Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-январы № 34
“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүү киргизүү тууралуу”
1-берене
“Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 320-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
I бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 8¹-статья менен толукталсын:
«8¹-статья. Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасы
Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасы – бул нотариалдык иш жөнүндө маалыматтарды чогултуу, алуу, издөө, өткөрүп берүү, иштеп чыгуу, сактоо, пайдалануу жана (же) берүү процесстерин автоматташтырууга жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн бардык түрлөрүн камсыздоого багытталган программалык-техникалык каражаттардын комплекси. Нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.».
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти