Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 42
“Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж. Исмаилова, Г.К. Асылбекова, Дж.А. Бакчиев, К.К. Иманалиев, Н.В. Никитинко, А.Э. Самигуллинова, Е.Г. Строкова, Б.Ж. Субанбеков, Р.М. Туманбаева тарабынан демилгеленген “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж. Исмаилова, Г.К. Асылбекова, Дж.А. Бакчиев, К.К. Иманалиев, Н.В. Никитинко, А.Э. Самигуллинова, Е.Г. Строкова, Б.Ж. Субанбеков, Р.М. Туманбаева тарабынан демилгеленген “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул Мыйзамдын долбоорунда “Мать-героиня” же “Баатыр-эне” ордендери менен сыйланган жана “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алышкан энелерге кызмат өтөгөн жылдары үчүн жана майыптыгы боюнча пенсияларына эсептешүү көрсөткүчүнүн 1000 пайыз, башкача айтканда айына 1000 сом өлчөмүндө (эсептик көрсөткүч 100 сомго барабар (100 сом х 1000% = 1000 сом) кошумча төлөө каралууда.
Ошентип “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 26-беренелеринин ченемдери “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн “з” пунктуна шайкеш келтирилүүдө, башкача айтканда “Мать-героиня” же “Баатыр-эне” ордендери менен сыйланган энелерге социалдык кепилдиктер чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамиле принциби камсыздалууда.
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 10/21 катына ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин пенсия бөлүмүнүн каттоосунда “Баатыр-эне” ордени менен сыйланган эки аскер кызматчы-аял турат.
Негиздеме-маалымкатка ылайык бул мыйзамдын долбоорун ишке ашырууга керектелүүчү сумма жылына 24,0 миң сомду түзөт (2 адам х 1000 сом х 12 айга).
Аскер кызматкерлеринин пенсияларын жана пенсияларына кошумча төлөөлөрдү каржылоо булагы болуп республикалык бюджеттин каражаттары саналат. Аталган сумма Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна республикалык бюджеттин каражаттарынан бөлүнүүчү аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууга каралган каражаттын чегинде төлөнөт. Бул мыйзамдын долбоору боюнча «Мать-героиня» же «Баатыр-эне» ордендери менен сыйланган энелердин пенсиясына кошумча төлөөлөрдү төлөөгө кошумча каражат бөлүү талап кылынбайт.
Жөнөкөйлөтүү максатында, ошондой эле “Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 1-беренесиндеги “эсептешүү көрсөткүчүнүн 1000 процент” деген сөздөрдү жана цифраларды “10 эсептешүү көрсөткүчү” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштыруу сунушталат.
Жогорудагы баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.