Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-марты № 172
“Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жөнүндө айрым декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы Чечимин аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жөнүндө айрым декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
мамлекеттештирүү жөнүндө айрым декреттери боюнча
талаш мамилелерди чечүү тууралуу
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечиминде көрсөтүлгөн “United Cement Group PIC” компаниясынын, “Эмерек Курулуш”, “Ташкөмүр”, “Пансионат “Витязь”, “О.К.К.В” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун, жарандар С.Л.Калимованын, Б.А.Байгобыловдун, В.В.Баевдин жана башкалардын өтүнүчтөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароосу үчүн предмет болгон, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жөнүндө декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар
Мамлекеттештирилген обьект – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы № 48 “Пансионат Витязь” жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун жана объекттерин мамлекеттештирүү жөнүндө”, 2010-жылдын 3-июнундагы № 60 “Ташкөмүр” жоопкерчилиги чектелген коомун мамлекеттештирүү жөнүндө”, 2010-жылдын 19-июлундагы № 99 “АврораГрин” ден соолукту чыңдоочу-туристтик комплекстин объекттерин мамлекеттештирүү жөнүндө”, 2010-жылдын 12-августундагы № 121 “Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун акцияларынын 13,21 проценттин мамлекеттештирүү жөнүндө”, 2010-жылдын 28-сентябрындагы № 130 “Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”, 2010-жылдын 3-ноябрындагы № 146 “Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү, 8 дареги боюнча жайгашкан жер участкасын жана турак эмес жайларды мамлекеттештирүү жөнүндө” декреттери менен мажбурланып мамлекеттин менчигине берилген мүлктөр;
мурунку ээси – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттери менен мажбурланып мамлекеттин менчигине берилген мүлктүн ээси болгон жеке жана/же юридикалык жактар, алардын мураскерлери жана укугун улантуучулар.
2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушу чектелген чөйрөлөр
Ушул Мыйзамдын күчү Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылы кабыл алган декреттерине ылайык мамлекеттештирилген мүлктөргө байланыштуу келип чыккан укуктук мамилелерге таркатылат.
3-берене. Мыйзамсыз баюунун натыйжасында мамлекеттештирилген объекттердин мурунку ээлери тарабынан сатып алуусунун презумпциясы
1. Ушул Мыйзамда каралган тартипте сот тарабынан башкасы белгиленбесе, анда мамлекеттештирилген объекттер мурунку ээлери тарабынан мыйзамсыз баюунун натыйжасында алынган деп эсептелет.
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн мыйзамсыз баюу төмөнкүлөрдү билдирет:
1) Кыргыз Республикасынын мурунку Президенти К.С.Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана анын чөйрөсүнө тиешеси бар кишилердин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушунда көрсөтүлгөн мүлктү менчиктөө укугун алышы;
2) 2005-жылдан 2010-жылга чейин менчиктештирилген мүлктү баа белгилебөө ыкмасы менен менчиктөө укугун алышы.
4-берене. Мамлекеттештирилген объекттердин мыйзамдуу ээлеринин мүлктүк укугун калыбына келтирүү тартиби
1. Мурунку ээси Кыргыз Республикасынын сотуна мамлекеттештирилген объекттерге карата менчик укугун жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде таануу жөнүндө доо менен кайрылууга укуктуу.
2. Мамлекеттештирилген объектке карата менчик укугун таануу жөнүндө талаптар боюнча доо коюунун эскирүү мөөнөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 3 жылды түзөт.
Ушул Мыйзамда белгиленген доо коюунун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе, калыбына келтирүүгө жатпайт.
3. Мамлекеттештирилген объекттерге карата менчик укугун таануу жөнүндө доо боюнча мамлекеттин өкүлү болуп Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленсин.
5-берене. Мамлекеттештирилген объекттердин мыйзамдуу ээлеринин мүлктүк укуктарын калыбына келтирүүнүн шарттары
1. Эгерде, сот мурунку ээсинин мамлекеттештирилген объектти мыйзамдуу алгандыгын аныктаса анда мамлекеттештирилген объектке карата мамлекеттик же муниципалдык менчик укугу токтотулууга тийиш.
2. Мамлекеттештирилген объектти мурунку ээсине кайра берүү мамлекеттештирилген объектке карата менчик укугун таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан төмөнкүдөй формаларда ишке ашырылат:
1) натуралай берүү аркылуу;
2) объектти күтүүгө жана сатууга байланыштуу чыгымдарды алып салуу менен, мамлекеттештирилген объектти сатуудан алынган акча каражатын берүү аркылуу.
3. Мамлекеттештирилген объект мурунку ээсине кайра берилгенден кийин анын кредиторлору жана контрагенттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн, башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мамлекеттештирүүгө байланыштуу чыгымдардын, анын ичинде алынбай калган пайданын, ошондой эле мамлекеттештирилген объект мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган учурда мамлекет алган түшүмдүн, продукциянын жана кирешелердин ордун толтурууну талап кылууга укугу болбойт.
4. Мамлекеттештирилген объектти кайра берүүнүн же анын наркын төлөөнүн тартиби, шарттары жана мөөнөтү мурунку ээси менен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ортосунда түзүлүүчү макулдашууда аныкталат.
5. Эгерде, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен мурунку ээсинин ортосунда мамлекеттештирилген объектти кайра берүүнүн же акча каражат берүүнүн тартиби, шарттары жана мөөнөтү жөнүндө макулдашууга жетишилбесе, мамлекеттештирилген объектти мурунку ээсине кайра берүү жөнүндө соттун чечимин аткаруунун тартиби мындай чечимди чыгарган сот тарабынан аныкталат.
6. Мамлекеттештирилген объектке карата укугун кайра каттоого байланыштуу чыгымдар мурунку ээсинин каражатынын эсебинен төлөнөт.
6-берене
Мамлекеттештирилген объектти мурунку ээсинин мыйзамсыз алгандык фактысын сот тарабынан аныктоонун натыйжасы
Эгерде, сот мамлекеттештирилген объектти мурунку ээси мыйзамсыз алган деген факт аныкталса, мамлекеттин же муниципалдык түзүлүштүн мамлекеттештирилген объектке карата менчик укугу сакталып калат.
7-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти