Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-декабры № 700
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алууга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан берилген табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн 2017-жылдын 1-январына (кошуу менен) чейин түзүлгөн тизмесине ылайык мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды пайдаланууга чыгарсын";
- 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жарандык коргонуу боюнча Аймактык комиссиялар:
- табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тизмесин 2017-жылдын 1-январына (кошуу менен) чейин түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине макулдашууга берсин;
- 2017-жылдын 1-январынан тартып табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү токтотсун.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1, 3-2, 3-3-пункттар менен толукталсын:
"3-1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бекитилген тизмелерди 2017-жылдын 15-январына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментине берсин.
3-2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти:
- табигый кырсыктан жабыркаган, жогоруда көрсөтүлгөн тизмеге кирген бардык үй-бүлөлөрдү мамлекеттик субсидиялар менен камсыз кылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык берилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-сентябрындагы № 182 токтому менен бекитилген 2010-жылдын июнунда Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке менчик үй куруу жана калыбына келтирүү үчүн процентсиз узак мөөнөттүү жеңилдиктүү ссудаларды берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык кайра төлөнүшүн камсыздоочу узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссудалардын насыялык-күрөөлүк документтери боюнча талаптардын укуктарына макул болуу тууралуу макулдашуу түзсүн;
- насыялык-күрөөлүк документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондуна өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын жана жогоруда аталган макулдашууну түзгөндөн кийин береселерге кредитордун жана алыш-бериш эсептин алмашкандыгы жөнүндө билдирсин.
3-3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду берилген насыялык-күрөөлүк документтердин негизинде бөлүнгөн бюджеттик ссудаларды белгиленген тартипте төлөтүүнү камсыз кылсын.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча ар кайсы жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгы" жана "Туракжайкурулуш башкармалыгы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлүк формадагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаменти" жана "Департамент" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "же ипотекалык кредиттин процентин жоюуга катышуу" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"транш - Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдарга турак үй куруу үчүн республикалык бюджеттин каражатынан берилүүчү ипотекалык ссуданын суммасынын бир бөлүгү.";
9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мурда 200,0 миң сом өлчөмүндө ипотекалык ссуда жана 50,0 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку акысыз жардам алган, Кыргыз Республикасынын аймагындагы табигый кырсыктан кайталап жабыркаган адамдарга мамлекеттик субсидия берилбейт";
10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Ссуда аймактык архитектура жана курулуш органдарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлүп кол коюлган аткарылган жумуштардын актыларына ылайык курулуш-монтаждоо жумуштарынын аткарылыш ченеми боюнча транш менен берилет:
- 50,0 миң сом суммадагы биринчи транш жер казуу иштерин баштоого жана пайдубал орнотууга берилет;
- 100,0 миң сом суммадагы экинчи транш дубалдарды тургузууга берилет;
- 50,0 миң сом суммадагы үчүнчү транш чатыр орнотууга берилет;
- турак үй курууга биринчи транш алган жабыркаган адамдар бир жылдын ичинде пайдубал орнотуу боюнча отчет бербесе, аларга кийинки транштарды алуу мүмкүнчүлүгү берилбейт. Мамлекеттик ипотекалык сертификат автоматтык түрдө акысыз бир жолку жардамга өтөт жана күрөөдөн чыгарылат.";
- 11-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ипотекалык ссуда же бир жолку акысыз жардам алган адамдар табигый кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тизмесинен чыгарылат";
- 19-пунктундагы "ипотекалык кредиттердин" деген сөздөр "ипотекалык ссуданын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 26-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |