Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-ноябры № 670
Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо
системасын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 825, 2017-жылдын 2-февралындагы № 55, 2017-жылдын 15-майындагы № 272 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 144, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Пенсиялык камсыздоо системасын андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясы, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор жыл сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна отчет беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчет берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
1-тиркеме
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 825 токтомдун редакциясына ылайык)
Пенсиялык камсыздоо өзүнүн социалдык маанилүүлүгү боюнча мамлекеттин экономикалык, коомдук-саясий турмушунда жана финансылык-бюджеттик чөйрөсүндө маанилүү ролго ээ. Пенсиялык система эмгек рыногунун жана эмгекке акы төлөө системасынын абалы, салык жана финансы системалары, ошондой эле өлкөдөгү жалпы демографиялык жана социалдык-экономикалык кырдаал менен тыгыз байланыштуу.
Пенсиялык система жалпысынан учурдагы экономикалык абалды эске алышы керек, ага байланыштуу пенсиялык система менен экономиканын өз ара аракеттенүү механизмин кайра карап чыгуу талап кылынат. Пенсиялык камсыздоо системасы экономиканын турукташуусуна көмөк берүүгө тийиш. Жашоо наркы өсүп жаткан шартта пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо боюнча чараларды дайыма ишке ашыруу зарыл. Мында пенсиялык камсыздоонун негизги максаттары жана милдеттери эң оболу жарандардын пенсия алууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик кепилдиктерди күчөтүүгө багытталышы керек.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик милдеттүү пенсиялык системасы тилектештик жана топтоо принциптеринде негизделген: төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары пенсионерлерге пенсия төлөөлөрдү азыркы каржылоого жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого жумшалат. Пенсиялык системаны куруунун дагы бир принциби камсыздандыруу принциби болуп эсептелет: ар бир камсыздандырылган адамдын пенсиясы жеке камсыздандыруу эсебинде топтолгон төгүмдөрүнө жараша болот.
1997-жылы Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына бир катар олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- бир катар жеңилдиктер алынып салынган, атап айтканда айрым кесиптердин жана жарандардын топторунун өкүлдөрүнүн пенсияга эрте чыгуусу жоюлган;
- үч түзүлүштөн турган пенсия формуласы киргизилген:
жетиштүү стажы бар ар бир пенсионерге кепилденген базалык пенсия;
кызматкердин 1996-жылга чейинки орточо эмгек акысынын пайызы катары эсептелген эмгек салымына ылайык пенсиялык камсыздоо;
пенсионердин эсебинде топтолгон жеке пенсиялык төгүмдөрү.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн дем берүүчү ролун күчөтүү максатында жарандарды персонификациялык эсепке алуу системасын киргизүү оң натыйжалардын бири болуп эсептелет.
2010-жылы шарттуу-топтомо пенсиялык системаны андан ары реформалоо боюнча кадамдар жаралган. Алсак, 2010-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасында шарттуу-топтомо пенсиялык эсептер системасына кызматкердин төгүмдөрүн алдын ала 8%дан 10%га көбөйтүү, 2% өлчөмүндө топтоо компоненти киргизилген.
Пенсиялык системанын түзүмүндөгү топтомо компонент пенсиялык камсыздоо системасынын келечекте мүмкүн болгон демографиялык көйгөйлөргө көз карандылыгын азайтууга жана пенсиялык системанын артыкчылыгын жогорулатууга багытталган.
Топтомо компонент киргизилгенден кийин, Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасы үч компоненттен турат:
- мамлекеттик милдеттүү тилектештик пенсиялык система;
- милдеттүү топтомо компонент;
- ыктыярдуу жеке топтомо система.
Биринчи компонент тилектештик пенсиялык системасынан турат, ал пенсиянын базалык бөлүгү, пенсиянын биринчи жана экинчи камсыздандыруу бөлүктөрүн камтыйт.
Экинчи компонент Кыргыз Республикасынын уюшулган сектордо (бюджеттик мекемелерде, түрдүү уюштуруучулук-укуктук формадагы жеке компанияларда) иштеген жарандар үчүн милдеттүү. Жарандар эмгек акысынан (кирешесинен) 2% өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоого которушат.
Үчүнчү ыктыярдуу топтомо компонентке ыктыярдуу жеке топтомо схемасы кирет.
