Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 170
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри С. Жээнбеков
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 327-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-беренесинде:
-3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Ушул Мыйзам мамлекеттик жашыруун сырларды коргоо менен тикелей байланышкан мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салбайт. Жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы административдик-чарбалык муктаждыктарын камсыздоо, курулуш иштерин жана капиталдык оңдоолорду аткаруу үчүн сатып алууларды өзүнүн ички сатып алуулар эрежелерине ылайык жүргүзөт. Сатып алуулар жөнүндө ички эрежелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилет жана алар ушул Мыйзамдын максаттарына жана принциптерине каршы келбеши керек.»;
- 4 жана 6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 3-беренесинде:
- он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- бюджет жөнүндө мыйзам менен «бюджеттен тышкаркы каражаттар» катары аныкталган акцияларынын 50 (элүү) жана андан ашык пайызы (уставдык капиталга катышуу үлүшү) мамлекетке таандык акционердик коомдордун, фонддордун жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн башка чарбакер субъекттердин, ошондой эле өзүн-өзү каржылаган мекемелердин жана ишканалардын каражаттары;»;
- төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
«демпингдик баа – берүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык экспертизадан өткөн техникалык-экономикалык негиздеменин, долбоорлук-сметалык документтердин негизинде эсептелип чыккан сатып алуулардын пландаштырылган суммасынан жок дегенде 20 (жыйырма) пайызга төмөн сунушталган баа;»;
- жыйырманчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«сатып алуучу уюм (заказчы) – мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, бюджеттик уюм (анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, ишканалар), акцияларынын 50 (элүү) жана андан ашык пайызы (уставдык капиталга катышуу үлүшү) мамлекетке таандык акционердик коомдор, фонддор жана мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн башка чарбакер субъекттер (анын ичинде өзүн-өзү каржылаган мекемелер жана ишканалар);»;
- жыйырма бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«сатып алуулар жөнүндө конкурстук документация – сатып алуучу уюм тарабынан конкурстук табыштаманы даярдоо үчүн берүүчүгө (подрядчыга) сунушталуучу конкурстарды өткөрүүнүн шарттарын, тартибин (анын ичинде сатып алуу жөнүндө келишимдин (контракттын) долбоорун) камтыган документтердин пакети, анын ичинде аларга киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр;»;
- төмөнкүдөй мазмундагы отузунчу абзац менен толукталсын:
«улуттук режим – кыргыз товарлары жана Кыргыз Республикасынын берүүчүлөрү (подрядчылары) тарабынан тиешелүү түрдө аткарылуучу, көрсөтүлүүчү жумуштар, кызматтар менен тең шарттарда чет өлкөдө өндүрүлгөн товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана мындай товарларды сунуштаган, жумуштарды аткарган, кызматтарды көрсөткөн берүүчүлөргө мамлекеттик сатып алууларга катышууга уруксат берүүчү режим, эгер мындай режимди камсыздоо жөнүндө талап Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленсе;
- кырк бешинчи абзацында:
«бургулоо» деген сөз алып салынсын;
«финансылык кызмат көрсөтүүлөр» деген сөздөрдөн кийин «; аудитордук кызмат көрсөтүүлөр, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн лизинги, агрегаттарды, түйүндөрдү жана/же жабдууларды оңдоо» деген сөздөр менен толукталсын;
3. 4-беренесинде:
- мамлекеттик тилиндеги текстинин 2-бөлүгүндө:
«Ички берүүчүлөр» деген сөздөрдөн кийин «тарабынан» деген сөз менен толукталсын;
«алганда» деген сөз «алууда» деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
«6. Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин берүүчүлөрүнө (подрядчыларына) карата Кыргыз Республикасы тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте ратификацияланган Келишимде каралган ченемдер колдонулат.».
4. 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 41-берене менен толукталсын:
«41-берене. Сатып алууларды жүргүзүүдө улуттук режимди колдонуу
1. Сатып алуучу уюмдар тарабынан чет мамлекеттин же чет мамлекеттер тобунун товарларын, берүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан тиешелүү түрдө аткарылуучу, көрсөтүлүүчү жумуштарды, кызматтарды сатып алууда ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде каралган учурларда жана шарттарда кыргыз товарлары жана Кыргыз Республикасынын берүүчүлөрү (подрядчылары) тарабынан тиешелүү түрдө аткарылуучу, көрсөтүлүүчү жумуштар, кызматтар менен тең шарттарда улуттук режим колдонулат.
2. Конституциялык түзүлүштүн негиздерин, өлкөнү коргоону жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо, улуттук экономиканы өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чет мамлекеттерде өндүрүлгөн товарларга, чет өлкөлүктөр тарабынан тиешелүү түрдө аткарылуучу жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салуу жана сатып алууларды ишке ашыруу максатында көрсөтүлгөн товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө уруксатты чектөө белгиленет. Көрсөтүлгөн товарлардын өндүрүлгөн өлкөсүн аныктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.».
5. 5-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Сатып алуучу уюм ишенимсиз (ак ниет эмес) берүүчүлөрдү (подрядчыларды), алардын түзүүчүлөрү, коллегиялуу аткаруучу органдарынын мүчөлөрү, жеке аткаруучу органдын функцияларын аткаруучу жактары, ошондой эле ушундай реестрге киргизилген жактар тууралуу маалыматтарды көрсөтүү менен дайындар базасына киргизүүнү демилгелейт, эгерде:
1) конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган берүүчүлөр (пордрядчылар) жана консультанттар сатып алуулар жөнүндө келишим (контракт) түзүүдөн баш тартышса;
2) сатып алуулар жөнүндө келишимдерди (контракттарды) аткаруунун жүрүшүндө берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын сатып алуулар жөнүндө документацияда берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар үчүн белгиленген талаптарга шайкеш келбей тургандыгы белгиленген же берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар мындай талаптарга өзүнүн шайкештиги жөнүндө калпыс маалымат берип жыйынтыгында келишимдер түзүлгөн сатып алуулар жол-жоболорунун жеңүүчүсү болгон учурда заказчылар берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар менен сатып алуулар жөнүндө келишимдерди (контракттарды) бир тараптуу тартипте бузушса;
3) берүүчүнүн (подрядчынын) компаниясынын жетекчиси же түзүүчүсү күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденген жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен белгиленген алдамчылык жана коррупция үчүн сот тарабынан жоопкерчиликке тартылса. Эгерде жетекчиге же түзүүчүгө карата жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу белгиленген тартипте жоюлган же алып салынган болсо, анда бул ченем колдонулбайт;
4) конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларациянын шарттары берүүчү (подрядчы) жана консультанттар тарабынан бузулса;
5) берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар түзүлгөн сатып алуулар келишимдери (контракттары) боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса;
6) берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар ушул Мыйзамдын 6-беренесинин талаптарын бузууга жол беришсе.».
6. 6-беренесинде:
- 1-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жактар сатып алуулардын жол-жоболору менен байланышкан милдеттерди аткара албайт, эгерде алар:
- сатып алуулардын жыйынтыгына жеке өздөрү кызыкдар болсо (анын ичинде конкурска катышууга табыштамаларын берген жеке жактар);
- конкурска катышууга табыштамаларын берген берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жумушчулары болсо же берүүчүлөр таасир эте ала турган жеке жактар (анын ичинде берүүчүлөрдүн катышуучулары (акционерлери), алардын башкаруу органдарынын кызматкерлери жана берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) кредиторлору болуп саналган жеке жактар).».
7. 9-беренесинде:
- 1-бөлүгүнүн 3-пункту «укук бузууларды» деген сөздөрдөн кийин «карап чыгып жана» деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-бөлүгүндө:
биринчи абзацындагы «мамлекеттик орган» деген сөздөрдөн кийин «мониторинг жүргүзүүдө жана» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) кетирилген бузуулар жөнүндө тиешелүү укук коргоо органдарына материалдарды жөнөтүү.»;
- 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өзүнүн муктаждыгы үчүн түзүлгөн конкурстук комиссиянын курамына гана киргенге укуктуу.».
8. 10-беренесинде:
- 1-бөлүгүндө:
«өзүнчө» деген сөз алып салынсын;
«боюнча» деген сөздөн кийин «жаңы» деген сөз менен толукталсын;
- 2-бөлүгүндө:
16-пунктундагы «же болбосо конкурстук комиссиянын конкурстук табыштамаларды кошумча кароосу жөнүндө чечим чыгарат» деген сөздөр алып салынсын;
мамлекеттик тилдеги тексттин 18-пунктундагы «40» деген цифралар «31» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 7-бөлүгүндө:
«бирдей эле товарларды» деген сөздөрдөн кийин «же кызмат көрсөтүүлөрдү» деген сөздөр менен толукталсын;
«ишке ашыруучу» деген сөздөр «уюштуруучу» деген сөз менен алмаштырылсын.
