Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-февралы № 64
Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине минималдуу талаптар жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине минималдуу талаптарды аныктоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 – беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине минималдуу талаптар жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктай тургандыгы жөнүндө ченемди караган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана он эки ай бою колдонулат.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине минималдуу талаптар жөнүндө убактылуу жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине минималдуу талаптарды белгилейт.
2. Ушул Убактылуу жобонун колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банктарга жана башка финансы-кредиттик мекемелерге;
- бюджеттик мекемелерге.
3. Накталай акчаларды кабыл алуу жана берүү, кассалык документтерди тариздөө боюнча кассалык операциялар, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилүүчү типтүү документтерди пайдалануу менен ишке ашырылат.
4. Ушул Убактылуу жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
- чарбакер субъекттер – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталып, өз алдынча ишкердик жана башка иш жүргүзгөн юридикалык жактар, жеке ишкерлер;
- касса – акча жана башка баалуулуктарды сактоого, кабыл алууга жана берүүгө арналган жай;
- баалуулуктар – валюталык баалуулуктар, банкноталар жана монеталар, баалуу кагаздар жана так отчеттуулуктун бланктары;
- кассалык китеп – шариктүү калем сап менен толтурулган же электрондук түрдөгү (компьютердик техниканын жардамы менен) белгиленген формага ылайык түзүлгөн эсепке алуу ведомосттору, анда баалуулуктар менен болгон операциялар чагылдырылат, келип түшүүлөр жана аларды берүү эсепке алынат;
- кассалык документ – баалуулуктарды берүү жана кабыл алуу боюнча кассалык операциялар ишке ашырылуучу жана таризделүүчү акча документи (операцияны жүргүзүү үчүн негиз болуп кызмат кылган кириштөө кассалык ордери, чыгымдоо кассалык ордери, квитанция жана башка документ);
- кассалык операциялар – баалуулуктарды кабыл алуу, берүү жана сактоо;
- накталай акчалар – жүгүртүүдөгү жана тиешелүү мамлекеттин же мамлекеттин топторунун мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелген, ошондой эле жүгүртүүдөн алып салынган же алып коюлуучу, бирок акча белгилерине алмаштырылуучу банкнот жана монета түрүндөгү акча белгиси;
- банкноттор, монеталар – өлкөнүн мыйзамдарына ылайык чыгарылган жана жүгүртүүдөгү ар кандай баадагы жана түрдөгү акча белгиси;
- кассир - чарбакер субъекттин жетекчиси ыйгарым укук берген накталай акчаны кабыл алган, сактаган, берген жана эсебин жүргүзгөн адам.
- бухгалтер – чарбакер субъекттин жетекчиси ыйгарым укук берген бухгалтердик эсепти уюштурууну камсыздоочу жана бухгалтердик операцияларга жоопкерчилик тартуучу адам.
2. Накталай акчаларды кабыл алуу
5. Накталай акчаны чарбакер субъекттин кассасына кабыл алуу ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык, бухгалтер жана кассир (алар жок болсо - жетекчи) кол койгон КО-1 формасындагы кириштөө кассалык ордери боюнча жүргүзүлөт.
Накталай акчаны кабыл алууну ырастоочу документ болуп ушул Убактылуу жобонун 1-тиркемесине ылайык КО-1 формасы боюнча бухгалтердин жана кассирдин колдору коюлуп берилүүчү, чарбакер субъекттин мөөрү же кассирдин штампы менен күбөлөндүрүлгөн квитанция эсептелет.
6. КО-1 кириштөө кассалык ордерин толтурууда кассир бардык реквизиттердин болушун жана ушул Убактылуу жобонун 2-тиркемесине ылайык Кассалык документтерди толтуруунун эрежелерине шайкеш келишин текшериши керек.
5–6-пункттарда айтылган талаптар сакталбаган учурда кассир документтерди тиешелүү түрдө тариздөө үчүн бухгалтерияга кайтарат.
7. КО-1 кириштөө кассалык ордерлери жана аларга квитанцияларды бухгалтер так жана даана сыя же шариктүү калем сап же компьютердик техниканын жардамы менен толтурушу керек. Бул документтерде кырып өчүрүүгө, өчүрүп оңдоого же оңдоолорго жол берилбейт.
