Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-июну № 332
Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563, 2017-жылдын 6-февралындагы № 73, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 210 токтомдорунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштыруу тартибин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563, 2017-жылдын 6-февралындагы № 73, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 210 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын (мындан ары - ЭЭЗ) аймактарын жана ЭЭЗ субъектилери жайгашкан жерлердин аймактарын тосууга, ыңгайлаштырууга жана жабдууга карата талаптарды аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
ЭЭЗ субъектти - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган (кайта катталган) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭЭЗдин башкы дирекциясынын эсептик каттоосунан өткөн юридикалык жак;
ЭЭЗ субъектилери жайгашкан аймак - региондорду тез өнүктүрүү максатында түзүлгөн аймактары администрациялык-аймактык бирдиктердин белгиленген чектеринде жайгашкан, калктуу конуштардын 50 жана андан ашуун пайызы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана/же алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштары катары аныкталган ЭЭЗдеги ЭЭЗ субъектилеринин өндүрүштүк имараттары жана кампалары жайгашкан аймак.
3. Ушул Жобо ЭЭЗдин аймагына же эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору колдонулган, бажылык контролдонууга тийиш болгон ЭЭЗдин субъектилери жайгашкан аймактарга жайылтылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-февралындагы № 73 токтомунун редакциясна ылайык)
3-1. Эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору колдонулган, бажы контролун ишке ашыруу максатында ыңгайлаштырылууга жана тосулууга тийиш болгон ЭЭЗдин аймагынын чек арасын ЭЭздин башкы дирекциясы аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-февралындагы № 73 токтомунун редакциясна ылайык)
4. ЭЭЗдин аймагы же ЭЭЗдин субъектилери жайгашкан жерлеринин аймагы:
1) товарлардын сакталышын камсыздоо;
2) туризм чөйрөсүндөгү ЭЭЗдин аймагынан же субъектилери жайгашкан жерлеринен тышкары, товарларга карата ыйгарым укугу болбогон же мындай ыйгарым укуктарга ээ болгон жактардын өкүлдөрү болуп саналбаган бөтөн жактардын кирүүсүнө жол бербөө;
3) товарларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүндүгүн камсыздоо;
4) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген, өрт коопсуздугунун талаптарына, санитардык-эпидемиологиялык жана техникалык ченемдерге ылайык келүү үчүн тосулууга, ыңгайлаштырылууга жана видеокөзөмөл тутуму менен жабдылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 210 токтомунун редакциясына ылайык)
5. ЭЭЗдин субъектилеринин товарларына бажы контролун жүргүзүү үчүн тосмонун жана башка шарттардын ылайыктуулугу бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актысы менен ырасталат.
6. Бул Жобонун 4-пунктунда каралган шарттар сакталбаган учурда, ЭЭЗдин субъектилерине карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жалпы салык тартиби колдонулат.
7. ЭЭЗ аймактарын ыңгайлаштыруу жана тосуу ушул Жобого ылайык ЭЭЗдин башкы дирекциясы тарабынан камсыздалат.
2. ЭЭЗдин аймагын жана ЭЭЗдин субъектилери жайгашкан аймакты тосууга, ыңгайлаштырууга карата талаптар
8. ЭЭЗдин аймагы же ЭЭЗдин субъектилери жайгашкан аймак корголууга алынууга, белгиленүүгө жана тосулууга, транспорт каражаттарынын коопсуз жүрүшүн камсыздоо үчүн жол төшөлмөлөрүнө ээ болууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-февралындагы № 73 токтомунун редакциясна ылайык)
9. Товарларды сактоону камсыз кылуучу ЭЭЗдин тосулган аймагынын ичинде жайгашкан ЭЭЗдин субъектилеринин имараттарынын тосмолорунан тышкары, ЭЭЗдин аймагынын тосмолору темирбетондон, бетондон, кыштан, металл конструкциялардан же мындай материалдардын комбинациясынан металл же бетон мамыларга орнотулган тикенектүү зымдан турган үзгүлтүксүз конструкцияны элестетүүгө жана бийиктиги 2,2 метрден кем болбоого тийиш, ал эми туризм чөйрөсүндөгү ЭЭЗдин субъектилери үчүн тосмо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган башка материалдардан жасалышы мүмкүн.
