Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-январы № 32
«Нью-Йорк шаарында 2016-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуудан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «Нью-Йорк шаарында 2016-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуудан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Нью-Йорк шаарында 2016-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуудан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр C.Ш.Жээнбеков
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Нью-Йорк шаарында 2016-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин
виза алуудан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну
ратификациялоо тууралуу
1-берене
Нью-Йорк шаарында 2016-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Федералдык Кеңешинин ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуудан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө швейцария тарапка кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти