орто мөөнөттүү болжолдоо;
- саясатка ылайык чыгымдарды приоритеттештирүү жана оптималдаштыруу;
- иштин жыйынтыгынын негизиндеги отчет;
- жергиликтүү бюджеттердин негизинде ПНБны ишке ашыруу.
1.3. Бюджеттин толуктугу жана ачык-айкындыгы, төмөндөгү маселелерди кошуу менен:
- бюджеттик процесстин бардык этаптарында бюджет тууралуу маалыматтын ачыктыгы жана түшүнүктүүлүгү;
- бюджет аралык мамилелердин айкындыгы.
2. Бюджеттин так аткарылуусуна жетишүү:
2.1. Бюджеттин чыгымдар бөлүгүн аткаруунун жакшыртылган механизми, төмөнкүлөрдү кошкондо:
- орто мөөнөттүү мезгилде чыгымдарды башкаруунун жакшыртылган механизми;
- БКББ (бюджеттик каражаттарды башкы бөлүштүрүүчү) финансылык менеджментинин сапатынын жогорку деңгээли;
- натыйжалуу мамлекеттик сатып алуулар.
2.2. Бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруунун жакшыртылган механизми, төмөндөгү маселелерди кошкондо:
- кирешелерди тескөө;
- көп деңгээлдүү фискалдык талдоо.
3. Жакшыртылган финансылык отчеттуулук жана контроль:
3.1. Бухгалтердик эсептин жана отчеттун стандарттарын өркүндөтүү.
3.2. Ички контролдоонун жакшыртылган жол-жоболору, анын ичинде:
- натыйжалуу ички аудит;
- жакшыртылган финансылык башкаруу жана контроль.
3.3. Тышкы контролдун жана аудиттин жакшыртылган жол-жоболору:
- Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык стандарттарын колдонуу.
Стратегиянын II этабын ишке ашыруунун натыйжасында төмөндөгү аспекттердин болушу менен мүнөздөлгөн кийинки этапка өтүү үчүн негиз түзүлөт:
1) макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү сапаттуу болжолдоо;
2) орто мөөнөттүү келечекке кирешелердин реалдуу болжолу;
3) орто мөөнөттүү келечекке чыгымдардын наркынын реалдуу баасы;
4) иштин натыйжасынын негизинде отчеттуулук камсыздалат (БПОну аткаруу);
5) бюджетти аткаруу процессинде төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу;
6) бюджеттин тартыштыгы пландалган алкакта кармалат.
Жоопкерчиликтин, жогорку деңгээлдеги маалыматташуу менен бекемделген милдеттерди натыйжалуу аткаруунун, мотивациянын болушу ресурстардын чачыранды болушун азайтат жана иштин натыйжалуулугун жогорулатат.
III этап. Натыйжалуулук
Стратегиянын узак мөөнөттүү этабын ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжа: бюджеттик ресурстарды башкаруу сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө жана каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзөт.
МФБнын жакшы уюштурулган системасынын негизги арналышы:
1) бюджеттик программалар артыкчылыктуу багыттарды ишке ашырууга өбөлгө болот;
2) чыгымдар объективдүү натыйжаларга жетишүүгө максатталган;
3) БКБТ бюджеттик чыгымдарды өз алдынча башкарат.
Стратегиянын негизги максаттарынын бири МФБ системасын жаңы сапаттуу деңгээлге чыгаруу болуп саналат. Реформанын үчүнчү этабын ишке ашыргандан кийин МФБ системасынын жаңы сапатына жетишүү төмөнкүлөрдү көздөйт:
- МФБ системасынын элементтеринин заманбап эл аралык стандарттарга ылайык келүүсү;
- ресурстарды беренелер боюнча бөлбөстөн, бюджеттин чыгымдарын тармактык саясатка байлаштыруу;
- каражаттарды тескөөдө иш аракеттин жогорку натыйжаларына алмашуу менен БКБТга башкаруу эркиндигин көбүрөөк берүү;
- баалоонун жаңы критерийлери - жетишилген натыйжанын негизинде баа берүү;
- кызматтын кардарга багытталгандыгы. Система кардарга, анын муктаждыктарына жана кызмат көрсөтүүнүн жогорку сапатына багытталат;
- мотивацияланган жана жакшы окутуудан өткөн персонал;
- жумуш процесстеринин жогорку деңгээлде автоматташтырылгандыгы.
Стратегияны ишке ашыруунун III этабында мурунку этаптардагы натыйжалардын иш жүзүндө колдонулушу бекемделет жана практикага киргизилет:
- болжолдуу жана туруктуу үч жылдык бюджетти иштеп чыгуучу натыйжалуу иштеп кетүүчү бюджеттөөнүн механизми;
- фискалдык саясатка ылайык кирешелерди чогултуу, ал эми сарптоолор - тармактарды өнүктүрүү саясатына ылайык;
- өз учурунда, үзгүлтүксүз жана ачык маалыматты берүүчү финансылык эсептин жана отчеттун ишенимдүү системасы;
- акча каражаттарын натыйжалуу башкаруу;
- натыйжалуу ички аудит жана контроль, көз карандысыз жана объективдүү тышкы аудит. Тышкы жана ички аудиттин өз ара аракети.
Деталдуу иштелип чыккан жана апробацияланган методикага ылайык жетишилген натыйжалар реформанын төмөнкүдөй мезгилдерин ишке ашырууга багытталат:
- калган пилоттук процесстерди бардык жерде практикалык колдонууга которуу;
- жаңы методикаларды иш жүзүндө колдонууну мониторингдөө жана тактоочу оңдоолорду киргизүү;
- акыркы натыйжалардын түз жана кыйыр көрсөткүчтөрүн жана реформанын натыйжаларын эсептөө жана иликтөө.
III этапта реформанын төмөнкүдөй кадамдары белгиленген:
- МФБ системасында төмөнкүлөрдүн эсебинен башкаруу чечимдерин кабыл алуунун жогорку сапаты:
башкаруучулук эсепке алууну киргизүү;
аналитикалык шаймандарды тереңдетүү жана кеңейтүү;
башкаруу чечимдерин кабыл алууну маалыматташтыруу;
- МСФООС базасында СФООСны толук киргизүү жана колдонуу;
- секторлордун так жана натыйжалуу программалык бюджеттери, төмөнкүлөрдүн эсебинен болот;
программаларды кыйла натыйжалуу башкаруу;
БКБТнын башкаруу эркиндиги;
башкарууну эсепке алуунун механизмдерин пайдалануу;
- чыгымдарды үнөмдөө, иш процесстерин оптималдаштыруунун жана маалыматташтыруунун эсебинен МФБ системасынын иштөө натыйжалуулугун жогорулатуу.
Реформанын негизги багыттарынын акыркы натыйжаларынан тышкары, узак мөөнөттүү мезгилде реформанын натыйжаларын - акыркы натыйжалардын таасири менен коомдук маанилүү өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө зарыл, алар:
- натыйжалуу иштөөчү бюджеттештирүү механизмдери, кирешелердин жана чыгымдардын сарамжалдуу саясаты, ишенимдүү контролдоо жана жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик;
- экономикадагы позитивдүү илгерилөөлөр жана социалдык чөйрөдөгү өзгөрүүлөр;
- калктын жашоо турмушун жогорулатуу, улуттун ден соолугунун жаңы стандарттары жана индивидуумду өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр;
- Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу;
- Өкмөткө болгон ишенимдин жогорулашы жана эл менен коомдук институттар тарабынан колдоого алынышы.
Стратегиянын III этабын иш жүзүндө аткаруу төмөнкү өзгөчөлүктөр менен мүнөздөлөт:
1) реформанын техникалык базасынын жогорку деңгээли, аларга төмөндөгүлөр кирет:
- иш процесстерин маалыматтык коштоону бекемдөө, кеңейтүү жана камсыздоо;
- МФБ системасынын институттарын маалыматташтырууну кеңейтүү жана техникалык камсыздоону жаңылоо;
2) реформанын институттук ишенимдүү базасы, анын ичинде:
- координацияланган жана жогорку технологиялык окутуу системасы;
- МФБ системасындагы кызматкерлерди мотивациялоонун ачык жана иштиктүү системасы;
- өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн техникалык жардамынан акырындап баш тартуу. Мамлекеттик органдардын даярдалган жана мотивацияланган кызматкерлери өз алдынча талдайт, пландайт жана жакшыртууларды ишке ашырат;
3) Стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
МФБны өнүктүрүүнүн жаңыланган стратегиясы МФБнын толук иштеген системасынын абалына жетүү боюнча кийинки кадамдарды белгилейт.
5. Стратегияны практикада ишке ашыруудагы маселелер
5.1. Стратегияны ишке ашыруунун жалпы (өтмө) функциялык маселелери
Стратегия төмөндөгү багыттар боюнча "өтмө" маселелерди камтыйт:
- ченемдик укуктук база;
- методология;
- маалыматташтыруу (маалыматтык технологиялар (МТ);
- институттук өнүктүрүү/окутуу.
"Өтмө" маселелерди чечүү Стратегиянын багыттарын ишке ашыруунун бир бөлүгү болот. Стратегияны практикалык аткаруунун ыңгайлуулугу үчүн "өтмө" маселелер реформанын натыйжаларына жетишүүгө комплекстүү ыкманы камсыздагыдай кылып системалаштырылган.
"Өтмө" маселелерди этаптарда чечүүнүн ырааттуулугу 2-таблицада көрсөтүлгөн.
5.2. Ченемдик укуктук база
Ченемдик укуктук база МФБ системасынын негизи болуп эсептелет.
МФБ реформасынын бардык багыттары үчүн жалпы көйгөйлөрдүн бири колдонуудагы мыйзамдарды, укуктук, методикалык жана нускамалык материалдарды адаптациялоо болуп саналат.
Бюджеттик кодексти кабыл алуу 50дөн ашык ЧУА (мыйзамдарды жана мыйзамдан келип чыгуучу актыларды) иштеп чыгууну жана шайкеш келтирүүнү талап кылат. Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кирүүсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кирешелерди түзүүнү жөнгө салуучу мыйзамдык жана мыйзамдан келип чыгуучу актыларын ЕАЭСтин ченемдерине ылайык келтирүүнү талап кылат.
Стратегияны ишке ашырууда иш процесстерин жана методологияны өркүндөтүү төмөндөгүлөрдү карайт:
- МФБ системасынын иш процессинин өз ара байланышын жана өз ара алмашуусун талдоо (бизнес процесстерин жана функциялык талдоо);
- реформанын багыттарында белгиленген жаңы методикаларды жана иш процесстерин иштеп чыгуу;
- МФБ системасындагы институттарда жаңы методиканы жана иш процесстерин практикада колдонуу жана бекемдөө.
5.3. Маалыматташтыруу
Кыргыз Республикасында МФБ процессин маалыматташтыруу баштапкы деңгээлде турат. Бюджетти жылдык жана орто мөөнөттүү пландаштырууда MS Office каражаты колдонулат, ал эми аткарууда - "1С" тибиндеги жөнөкөй чечимдер колдонулат. Дүйнөлүк Банктын казыналыкты башкаруунун толук автоматташтырылган Маалыматтык системасын киргизүүгө көмөк көрсөтүү (ФБМТ) долбоору аягына чыга элек. Адам ресурстарын башкаруу жаатында комплекстүү маалыматташтыруу жок. БКБТ деңгээли автоматташтырылган.
Стратегиянын алкагында маалыматташтыруу процесси төмөнкүлөрдү камтыйт:
- техникалык жабдууларды жана МФБ институттарындагы маалыматтык системанын функциялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо жана талдоо;
- Стратегияны ишке ашыруунун I жана II этаптарында МФБ маанилүү иш процесстерин автоматташтыруу. Автоматташтыруу менен өнүктүрүү методологиясынын тыгыз байланышын камсыздоо зарыл;
- мамлекеттик маалыматтык системаларга коомчулуктун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча иш-чаралар;
- III этапта - өз учурундагы жана так отчетту камсыздоочу, кабыл алынуучу чечимдердин сапатын жогорулатуучу, аналитикалык, маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды колдонууну белгилеген комплекстүү маалыматташтыруу.
ФБМС МФБнын өз ара байланышкан иш процесстерин камтыган маалыматташтыруунун комплекстүү системасы болуп эсептелет. Төмөнкүдөй модулдардан турат:
- бюджетти пландоо;
- бюджетти аткаруу;
- мамлекеттик мекемелердеги бухгалтердик эсеп.
Мында, МФБга тиешеси бар башка системалар менен да айкалышы каралат, алар:
- тышкы жардамдардын маалымат базасы;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карыздарын эсепке алуу боюнча маалыматтык база;
- мамлекеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө фонду жана штаттык саны боюнча маалыматтык база;
- МБКнын бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасы (БАМС);
- МСКнын маалыматтык системасы (мындан ары - МС);
- Улуттук статистика комитетинин МС;
- УБ МС;
- Мамлекеттик сатып алуулардын МС.
Келечекте ФБМСга кирүү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына (мындан ары - МКК) да берилет. Система функциялык жана айкалыштыруу жагынан кеңейүү менен электрондук өкмөттү ийгиликтүү өнүктүрүүнүн маанилүү түзүмү болот.
5.4. Институттук өнүктүрүү
Институттук өнүктүрүү жана МФБнын институттарында реформаларды жүргүзүү жана алардын натыйжаларын бекемдөө үчүн зарыл болгон потенциалды түзүү Стратегияны ишке ашыруунун өтө маанилүү багыттарынын бири.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн техникалык жардамы аркылуу киргизилүүчү көптөгөн жаңы методикалар жана процесстер мамлекеттик органдарда кадрлардын тез-тез алмашып туруусунан улам колдонулбай келет.
Стратегия реформаны ишке ашырууда төмөнкү аспектилерге көңүл бурат:
- аналитикалык потенциалды өстүрүүдө жаңыланган иш процессинин алкагындагы актуалдуу маселелерди ишке ашыруучу компетенттүү жана мотивацияланган персоналдын жетиштүү саны. Бул аспектиге МФБ институттарынын бөлүмдөрүндөгү функцияларды маалыматташтыруунун жана оптималдаштыруунун өнүгүп жаткан процесстери өбөлгө болот;
- институттук эстутум. Ведомстводо: толук комплектелген жана системалаштырылган нускамалык материалдардын топтому болууга тийиш. Мамлекеттик мекемелердин жана ФМ Окуу борборунун кызматкерлеринин курамынан алынган тренерлердин жаңы кызматкерлерге билим берүү процессин натыйжалуу уюштуруу зарыл.
Персоналды окутууну уюштуруу маселесинде айрым бир прогресстерге жетишилди. КТТФнын иш аракеттеринин алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылды:
- жаңы механизмдерди жана процесстерди колдонуу боюнча окутууда мамлекеттик кызматкерлердин көбүрөөк санын тартуу (5 миңден ашык адам);
- ФМ Окуу борборунун методологиялык базасын өркүндөтүү;
- МФБнын ар түрдүү тематикалык маселелери боюнча тренерлер үчүн тренингдерди өткөрүү;
- ФМнын Окуу борборунун техникалык базасын өнүктүрүү;
- стратегияны жана дистанттык окутуу системасын иштеп чыгуу жана техникалык базаны даярдоо.
Стратегияны практикалык ишке ашыруу процессинде мыкты натыйжаларга жетүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- МФБ системасынын иш процесстерин оптималдаштырууга багытталган БКББны функциялык талдоо, программалык бюджеттин түзүмүн жакшыртуу, эмгек акы фондун оптималдаштыруу;
- жаңы методикаларга ургаалдуу жана кайталап окутуу, МФБнын институттарынын туруктуу персоналдык курамынан тренерлерди даярдоо үчүн жаңы методикаларга жана иш процесстерине окутуу, болгон методикаларды бекемдөө жана жаңы методиканы өздөштүрүү боюнча ар жылдык окуу пландарын иштеп чыгуу;
- окутуу боюнча координациялык чараларды күчөтүү. ФМ Окуу борбору тренингдерди өткөрүүнү жана тренерлер тарабынан колдонулуп жаткан методиканын ылайыктуулугун координациялайт;
- МФБ системасындагы кызматкерлерди реформаны ишке ашырууга активдүү катышууга жана кесиптик деңгээлин жогорулатууга мотивациялоо системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- жаңы кабыл алынып жаткан кызматкерлерге жаңыланган критерийлерди жана талаптарды белгилөө;
- "өзгөртүүлөрдү башкаруу" боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүргүзүү. Стратегиянын орчундуу структуралык өзгөртүүлөргө багытталган жоболорун ишке ашыруу МФБ институтунун кызматкерлерине өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
5.5. Стратегияны практикалык ишке ашыруу процессин уюштуруу
Стратегияны ишке ашыруу боюнча координациялоочу орган болуп МФБ системасын реформалоо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) эсептелет, анын Жобосу жана курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 768 токтому менен бекитилген.
Стратегияны практикалык ишке ашыруу төмөндөгүлөрдү көздөйт:
- маалыматтык агымдарды уюштуруу;
- МФБны реформалоого кызыкдар болгон бардык тараптар менен активдүү маалымат алмашуу;
- реформанын "коммуникативдүүлүгү" түшүнүгүн киргизүү;
- социалдык тармактарда электрондук аянтчаны түзүү жана ишке киргизүү;
- ФМ веб-ресурсунда Стратегияны ишке ашырууну чагылдыруучу өзүнчө бөлүмдү түзүү;
- МФБ эл аралык консультанттарынын кесипкөй коомчулуктары менен байланышты колдоо.
Стратегияны ишке ашыруу боюнча жылдык жана жарым жылдык отчеттор жарандык коом жана башка кызыкдар тараптар менен талкууланат, ФМ веб-ресурсунда жарыяланат.
6. Стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
6.1. Мониторингдин жана баалоонун арналышы
Стратегияны ишке ашырууну баалоо жана мониторинг төмөндөгүлөрдү караштырат: Стратегиянын алкагында багыттар боюнча пландалган иштердин жыйынтыгын, бул иштерди аткарууга сарптоолор, акыры жыйынтыкка жетүү үчүн жетиштүү болгон убакыт аралыгында (орто мөөнөттүү убакыт) багыттарды ишке ашыруунун акыркы жыйынтыгы жана реформанын натыйжалуулугун аныктоо (узак мөөнөттүү убакыт) (2-сүрөт):
2-сүрөт. МФБ реформасынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Стратегияны ишке ашырууну баалоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр аныкталды:
- натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрү: багыттар боюнча натыйжалар;
- мониторингдин механизми, мамлекеттик органдардын, донорлордун жана жарандык коомдун тартылуусу;
- мониторингдин жана баалоонун мезгилдүүлүгү.
6.2. Натыйжалуулук индикаторлору
Стратегиянын натыйжалуулук индикаторлору: конкреттүү, өлчөнүүчү, жеткиликтүү, жетүү мөөнөттөрүнө байланыштуу. МФБ системасы индикаторлор үчүн өлчөнүүчү сандык чоңдуктарды белгилөөгө бардык учурда эле мүмкүндүк бербеген өзгөчөлүгү менен айырмаланат.
Стратегиянын максаттары үчүн натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүнүн төмөнкүдөй деңгээлдери колдонулат:
- натыйжанын көрсөткүчтөрү - Стратегиянын чараларын аткаруунун жүрүшүндө сандык жетишкендиктерди көрсөтөт;
- акыркы жыйынтыктын көрсөткүчтөрү - Стратегиянын багыттарын ишке ашыруу алкагында жетишилген сапаттык өзгөрүүлөрдү чагылдырат;
- реформанын натыйжасынын көрсөткүчтөрү - акыркы жыйынтыктын таасиринде болгон узак мөөнөттүү өзгөрүүлөр.
Стратегиянын милдеттерин аткаруу мониторинги МЧФОну пайдалануу менен ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү донордук коомчулук менен бирге МФБ системасын баалоону такай жүргүзүүдө. МЧФО методикасы МЧФОнун катчылыгынын расмий сайтына жайгаштырылган. МЧФО методикасы Стратегияны ишке ашыруу багыттарын түзүү үчүн пайдаланылган. Мындай ыкма өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан Стратегиянын кабыл алынышын жеңилдетет жана документтин эл аралык мыкты практикага шайкештигин камсыздайт. 2017-2019-жылдарга Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын аткарууну МЧФОнун баалоо индикаторлору аркылуу баалоо ФМ буйругу менен бекитилет.
Стратегиянын натыйжалуулук верификациясынын кошумча аспабы катары эл аралык финансылык институттардын МФБ системасынын абалын чагылдыруучу индекстери колдонулат, алар: улуттук саясатты жана МАР институттарынын институттук потенциалын (СРIА) баалоо жана Дүйнөлүк банктын (РЕR) мамлекеттик чыгымдарын баалоо.
Натыйжалуулук индикаторлору үчүн маалымат булактары:
- бюджетти аткаруу жөнүндө отчет (бюджеттик көрсөткүчтөрдүн индикаторлорунун эсеби үчүн негиз: план/факт, ПНБнын индикаторлору);
- Улуттук статистика комитетинин статистикалык отчету (МФБ системасынын абалын жана аны менен байланышкан экономикалык өсүштүн факторлорун баалоого негиз);
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчету (МФБ институттарынын натыйжалуулугуна аудиттин жыйынтыгы);
- МЧФОну баалоо (МЧФО методикасы боюнча МФБ системасынын абалын баалоо индикаторлору);
- эл аралык финансы институттарынын индекси (ДБ, МАР методикасы боюнча МФБ системасынын абалын баалоонун индикаторлору).
6.3. Мониторинг жана баалоо механизми
Стратегияны ишке ашырууну мониторингдөө жана баалоо боюнча негизги жооптуу орган болуп Комиссия эсептелет, ал натыйжалуу жыйынтыкка жетүүгө зарыл болгон чечимдерди кабыл алуу менен Стратегиянын багыттарын жана чараларын ишке ашыруу жыйынтыктарына үзгүлтүксүз талкуулоо жүргүзөт.
Стратегияны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүдө өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат, алар Стратегияны ишке ашыруунун натыйжаларына жетимдүү жана кырдаалды жакшыртуу же Стратегиянын пландарын оңдоо боюнча сунуштамаларды Комиссиянын кароосуна берүү укугуна ээ.
7. Тобокелдерди башкаруу
Тобокелдерди башкаруу - Стратегияны ишке ашырууда маанилүү аспект. Пландардын натыйжалуу аткарылышына терс таасир этүүчү факторлор өз убагында аныкталып, МФБ системасын түзүү процессине туруктуулукту берүү үчүн мүмкүн болушунча азайтылышы зарыл.
Стратегиянын мурунку бөлүмдөрүндө эскертилген көйгөйлөр анын ишке ашуусун татаалдатышы ыктымалдуу мүмкүн болуучу тобокелдер
Кыскартуулардын жана негизги аныктамалардын тизмеси
ПНБ | Программалык негизде бюджеттештирүү. Бюджет жаңы форматта берилген, анда чыгымдар чыгашалар беренеси боюнча эмес, тармактардын максаттары боюнча көрсөтүлгөн, бул максаттарга жетүү боюнча милдеттер, милдеттерди аткаруу боюнча программалар жана чаралар, ошондой эле натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (индикаторлору) берилген |
ДБ | Дүйнөлүк банк |
МКК | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы |
МСК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
БКБТ | Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр. Бюджеттик ассигнованиелерди түздөн-түз алуучу жана аларды бюджеттик каражаттарды тескөөчүлөр менен бюджеттерди алуучу - ведомстволук уюмдардын ортосунда тескөөчү - Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору |
МЧФО | Мамлекеттик чыгымдарды жана финансылык отчеттуулукту баалоонун эл аралык методикасы (РЕFА) |
МБК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ЕАЭС | Евразия экономикалык союзу |
ЖК | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши |
ФБМС | Финансыны башкаруунун маалыматтык системасы. Бюджетти пландоонун, аткаруунун жана талдоонун автоматташтырылган процессин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн программалык модулдардын жыйындысы |
ЭӨА | Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы |
КТТФ | Көп тараптуу трасттык фонд |
КСЭАФС | Коомдук сектордогу финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары |
ФМ | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
УБ | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
ЧУА | Ченемдик укуктук акт |
МИП | Мамлекеттик инвестициялар программасы |
МФС | Мамлекеттик финансынын статистикасы |
БОБ | Бюджеттин орто мөөнөттүү болжолу |
СФ | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
КСФОС | Кыргыз Республикасында Коомдук сектордун финансылык отчеттуулугунун стандарттары |
МФБ | Мамлекеттик финансыны башкаруу |