Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-февралы № 57
“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
51-статьясынын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ, ошондой эле өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба продукцияларын өндүрүү (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы) боюнча айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.
Өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) айыл чарба кооперативине ижарага беришкен жана ошол эле мезгилде айыл чарба кооперативдеринин кызматкерлери болгон айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү 2021-жылдын 31-декабрына чейин камсыздандыруу төгүмдөрүн бир негиз боюнча төлөөнү тандоо укугуна ээ болушат.
Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ, ошондой эле өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба продукцияларын өндүрүү (өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык) боюнча айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрү үстүдөгү жылдын 25-июлуна чейин бир жолу же 25-июлуна чейин жана 25-декабрына чейин бирдей үлүштөр менен төлөнөт.
Айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү ижарачы тарабынан төлөнөт.»;
2) 6-статьясында:
- 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.»;
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Ыктыярдуу патент сатып алып атайын салык режиминин негизинде салык төлөгөн, анын ичинде контейнерлерден, павильондордон, күркөлөрдөн товар сатып, базарларда иш жүргүзгөн (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучу же лотоктордон, соода орундарынан товарларды сатуу жолу менен базарларда иштеген жеке ишкерлерди кошпогондо) жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго – 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 10 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.»;
- 21-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21. Лотоктордон, соода орундарынан товар сатып базарларда ишкердик ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жылда республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн эсептелген 3 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго – 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 10 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.»;
- 3-бөлүгүндө:
биринчи абзацындагы «өз пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул статьянын 1 же 2-пункттарына ылайык ишке ашырышат, ал эми» деген сөздөр алып салынсын;
«б1» пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.»;
3) 7-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7-статья. Төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери
1. Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү (айыл чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүүдөн киреше алган жеке ишкерлер жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын төлөшөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго – 9 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 1 пайыз;
2. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөсү болуп саналбаган, же өзүнүн жер үлүшүн жана/же участогун же анын бир бөлүгүн ижарага берүү менен киреше алган жеке жактар үчүн, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбалардын жерлеринин ижарачылары-жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.
3. Жеке жактарга Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлеринен (жайыттарды кошпогондо) жерлерди, токой фондусунун участокторун ижарага берүүдө, камсыздандыруу төгүмдөрү жерди, участокту ижарага алуучу тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт. Ошону менен бирге токой фондусунун участоктору үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн көп жылдык өсүмдүктөргө каралган жер салыгынын базалык ченине теңештирилет.
Жеке жактарга жайыттарды пайдалануу укугу берилгенде камсыздандыруу төгүмдөрү жайыт пайдалануучулар тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.
4. Юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзгөн жеке жактар, берилген лицензиянын негизинде иштегендер, ошондой эле гонорар (сыйакы) алгандар алган гонорарынын (сыйакынын) 10 пайызынан кем эмес өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго – 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна – 10 пайыз.»;
4) 9-статьясынын 7-пунктунун экинчи абзацында «92,6 пайыз» деген сөздөр «90 пайыз» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 10-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө
1. Камсыздандыруу төгүмдөрү ыктыярдуу түрдө ар кандай өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн Пенсиялык фондго 8 пайыздан кем эмес же орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыздан кем эмес өлчөмдө төлөнүшү мүмкүн, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары фонддор боюнча төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:
Пенсиялык фондго – 8 пайыз;
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондуна – 2 пайыз.
2. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте үстүдөгү ай үчүн жана келерки мезгилге гана жүзөгө ашырылат.
3. 1996-жылдын январынан берки мезгил үчүн камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү жана өздүк камсыздандыруу эсебинде камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар жеке жактардын пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн Пенсиялык фондго ар кандай өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын 8 пайызынан кем эмес өлчөмдө төлөй алышат.»;
6) 11-статьясынын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Жер үлүшүнө жана/же участогу жана/же анын бир бөлүгүнө ээ болгон юридикалык жакты түзбөй жеке ишкердик ишин жүргүзгөн I жана II топтогу майыптар жана пенсионерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн толугу менен бошотулат.»;
7) 141-статьясында:
экинчи абзацындагы «1-июнуна чейин» деген сөздөр «1-декабрына чейин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы «1-июлунан тартып» деген сөздөр «1-январынан тартып» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 141-статьясына киргизилген өзгөртүүлөрдөн сырткары расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти