Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-майы № 304
"Тарбиячынын жана мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев демилгелеген "Тарбиячынын жана мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-майындагы № 304 токтому менен жактырылган |
"Тарбиячынын жана мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев демилгелеген "Тарбиячынын жана мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул мыйзам долбоору тарбиячынын жана мугалимдин иштери менен байланышкан мамлекеттик саясаттын принциптерин аныктоо, укуктук, социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыккан жана тарбиячылар менен мугалимдердин укуктук абалдарын жакшыртуучу шарттарды түзүүгө, алардын социалдык корголушунун кепилдиктерин ишке ашырууга багытталган.
1. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 4-бөлүгү менен мамлекет мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жана мекемелеринин тарбиячыларына, мугалимдерине жана башка тиешелүү кызматкерлерине эмгек акыны өз убагында төлөп берүүнү бүткүл жыл ичинде толук көлөмдө республикалык бюджеттен камсыз кылаарын белгилөө сунушталат.
Бирок, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык билим берүү уюмдарын каржылоо булактары республикалык жана жергиликтүү бюджеттер болуп саналаарын белгилейбиз. Алсак, азыркы учурда Бишкек шаарынын мамлекеттик билим берүү уюмдары жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Ошентип, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу билим берүү уюмдарын республикалык бюджеттен каржылоого которуу республикалык бюджетке кошумча оорчулук келтирет.
Андан тышкары, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин көңүлгө алуу менен Мыйзам долбоорунун 16-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу республикалык бюджеттен тиешелүү кошумча каражат болгондо гана мүмкүн болоорун белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору каржылоо булактарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экенин белгилейбиз.
Ошону менен бирге Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында жогоруда аталган жоболорго тиешелүү финансы-экономикалык эсептөөлөрдүн жок экенине көңүлүңүздөрдү бурабыз.
2. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 3-бөлүгү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ар бир категориянын алкагында тарбиячылардын жана мугалимдердин эмгек акысына үстөктөрдүн белгилениши мүмкүн экенин аныктоо сунушталган.
Ошону менен бирге "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталаарын белгилейбиз.
Андан сырткары билим берүү уюмдары эмгек акы төлөөгө өздөрүнүн тескөөсүндөгү болгон каражаттарынын чегинде илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдаган адамдардын эмгек акысына дифференциалданган кошумча акыларды өз алдынча белгилей алышат.
3. Мыйзам долбоорунда тарбиячынын жана мугалимдин статусуна тийиштүү кесиптик жогорку билими жана тиешелүү квалификациясы бар менчиктин ар кандай тибиндеги жана формасындагы жалпы, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде иштеген жарандар ээ боло алышаарын белгилөө сунушталган.
Аны менен бирге колдонулуудагы "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мугалим статусуна тийиштүү педагогикалык билими жана тиешелүү квалификациясы бар, менчиктин ар кандай тибиндеги жана формасындагы мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, мектептен тышкары билим берүү, атайын билим берүү уюмдарында, балдарга жана өспүрүмдөргө кошумча билим берүү уюмдарында иштеген, окуу, илимий, методикалык, тарбиялык, уюштуруучулук жана башкаруучулук иштерди аткарган Кыргыз Республикасынын жараны же каалаган башка өлкөлөрдүн жарандары ээ болушат.
Ошентип кесиптик жогорку билими бар гана жарандарга тарбиячынын жана мугалимдин статусун ыйгаруу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин жана педагогикалык кызматкерлеринин арасында жапырт жумушсуздукка алып келүү коркунучун түзүшү мүмкүн, анткени бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдердин жана педагогикалык кызматкерлердин 10 пайыздан ашыгы атайын орто билимге ээ.
4. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык квалификациясынын жетишсиздигинин, окутуу-тарбиялоо иштеринин принциптери менен коошпогон, моралга жатпаган жосунунун айынан тарбиячынын жана мугалимдин статусунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесине ылайык жумуш берүүчүнүн демилгеси менен эмгек келишимин бузуу аттестациянын жыйынтыгы, эмгек нормаларын толук аткара албагандыгы жөнүндө маалымкат, брак чыгаргандыгы жөнүндө акты жана башка маалыматтар менен ырасталып, квалификациясы жетишсиз болгон учурда ишке ашырыларына көңүл буруу керек.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 7-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине шайкеш келтирүү зарыл.
Андан тышкары, бүгүнкү күндө тарбиячы жана мугалим тарабынан жасалган моралга жатпаган жосунду аныктоонун критерийлерин регламенттөөчү жоболор мыйзам деңгээлинде бекитилбегенин эске салабыз.
5. Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 3-беренесине ылайык тарбиячы (бала кароочу) болуп зарыл кесиптик билими жана квалификациясы бар, мектепке чейинки жана мектептен тышкары билим берүү мекемелеринде иштеген, окуу, илимий, усулдук, тарбиялык, уюштуруучулук жана жетекчилик иштерди аткаруучу адамдар саналат.
Ошол эле учурда "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери статусу боюнча башталгыч билим берүү мугалимдерине теңештирилет.
Ошентип, тарбиячынын статусу мугалимдин статусуна теңештирилгенин эске алсак, тарбиячыга өзүнчө статус берүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
6. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат.
Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.
Ошентип басмырлоого тыюу салуу кепилдиктери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделгендиктен Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүн, 6-беренесинин 1-бөлүгүн, 7-беренесинин 11-бөлүгүнүн 1-абзацын алып салууну сунуштайбыз.
7. Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-бөлүгүндө тарбиячынын жана мугалимдин ишинин аттестациясынын, инспекциясынын жана контролунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгаарын аныктоо сунушталган.
Ошону менен бирге келтирилген ченемде аталган иш-чараларды регламенттөөчү актыларды бекитүүнү кайсыл мамлекеттик орган ишке ашыра тургандыгы аныкталбаганын белгилейбиз.
8. Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз анткени "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселелерин башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынган.
Ушул себептүү сын-пикирди Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 3-6-бөлүктөрүнө карата да айтабыз, анткени аталган бөлүктөрдө чагылдырылган маселелер Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексинин, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жөнгө салуу предмети болуп саналат.
9. Мыйзам долбоорунун 11-беренесинде тарбиячы жана мугалимдерди билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сыйлыгы түрүндө - "Ардак грамота" жана "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги" менен сыйлоону белгилөө сунушталган.
Бирок, Кыргыз Республикасынын "Ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мыйзам - бул тиешелүү чөйрөлөрдө маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдик акт. Ушуга байланыштуу педагогикалык кызматкерлерди ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо маселесин билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын локалдык актыларынын чегинде кароону сунуштайбыз.
10. Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык тарбиячыларды жана мугалимдерди колдоо фонддору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттарынын эсебинен түзүлүүчү фонддорду кошпогондо мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүүгө тыюу салынганын белгилейбиз.
11. Мыйзам долбоорунда "башка", "белгилениши мүмкүн" жана "укуктар берилет" деген сыяктуу жалпыланган жана конкреттүү эмес аныктоолор да бар, алар укук колдонуу практикаларында коррупциялык көрүнүштөргө жол ачышы мүмкүн, анткени ал тиешелүү субъектке кеңири, дискрециялык ыйгарым укуктарды берет. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунда сунушталган ушул сыяктуу аныктоолорду алып салуу же кайра карап чыгуу керек.
12. Ошол эле учурда берилген Мыйзамдын долбоорунун жоболору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамага ылайык жалпысынан стилистикалык жана редакциялык жактан дыкаттык менен кайра иштеп чыгууга муктаж экенин белгилейбиз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Тарбиячынын жана мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.