КО-1 кириштөө кассалык ордерлеринде аларды түзүү үчүн негиздер көрсөтүлөт жана ага тиркелген документтер саналат.
КО-1 кириштөө кассалык ордерлери боюнча акча кабыл алуу алар түзүлгөн күнү гана жүргүзүлөт.
8. КО-1 кириштөө кассалык ордерлерине же төлөм ведомостторуна алар менен акча алгандан кийин дароо бухгалтер жана кассир (алар жок болсо - жетекчи) кол коюп, датасын көрсөтүү менен (күнү, айы, жылы) штамп же мөөр басылат.
3. Накталай акчаларды берүү
9. Чарбакер субъекттин кассасынан накталай акча берүү ушул Убактылуу жобонун 3-тиркемесине ылайык КО-2 формасындагы чыгымдоо кассалык ордери же бухгалтер жана кассир (алар жок болсо - жетекчи) кол койгон төлөм ведомосту боюнча жүргүзүлөт.
Эгерде КО-2 чыгымдоо кассалык ордерлерине тиркелген документтерде чарбакер субъекттин жетекчисинин уруксат берген жазуусу болгон учурда КО-2 чыгымдоо кассалык ордерлерине кол коюлушу сөзсүз эмес.
10. КО-2 чыгымдоо кассалык ордерлерин толтурууда кассир бардык реквизиттердин болушун жана толтурулушунун тууралыгын текшериши керек.
Ушул пунктта каралган талаптар сакталбаган учурда документтер тиешелүү түрдө тариздөө үчүн бухгалтерияга кайтарылат.
11. КО-2 чыгымдоо кассалык ордерлерин жана төлөм ведомостторун бухгалтер так жана даана сыя же шариктүү калем сап же компьютердик техниканын жардамы менен толтурушу керек. Бул документтерде кырып өчүрүүгө, өчүрүп оңдоого же оңдоолорго жол берилбейт.
КО-2 чыгымдоо кассалык ордерлеринде аларды түзүү үчүн негиздер көрсөтүлөт жана ага тиркелген документтер саналат.
Акча алып жаткан адамдын колуна КО-2 чыгымдоо кассалык ордерлерин же төлөм ведомостун берүүгө жол берилбейт.
КО-2 чыгымдоо кассалык ордерлери боюнча акча берүү алар түзүлгөн күнү гана жүргүзүлөт.
КО-2 чыгымдоо кассалык ордерлерине же төлөм ведомостторуна алар менен акча алгандан кийин дароо бухгалтер жана кассир (алар жок болсо - жетекчи) кол коюп, датасын көрсөтүү менен (күнү, айы, жылы) штамп же мөөр басылат.
12. Жеке адамга КО-2 чыгымдоо кассалык ордери же төлөм ведомосту боюнча акча берүүдө кассир акча алгандыгы жөнүндө тил катты талап кылат. Акча алгандыгы жөнүндө тил кат өз колу менен сыя же шариктүү калем сап менен алган сумманы көрсөтүп жазылышы мүмкүн: сом - жазуу жүзүндө, тыйын - цифра менен. Ведомость менен акча алынган учурда суммасы жазуу түрүндө көрсөтүлбөйт.
Эгерде төлөм ведомосту бир канча адамга акча төлөөгө түзүлсө, анда алуучулар өздөрүнүн ким экендигин ырастаган документтерин көрсөтүшөт жана төлөм документинин тиешелүү графасына кол коюшат.
Акча берүү ушул чарбакер субъект тарабынан берилген, фотосүрөтү бар жана ээсинин жеке колу коюлган ырастамасын көрсөтүү менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
13. КО-2 чыгымдоо кассалык ордеринде же төлөм ведомостунда көрсөтүлгөн гана адамга кассир накталай акча бере алат. Эгерде акча берүү белгиленген тартипте таризделген ишеним кат боюнча жүргүзүлсө ордердин текстинде акча алуучунун аты-жөнүнөн кийин акча алууга ишеним берилген адамдын аты-жөнү көрсөтүлөт. Акча берүү ведомость боюнча жүргүзүлгөн учурда акча алуу үчүн кол коюнун алдында кассир “Ишеним кат боюнча” деген жазуу жазат. Ишеним кат кассирде калат жана КО-2 чыгымдоо кассалык ордерине же ведомостко тиркелет.
14. Эмгек акыны ар бир алуучуга КО-2 чыгымдоо кассалык ордерин түзбөстөн төлөм (эсептешүү-төлөм) ведомосту боюнча кассир берет.
Берилген эмгек акынын жалпы суммасына бир КО-2 чыгымдоо кассалык ордери түзүлөт, анын датасы жана номери ар бир төлөм (эсептешүү-төлөм) ведомостуна коюлат.
Төлөм (эсептешүү–төлөм) ведомостуна чарбакер субъекттин жетекчисинин жана бухгалтердин же аларга ыйгарым укуктуу адамдын акча берүү жөнүндө уруксат берилген жазуу жазылат, анда акчаны берүү мөөнөтү жана суммасы жазуу жүзүндө көрсөтүлөт.
Айрым адамдарга бир жолу берилүүчү эмгек акысы, эреже катары, КО-2 чыгымдоо кассалык ордери менен жүргүзүлөт.
4. Кассалык китепти жүргүзүү
15. Накталай акчанын түшүүсү жана берүү ушул Убактылуу жобонун 4-тиркемесине ылайык КО-4 формасы боюнча кассалык китепте эске алынат.
16. Ар бир чарбакер субъект валютанын ар бир түрүнө бир гана кассалык китеп жүргүзөт, ал номерленип, боо өткөрүлүп жана сургуч же мастикадан мөөр басылышы керек. Кассалык китептин барактарынын саны ушул чарбакер субъекттин жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлөт.
Кассалык китептеги жазуулар шариктүү калем сап же сыя менен көчүргүч кагаз аркылуу 2 нускада жүргүзүлөт. Барактын биринчи нускасы кассалык китепте калат. Барактын экинчи нускалары айрып алма болууга тийиш жана кассирдин отчёту үчүн кызмат кылат. Барактардын биринчи жана экинчи нускалары бирдей номер менен номерленет.
Эгерде барактардын нускалары компьютердик техниканын жардамы менен басылса, анда бир нускасы кассирдин отчёту катары кызмат кылат.
Тазалоолор жана макулдашылбаган оңдоолор кассирдин, ошондой эле чарбакер субъекттин бухгалтеринин же аны алмаштыруучу адамдын колу менен күбөлөндүрүлөт.
17. Кассалык китепке жазуулар акча алгандан же берилгенден кийин дароо эле ар бир ордер боюнча же аны алмаштыруучу башка документтер боюнча кассир же аны алмаштыруучу адам аркылуу жүргүзүлөт. Күн сайын жумуш күнү аяктаганда кассир же аны алмаштыруучу адам бир күндөгү операциянын жыйынтыгын эсептейт, кассада калган акчаны кийинки күнгө чыгарат жана кириштөө жана чыгымдоо документтери менен экинчи айрып алма баракты (бир күндө кассалык китептеги жазуулардын көчүрмөсүн) бухгалтерияга кассирдин отчёту катары кассалык китепке кол койдуруу менен берет.
Эгерде жумуш күндүн ичинде кассалык операциялар жүргүзүлбөсө, кассалык китепке жазуу жүргүзүлбөйт.
Эгерде чарбакер субъекттер күн сайын жасаган операциялардын саны 20дан ашпаса, кассалык отчёттор 3-5 жумуш күнүндө бир жолу түзүлсө болот.
18. Чарбакер субъекттерде уюмдун жетекчисинин жана кассирдин макулдугу менен жана кассалык документтердин толук сакталуусун камсыздоо шартында кассалык китеп автоматташтырылган ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
19. Кассалык китепти туура жүргүзүүнү контролдоо чарбакер субъекттин бухгалтерине (ал жокто - жетекчисине) жүктөлөт.
20. КО-2 чыгымдоо кассалык ордеринде же аны алмаштыруучу башка документте алуучунун коюлган колу менен ырасталбастан кассадан акча берүү, накталай акчанын калдыгынын далили катары кассага кабыл алынбайт, бул сумма жетпей калган деп эсептелет жана кассирден же аны алмаштыруучу адамдан өндүрүп алынат. КО-1 кириштөө кассалык ордери менен аныкталбаган накталай акча кассадагы ашыкча акча каражаты деп эсептелет жана чарбакер субъекттин кирешесине чегерилет.
5. Акчаларды сактоо
21. Чарбакер субъекттердин бардык накталай акчалары жана баалуу кагаздары, эреже катары, күйбөй турган темир шкафтарда сакталат, ал эми күзөт сигнализациясы болгон учурларда айкалыштырылган жана жөнөкөй темир шкафтарда сакталып, жумуштун аягында касса ачкыч менен бекитилет.
22. Темир шкафтардын ачкычы кассирде же аны алмаштыруучу адамда сакталат. Ачкычты белгиленген жерде калтырууга, башка адамдарга берүүгө же эсепке алынбаган көчүрмөсүн жасоого тыюу салынат.
23. Ачкычтын эсепке алынган көчүрмөлөрү кассир же аны алмаштыруучу адам кулпулаган пакеттерге, сандыкчаларга салынып чарбакер субъекттердин жетекчисинде сакталат. Алардын жоголбой турганын текшерип туруу мезгилин чарбакер субъекттин жетекчиси аныктайт.
24. Металл шкафтын ачкычынын жоголгону белгилүү болгон учурда чарбакер субъекттин жетекчиси укук коргоо органдарына болгон окуя тууралуу билдирет жана металл шкафтын кулпусун тез алмаштыруу чараларын көрөт.
25. Ушул чарбакер субъектке таандык эмес накталай акчаларды жана башка баалуулуктарды кассада сактоого тыюу салынат.
6. Кассаны инвентаризациялоо жана кассалык тартипти сактоону контролдоо
26. Чарбакер субъекттин жетекчиси белгилеген мөөнөттө ар бир чарбакер субъекттин кассасында турган бардык акчаларды бирден кайра эсептөө жана башка баалуулуктарды толук текшерүү менен капысынан кассага инвентаризациялоо жүргүзүлөт. Кассаны инвентаризациялоо үчүн чарбакер субъекттин жетекчисинин буйругу менен комиссия түзүлүп, алар акты түзүшөт. Кассаны инвентаризациялоонун натыйжасында кассадан жетпей калуу же ашыкча баалуулуктар табылган учурда актыда жетишпеген же ашып калган сумма жана алардын пайда болгон жагдайлары көрсөтүлөт.
Инвентаризациялоонун натыйжалары ушул Убактылуу жобонун 5-тиркемесине ылайык ИНВ-15 формасы боюнча акты менен таризделет.
27. Кассалык тартипти сактоого жоопкерчилик чарбакер субъекттин жетекчисине жүктөлөт.
___________________________________________________________
Кыргыз Республикасында
чарбакер субъекттердин кассалык
операцияларды жүргүзүү тартибине
минималдуу талаптар жөнүндө
убактылуу жобого
1-тиркеме
Бир түргө келтирилген № КО-1 формасы
┌───────┐│ │ ________________________
│ Код ││ ││ субъекттин аталышы
├───────┤│ │
ОКУД боюнча форма│0310001││ ││ ___ ж. “____”________
├───────┤│ │ КВИТАНЦИЯ
___________________ОКПО боюнча│ ││ а ││
субъекттин аталышы ├───────┤│ й │
_____________________________ └───────┘│ р ││
түзүмдүк бөлүнүш │ у │
│ у ││ Кабыл алынды____________
┌─────┬──────┐│ │_________________________
│доку- │Толту- ││ с ││ Негиз: ______________
│мент-
тин│рулган ││ ы │ ________________________
│номери│датасы ││ з ││ _______________________
├─────┼──────┤│ ы │_________________________
КИРИШТӨӨ КАССАЛЫК ОРДЕРИ │ │ ││ г ││_________________________
└─────┴──────┘│ ы │
│ ││ Суммасы ____ сом___тыйын
┌───┬────────────────────┬────┬─────┬─┐│ │ цифра менен
│Де-│ Кредит Сум-│Мак- │ ││ ││_________________________
│бет├─┬──────┬─────┬─────┤ма, │сат- │ ││ │ жазуу жүзүндө
│ │ │түзүм-│кор- │ана- │сом.│туу │ ││ ││ ___________ сом ___тыйын
│ │ │дүк │рес- │лити-│ты- │ар- │ ││ │
│ │ │бөлү- │пон- │калык│йын │на- │ ││ ││ Анын ичинде_____________
│ │ │нүш- │дир- │эсептин│ │ла- │ ││ │ " " ____________ г.
│ │ │түн │лөөчү│ коду│ │шы- │ ││ ││
│ │ │коду │эсеп │ │ │нын │ ││ │ М.О. (штампы)
│ │ │ │ │ │ │коду │ ││ ││
├───┼─┼──────┼─────┼─────┼────┼─────┼─┤│ │ Башкы бухгалтер
└───┴─┴──────┴─────┴─────┴────┴─────┴─┘│ ││ _______ _______________
│ │ колу колунун
Кабыл алынды___________________________│ ││ чечмелөөсү
Негиз: ____________________________ │ │ Кассир
_______________________________________│ ││ _______ ________________
Сумма _________________________________│ │ колу колунун
жазуу түрүндө │ ││ чечмелөөсү
_____________________ сом _______ тыйын│ │
Анын ичинде ___________________________│ ││
Тиркеме _______________________________│ │
│ ││
Башкы бухгалтер ________ ___________ │ │
колу колунун │ ││
чечмелөөсү │ │
Алган кассир ________ ___________│ ││
колу колунун │ │
колдору чечмелөөсү │ ││
Кыргыз Республикасында
чарбакер субъекттердин кассалык
операцияларды жүргүзүү тартибине
минималдуу талаптар жөнүндө
убактылуу жобого
2-тиркеме
Кассалык документтерди толтуруу эрежелери
1. Кириштөө кассалык ордерин (КО-1 формасы) толтуруу эрежелери
1. Ушул Эрежелер кириштөө кассалык ордеринин (КО-1 формасы) (мындан ары - ККО) бир түргө келтирилген бланктарын жана чыгымдоо кассалык ордеринин (КО-2 формасы) бланктарын (мындан ары - ЧКО) толтуруу тартибин аныктайт.
2. «Документтин номери» реквизитинде кассалык документтин катар номери көрсөтүлөт. Кассалык документтер календарлык жылдын башынан баштап хронологиялык тартипте номерленет.
3. «Түзүү датасы» реквизитинде араб цифралары менен төмөнкүдөй ыраатта таризделет: айдын күнү, ай, жыл. Айдын күнү жана ай чекит менен бөлүнгөн эки араб цифрасы менен таризделет; жыл - төрт араб цифрасы менен: КК.АА.ЖЖЖЖ. Эгерде айдын күндөрүнүн жана (же) айдын катар номери ондон кичине болсо, анда алдына 0 цифрасы коюлат. ККО акчанын кассага түшкөн күнү толтурулат. Бул андагы көрсөтүлгөн датанын акчаны кириштегендеги дата экенин түшүндүрөт.
4. «________кабыл алынды» реквизитинде: эгерде акча чарбакер субъекттин штаттык кызматкеринен кабыл алынса, анда ККОнун бул графасына ушул кызматкердин фамилиясы, аты жана атасынын аты көрсөтүлөт; эгерде акча башка чарбакер субъекттин кызматкеринен кабыл алынса, анда бул графада адегенде чарбакер субъекттин аталышы, андан кийин «аркылуу» деген сөз жана ушул адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты көрсөтүлөт.
5. «Негизи» реквизитинде накталай акчанын түшүү булагы көрсөтүлөт, б.а. финансылык операциянын мазмуну чагылдырылат.
6. «Сумма» реквизитинде кассага түшкөн акча каражатынын суммасы көрсөтүлөт. Мында сомду сап башына баш тамга менен жазуу жүзүндө, ал эми тыйынды цифра менен көрсөтүү керек.
7. Кириштөө кассалык ордерине квитанция кириштөө кассалык ордеринин үлгүсү сыяктуу эле толтурулат.
2. Чыгымдоо кассалык ордерин (КО-2 формасы) толтуруу эрежелери
8. «Субъекттин аталышы» реквизитинде кассасынан накталай акча каражаттары берилип жаткан чарбакер субъекттин толук же кыскартылган аталышы көрсөтүлөт.
9. «Документтин номери» реквизитинде катар номери киргизилет. Кассалык документтер календарлык жылдын башынан хронологиялык тартипте номерленет.
10. «Түзүлгөн датасы» реквизитинде кассадан накталай акча каражатын берүү датасы көрсөтүлөт. Айдын күнү жана ай чекит менен бөлүнгөн эки араб цифрасы менен таризделет; жыл - төрт араб цифрасы менен: КК.АА.ЖЖЖЖ. Эгерде айдын күнүнүн жана (же) айдын катар номери ондон кичине болсо, анда алдына 0 цифрасы коюлат.
11. «Сумма. сом, тыйын» реквизитинде кассадан берилүүчү сумманын өлчөмү цифралык форматта үтүр (чекит, дефис) аркылуу көрсөтүлөт.
12. «Берилсин» реквизитинде акча берилүүчү жеке адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты көрсөтүлөт. Чыгымдоо кассалык ордеринде (КО-2 формасы) каалаган жеке адамдын аты-жөнүн көрсөтүүгө жол берилбейт. Акча ортомчу аркылуу берилген айрым учурларда ишеним берилген адамдын, башкача айтканда иш жүзүндөгү алуучунун ысмы акча даректелген адамдын ысмынан кийин көрсөтүлөт.
13. Накталай акча каражаттары юридикалык жакка берилген учурда кассир чыгымдоо кассалык ордеринин (КО-2 формасы) баардык талап кылынган реквизиттеринин толтурулушун текшерет, атап айтканда: акча бериле турган уюмдун толук аталышы; бул акча каражаттарын алууга ушул уюм тарабынан ишеним кат алууга ыйгарым укук берилген адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты. Андан кийин ишеним катта көрсөтүлгөн жеке адамга акча каражаттарын берүүдө кассир паспортунун маалыматтарын жана бул адамдын койгон колун паспортунда жана ишеним каттагы коюлган колу менен сөзсүз түрдө салыштыруусу керек.
14. Накталай акча каражаттары жеке адамга берилген учурда кассир чыгымдоо кассалык ордеринин (КО-2 формасы) баардык талап кылынган реквизиттеринин толтурулушун текшерет, атап айтканда: бул жеке адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын. Андан кийин, бул жеке адамга акча каражаттарын берүүдө кассир паспорттук маалыматтарын жана бул адамдын коюлган колун паспортундагы коюлган колу менен сөзсүз түрдө салыштыруусу керек.
15. «Негизи» реквизитинде акча каражаттарын берүүнүн негизи (чыгымдын түрү) көрсөтүлөт. Мисалы, аванс, отчет берүү менен, эмгек акы, зайым ж.б.
16. «Сумма» реквизитинде берилүүгө тийиштүү акча каражатынын суммасы жазуу жүзүндө көрсөтүлөт. Мында сомдун өлчөмү баш тамга менен сап башынан, ал эми тыйын цифра менен көрсөтүлөт.
17. «Тиркеме» реквизитинде. Эгерде КЧОго кандайдыр бир документтер (арыз, жетекчинин буйругунун көчүрмөсү, квитанция, ишеним кат ж.б.) тиркелсе, анда КЧОнун бул графасы номерлери жана датасы көрсөтүлгөн алгачкы документтердин тиркемелеринин тизмесин камтууга тийиш.
18. «Субъекттин жетекчиси» реквизитинде чарбакер субъекттин аткаруучу органынын жетекчиси же чарбакер субъекттин уюштуруучусу (уюштуруучулары) ыйгарым укук берген жана биринчи (тескөөчү) кол коюу укугу берилген адам кол коёт.
19. «Башкы бухгалтер» реквизитине башкы бухгалтер же чарбакер субъекттин жетекчиси ыйгарым укук берген адам кол коёт. Мындай адам болбогон учурда бул графага «каралбаган» деген жазуу жазылат.
20. «Алдым» реквизити накталай акча каражатын түздөн-түз алуучу тарабынан толтурулат. Бул графадагы сумманы графанын башынан баш тамга менен жазуу керек, бул учурда сом сөз менен, ал эми тыйын болсо цифра менен жазылууга тийиш. Алуучу сумманын астына каражатты алуу датасын көрсөтүп, кол коюусу керек.
21. «_________ боюнча» реквизитинде алуучунун ким экендигин ырастоочу документинин аталышы жана бул документтин реквизиттери (номери, датасы жана берилген жери) көрсөтүлүшү керек. Сап кассир тарабынан гана толтурулууга тийиш.
22. «Берген кассир» реквизитинде кассир кол коюп, өзүнүн маалыматтарын: фамилиясын (толук), атын жана атасынын атын (аты-жөнүн) көрсөтөт. Графа накталай акча каражаттары берилгенден кийин гана толтурулууга тийиш.
Кыргыз Республикасында
чарбакер субъекттердин кассалык
операцияларды жүргүзүү тартибине
минималдуу талаптар жөнүндө
убактылуу жобого
3-тиркеме
Бир түргө келтирилген № КО-2 формасы
┌───────┐
│ Код │
├───────┤
ОКУД боюнча форма │0310002│
├───────┤
_____________________________________________ОКПО боюнча │ │
субъекттин аталышы ├───────┤
_____________________________________________________________ │ │
түзүмдүк бөлүнүш └───────┘
┌─────────┬───────────┐
│документ-│Түзүлгөн │
│тин │ датасы │
номери
├─────────┼───────────┤
ЧЫГЫМДОО КАССАЛЫК ОРДЕРИ │ │ │
└─────────┴───────────┘
┌─────┬─────────────────────────────────────┬──────────┬──────────┬───┐
│Дебет│ Кредит │ Сумма, │максаттуу │ │
│ ├───┬─────────────┬──────────┬────────┤сом. тыйын│арналыш- │ │
│ │ │түзүмдүк │корреспон-│аналити-│ │тын │ │
│ │ │бөлүнүштүн │ дирлөөчү │калык │ │ коду │ │
│ │ │коду │эсеп │эсептин │ │ │ │
│ │ │ │ │ коду │ │ │ │
├─────┼───┼─────────────┼──────────┼────────┼──────────┼──────────┼───┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │
└─────┴───┴─────────────┴──────────┴────────┴──────────┴──────────┴───┘
Берилсин ______________________________________________________________
фамилиясы, аты, атасынын аты
Негизи: ___________________________________________________________
Сумма ________________________________________________________________
жазуу жүзүндө
_____________________________________________ сом ______________ тыйын
Тиркеме ___________________________________________________________
______________________________________________________________________
Субъекттин жетекчиси _____________ __________ _____________________
кызматы колу колунун чечмелениши
Башкы бухгалтер _________________ _______________________
колу колунун чечмелениши
Алдым ______________________________________________________________
суммасы жазуу жүзүндө
_____________________________________________ сом ______________ тыйын
20___ ж. " " _________________ Колу ________________________
___________________________________________________________________
Алуучунун ким экендигин ырастоочу
______________________________________________________________________ документтин аталышы, номери, датасы жана берилген жери
Берген кассир ______________________ _________________________________
колу колунун чечмелениши
Кыргыз Республикасында
чарбакер субъекттердин кассалык
операцияларды жүргүзүү тартибине
минималдуу талаптар жөнүндө
убактылуу жобого
4-тиркеме
Бир түргө келтирилген № КО-4 формасы
Мукабанын үлгүсү
┌───────┐
│ Код │
├───────┤
ОКУД боюнча форма │0310004│
├───────┤
__________________________________________________ОКПО боюнча │ │
субъекттин аталышы ├───────┤
_____________________________________________________________ │ │
түзүмдүк бөлүнүш └───────┘
КАССАЛЫК КИТЕП
______________________ жылга.
-----------------------------------------------------------------------
Титулдун үлгүсү . 2-бети - таза
┌───────┐
│ Код │
├───────┤
ОКУД боюнча форма │0310004│
├───────┤
__________________________________________________ОКПО боюнча │ │
субъекттин аталышы ├───────┤
____________________________________________________________ │ │
түзүмдүк бөлүнүш └───────┘
КАССАЛЫК КИТЕП
______________________ ж.
-----------------------------------------------------------------------
Акыркы бетке басуу керек:
Бул китепте __________ барак номерленди жана боо өткөрүлдү.
М.О. (штампы)
Субъекттин жетекчиси ___________ _________ _____________________
кызматы колу колунун чечмелениши
Главный бухгалтер __________________ ____________________________
колу колунун чечмелениши
_____ж." " _______________
Кыргыз Республикасында
чарбакер субъекттердин кассалык
операцияларды жүргүзүү тартибине
минималдуу талаптар жөнүндө
убактылуу жобого
5-тиркеме
Бир түргө келтирилген № ИНВ-15 форма
┌───────┐
│ Код │
├───────┤
ОКУД боюнча форма │0317013│
├───────┤
__________________________________________________ОКПО боюнча │ │
субъекттин аталышы ├───────┤
_____________________________________________________________ │ │
түзүмдүк бөлүнүш ├───────┤
Иштин түрү │ │
буйрук, │ │
токтом ┌──────┼───────┤
│номер │ │
Инвентаризация жүргүзүү үчүн негиз: _________ ├──────┼───────┤
кереги жогун сызып сал │ дата │ │
└──────┼───────┤
Операциянын түрү │ │
└───────┘
┌─────────┬───────────┬───┐
│Доку- │Түзүлгөн │ │
│менттин │ датасы │ │
│ номери │ │ │
Накталай акча каражатын ├─────────┼───────────┼───┤
инвентаризациялоо │ │ │ │
актысы ┴─────────┴───────────┴───┘
Тил кат
Инвентаризациялоо башталганга чейин менин жоопкерчилигимдеги бардык акча каражатына чыгымдоо жана кириштөө документтери бухгалтерияга тапшырылды жана бардык акча каражаты, түрдүү баалуулуктар жана документтер кириштелди, ал эми чыккандары эсептен чыгарылды
Материалдык жоопкер адам:
_____________ ___________ ______________________________________
кызматы, колу, колунун чечмелениши
Акт түзгөн комиссия, алар төмөнкүлөрдү белгилешти:
1) накталай акча _____________________ сом ________________ тыйын
2) АКШ доллары _____________________ ________________
3) баалуу кагаз _____________________ ________________
4) евро _____________________ ________________
5)
Иш жүзүндөгү бардык накталай акчанын суммасы _____________ сом ____ тыйын
цифра менен
______________________________________________________________________
жазуу жүзүндө
________________________________________________________ сом ____ тыйын
Эсепке алынган маалымат боюнча суммасы __________________ сом ____ тыйын
цифра менен
______________________________________________________________________
жазуу жүзүндө
________________________________________________________ сом ____ тыйын
Инвентаризациялоонун жыйынтыгы: ашыкчасы ______________ сом ____ тыйын
жетпегени ______________ сом ____ тыйын
Кассалык ордерлердин акыркы номери: кириштөө № _________________,
чыгымдоо № __________________
Комиссиянын жетекчиси ___________ _________ ____________________
кызматы колу колунун чечмелениши
Комиссиянын төрагасы: ___________ _________ ____________________
кызматы колу колунун чечмелениши
___________ _________ ____________________
кызматы колу колунун чечмелениши
___________ _________ ____________________
кызматы колу колунун чечмелениши
Актыда саналган бул акча каражаттары менин жоопкерчилигимде сакталууда тургандыгын ырастайм.
Материалдык жооптуу адам:
_____________ ___________ ______________________________________
кызматы колу колунун чечмелениши
______ж." " _________________
Арткы бети № ИНВ-15 формасы
Ашыкча же жетпей калуу себебин түшүндүрүү _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Материалдык жооптуу адам:
_____________ ___________ ______________________________________
кызматы колу колунун чечмелениши
Субъекттин жетекчисинин чечими ____________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
_____________ ___________ ______________________________________
кызматы колу колунун чечмелениши
_______ж." " _________________