Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-февралы № 55
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын андан ары ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-ноябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 22-пункттун "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2016" деген цифралар "2018" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 26-пункттун "Аткаруу мөөнөтү" графасындагы "2016-жылдын II кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2018" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |