Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2016-жылдын 23-декабры № 697

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 "Кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 239-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 "Кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмеги:

- төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:

"

13-1

10.52.0

Балмуздак чыгаруу

";

- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"Эскертүү. ЭИМК 10.52.0 кодуна курамынын 70%дан кем эмеси ата мекендик чийки заттан турган балмуздакты чыгаруу кирет.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С.Жээнбеков