9. 11-беренесинде:
- 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) конкурстук документтерди жана алдын-ала квалификациялоо зарыл болгондо, ушул Мыйзамдын 25-беренесине ылайык алдын-ала квалификациялык документтерди иштеп чыгуу;
«3) конкурстук комиссияны түзүү;»;
- мамлекеттик тилдеги тексттин 5-пунктундагы «20» деген цифралар «23» деген цифралар менен алмаштырылсын.
10. 12-беренесинде:
- 1-бөлүгүндө:
- «республикалык» деген сөз «тиешелүү» деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Эгер жылдын аягына чейин бюджеттин долбоору бекитилбей калса, анда Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 99-беренесинин ченемдери колдонулат.»;
- 4-бөлүгү «(мамлекеттик сатып алуулардын такталган жылдык планында)» деген сөздөрдөн кийин «, форс-мажордук жагдайлар жана авариялар менен байланышкан учурлардан тышкары,» деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары, эгерде товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуунун жыйынды көлөмү, саны жылдык сатып алуулар планында каралган чыгымдардын ар бир беренеси боюнча мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген минималдуу босоголук суммалардан ашык болсо, анда сатып алуучу уюм сатып алууларды ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык конкурс өткөрүү аркылуу жүргүзүүгө милдеттүү. Мында, сатып алуучу уюм көлөм, сан жана мезгил боюнча сатып алынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмүн, санын пландоого укуктуу.».
11. 13-беренесинин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
12. 14-беренесинде:
- 2-бөлүгүндө:
2-пунктундагы «квалификациясы» деген сөз «квалификациясына коюлган талаптар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктундагы «далилдер» деген сөз «далилдерге коюлган талаптар» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
19-пунктундагы «жана келишимдин формасы боюнча ушундай шарттар» деген сөздөр «, анын ичинде сатып алуу жөнүндө келишимдин (контракттын) долбоору» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
«21. Конкурстук документацияны иштеп чыгууда сатып алуучу уюм бир жолку сатып алынуучу көлөмдү, бир түрдүү (бир типтүү) товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) санын максималдуу атаандаштыкты камсыздоочу эки же андан ашык лотко бөлүүгө укуктуу. Мында, ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары, эгерде товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу процессинин технологиялык бүтүндүгү, компоненттеринин техникалык жана функциялык байланышы, комплекттүүлүгү камсыз кылынбаса, анда товарларды лотторго бөлүүгө жол берилбейт.».
13. 21-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«21-берене. Келишимди тикелей түзүү усулу менен сатып алуулар
1. Келишимди тикелей түзүү усулу менен сатып алуулар - сатып алуучу уюм конкурсту өткөрбөстөн веб-порталга келип түшкөн табыштамалардын (сунуштардын) арасында бааларга мониторинг жүргүзгөндөн кийин сатып алуулар жөнүндө келишимге кол коюлуучу мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу. Эгерде порталга табыштамалар түшпөсө, анда сатып алуулар табыштамаларды кагаз түрүндө сурап алуу аркылуу кайрадан мониторинг жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат. Берүүчү (подрядчы) ушул Мыйзамдын 27-беренесинде каралган сатып алуучу уюм тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек. Сатып алууларды келишимди тикелей түзүү усулу менен жүргүзүүдө сатып алуулар жөнүндө документация ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык иштелип чыгат.
2. Келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алууларды жүргүзгөнгө чейин сатып алуучу уюм эки жумуш күндөн кечиктирбей мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына, ушул берененин 4-бөлүгүнүн 3, 6, 8 - 10, 17, 21-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда, төмөнкүдөй маалыматтар камтылган кулактандырууну жайгаштырат:
1) сатып алуунун предмети жана көлөмү;
2) сатып алуунун жалпы суммасы.
Сатып алуучу уюм ушул берененин 4-бөлүгүнүн 1, 2, 4, 5, 7, 11 - 16, 18 - 20-пункттары боюнча өткөрүлгөн сатып алуулардын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты жайгаштырат.».
3. Сатып алуучу уюм келишим түзүлгөндөн кийин эки жумуш күндөн кечиктирбей мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алуулар жүргүзүлгөндүгү жөнүндө төмөнкүлөрдү камтыган маалыматты жайгаштырат:
1) берүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана юридикалык дареги;
2) сатып алуунун предмети жана көлөмү;
3) сатып алуунун жалпы суммасы.
4. Сатып алуучу уюм келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алууларды төмөнкүдөй учурларда өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу:
1) бааларды жана техникалык адистешүүнү сактоо менен жүргүзүлгөн конкурстун негизинде түзүлгөн келишимдин наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган товарлар кошумча сатып алынганда;
2) мурда башталган жумуштарды кеңейтүү же болбосо көлөмдөрдү чоңойтуу менен байланышкан конкурстун негизинде түзүлгөн келишимдин наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган кошумча курулуш жумуштары же кызмат көрсөтүүлөрү ишке ашырылганда, бул учурда мурдагы берүүчүнү ишке тартуу буга чейин аткарылган жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына карата натыйжалардын үнөмдүүлүгү жана шайкештиги камсыз кылынат;
3) товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр жыл бою чыгымдардын ар бир беренеси боюнча финансылык жылга чыгымдардын беренесинде бекитилген суммага карабастан минималдуу босоголук суммага чейинки өлчөмдө сатып алынганда. Мында, бөлүнбөс сатып алуунун предметинин наркы минималдуу босоголук суммадан ашпашы керек;
4) товарлар жазык-аткаруу системасындагы (пенитенциардык) ишканалардан жана мекемелерден сатып алынганда;
5) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алардын өндүрүүчүлөрүнөн же бул товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата интеллектуалдык же өзгөчө укуктарга ээ болгон конкреттүү берүүчүдөн жана сатып алуунун бөлөк усулун колдонуу мүмкүнчүлүгү болбогондо сатып алууда;
6) сатып алуулар искусство жана маданият жагындагы чыгармачылык долбоорду же болбосо чыгармачылык ишти аткаруу үчүн жүргүзүлгөндө;
7) токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылуучу форс-мажордук жагдайлардын, өзгөчө кырдаалдардын (өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин локалдаштыруу жана/же жоюу), тез медициналык кийлигишүү зарыл болгон авариянын кесепеттерин локалдаштыруу үчүн товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр сатып алынганда;
8) эгерде жүргүзүлгөн конкурстар өткөн жок деп таанылса жана конкурстук документациянын кайра каралган талаптарын эсепке алуу менен конкурсту кайрадан өткөрүү келишим түзүүгө алып келбегенде;
9) сатып алуучу уюм алдын ала билбеген жагдайларга байланыштуу күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатып алууда шашылыш зарылдык келип чыкканда, көрсөтүлгөн жагдайлар пайда болгон күндөн тартып бир айдын ичинде милдеттүү түрдө конкурс өткөрүү шарты менен;
10) мөөнөтүнөн мурда шайлоолор жана референдумдар өткөрүлгөндө;
11) чет мамлекеттин аймагында өзүнүн ишин камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн сатып алуулардан тышкары, товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр сатып алынганда;
12) Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин коргоону жана алардын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде аталган адамдардын катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чараларды камсыздоо үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, ошондой эле мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын, парламент спикерлеринин, тышкы саясий ведомстволорунун, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, ошондой эле аларга теңдештирилген адамдардын деңгээлинде дипломатиялык протоколдорду жана чет өлкөлүк делегациялардын визиттерин камсыздоо менен байланышкан сатып алууларды (тиричиликтик, мейманканалык, транспорттук тейлөө, компьютердик жабдууларды пайдалануу, санитардык-эпидемиологиялык шарттарды камсыздоо, коопсуз тамактандыруу) жүргүзүүдө;
13) табигый монополияны жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалар боюнча, табигый монополиянын субъекттеринен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
14) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тизме боюнча сатып алуунун шашылыштыгына жана маанилүүлүгүнө байланыштуу тезинен чечүүнү талап кылган алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон жагдайларда;
15) аткаруу бийлигинин органы тарабынан гана анын ыйгарым укуктарына ылайык же тиешелүү ыйгарым укуктары мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен белгиленген анын ведомстволук мамлекеттик мекемелери, мамлекеттик ишканалары, добуштук акцияларынын 100 (жүз) пайызы мамлекетке таандык болгон юридикалык жактар тарабынан аткарылуучу же көрсөтүлүүчү жумуштарды же кызматтарды cатып алууда;
16) улуттук коргоону жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууда;
17) мамлекеттик материалдык резервди камсыздоо менен байланышкан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
18) мамлекеттин же болбосо сатып алуучу уюмдардын эл аралык арбитраждарда, эл аралык коммерциялык арбитраждарда жана чет өлкөлүк сот органдарында кызыкчылыктарын коргоо жана көрсөтүү боюнча консультациялык жана юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
19) жыл бою чыгымдардын ар бир беренеси боюнча минималдуу босоголук сумманын 3 (үч) пайызына чейин товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда;
20) максималдуу босоголук суммадан ашпаган суммага изилдөөлөрдү, эксперименттерди өткөрүүдө же илимий корутундуларды даярдоодо;
21) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо үчүн эл аралык финансы уюмдары менен бирдикте жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун даярдоонун жалпы наркынын пайыздарын толук же жарым-жартылай каржылоодо (70 (жетимиш) пайыздан кем эмес).».
14. 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 211-берене менен толукталсын:
«211-берене. Улуттук режимден алып коюу
Улуттук режимден (конкреттүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуу жол-жоболоруна катышууга Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө мамлекеттеринин потенциалдуу берүүчүлөрү (подрядчылары) үчүн бир тараптуу тартипте белгиленген чектөө же экономиканын белгилүү бир тармактарында жүргүзүлүүчү мамлекеттик сатып алууларга катышууну чектөө) алып коюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сатып алуунун өзгөчөлүгүн аныктоо аркылуу 2 (эки) жылдан ашык эмес мөөнөткө өзгөчө учурларда белгиленет.».
15. 22-беренесинин 7-бөлүгүндөгү «берүүчүнүн (подрядчынын) акыркы конкурстук табыштаманы берүүсү жөнүндө суроо-талапта» деген сөздөр «конкурстук документацияда» деген сөздөр менен алмаштырылсын».
16. 23-беренесинин 4-бөлүгүндөгү «жумуш» деген сөз «календардык» деген сөз менен алмаштырылсын.
17. 24-беренесинин 7-бөлүгү «конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн» деген сөздөрдөн кийин «сатып алууларды бир этаптуу жана эки этаптуу усулу менен жүргүзүүдө 10 (он) календардык күндөн кем эмес убакытка, сатып алууларды жөнөкөйлөтүлгөн усул жана бааны төмөндөтүү усулу менен жүргүзүүдө 3 (үч) календардык күнгө» деген сөздөр менен толукталсын.
18. 25-беренесинин 8-бөлүгүндөгү «3 жумуш күндөн» деген сөздөр «1 (бир) календардык күндөн» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
19. 26-беренесинин 1-бөлүгүндөгү «берүүчү (подрядчы) өз конкурстук табыштамасында сунуш кылуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын» деген сөздөр «товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун пландаштырылган суммасынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
20. 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту «лицензиялардын (эгерде иш-аракет лицензияланса)» деген сөздөрдөн кийин «продукциянын жана/же ага карата долбоорлоо (анын ичинде изилдөө) процесстеринин, өндүрүүнүн, куруунун, монтаждоонун, жөндөөнүн, сактоонун, ташуунун, ишке ашыруунун, эксплуатациялоонун, утилизациялоонун талаптары менен байланышкан коопсуздукту, сапатты - Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте ратификацияланган стандартташтыруу, шайкештигин баалоо жана техникалык жөнгө салуу жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, анын ичинде жаныбарларга жана өсүмдүктөргө, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан жол берилгис тобокелдиктин жоктугун ырастоочу тиешелүү сертификаттардын» деген сөздөр менен толукталсын;»;
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Кыргыз Республикасынын резиденти эместер үчүн келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык карызы тууралуу маалымат.».
21. Мыйзамдын 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 271-берене менен толукталсын:
«271-берене. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөгү антидемпингдик чаралар
Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө берүүчү (подрядчы) тарабынан келишимди аткарууну камсыздоого кошумча демпингдик деп таанылбаган минималдуу жол берилген баанын төмөндөтүлгөн суммасына барабар өлчөмдө банктык кепилдик киргизүү шартында демпингдик бааны берүүгө жол берилет. Антидемпингдик чаралар сатып алууларга карата босоголук суммага барабар же максималдуудан жогору колдонулат.».
22. Мамлекеттик тилдеги редакциянын 28-беренесинин 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) бардык талап кылынган документтердин болушу.».
23. 29-беренесинде:
- 10-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Эгерде берүүчүлөр (подрядчылар) жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыгы боюнча конкурстук табыштамаларды конкурстук документациянын талаптарына жооп берген бирдей баалар жана шарттар менен беришсе, анда сатып алуучу уюм бирдей бааларды жана шарттарды сунуштаган берүүчүлөргө (подрядчыларга) мамлекеттик сатып алуулар веб-порталы аркылуу биринчи сунушталган баанын өлчөмүнөн бааны түшүрүү (арзандатуу) мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроо-талап жөнөтөт. Негиздемеси менен эң арзан бааны (кыйла арзандатууну) берген берүүчүнүн (подрядчынын) табыштамасы жеңип чыккан конкурстук табыштама деп эсептелет.
Эгерде, бааны түшүрүүдөн (арзандатуудан) кийин берүүчүлөр (подрядчылар) бирдей сунуш (баа, арзандатуу) берген болсо, анда жеңүүчү кокусунан тандоо (чүчүкулак) аркылуу аныкталат.»;
- 11-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
24. Мыйзамдын 2-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 291-берене менен толукталсын:
«291-берене. Конкурсту өттү деп таануунун негиздери
1. Эгерде конкурс бир этаптуу усулу менен өтүп жана конкурстук документациянын белгиленген бардык талаптарына жооп берген бир гана конкурстук табыштама берилген болсо, же четтетилгенден кийин конкурстук документациянын белгиленген бардык талаптарына жооп берген бир гана конкурстук табыштама калган болсо, анда бул конкурс өттү деп таанылат.
2. Эгерде конкурс жөнөкөйлөтүлгөн усул менен өтүп жана өткөрүлгөн баалоонун жыйынтыгы боюнча конкурстук документацияда белгиленген талаптарга жооп берген жалгыз конкурстук табыштама калса, анда бул конкурс өттү деп таанылат.».
25. 30-беренесинде:
- 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Келишимди тикелей түзүү усулу менен сатып алууда сатып алуу бөлүмү ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 2, 13 - 15-пункттарынан сырткары төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган сатып алуулар жол-жоболорунун протоколун түзөт:»;
- 4-бөлүгүндөгү «үч жумуш күндүн» деген сөздөр «бир календардык күндүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
26. 31-беренесинде:
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3) эгерде ушул Мыйзамдын максаттары жана принциптери бузулган башка учурларда.».
27. 32-беренесинде:
- 1-бөлүгүндө:
«үч жумуш күндүн» деген сөздөр «бир календардык күндүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган берүүчү (подрядчы) конкурс бир этаптуу жана эки этаптуу усулу менен өткөн учурда 3 (үч) жумуш күндүн ичинде, конкурс жөнөкөйлөтүлгөн усул менен жана бааны төмөндөтүү усулу жана келишимди тикелей түзүү усулу менен өткөн учурда – 1 (бир) жумуш күндүн ичинде кабарлоону тастыктоого тийиш.»;
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Эгерде сатып алуу жол-жоболору ушул Мыйзамдын 4-главасына ылайык 10 (он) календардык күндөн кем эмес жана 30 (отуз) календардык күндөн кеч эмес мөөнөттөрдө ведомстволор аралык көз карандысыз комиссиянын чечими боюнча убактылуу токтотулбаган болсо, сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында алынган тандоо жөнүндө маалымат жарыяланган күндөн тартып жеңип чыккан берүүчү (подрядчы) менен келишимге кол коёт.».
28. Төмөнкүдөй мазмундагы 21-глава менен толукталсын:
«21-глава. Чарба жүргүзүү укугундагы мамлекеттик (муниципалдык) ишканалар жана добуштук акцияларынын элүү жана андан ашык пайызы (уставдык капиталдагы катышуу үлүшү) мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон юридикалык жактар үчүн атайын тартип
321-берене. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн атайын тартиби
1. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн атайын тартиби (мындан ары – атайын тартип) чарба жүргүзүү укугундагы мамлекеттик же муниципалдык ишканалар жана добуштук акцияларынын элүү жана андан ашык пайызы (уставдык капиталдагы катышуу үлүшү) мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон юридикалык жактар болуп эсептелген сатып алуучу уюмдар тарабынан колдонулат.
2. Атайын тартипти колдонуу менен мамлекеттик сатып алуулар, ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн квалификациялык талаптарды белгилөөчү, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жол-жоболорун жана мөнөөттөрүн регламенттөөчү ченемдерден тышкары, ушул Мыйзамга ылайык ишке ашырылат.
3. Атайын тартип ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн сатып алуучу уюмдун башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу атайын тартипке карата койгон типтүү талаптарга ылайык бекитилет, алар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт:
1) туруктуу негизде берүүчүлөрдү алдын ала квалификациялык тандоо тартибине;
2) квалификациялуу берүүчүлөрдүн тизмесин түзүүнүн тартибине;
3) берүүчүнү тандоонун жол-жоболоруна жана мөөнөтүнө, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө аны менен келишим түзүүгө;
4) ата мекендик товар өндүрүүчүлөрүн, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ата мекендик берүүчүлөрүн колдоо тартибине.».
29. 34-беренесинде:
- 1-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2 жана 3-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
30. 40-беренесинде:
- биринчи абзацындагы «конкурстук документацияда» деген сөздөр «конкурстук документация сатып алуучу уюм тарабынан өз алдынча иштелип чыгат жана анда» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) конкурстук документациянын жалпы жана өзгөчө шарттары (анын ичинде келишимдин (контрактынын) долбоору).».
31. 42-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндөгү «жумуш» деген сөз «календардык» деген сөз менен алмаштырылсын.
32. 46-беренесинин 2-бөлүгү «балл алган консультант» деген сөздөрдөн кийин «келишим түзүү үчүн» деген сөздөр менен толукталсын.
33. 47-беренесинде:
- 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
- 7-бөлүгүндөгү «жети жумуш күн өткөндөн кийин» деген сөздөр «10 (он) календардык күндөн эрте эмес жана 30 (отуз) календардык күндөн кеч эмес» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
34. Төмөнкүдөй мазмундагы 31-глава менен толукталсын:
«31-глава. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуунун башка усулдары
471-берене. Сапат боюнча тандап алуу
1. Сапат боюнча тандап алуу төмөнкүлөрдү аткаруу зарылчылыгы пайда болгон учурда колдонулат:
а) так техникалык тапшырманы иштеп чыгуу жана консультанттардан талап кылынуучу материалдык-техникалык ресурстардын чыгымдалышын так аныктоо кыйын болгон татаал же тар адистиктин тапшырмаларын;
б) андан ары иштетүү олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон жана квалификациялуу эксперттерди алуу максатын көздөгөн тапшырмаларды;
в) сунуштарды өз ара салыштыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ар түрдүү ыкмалар менен аткарылышы мүмкүн болгон тапшырмаларды.
2. Сапат боюнча тандап алуунун алкагында сатып алуучу уюм сунуш берүүгө чакыруу кагазында консультанттардан техникалык сунуштарды гана берүүнү (финансылык сунуштарсыз) же техникалык жана финансылык сунуштарды бирге, бирок ар башка конверттерде берүүнү сурай алат.
3. Сунуш берүүгө чакыруу кагазында болжолдуу бюджет көрсөтүлбөйт, бирок негизги персонал үчүн эсептелген сарпталуучу убакыт көрсөтүлүшү мүмкүн, мында бул маалымат болжол үчүн гана көрсөтүлгөнү жана консультанттар өздөрүнүн эсептерин сунуш кылууга укуктуу экендиги айтылат.
4. Эгерде техникалык сунуштар гана суратылган болсо, техникалык сунуштарга баа берүү ушул Мыйзамдын 44-беренесине ылайык жүргүзүлөт жана сатып алуучу уюм техникалык сунушу эң жогорку баллга ээ болгон консультанттан толук финансылык сунуш берүүнү суранат, ушундан кийин сатып алуучу уюм менен консультант финансылык сунуш жана келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
5. Техникалык жана финансылык сунуштарды бир мезгилде берүү суроо-талабы коюлган учурда техникалык сунуштарга баа берүү ушул Мыйзамдын 44-45-беренелерине ылайык жүргүзүлөт. Финансылык сунуш эң жогорку баллга ээ болгон техникалык сунушунан ачылат, ал эми калган сунуштар келишим түзүлгөндөн кийин ачылбастан кайтарып берилүүгө тийиш.
6. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар келишим түзүү жөнүндө келише алышпаган учурда ушул Мыйзамдын 47-беренесинин 6-бөлүгү колдонулат.
472-берене. Белгиленген бюджеттин шарттарында тандап алуу
1. Белгиленген бюджеттин шарттарында тандап алуу усулу так аныкталган тапшырма жана белгиленген бюджет болгон учурларда колдонулат.
2. Сунуш берүүгө чакыруу кагазында тапшырманын бюджети көрсөтүлөт, ал эми консультанттарга ар башка конверттерде бюджеттин чегиндеги техникалык жана финансылык сунуштарды берүү сунуш кылынат. Техникалык тапшырма абдан ойлонулган жана тапшырманы аткаруу үчүн бюджеттин жетиштүү болуу кепилдигин бериши керек.
3. Бардык техникалык сунуштарга баалоо ушул Мыйзамдын 44-беренесине ылайык «сапатка баалоо» усулу боюнча жүргүзүлөт. Андан кийин финансылык сунуштар ачылат жана сунуштун наркы бюджеттин чегинен ашып кеткен учурда сунуш четке кагылат.
4. Келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө техникалык сунуш боюнча жогорку балл берген консультант чакырылат.
473-берене. Эң төмөнкү баа боюнча тандап алуу
1. Эң төмөнкү нарк боюнча тандап алуу усулу калыптанган тажрыйба менен ченемдер болгондо типтүү же стандарттуу тапшырмалар үчүн эң жогорку босоголук суммадан төмөн консультанттарды тандоодо колдонулат. Сатып алуучу уюм техникалык сунуштар боюнча төмөнкү өтүүчү баллды белгилейт жана аны сунуштарды берүүгө чакыруу кагазында көрсөтөт.
2. Сатып алуучу уюм ушул Мыйзамдын 38-беренесине ылайык алардын кызыгуусуна күбө болуу үчүн консультанттарды чакырат. Кызыкдар консультанттар бир эле мезгилде техникалык жана финансылык сунуштарды беришет. Адегенде бардык техникалык сунуштар ачылат жана бааланат. Минималдуу баллды албаган техникалык сунуштар четке кагылат, андан кийин калган финансылык сунуштар ачылат.
3. Келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө эң төмөнкү баллдан көбүрөөк алган жана финансылык сунуш боюнча эң аз нарк сунуш кылган консультант тандалып алынат.
474-берене. Келишимди тикелей түзүү аркылуу тандап алуу
1. Сатып алуучу уюм жеке консультанттарды жалпыга маалымдоо каражаттары же мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу төмөнкүдөй учурларда тапшырмаларды аткарууга чакырат, эгерде:
- адистер тобун жалдоо зарылчылыгы болбосо;
- сырттан кошумча маалымат алуу зарылчылыгы болбосо;
- негизги талап болуп адамдын тажрыйбасы жана квалификациясы саналса.
2. Жеке консультанттарды тандап алуу конкреттүү тапшырманы аткаруу үчүн алардын тажрыйбасын жана квалификациясын эске алуу менен жүргүзүлөт. Консультанттар тапшырманы аткарууга кызыккандардын ичинен тажрыйбасын жана квалификациясын салыштыруу жолу менен же сатып алуучу уюм түз кайрылгандардын арасынан тандалып алынат.
3. Сатып алуучу уюм тарабынан жалданган жеке консультанттар квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш жана тапшырманы аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Алардын мүмкүнчүлүгү алган билимине, тажрыйбасына жана квалификациясына жараша бааланат.
4. Сатып алуучу уюм жеке консультанттарды төмөнкүдөй учурларда гана конкурссуз (келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу) тандап алышы мүмкүн:
а) эгерде тапшырма конкурстун негизде тандап алынган консультант тарабынан аткарылган мурдагы ишинин уландысы болсо;
б) эгерде тапшырманын узактыгы 3 (үч) айдан кем болсо жана сатып алуунун наркы максималдуу босоголук суммадан ашпаса;
в) эгерде кырдаал форс-мажордук жагдайдын кесепетинен өзгөчө мүнөзгө ээ болсо;
г) эгерде адам бул тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон квалификацияга жана тажрыйбага ээ болгон жалгыз консультант болсо.».
36. 48-беренесинде:
- 1-бөлүгүндөгү «Берүүчүлөр сатып алуулардын жол-жобосунун бардык этаптарында, конкурстун жол-жоболорун» деген сөздөр «Берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар сатып алуулар жол-жобосунун каалаган этабында» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүгүндөгү «конкурс катышуучусу» деген сөздөр «берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
36. 49-беренесинде:
- 1-бөлүгү «ал» деген сөздөн кийин «министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, ведомстволордун жана» деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-бөлүгүндөгү «берүүчүнүн (подрядчынын)» деген сөздөр «конкурска катышкан берүүчүлөрдүн (подрядчылардын)» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-бөлүгүндөгү «жети» деген сөз «10 (он)» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
37. 50-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«50-берене. Сот тартибинде даттануу
1. Берүүчүлөр (подрядчылар) менен сатып алуучу уюмдун ортосунда сатып алуу жол-жоболорун жүзөгө ашырууда келип чыгуучу талаштар, ошондой эле сатып алуучу уюмдун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ушул Мыйзамдын 9 жана 48-беренесине ылайык кабыл алган чечимдери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте сотко даттанылат.
2. Ушул главанын жоболору пикир келишпестиктерди ушул Мыйзамга ылайык алдын ала чечпей туруп, сатып алуучу уюмдардын жана даттанууларды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерине сотко кайрылууга берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) укугун чектөө катары каралышы мүмкүн эмес. Талаштарды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу максатында сатып алуунун катышуучусу сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актыларына дооматтарын административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөнөтүүгө укуктуу.».
38. 51-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
«7. Сатып алуучу уюм берүүчү (подрдядчы) тарабынан келишимди аткаруунун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына 3 (үч) жумуш күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдин аткарылышынын статусу тууралуу маалыматты жайгаштырат.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти