ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 592 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө»

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 30-августу № 592

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 261, 2017-жылдын 18-майындагы № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландоо боюнча жалпы координацияны жана макулдашылган чечимдерди кабыл алууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

 

1-тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 261, 2017-жылдын 18-майындагы № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлү (макулдашуу боюнча), Кеңештин тең төрагасы,

Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.

Кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн тышкы жардамдарды координациялоо боюнча секторунун башчысы, Кеңештин катчысы;

өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).