Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 398 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-январы № 48
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) укуктук абалын аныктайт.
Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
Ишкана "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин Бишкек аскердик көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучу болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи Устав болуп саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Уюштуруучу) эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Министрлик эсептелет, ал Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Военно-подсобное хозяйство" при Министерстве обороны Кыргызской Республики".
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР КМ "АКЧ" МИ";
- расмий тилде: "ГП "ВПХ" при МО КР".
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде аракеттенет, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүм жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттенмелерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
8. Ишкананын өзүнүн аталышы менен мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттемелери боюнча кепилдикти (гарантия) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Уюштуруучу Ишкананын кирешесинин бир бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу.
12. Ишкананын юридикалык дареги: 720039, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Маевка айылы, айланма жолдун 240 км.
13. Ишкана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн камсыздоо боюнча иш жүргүзөт.
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүдө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн канааттандыруу;
2) Ишкана тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын муктаждыктары жана керектөөлөрү үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү боюнча түздөн-түз мамлекеттик заказдарды аткаруу;
3) коргонуу маанисиндеги программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын аскер бөлүктөрүнө жана мекемелерине айыл чарба жана мал чарбасынын продукцияларын жеткирүү заказдарын, келишимдерин, жылдык пландарын өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
3) ар кандай жүктөрдү ташуу, коомдук тамактануу чөйрөсүндө юридикалык жана жеке жактарга комплекстүү кызматтарды көрсөтүү;
4) айыл чарбасын жана мал чарбачылыкты өнүктүрүү.
16. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) айыл чарба продукцияларын өндүрүү, аны кайра иштетүү;
2) малды, канаттууларды, балыктарды өстүрүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын аскер бөлүктөрүнө жана мекемелерине сатуу жана чекене соодада сатуу;
3) макарон продукцияларын, өсүмдүк майын жана башка продукцияларды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын аскер бөлүктөрүнө жана мекемелерине сатуу үчүн, ошондой эле чекене соодада сатуу үчүн даярдоо;
4) нефть продуктуларын сактоо, ташуу жана сатуу;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында соода түйүндөрүн ачуу;
6) жүктөрдү ташуу боюнча автомобилдик кызмат көрсөтүүлөр;
7) коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр;
8) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштин түрлөрүн жүргүзүү.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү зарыл болгон сатып алууларды жүргүзүүгө;
2) рынок конъюнктурасына жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
3) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
4) Уюштуруучунун макулдугу менен өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансы жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
5) обочолонгон мүлккө ээ болууга, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди өз атынан сатып алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
6) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык укуктук келишимдеринин негизинде Ишкананын иштерин аткаруу үчүн жеке адамдарды ишке тартууга;
8) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
9) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырууга;
10) зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
11) Уюштуруучунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Ишканага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды келишимдик негизде юридикалык жана жеке жактарга берүүгө, ижарага берүүгө;
12) Ишкананын алдында турган милдеттерди жүзөгө ашыруунун алкагында юридикалык (ар кандай менчиктин түрлөрүндө) жана жеке жактардан зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
13) Уюштуруучунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте улуттук жана чет өлкөлүк валютада коммерциялык негизде алынган кредиттик каражаттарды пайдаланууга;
14) Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
18. Ишкана өз максатына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана иштерди аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын өз каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жактан жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
6) чарба жүргүзүүгө өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Уюштуруучу тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган белгиленген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишкананын иши токтотулгандан кийин да мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына таасир эткен маалыматтарды сактоого милдеттүү.
4. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясы
20. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын ишинин негизги багыттарын аныктоо;
2) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананы кайра түзүү жана жоюу жөнүндө сунуштарды Уюштуруучуга киргизүү;
4) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
5) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга макулдашууга андан ары жиберүү үчүн Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
7) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
8) Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
9) Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптарды бекитүү;
10) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
11) Ишкананын фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
12) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүү.
21. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кураторлук кылган иштин чөйрөсүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү Ишканага берүүгө;
2) Ишканадан анын финансылык-чарбалык иши жөнүндө, финансылык (бухгалтердик) отчёттуулуктун документтерин, ошондой эле Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишине талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды алууга;
3) Ишкананын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн анын аймагына барууга;
4) Ишкананын жетектөөчү курамынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызматтан бошотуу, ага карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
22. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин уюштуруучу чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын жетекчиси жана кызматкерлери тарабынан жасалган ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга таратпоого;
5) белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты берүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндө мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананы башкарууну Ишкананын директору ишке ашырат.
24. Ишкананын директору Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген, мамлекеттик башкаруучу орган сунуштаган адамдардын ичинен, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.
25. Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору мамлекеттик башкаруучу органдын макулдугу менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматтан бошотулат.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Ишкананын директору ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишин баалоодо канааттандырарлык эмес деген баа алганда жана Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгынын отчётун кароонун натыйжасы боюнча;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;
4) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын финансылык-чарбалык иши жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын аткаруу жөнүндө ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоого жана берүү;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин жана мамлекеттик башкаруучу органдын ведомстволук актыларынын аткарылышын камсыздоо;
6) мамлекеттик башкаруучу орган жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) кызматкерлерди жалдоонун жана бошотуунун шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
8) кызматчылардын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын уставына жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) Ишкананын кызыкчылыктарын билдирүүгө ишеним кат берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча отчетторду, Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчёттуулуктагы документтерди, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык иштерин жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруучу органдын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ар кандай чөйрөдөгү ишине байланышкан бардык зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузган фактылары тууралуу ага белгилүү болгондо укук коргоо органдарына ал жөнүндө маалымат берүүгө;
5) үчүнчү жакка коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды таратпоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө белгиленген тартипте маалымат берүүгө.
Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз аракеттенет;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын билдирет;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
32. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада директордун орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
35. Ишкананын директору кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат ордуна дайындалганга чейин, анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын директорунун орун басарына же кызматкерлеринин бирине жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтерин Ишкананын директору кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, директорго түздөн-түз баш иет.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
38. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
6. Ишкананын жетектөөчү курамы
30. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) директор, директордун орун басары;
2) башкы бухгалтер.
40. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өзүнүн укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
41. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире алышпайт:
1) чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулукка ээ адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин ээлеген кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде өз алдынча же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруучулук-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине бир эле учурда катышууга укугу жок.
7. Эсеп, пландоо, отчеттуулук
42. Ишкана финансылык-чарбалык ишин өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыгуучу жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан бекитилет.
43. Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын баяндоо;
2) тармактын жана рыноктун сыпатталышы, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсү;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгынын негиздемеси;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоо;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планы;
6) уюштуруу планы;
7) финансылык план;
8) тобокелдиктерди талдоо.
44. Ишкананын иш пландарынын негизи болуп узак мөөнөттүү жана Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу башка келишимдер саналат.
45. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген, келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди аныктоодо ар кандай шарттардагы өз ара чарбалык мамилелерди тандоодо эркин.
46. Ишкана бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетту Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлөт.
47. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берип турат:
1) ички аудиторго (Ишкананын уюштуруу түзүмүндө ички аудит кызматы бар болгон учурда);
2) мамлекеттик башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
48. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө, Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жыл үчүн бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту киргизет.
49. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноо жана иштеп чыгуучу жалпы мамлекеттик системаны уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты берет.
50. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тартуу, толук эмес маалымат берүү же аны бурмалоо, ошондой эле отчеттуулукту бурмалоо үчүн директор Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
51. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
8. Ишкананын мүлкү жана финансы
52. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдалануунун негизи Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү чарба жүргүзүү укугу болуп саналат.
53. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылат.
54. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилип берилген мүлк;
2) өзүнө бекитип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун жыйынтыгында алынган же сатып алынган мүлктү, анын ичинде кирешелер, натыйжалары, продукциялар;
3) чарбалык иштердин натыйжасында алынган кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бардык булактар.
55. Өзүнүн финансылык-чарбалык ишинин кирешесинин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен Ишкана тарабынан жаңыдан түзүлгөн, алынган жана сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага алуу) укуктарын ишке ашырат.
56. Ишкананын мүлкүн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
57. Ишкана өз мүлкүн инвентаризациялоо жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
58. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине аларга бекитилген таза пайданын өлчөмүнүн бир бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин, андан ары отчеттук мезгилдеги кийинки жылдын 1-апрелине чейин республикалык бюджетке жиберүү менен которот.
9. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
59. Ишкананы кайра уюштуруу кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү же кайра түзүү түрүндө жүргүзүлөт.
Ишкананы кошуу, бириктирүү, ажыратуу же бөлүү түрүндө кайра түзүү жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Уюштуруучу тарабынан кабыл алынат.
60. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
61. Ишкананы жоюуну жүргүзүү үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын өкүлдөрүнөн, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси жетектейт.
Жоюу комиссиясы дайындалгандан тартып, ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө ыйгарым укугуна ээ болот.
62. Ишкананын иштөө процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.