Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты № 132
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери маселеси боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, К.К.Иманалиев, Э.Ж.Сурабалдиева, С.Шер-Нияз, Ж.К.Акаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери маселеси боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери маселеси боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, К.К.Иманалиев, Э.Ж.Сурабалдиева, С.Шер-Нияз, Ж.К.Акаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери маселеси боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 2-беренесин "факсимилдик кол тамга (факсимиле)" аныктамасы менен толуктоо сунушталат.
Ошондой эле мыйзам долбоору менен бул мыйзам долбоорунда каралган ченемдик укуктук актыга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын факсимилдик кол тамганы колдонуусу жөнүндө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жогоруда аталган Кодекс 2017-жылдын 1-июлунан тартып күчүн жогото тургандыгын эске алуу керек.
Ушуну менен бирге, кандайдыр бир бүтүмдү жол-жоболоштуруу бөлүгүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жарандык укуктарын ишке ашыруу маселелери Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин жоболору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустарынын нотариалдык иш-аракеттерин аткаруу тартиби жөнүндө нускама менен жетиштүү деңгээлде жөнгө салынганын белгилөө керек.
2. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 5-беренесинин ченемдерин көңүлгө алып, Мыйзам долбоорунун 7-беренесин кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
3. Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүндөгү он бешинчи абзацта көрсөтүлгөн "Социалдык кызматкер" түшүнүгүн "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 14-бөлүгү менен республикалык же муниципалдык бюджеттин каражаттарынан каржыланган атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдары майыптыгы бар балдарды гана тарбиялоо үчүн арналганын белгилөө сунушталат.
Ушуну менен бирге, атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын негизги милдеттери болуп окутуу, тарбиялоо жана дарылоо, ошондой эле мектепке даярдоо аркылуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы аныктоо жана эрте коррекциялоо болуп эсептелээрин белгилөө керек.
Атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ичинде сүйлөөсү өтө бузулган балдар үчүн мектепке чейинки көптөгөн билим берүү уюмдары бар. Бул кемчилик майыптуулук тобун аныктоо үчүн негиз болуп эсептелбейт, башкача айтканда бул диагноздор боюнча майыптуулук белгиленген эмес.
Ошондой эле, кол жаңсоо жана пантомимдин негизиндеги усулду бала өзүнүн психофизикалык процессинин жетилбегендигине байланыштуу мектепке чейинки куракта эмес, 7 жаштан кийин өздөштүрө алат.
Ушул баяндалгандарды эске алуу менен мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 14-бөлүгүнүн төртүнчү жана бешинчи абзацтарын алып салууну сунуштайбыз.
5. Мыйзамдардагы терминдердин бирдейлигин камсыздоо, ошондой эле укук колдонуу практикасындагы айкын эместиктерди болтурбоо максатында мыйзам долбоорунун бүтүндөй тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "майып", "майыптыгы бар адамдар" деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөдө "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар" деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 78-пунктуна ылайык мыйзамдарга бланкеттик шилтемелерге жалпысынан жол берилбейт.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүн, 9-беренесинин 5-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
7. Мыйзам долбоору бир катар жалпыланган конкреттүү эмес "зарыл болгондо", "зарыл документтер", "мүмкүн", "ар кандай формаларда" деген сыяктуу түшүнүктөрдү камтыйт, алар укук колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна көмөк көрсөтөт жана тиешелүү түрдө тигил же бул кырдаалды каалагандай чечмелөөгө дискрециялык укуктарды тиешелүү субъекттерге берет.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун тиешелүү жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
8. Мыйзам долбоорунун 19-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бул Мыйзамга шайкеш келтирүү тапшырмасы берилген.
Ошону менен катар бул мыйзам долбоорун кабыл алган учурда Өкмөт өзүнүн чечимдерин кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине шайкеш келтирүүсү үчүн убакыт талап кылынарын белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 19-беренесинин 2-бөлүгүн "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөрдөн кийин "алты айлык мөөнөттө" деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.
9. Каралып жаткан мыйзам долбоорунда ишкердикти жөнгө салуу маселелери чагылдырылган, ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык жөндөө таасирин талдоону өткөрүү зарыл экендигин белгилейбиз.
10. Белгилей кетчү жагдай, мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында көрсөтүлгөндөй, сурдотилмечтердин жана сурдопедагогдордун иштерине акы төлөө маселеси мыйзам алдындагы актыларда, ошондой эле жыл сайын бекитилүүчү республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзамдарда каралат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, мыйзам долбоору республикалык бюджеттин эсебинен жабылуучу кошумча финансылык чыгымдарды пайда кылышы мүмкүн. Ошону менен катар "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылган ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу алар боюнча каржылоо булагын аныктаганга чейин кабыл алынбайт.
Бул учурда эске ала турган жагдай, мыйзам долбоорун ишке ашырууга талап кылынган чыгымдар "2017-жылга республикалык бюджет жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган эмес.
Жалпысынан каралып жаткан мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык дыкаттык менен иштеп чыгууну талап кылат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзам долбоорун ушул корутундуда баяндалган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.