Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 138 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 230
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2396-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөрдүн биринчи абзацтарындагы "15" деген цифралар "25" деген цифралар менен алмаштырылсын;
б) 7-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Фракциялардын коалициясынын парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготуусу иштеп жаткан Өкмөттүн отставкага кетүүсүнө жана ушул беренеде каралган тартипте жана мөөнөттө анын жаңы курамынын түзүлүшүнө алып келет.";
2) 8-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар жана башка мамлекеттин жарандыгына ээ;";
б) 2-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Жогорку Кеңештин (Премьер-министрди жана биринчи вице-премьер-министрди кошпогондо) же башка шайлануучу органдын депутаты болууга;";
3) 10-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Өкмөттүн программаларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар (иш-аракеттер) пландарын бекитет жана алардын аткарылышын камсыз кылат;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын:
"35-1) кесиптик майрамдардын жана эстелик күндөрдүн датасын белгилейт;".
4) 13-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1) жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи жыйынында ыйгарым укуктарына киргенде;";
б) 1-бөлүктүн 3 жана 4-пункттарындагы "отставкасы" деген сөз "отставкасы жөнүндө чечими" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
в) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "15" деген цифралар "25" деген цифралар менен алмаштырылсын;
г) 13-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "бир жолудан" деген сөздөр "эки жолудан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 17-берененин 1-бөлүгүндөгү ", Президенттин актыларынын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун" деген сөздөр алып салынсын;
6) 18-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 21-пунктундагы "жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча" жана "мыйзамда каралган тартипте" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 23-1-пункт менен толукталсын:
"23-1) Конституцияда каралган учурларда Өкмөттүн мүчөсүн ээлеген кызмат ордунан бошотот;".
7) 24-беренеде:
а) 3-бөлүктүн биринчи абзацы "Президент тарабынан" деген сөздөрдөн кийин "же ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык Премьер-министр тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-12-пункттар менен толукталсын:
"11) ишенимди жоготкондо;
12) Өкмөттүн мүчөсү Премьер-министрге ээлеген кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотуу жөнүндө кайрылганда.";
в) 4-бөлүктө:
- биринчи абзацында "үч күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "беш жумуш күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы "ал кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет" деген сөздөр "Премьер-министр парламенттик көпчүлүк фракциясынын лидерлери менен кеңешкенден кийин өзүнүн чечими менен Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызмат ордунан бошотууга укуктуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Отставкага кеткен же Өкмөт мүчөсү кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр беш жумуш күндүн ичинде бош кызмат ордуна талапкерди Жогорку Кеңешке сунуштайт. Жактыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими талапкерди сунуштаган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде кабыл алынат. Жогорку Кеңеш жактырган талапкер Президент тарабынан Өкмөт мүчөсүнүн тиешелүү кызмат ордуна дайындалат. Эгерде талапкерди жактыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде Президент Өкмөт мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлыкты чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет.".
8) 31-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Өкмөткө мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укугу таандык.
"2. Мыйзам чыгарууга демилге көтөрүү укугу Өкмөт тарабынан мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүү жолу менен ишке ашырылат.
Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзамдын долбоорун сунуштоо үчүн Жогорку Кеңеште министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же болбосо алардын биринчи орун басарларынан, орун басарларынан, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнөн расмий өкүл дайындалат.
Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилген Мыйзам долбоору Өкмөттүн же Өкмөттүн ушул мыйзам долбоору боюнча дайындалган расмий өкүлүнүн макулдугусуз өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-бөлүк менен толукталсын:
"31. Өкмөт республикалык бюджет, салыктар жөнүндө мыйзамдарга макул болбогон учурда, Премьер-министр мыйзамдарды кол койбостон кайтарып берүү жөнүндө Президентке кайрылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2017-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кире турган, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 13-беренесинин 1-бөлүгүнө, 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 231-пунктуна, 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 4-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтарына жана 6-бөлүгүнө, 31-беренесинин 3-1-бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тиешелүү жоболордон тышкары расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти