Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-майы № 308
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, К.С.Нурматов жана Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-майындагы № 308 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, К.С.Нурматов жана Э.Т.Токтошев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй жыйынтыкка келди.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси менен төмөнкүдөй учурларда административдик-аймактык бирдиктерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, областтарды, райондорду, шаарларды, айылдарды адамдардын аттары менен атоо жана өзгөртүп атоо мүмкүндүгүн караштыруу сунушталат, эгерде:
- ал адамдар географиялык объекттердин ачылышына, изилденишине, өздөштүрүлүшүнө же түптөлүшүнө тике катышса;
- мамлекет алдында эмгеги сиңген чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын өкүлдөрү болсо.
Ошондой эле географиялык объекттерди кайра атоого айрым географиялык объекттерге өткөн же азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүү максатында жол берилет.
Кыргызстандын географиялык объекттеринин ачылышына, изилденишине, өздөштүрүлүшүнө же түптөлүшүнө тике катышкан "адамдар" түшүнүгү бул өтө эле кеңири түшүнүк. Кыргызстандын географиялык объекттеринин изилденишине Жаңы жана Эски дүйнөнүн 40тан ашуун мамлекеттеринин саякатчылары жана окумуштуулары катышканын эске алуу зарыл. Кыргызстандын географиялык объекттерин изилдөөдөгү, ачуудагы жана өздөштүрүүдөгү өзгөчө активдүүлүк XIX кылымдын экинчи жарымына туура келет жана ага Падышалык Россия абдан активдүү катышкан.
Бул категориядагы адамдарга окумуштууларды, саякатчыларды, Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктуу конуштарды ар кайсы замандардагы негиздөөчүлөрдү, коллективдүү чарбалардын биринчи жетекчилерин, тигил же бул географиялык объектини өздөштүрүүдө моралдык жана материалдык, анын ичинде финансылык ж.б. колдоо көрсөтүшкөн бизнесмендерди, ишкерлерди да кошууга болот.
Ал эми сунушталып жаткан редакциянын 6-беренесинин экинчи жана үчүнчү абзацтарынын жоболору жалпы жана баа берүүчү мүнөзгө ээ, андыктан тийиштүү субъекттерге бул же тигил учурду өздөрүнүн каалоосуна жараша чечмелөөгө шарт түзөт.
Андыктан мамлекет алдында сиңирген эмгекти аныктоонун механизмдерин жана критерийлерин белгилөө зарыл деп эсептейбиз. Болбосо, Мыйзамды ишке ашырууда администрациялык-аймактык бирдиктерди кайра-кайра өзгөртүп атоо практикасына алып келет.
Сунушталып жаткан өзгөртүү жергиликтүү жамааттар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү администрациялык-аймактык бирдиктерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, калктуу конуштарды өзгөртүп атоого демилге көтөрүшүнө, өз кызыкчылыктарын жактоосуна негиз болушу мүмкүн, бул болсо администрациялык-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын тарыхый аттары жок болушуна алып келиши ыктымал.
Ал эми негиздеме-маалымкатта аталган Мыйзамдын долбоорун ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен финансылык каражаттар талап кылынбайт, анткени "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын географиялык объекттерине аталыштар берүүгө жана жаңы аталыштар берүүгө байланышкан бардык чыгымдар, ошол объекттер аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эсебинен жүргүзүлөт деп айтылган.
Мында аталган Мыйзамдын 12-беренеси Мыйзамдын долбоорунда сунушталган учурларда жергиликтүү бюджетке кошумча оорчулук келээрин көрсөтүп турат. Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дотациядагы органдарынын мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоо маселеси боюнча кайрылуу тобокелдиги бар.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 14-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетин түзүшөт.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25 жана 26-беренелерине ылайык негиздеме-маалымкатта каржылоо булактары бар экендиги жөнүндө маалымат болууга тийиш. Ал эми ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбаш керек.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн экендигин эске алуу керек.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында каржылоо булагынын бар экендиги жөнүндө финансылык-экономикалык маалыматтар жоктугун айтмакчыбыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, ошондой эле бюджеттик ресурстардын чектелүү экендигине, бюджеттин олуттуу тартыштыгына жана киреше алынбай калып жаткандыгына байланыштуу, негизи жана зарылдыгы жок болгондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Ушуну менен бирге эле, мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 686 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Э.Мавлянова, А.Алтынбеков жана М.К.Жеенчороев тарабынан демилгеленген, Мыйзамга ушул сыяктуу эле оңдоолорду киргизүүнү караштырган "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылганына көңүлдү бурабыз.