ЭЭЗдин субъектилери жайгашкан жерлердин аймагы бүткүл периметри боюнча темирбетондон, бетондон, кыштан, металл конструкциялардан же мындай материалдардын комбинациясынан турган үзгүлтүксүз конструкцияны элестеткен тосмо менен курчалууга жана бийиктиги 2,2 метрден кем болбоого тийиш, ал эми туризм чөйрөсүндөгү ЭЭЗдин субъектилери үчүн тосмо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган башка материалдардан жасалышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 210 токтомунун редакциясына ылайык)
10. ЭЭЗдин аймагын жана ЭЭЗдин субъектилери жайгашкан аймакты ыңгайлаштырууга төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) транспорт кирүүчү жолдордун болушу (транспорттун түрүнө жараша);
2) товарларды бажы жол-жобосунун алдына коюу менен байланышкан бажы операциясы жана бажылык контролдоо жүргүзүүчү бажы органдарынын кызматкерлери үчүн кызматтык жайлардын болушу;
3) товарларды жана транспорт каражаттарын бажы кароосунан өткөрүү үчүн ыңгайлаштырылган аянтчанын, эстакаданын (же кароо чуңкурлары) болушу;
4) ЭЭЗдин субъектилеринин товарларынын жана товарларды жеткирүүнүн автоматташтырылган системасын колдонуу менен товарларды жеткирүү бажы операциясы аяктоо үчүн керек болгон убакта товарларды ташуучу транспорт каражаттарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн аймактын кайтарылышы;
5) видеокөзөмөл тутумунун болушу;
6) ЭЭЗдин аймагында жана ЭЭЗдин субъектилери жайгашкан аймакта же аларга жакын жерлерде ыңгайлуу шарттардын болушу (даараткана, чайынма жана башкалар);
7) ЭЭЗ менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосундагы өрт өчүрүү боюнча өрт коопсуздугу жаатындагы өрт өчүрүүнүн бекитилген өз ара аракеттенүү планынын, ыкчам планынын болушу.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Өзгөчө шартта сактоону талап кылган ЭЭЗдин субъектилеринин товарлары ЭЭЗдин аймагында же ЭЭЗдин субъектилери жайгашкан аймактагы атайын ыңгайлаштырылган, зарыл учурда муздатуучу жабдуулары бар кампаларда сакталат.
12. Тосмонун алдында (дарбазанын маңдайында же контролдоо-өткөрмө пункттарында) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган бажы контролунун зонасын белгилөө жана түзүү тартибине ылайык мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги бажы контролунун зонасы экенин билдирген, белгиленген формадагы белгилер илиниши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-августундагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
13. ЭЭЗдин аймагы, имараттары, курулмалары жана жайлары Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарына ылайык келиши керек.
3. ЭЭЗдин аймагын жана ЭЭЗдин субъектилери жайгашкан аймакты техникалык жактан жабдууга коюлган талаптар
14. ЭЭЗдин аймагын жана ЭЭЗдин субъектилери жайгашкан аймакты техникалык жактан жабдууга төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) телефон жана факсимилелик байланыштын, уюштуруу техникасынын жана көбөйтүүчү техниканын, Интернеттин глобалдуу тармагына кирүү мүмкүндүгү бар компьютерлердин, кызматтык жайларда локалдык тармактардын болушу;
2) жүктөөчү-жүк түшүрүүчү техниканын болушу (автожүктөгүчтөр, электр жүктөгүчтөр жана электр көтөргүчтөр, механикалык арабалар, крандар, тельферлер, көтөргүчтөр ж.у.с.);
3) электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу зарыл болгон учурда электр тогун иштеп чыгуу үчүн генератордун болушу;
4) дарбазаларда, имарат-жайларда, идиштерде жана товарлар менен транспорт каражаттары жайгашкан башка жерлерде бекитмелердин болушу;
5) товарлардын салмагын контролдоо үчүн таразалардын болушу;
6) эркин экономикалык зонанын иши жана анын иштөө тартиби жөнүндө маалыматты чагылдыруучу маалыматтык тактанын болушу.
15. ЭЭЗдин контролдоо-өткөрүү пункттары:
1) кароочу чуңкурлары бар аянт;
2) эстакада менен жабдылышы керек.