1-таблица
Параметрлери | Пенсиянын базалык бөлүгү | Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү | Пенсиянын топтомо бөлүгү | Пенсиянын ыктыярдуу топтомо бөлүгү |
Уюштуруу принциптери | Социалдык колдоо | Тилектештик принциби жана кызматкердин жеке жоопкерчилиги | Кызматкердин жеке жоопкерчилиги | Кызматкердин жеке жоопкерчилиги |
Финансылык булактар жана пенсия чектөөнүн шарттары | Республикалык бюджеттен трансферттер | Иш берүүчүнүн жана кызматкердин милдеттүү төгүмдөрү | Кызматкердин милдеттүү төгүмдөрү | Кызматкердин ыктыярдуу төгүмдөрү |
Пенсиянын өлчөмдөрүн эсептөө тартиби | Бирдиктүү өлчөм иш стажына жараша болот. Республика боюнча орточо эмгек акынын өсүшүнө жараша кайра каралат | Дифференция- ланган көлөм топтолгон пенсиялык укуктарына жана пенсияга чыккандан кийинки өмүрүнүн узундугуна жараша болот | Дифференция- ланган көлөм топтолгон капиталдаш-тырылган төгүмдөргө, инвестициялык кирешенин көлөмүнө жана камсыздандырыл-ган адам тандап алган төлөө мезгилине көз каранды | Дифференция- ланган көлөм кызматкер тарабынан тандалып алынган пенсиялык схемага жараша болот |
Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасынын негизин милдеттүү мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу түзөт, ал шарттуу-топтомо пенсиялык система түрүндө берилген: 1996-жылы персонификациялык эсепке алуу киргизилгенге чейин жарандардын иштеп тапкан каражаттары, ошондой эле 1996-жылдан кийин персонификациялык эсепке алуу киргизилгенден кийинки жеке камсыздандыруу эсептеринде топтолгон каражаттары эске алынат.
Ошону менен бирге, Пенсиялык фондго жиберилген каражаттардын бардыгы эле жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринде эсепке алына бербейт. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Пенсиялык фондго түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүнүн тарифинин коюмунун 3%ы пенсиялык системанын тилектештик бөлүгүнө жиберилет. Тилектештик бөлүк негизинен майыптыгы боюнча жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды төлөөгө пайдаланылат.
Мындан сырткары, системада пенсионерлерди финансылык жактан колдоо түрүндө мамлекеттик кепилдиктер (пенсиянын базалык бөлүгүн жана пенсияларга компенсацияларды жана кошумчаларды төлөп берүү), ошондой эле республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жарандардын айрым категорияларына түрдүү жеңилдиктер каралган.
Пенсиянын топтомо бөлүгүн түзүүгө иштеп жаткан пенсионерлерден, 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркектерден жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аялдардан башкалар, Кыргыз Республикасынын экономикасынын уюшулган секторунун кызматкерлери катышат, анткени бул категориядагы жарандардын милдеттүү топтомо компонентинин алкагында жетиштүү деңгээлде пенсиянын топтомо бөлүгүн түзүүгө пенсияга чыгууга чейин убакыттары жетишпей калат.
Пенсиялык топтоолорду инвестициялоо “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат. Анда субъекттердин жана пенсиялык топтомо каражаттарды түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелерге катышуучулардын укуктук статусу, ошондой эле пенсиялык топтомо каражаттарды инвестициялоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуунун, контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн негиздери аныкталган.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтомо бөлүгүн каржылооо үчүн каралган пенсиялык топтомо каражаттарды түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдар бир гана топтомо пенсиялык фондду, топтомо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясын тандоого, ошондой эле өзүнүн пенсиялык топтоолорун бир топтомо пенсиялык фонддон экинчисине которууга укуктуу.
Баштапкы этапта топтомо компоненттин каражаттарын ишенимдүү башкаруу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан (мындан ары - Социалдык фонд) жүргүзүлөт, ал пенсиялык топтоолорду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына -70%дан ашык эмес, кредиттик уюмдардын мөөнөттүү депозитине - 25%дан ашык эмес жана күрөө менен камсыздалган облигацияларга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын эмитенттери тарабынан чыгарылган, эки эң жогорку категориянын бириндеги фондулук биржаларда листингден өткөн камсыздалган турак жай сертификаттарга, пенсиялык топтоолордун наркынын 20%дан ашык эмес өлчөмдө инвестициялоону жүзөгө ашырат.
Дүйнөлүк пенсиялык системаларды реформалоонун азыркы этабынын шартында жеке ыктыярдуу схемалар пенсиялык системанын жаңы элементи катары киргизилген. Милдеттүү пенсиялык топтоолор ар бир кызматкер үчүн кандайдыр бир топтоолордун минимумун түзүүгө багытталган.
Ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруунун ролу кирешесинин деңгээли жогору адамдар үчүн, айрыкча өз алдынча иштеген жарандар үчүн, эмгек кирешесинин ордун татыктуу жабууну камсыздоодо турат. Ыктыярдуу пенсиялык камсыздандыруу келечектеги пенсияларды топтоо системасы, ошондой эле пенсиялык системанын туруктуулугун узак мөөнөттүү келечекте камсыздоочу фактор болуп эсептелет.
Ыктыярдуу топтоолорду түзүүгө тийиштүү стимулдарды уюштуруу кызматкер тарабынан да, иш берүүчү тарабынан да мындай төгүмдөргө салык төлөөдөн качуу үчүн пайдалануу тобокелчилигин эске алышы жана алдын алышы зарыл. Ыктыярдуу жеке схемалар төгүмдөрү белгиленген толук каржылоо шарттарында иштейт. Катышуучулар өз топтоолору боюнча бардык инвестициялык тобокелчиликтерге өз алдынча жооп беришет.
Ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууда негизги роль мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго таандык. Азыркы учурда мамлекеттик эмес бир гана “Кыргызстан” пенсиялык фонду бар. Жекече пенсиялык камсыздандыруунун начар өнүгүшүнүн негизги себептери – калктын кирешесинин аздыгы, жекече финансылык уюмдарга ишенбөө, финансылык рыноктун өнүкпөгөндүгү.
Пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө төмөнкү натыйжаларга жетишилди:
1) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасында чет өлкөлүк жарандардын милдеттери аныкталды. Алсак, республикада туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасына милдеттүү түрдө катышат. Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн кызматкерлер - чет өлкөлүк жарандар үчүн иш берүүчү тарабынан Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө 3 % төлөнөт, базарларда жеке ишкердик жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар үчүн төгүмдөр патент наркынан 30 % өлчөмүндө белгиленген;
2) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин коюму олуттуу төмөндөдү. Алсак, 1999-жылдан 2010-жылга чейин аталган тарифтер 39дан 27,25%га, т.а., 11,75%га чейин төмөндөтүлгөн, мында, иш берүүчү тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин коюму 33төн 17,25%га, т.а. 15,75%га төмөндөтүлдү;
3) 2009-жылы пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо максатында пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо боюнча ченем киргизилген. Орточо эмгек акынын жана керектөө бааларынын индексинин көлөмүнүн өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун шарттары болуп саналат;
4) Социалдык фонддун иш практикасына убактылуу бош акча каражаттарын банктарга депозиттерге жайгаштыруу жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү киргизилди;
5) пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыздоо үчүн резервдик фонд түзүлдү;
6) пенсиялык төлөөлөрдү коммерциялык банктардагы персоналдык пенсиялык эсептерге накталай эмес которуу механизми киргизилди.
Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, пенсия алууга Кыргыз Республикасынын жарандары, республикада жашаган жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар укуктуу.
Пенсиянын төмөнкүдөй түрлөрү дайындалат:
- курагы боюнча;
- майыптыгы боюнча;
- баккан адамынан айрылгандыгы боюнча.
Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу системасынан төлөнүүчү жалпы пенсия тилектештик (базалык жана камсыздандыруу) жана топтомо бөлүктөрдөн турат, ал эми баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия базалык жана камсыздандыруучу бөлүктөрдөн гана турат.
Пенсиянын базалык бөлүгү – пенсиялык мыйзамдарда белгиленген иш стажы бар адамдарга (эркектер үчүн – 25 жыл, аялдар үчүн – 20 жыл) мамлекет тарабынан кепилденген пенсиянын бөлүгү. Пенсиянын базалык бөлүгү эмгек акынын өсүшүнө карата индексацияланат.
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү – камсыздандыруу стажын, орточо бир айлык эмгек акысын жана топтолгон камсыздандыруу төгүмдөрүн эске алуу менен белгиленген пенсиянын бөлүгү. Мыйзамдарда пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо каралган. Индексациялоодон мурдагы календардык жылда түзүлгөн орточо эмгек акынын жана керектөө бааларынын индексинин көлөмүнүн өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексациялоонун шарттары болуп эсептелет. Бирок өткөн жылдардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүн индексациялоо Социалдык фонддун финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жүргүзүлөт.
Пенсиянын топтомо бөлүгү – жеке камсыздандыруу эсебинин топтомо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолордун суммасынан камсыздандырылган адамга белгилене турган пенсиянын бөлүгү.
Пенсиялык фонддун кирешелери иштеп жаткан жарандардын камсыздандыруу төгүмдөрүнөн жана пенсиянын базалык бөлүгүнө, жеңилдетилген пенсияларга, пенсионерлердин айрым категорияларынын пенсияларын кошумчалоого, аскер кызматчыларынын пенсиясына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардан турат.
Пенсиялык фонддун кирешесинин 60%га жакынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү түзөт. Пенсиялык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтик коюму камсыздандыруучулардын уюштуруучулук-укуктук формасына жана иштеринин түрүнө жараша ар кандай өлчөмдөрдө болот.
2014-жылдын 1-январына карата пенсиянын орточо өлчөмү 4432 сомду түздү, бул пенсионердин жашоо минимумуна (4097 сом) карата 108,2%ды түзөт. 2008-жылы орточо пенсиянын пенсионердин жашоо минимумуна карата катышы 45,7%дын тегерегинде болгон.
2014-жылдын 1-январына карата 336,9 миң пенсионер же алардын жалпы санынын 58%ы (580,8 миң адам) пенсионердин жашоо минимумуна жетпеген пенсия алышат. Орточо эмгек акыга карата орточо пенсиянын ордун жабуу коэффициенти республика боюнча 38,8%ды түздү.
Жалпы пенсия алуучулардын санынан 429,2 миң адам (74%) - курагы боюнча пенсия, 102,8 миң адам (17,7%) - майыптыгы боюнча жана 47,2 миң адам (8,1%) баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алат, пенсия алган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү - 1,6 миң адам.
2008-жылы пенсияга чыгуу курагынын ийкемдүү режими белгиленген. Мында, мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууда талап кылынган стаж эркектер үчүн - 40 жылды (жалпы негизде болсо - 25 жылды), аялдар үчүн - 35 жылды (жалпы негизде - 20 жылды) түздү.
35 жыл иш стажы бар эркектер үчүн жана 30 жыл иш стажы бар аялдар үчүн пенсия өлчөмүн азайтуу менен чектелет. Мында курагы боюнча мөөнөтүнөн мурдагы пенсия жалпы белгиленген пенсиялык куракка чейинки жетишпеген ар бир ай үчүн пенсиянын өлчөмүн 1,5%га азайтуу менен эсептелет.
1996-жылдан азыркы мезгилге чейин майыптыгы боюнча пенсионерлердин саны 2 эседен ашык көбөйдү жана 102,8 миң адамга жетти. 2010-2012-жылдардын аралыгында эле 13,8 миң адамга майыптыгы боюнча пенсия чектелди же 1996-жылга караганда 3 эсеге жана 2000-жылга караганда 2,5 эсеге көп. Бул мезгилде пенсионерлердин жалпы санындагы үлүшү 17,7%ды түздү, 1996-жылы ал 9%га барабар болгон.
Жеке камсыздандыруу эсептеринде эсепке алынган ар айлык төлөмдөрдүн суммалары пенсионерлердин өмүрүнүн орточо узактыгына жараша эсептелет. Мисалы, пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгү актуардык коэффициентке көбөйтүлгөн, төлөмдөрдүн бардык мезгилиндеги камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларынан эсептелет. Актуардык коэффициент - пенсия чектелгенден кийинки пенсионердин өмүрүнүн орточо узактыгын эске алуу менен пенсиялык төлөмдөрдүн пайызын аныктаган инструмент.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында курагы боюнча ар кандай жашта пенсияга чыгуу укугу каралган, ошондуктан актуардык коэффициент пенсияга чыгуу курагына жараша айырмаланат. Алсак, пенсияга бир кыйла эрте чыккан адамдардын актуардык коэффициенти азыраак, анткени алардын пенсиялык төгүмдөрү пенсияга кечирээк чыккандардыкына караганда узак мөөнөткө бөлүштүрүлөт. Бул белгилүү бир курактан кийин жашоонун ар кандай узактыгына байланыштуу.
2013-жылдын расмий статистикалык маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасында эркектердин өмүрүнүн узактыгы 66,3 жылды, аялдардыкы -74,3 жылды түзөт.
Пенсияга чыккандан кийин пенсионерлердин бардыгы эле жогоруда көрсөтүлгөн куракка чейин жашашпайт. 80 жаштан улуу пенсионерлердин саны 33,4 миң адамды түзөт, бул учурда тилектештик принциби иштейт, б.а. аларга Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнөн пенсия төлөнөт, анткени пенсионерлер топтогон пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү чыгымдалып бүткөн.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Концепциянын иш-чараларын аткаруу төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет:
- пенсия менен камсыз кылууда камсыздандыруу принциптерин күчөтүү, пенсиянын өлчөмү менен пенсионерлердин мурунку эмгек акысынын, ошондой эле жана Пенсиялык фондго төлөгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасынын ортосундагы өз ара байланышты белгилөө;
- баалардын жана орточо эмгек акынын өсүшүнүн темпин эске алып, пенсияларды индексациялоонун оптималдуу механизмин иштеп чыгуу аркылуу пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жана өз алдынча иштеген жарандарды пенсиялык камсыздоо системасын реформалоонун, ошондой эле жеңилдетилген пенсиялык камсыздоо системасын жана мамлекеттик социалдык кепилдиктерди оптималдаштыруунун эсебинен пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун жана тең салмактуулугун камсыз кылуу;
- негизги катышуучуларынын укуктук статусун аныктоо аркылуу пенсиялык системанын ачыктыгын камсыз кылуу;
- милдеттүү пенсиялык топтоолор рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү;
- колдоонун туруктуу институттук механизмдерин түзүү жана калктын пенсиялык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу программасын ишке ашыруу;
- пенсия менен камсыз кылуунун маалыматтык системаларын жана камсыздандырылган жарандардын жана пенсионерлердин укуктарын коргоо механизмдерин өнүктүрүү.
Пенсиялык системанын милдеттүү жана ыктыярдуу топтоо компоненттерин өнүктүрүүнүн максаттуу багыттары катарында төмөнкүдөй натыйжалар болжолдонууда:
- эмгек акысынын деңгээли жогору эмес жана орточо камсыздандырылган адамдар үчүн – камсыздандыруу төгүмдөрүн жана пенсиялык топтоолорго төгүмдөрдү 30 жыл ичинде төлөгөн учурда албай калган эмгек акысынын 40-45% деңгээлинде курагы боюнча пенсиясы менен милдеттүү жана ыктыярдуу пенсиялык топтоолорунун эсебинен төлөмдөрдү алуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- чоң өлчөмдөгү эмгек акысы бар камсыздандырылган адамдар үчүн - пенсиялык топтоолорго каражаттарды 30 жыл ичинде төлөгөн учурда эмгек акысынын көрсөтүлгөн чегинин 10-15% деңгээлинде ыктыярдуу пенсиялык топтоолорунун эсебинен төлөмдөрдү алуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- өз алдынча иштеген жарандар үчүн - пенсиялык топтоолорду түзүүгө 30 жыл ичинде төлөгөн учурда пенсионердин жашоо минимумунун деңгээлинде пенсиялык төгүмдөрдүн эсебинен төлөмдөрдү алуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордо пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун өсүшү.
Концепциянын максаттарын ишке ашыруу социалдык камсыздандырууну өнүктүрүүнү жана калкты социалдык жактан колдоону, пенсиялык камсыздоодо коомдун жоопкерчилигин жогорулатууну талап кылат. Жогорудагы милдеттердин аткарылышынын камсыз кыла турган чаралар пенсиядагы жарандардын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатуу маселелеринде мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин ишин тескөөгө багытталышы керек.
Социалдык камсыздандыруу системасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын түшүнүү аталган Концепцияны ишке ашыруу үчүн негизги оң фактор болуп саналат. Пенсия тармагында реформа жүргүзүүнүн зарылдыгы мамлекеттик органдар, бизнес коомчулугу, пенсия алган жарандар тарабынан таанылууда.
Эмгек акы төлөө системасынын өркүндөтүлбөшү, экономиканын көмүскө секторунун өсүшү, формалдуу эмес сектордо иштеген жарандардын санынын өсүшү Концепцияны ишке ашыруу үчүн терс факторлордон болуп калышы мүмкүн.
Концепцияны ишке ашырууда демографиялык (төрөттүн азайышы, тышкы эмгек миграциясынын өсүшү), уюштуруучулук-укуктук (мыйзамдардагы коллизиялар жана кенемтелер), маалыматтык (маалыматтык коопсуздук, маалыматтык технологиялардын бузулушу), жеке (кадрлардын квалификациясынын жана профессионалдык даярдыгынын жетишсиз деңгээли, коррупция) мүнөздөгү тобокелдиктер, ошондой эле форс-мажордук жагдайлардагы (табигый кырсыктар) тобокелдиктер дагы бар.
Аталган тобокелдиктерди минималдаштыруунун төмөнкүдөй мүмкүн болгон жолдору аныкталды:
- төрөткө жана калктын жумуштуулугуна дем берүү боюнча майнаптуу мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, көп балалуу энелер үчүн кепилдиктерди сактоо жана эмгек мигранттарын пенсиялык камсыздандырууну камтуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
- мамлекеттин узак мөөнөттүү жана ырааттуу социалдык-экономикалык программаларын ишке ашыруу аркылуу кабыл алынып жаткан чечимдердин ачыктыгын камсыз кылуу;
- экономиканын өсүшүн камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу;
- камсыздандырылган жарандардын бардык категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин кайра карап чыгуу, бул келечекте иш-берүүчүлөргө оордукту азайтууга мүмкүндүк берет. Социалдык камсыздандыруу ар бир жаранга пенсиялык келечегине, жеке жоопкерчилигине жана кызыкдар болушуна дем берген натыйжалуу инструмент катары чыгышы керек, ал эми мамлекеттин колдоосу даректүүлүктүн негизинде социалдык кепилдиктер мүнөзүндө болушу керек;
- маалыматтык технологияларга коркунучтарды азайткан контролдоонун атайын каражаттарын киргизүү;
- мамлекеттик органдардын персоналынын кесиптик деңгээлин жогорулатуу.
Социалдык фонддун 2015-жылга бюджетинин долбоору болжолдор менен кирешелер боюнча суммасы 40,9 млрд. сомду жана чыгымдары боюнча суммасы 40,0 млрд. сомду түзөт.
Айылдык товар өндүрүүчүлөр жана юридикалык жакты түзбөй жеке өз алдынча иштеген адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин жогорулатуу каралууда. Алдын-ала болжолдуу эсептөөлөр боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин жогорулашынын натыйжасында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы түшүшүндө алардын үлүшү 2014-жылы 3%дан 2017-жылы 7%га чейин, 2020-жылы 12%га чейин өсүшү керек.
Көрсөтүлгөн индикативдик көрсөткүчтөргө жетишилсе камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөдө эмгек акынын жогорку чегин киргизүү же болбосо иш берүүчүдөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендерин азайтуу аркылуу уюшулган сектор үчүн социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясатын теңдөөгө финансылык мүмкүнчүлүк пайда болот.
Мындан сырткары Концепциянын алкагында пенсия менен камсыз кылууга республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу жана стабилдештирүү боюнча чаралар каралууда. Чаралардын комплекси республикалык бюджеттин чыгымдарын 2017-жылы 1,5 млрд сомго, 2020-жылга чейин 8,7 млрд. сомго кыскартууга мүмкүндүк берет.
Концепцияда пенсияларды эсептөө жана дайындоо саясатынын адилеттүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар каралууда. Ар бир камсыздандырылган жарандын жеке салымын эске алып пенсияларды индексациялоонун адилеттүү механизми киргизилмекчи. Пенсияларды ар жылдык жогорулатууга чыгымдардын жалпы деңгээли сакталганда жарандарды өз алдынча пенсиялык камсыздоого дем берүү, жана социалдык камсыздандыруу каражаттарынын адилетсиз кайра бөлүштүрүү фактыларын жана жан бактылыкты жок кылуу максатында пенсияларды эсептөөдө камсыздандыруу принциби катуу сакталмакчы.
Пенсиялык камсыз кылуу системасын өнүктүрүүнүн сунушталып жаткан чаралары консолидацияланган мамлекеттик пенсиялык чыгымдарды азайтат.
Концепциянын ишке ашырылышын мониторингдөө жана баалоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программасында натыйжалар боюнча башкаруу каралган, бул мамлекеттик органдардын стратегияларына жана программаларына мониторинг жана баалоо системасын киргизүүнү болжолдойт.
Мониторинг жана баалоо Концепциянын максаттарына жана милдеттерине жетишүүнүн деңгээлин, пенсионерлердин абалы канчалык жакшы болоорун аныктоого мүмкүндүк берет.
Мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары Социалдык фонддун сайтына жайгаштырылат да, Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө толук, так жана өз убагында маалыматтар түрүндө бардык кызыкдар тараптар үчүн жеткиликтүү болот.
Концепцияны ишке ашыруунун жыйынтыктары менен мониторингдин жана баалоонун натыйжасында Концепцияга жана Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны координациялоону жакшыртуу, ресурстарды кайрадан бөлүштүрүү жана оптималдуу пайдалануу боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү каралууда.
2-тиркеме
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 2-декабры № 825, 2017-жылдын 2-февралындагы № 55, 2017-жылдын 15-майындагы № 272 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 144 токтомдорунун редакциясына ылайык)
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары жана көлөмү | Күтүлүүчү натыйжалар | Баалоо индикаторлору |
1-милдет. Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу тутумун өркүндөтүү | ||||||
1 | Айылдык товар өндүрүүчүлөр жана жеке ишкердик жүргүзгөн адамдар үчүн тарифтик саясатты өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2014-жылдын 2-жарым жылдыгы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин коюмдарынын пенсиялык төлөөлөргө карата шайкештигин камсыз кылуу. Пенсиялык тутумдун актуардык балансы | Уюшулбаган сектордон түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү Соцфондго түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасынын 2014-жылы 3%ды, 2017-жылы - 7%ды түзөт |
2 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 272 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
3 | Программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү: - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эсептешүү ведомостторун иштеп чыгууну автоматташтыруу боюнча; - Интернет аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр тарабынан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча электрондук отчетторду берүү боюнча | 2015-жылдын IV кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептерине камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнүшү жөнүндө маалыматтардын өз убагында киргизилиши. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр менен байланышты минималдаштыруунун эсебинен коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу | Интернет аркылуу отчет берген камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн санынын үлүшү, 2014-жылы 8%ды, 2017-жылы - 20%ды түзөт. |
4 | Камсыздандыруу полистерин сатып алуу жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жеке жактардан жана юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн дыйкан (фермер) чарбалардан алынуучу камсыздандыруу төгүмдөрүн накталай эмес төлөм (банк терминалдары аркылуу) тутумун киргизүү | 2015-жылдын I кварталы | Соцфонд | 2015-жылга Соцфонддун бюджети, 435,0 миң сом | Накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү. Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу | Банк терминалдары аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн өз алдынча иштеген жарандардын санынын үлүшү 2017-жылы 5%ды түзөт |
5 | Камсыздандыруу төгүмдөрүн туура эсептелишине, өз убагында төлөнүшүнө жана которулушуна жоопкерчилик чараларын системалаштыруу бөлүгүндө "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын III-IV кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Камсыздандыруу төгүмдөрүн толук жана өз убагында төлөө боюнча төлөөчүлөргө карата колдонулуучу жоопкерчилик чараларын тартипке келтирүү | КР мыйзамдарына ылайык келтирүү |
6 | Административдик-башкаруу чыгымдарын каржылоо көлөмүн аныктоо бөлүгүндө "КР Социалдык фонду жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын IV кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Административдик-башкаруу чыгымдарын каржылоо көлөмүн оптималдаштыруу | 3% чегинде административдик-башкаруу чыгымдарын каржылоо көлөмүнө чектөөлөрдүн сакталышы |
7 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-майындагы № 149-б буйругу менен бекитилген 2014-2015-жылдарга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу | 2015-жылдын ичинде | МСК, Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун жана МСКнын бюджеттери | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу тартибин жөнөкөйлөтүү | Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын аныктоо жана кеңейтүү |
8 | Пенсиянын базалык бөлүгүн жана электр энергиясы үчүн компенсацияларды белгилөөнү жана төлөөнү жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын III кварталы | Соцфонд, ФМ, ЭСӨМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсиялык камсыздоого республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу. Орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте пенсиялык камсыздоого республикалык бюджеттин чыгымдарын турукташтыруу | Пенсиянын орточо өлчөмүндө пенсиянын базалык бөлүгүнүн үлүшүн азайтуу 2017-жылы 30%га чейин |
9 | Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналардын тургундары үчүн каралган жеңилдетилген пенсиялык куракты этап-этабы менен көбөйтүү боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын IV кварталы | Соцфонд, ФМ, ЭСӨМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсия алуучулардын санын 2017-жылга карата 3,1 миң адамга азайтуу | |
10 | Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн үстөктөргө жана пенсияларга үстөктөрдүн башка түрлөрүнө укук берген сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия чектөө критерийлерин кайра карап чыгууну караган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2016-жылдын I кварталы | Соцфонд, ФМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсияга үстөк алуучулардын саны 2017-жылга карата 360 адамга азаят | |
11 | Камсыздандыруу эсептеринде топтолгон төгүмдөрдү индексациялоо механизмин өркүндөтүү максатында "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын IV кварталы | Соцфонд, ФМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу. Пенсиялардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо | Жаңы дайындоолордо пенсиялардын орто өлчөмүндө пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнүн үлүшүнүн көбөйүшү 2017-жылга карата 16%ды түзөт |
12 | Индексациянын бекитилген механизмин эске алуу менен жекелештирилген эсепке алуунун программалык комплексин өркүндөтүү | 2016-жылдын I кварталы | Соцфонд, ФМ | 2015-жылга Соцфонддун бюджети, 700,0 миң сом | Жеке камсыздандыруу эсептериндеги камсыздандыруу төгүмдөрүн индексациялоо механизмин автоматташтыруу | |
13 | Курагы боюнча пенсияга укук алуу үчүн минималдык камсыздандыруу стажын киргизүүнү караган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жыл | Соцфонд, ФМ | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсия эсептөөнүн камсыздандыруу принцибин өркүндөтүү | Орточо пенсиянын өлчөмүнүн өсүшү 2017-жылга карата 107%ды түзөт. Пенсионердин жашоо минимумунун деңгээлинен төмөн пенсия алган пенсионерлердин санынын үлүшү 2017-жылга карата 57,6%ды түзөт |
14 | Пенсиянын топтолмо бөлүгүн түзүү боюнча жарандарга тандоо укугун берүү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын II кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Тилектештик тутумунун деңгээлинде пенсиялык камсыз кылууга жарандардын укуктарын коргоо боюнча кепилдөөнү камсыз кылуу | Топтолмо компонентти түзүүгө катышкан жарандардын саны 2017-жылга карата камсыздандырылган жарандардын жалпы санынын 5%ын түзөт |
15 | Пенсиялык топтоолорду бир пенсиялык фонддон экинчисине которуу тартибинин долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын II кварталы | Финкөзөмөл, Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Камсыздандырылган жарандардын МэПФны тандоо укугунун ишке ашырылышы. МэПФнын өнүгүшүнө дем берүү | МэПФ аркылуу милдеттүү топтолмо компонентин тандаган жарандардын саны 2017-жылга карата 2,0 миң адамды түзөт |
16 | Депозитарийдин, башкаруучу компаниянын жана МэПФнын камсыздандыруу жоопкерчилигин жүргүзүү тартибинин долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жылдын III кварталы | Финкөзөмөл | Камсыздандыруу пенсиянын топтолмо бөлүгүн каржылоо камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен жүргүзүлөт | КР Өкмөтүнүн чечими. Пенсиялык топтолмо каражаттардын сакталышын камсыз кылуу | Жоопкерчиликтүү камсыздандыруу келишимдеринин саны 2017-жылы 3-6ны түзөт |
17 | Пенсиялык топтолмо каражаттарын жекелештирилген эсепке алуу боюнча программалык комплексти пайдаланууга киргизүү | 2016-жылдын I кварталы | Соцфонд | 2015-жылга Соцфонддун бюджети, 700,0 миң сом | Инвестициялык кирешени эске алуу менен пенсиянын топтолмо бөлүгүн дайындоо | Өздүк топтолмо эсептериндеги пенсиянын топтолмо бөлүгүн эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму |
18 | Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишим түзүү тууралуу маселесин иштеп чыгуу | 2015-2016- жылдардын аралыгында | Соцфонд, ТИМ, ММК, Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө келишимдин долбоору | Келишимдин долбоору |
19 | Эмгек мигранттары төлөп жаткан камсыздандыруу төгүмдөрүн которуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасы, ошондой эле Корея Республикасынын ортосунда эки тараптуу келишимдерди түзүү тууралуу маселесин иштеп чыгуу | 2016-жылдын II-IV кварталы | Соцфонд, ТИМ, ММК, Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Эмгек мигранттарынын камсыздандыруу төгүмдөрүн которуу жөнүндө келишимдердин долбоорлору | Келишимдердин долбоорлору |
20 | (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 272 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||||
2-милдет. Пенсиялык камсыздандыруу тутумунун инфратүзүмүн өнүктүрүү | ||||||
21 | Пенсиялык топтолмо каражаттар боюнча минималдуу кирешелүүлүккө жана МэПФнын чыгашаларын жабууга талаптарды белгилеген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | 2015-жылдын июну | Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Финкөзөмөлдүн бюджети | Пенсиялык топтолмо каражаттардын сакталышына кепилдик | Инфляциянын деңгээлине карата минималдуу кирешелүүлүктүн деңгээли |
22 | "Кыргыз Республикасында кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2018-жыл | Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Финкөзөмөлдүн бюджети | Иштеген жарандар үчүн кошумча пенсияны түзүү | МэПФнын саны көбөйүшү |
23 | Жекелештирилген эсепке алуу тутумунун түзүмүн өркүндөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу | 2015-2016-жылдар | Соцфонд, ММКФ, ЭСӨМ, МКК | Тийиштүү мамлекеттик органдардын бюджеттери | Камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке алууну мыктылап уюштуруу | Уюшулган сектордо камсыздандырылган жарандардын жеке камсыздандыруу эсептерине маалыматтар 30 күндө киргизилет |
24 | Жекелештирилген эсепке алуунун маалыматтарын алмашууну камсыздоо | 2015-2016-жылдар | Соцфонд, ММКФ, ЭСӨМ, МКК | Тийиштүү мамлекеттик органдардын бюджеттери | Социалдык коргоо жана калкты каттоо тутумунун тармактарын маалыматтык интеграциялоо | Маалыматтардын тууралыгы |
3-милдет. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздандыруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу | ||||||
25 | Пенсиялык топтоолордун корголушун камсыз кылган жана мамлекеттик эмес пенсиялык тутумдардын катышуучуларынын ортосунда мамилелерди жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана киргизүү | 2015-жыл | Финкөзөмөл | Тийиштүү мамлекеттик органдардын бюджеттери | Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор менен иштөөдө жеке аманатчылар үчүн болушунча жагымдуу шарттарды түзүү | МэПФте ыктыярдуу пенсиялык топтоолорду түзгөн жарандардын саны 2017-жылга карата 3,0 миң адамды түзөт |
26 | Корпоративдик жана кесиптик пенсиялык фонддордун ишин регламенттеген ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана киргизүү | 2018 | Финкөзөмөл | Тийиштүү жылга Финкөзөмөлдүн бюджети | ||
4-милдет. Калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу | ||||||
27 | Бишкек жана Ош шаарларында калкты тейлөө борборлорун түзүү | 2019-жылдын IV кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу | Даттануулардын санынын кыскарышы |
28 | Пенсиялык камсыздандыруу маселелери боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү | 2015-жылдын I кварталы | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | План Соцфонддун төрагасынын буйругу менен бекитилген | Бекитилген план |
29 | Пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча тематикалык теле- жана радио берүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү | 2015-2017-жылдар ичинде | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Калктын жалпы пенсиялык сабаттуулук деңгээлин жана маалымдуулугун жогорулатуу | Экономиканын формалдуу эмес секторунда иштеген, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жарандардын саны 2017-жылга карата 150,0 миң адамды түзөт |
30 | Телекөрсөтүүдө пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча социалдык жарнамаларды, ошондой эле тышкы жарнамаларды (баннерлер, такталар) жайгаштыруу. Пенсиялык камсыздандыруу маселелери боюнча калкка маалымдоо үчүн маалымат баракчаларын, буклеттерди, брошюраларды, жыйнактарды даярдоо, чыгаруу жана таратуу | 2015-2017-жылдар ичинде | Соцфонд, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети, 600,0 миң сом | ||
31 | Пенсиялык маселелер боюнча "тез байланыш" иштерин уюштуруу | 2015-2017-жылдар ичинде | Соцфонд, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Жарандардын даттанууларын жана арыздарын ыкчам кароо | Даттануулардын санынын кыскарышы |
32 | Пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча журналисттер арасында маалыматтык иштерди уюштуруу | 2015-2017-жылдар ичинде | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча журналисттердин маалымдуулугун жогорулатуу | Жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоолордун саны |
33 | Республиканын социалдык жана билим берүү мекемелерин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча методикалык жана маалыматтык материалдар менен жабдуу | 2015-2017-жылдар ичинде | Соцфонд | Тийиштүү жылга Соцфонддун бюджети | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча эмгекке жарамдуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу | Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча материалдар менен жабдылган социалдык жана билим берүү мекемелеринин санынын жыл сайын көбөйүшү |
Кыскартуулардын тизмеси:
КР | - | Кыргыз Республикасы |
Соцфонд | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги |
ММК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
МКК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
ЖМА | - | жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
МэПФ | - | мамлекеттик эмес пенсиялык фонд |