Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-февралы № 124
“Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
“Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Долбоор
1-берене
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Максат калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Максат айылы деп аталсын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын Жезкен калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын Жезкен айылы деп аталсын.
3-берене
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор айылы деп аталсын.
4-берене
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Ак-Өргөө калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Ак-Өргөө айылы деп аталсын.
5-берене
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо айылы деп аталсын.
6-берене
Жаңы түзүлгөн айылдардын – Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Максат жана Ак-Суу айыл аймагынын Жезкен, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Ак-Өргөө жана Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо айылдарынын чек араларынын баяндамалары бекитилсин.
7-берене
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Баткен облусундагы Максат жана Жезкен, Жалал-Абад облусундагы Коткор, Ош облусундагы Ак-Өргөө жана Улуу-Тоо калктуу конуштары расмий түрдө айыл болуп эсептелбейт. Бул калктуу конуштарда жашаган жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо, статистикалык маалыматтарды тактоо сыяктуу маселелерди чечүү үчүн аталган калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү зарыл.
Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Максат калктуу конушу райондун борборунан 58 км, айыл аймагынын борборунан 8 км алыстыкта жайгашкан. Калктуу конушта 178 кожолукта 1000 киши жашайт. Калктын негизги бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенет.
Калктуу конуштун аймагында төмөнкүлөр бар:
- негизги жалпы билим берүүчү мектеп, анда 56 окуучу окуйт, 9 мугалим иштейт;
- бала бакча;
- фельдшердик-акушердик пункт, 2 киши иштейт.
Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы Жезкен калктуу конушу райондун борборунан 29 км, айыл аймагынын борборунан 12 км алыстыкта жайгашкан. Калктуу конуштагы 51 кожолукта 228 киши жашайт.
Калктуу конуштун аймагында төмөнкүлөр бар:
- негизги жалпы билим берүүчү мектеп, анда 56 окуучу окуйт, 9 мугалим иштейт;
- фельдшердик-акушердик пункт, 2 киши иштейт.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы Коткор калктуу конушу райондун борборунан 12 км, айыл аймагынын борборунан 7 км алыстыкта жайгашкан. Калктуу конушта 506 кожолукта 3000ден ашуун киши жашайт.
Калктуу конуштун аймагында төмөнкүдөй объектилер бар:
- фельдшердик-акушердик пункт, 3 киши иштейт;
- орто жалпы билим берүүчү мектеп, анда 496 окуучу окуйт, 36 мугалим иштейт;
- негизги жалпы билим берүүчү мектеп, 182 окуучу окуйт, 15 мугалим иштейт;
- мечит;
- 2 тегирмен, анда 3 киши иштейт.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагындагы Ак-Өргөө калктуу конушу райондун борборунан 0,5 км, айыл аймагынын борборунан 0,5 км алыстыкта жайгашкан. Калктуу конуштагы 386 кожолукта 1700 киши жашайт.
Калктуу конуштун аймагында социалдык объектилер жок.
Ош облусунун Ноокат районунун Найман айыл аймагындагы Улуу-Тоо калктуу конушу райондун борборунан 48 км, айыл аймагынын борборунан 18 км алыстыкта жайгашкан. Калктуу конушта 43 кожолукта 383 киши жашайт.
Калктуу конуштун аймагында төмөнкүдөй объектилер бар:
- негизги жалпы билим берүүчү мектеп, анда 52 окуучу окуйт, 7 мугалим иштейт;
- фельдшердик-акушердик пункт, 2 киши иштейт.
Аталган калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү маселеси “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишмердиги жөнүндө жободо” каралган эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык иштелип чыккан жана аталган ведомстволор аралык комиссиянын 2016-жылдын 30-августундагы № 11-20 чечими менен жактырылган.
Аталган калктуу конуштар “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык айыл статусун алуу үчүн бардык зарыл болгон критерийлерге ылайык келет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана Максат, Жезкен, Коткор, Ак-Өргөө, Улуу-Тоо калктуу конуштарынын жашоочуларынын жыйынынын, тиешелүү жергиликтүү кеңештердин, райондук мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн чечимдерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Баткен облусундагы Максат жана Жезкен, Жалал-Абад облусундагы Коткор, Ош облусундагы Ак-Өргөө жана Улуу-Тоо калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүүгө болот деп эсептейт.