Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 127 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-майы № 296
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
онунчу абзацы "финансы" деген сөздөн кийин "жана кредит саясаты" деген сөздөр менен толукталсын;
он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн тышкы жардамдарды координациялоо боюнча секторунун башчысы, Кеңештин катчысы;";
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
4-главасында:
үчүнчү абзацындагы "экономика жана инвестициялар" деген сөздөр "финансы жана кредит саясаты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кеңештин рекомендацияларын жана сунуштарын аткаруу мониторинги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ишке ашырылат.";
7-главанын үчүнчү абзацындагы "экономикалык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Финансы министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |