Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры N 708
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 “Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинин Эскертүүсүнүн 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстерлеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 2,4 өлчөмдө; Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиники – 1,8 өлчөмдө белгиленет.”;
- жогоруда аталган токтомдун 12-тиркемесинин Эскертүүсүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жетекчилеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмдө; К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясыныкы – 2,4 өлчөмдө белгиленет.”.
2. Ушул токтомду аткарууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тийиштүү жылга карата каралган каражаттын чегинде каржылана тургандыгы белгиленсин.
3. Ушул токтом 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков