КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-февралы № 73
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 332 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыр1ыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 332 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жободо:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул Жобо ЭЭЗдин аймагына же эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору колдонулган, бажылык контролдонууга тийиш болгон ЭЭЗдин субъектилери жайгашкан аймактарга жайылтылат,";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору колдонулган, бажы контролун ишке ашыруу максатында ыңгайлаштырылууга жана тосулууга тийиш болгон ЭЭЗдин аймагынын чек арасын ЭЭздин башкы дирекциясы аныктайт.";
- 8-пунктундагы "бардык периметри боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пунктунун биринчи абзацы "комбинациясынан," деген сөздөн кийин "металл же" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |