Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-январы № 30
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин иштөөсүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- биринчи абзацындагы "Социалдык маселелерди тейлеген," деген сөздөр алып салынсын;
- он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |