Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 328
Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан (аймагына) Кыргыз Республикасынын аймагына (аймагынан) товарларды убактылуу ташып келүү (ташып чыгуу) жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартиптерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 44-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин аймагына товарларды убактылуу ташып чыгуу жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
1-тиркеме
Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү жөнүндө кабарлоону берүүнүн ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 44-беренесинин 12-пунктунун "б" пунктчасын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана төмөнкүлөрдү толтуруунун жана берүүнүн тартибин аныктайт:
1) көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүүгө арналган товарлардан тышкары, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында (мындан ары - ЕАЭБ) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү жөнүндө ижарачынын кабарлоосунун формаларын (UVEDOMLENIE STI-003) (мындан ары - Кабарлоо) жана анын ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык "Ташылып келинүүчү товарлар жана ижарага берүүчү жөнүндө маалыматтар" тиркемесин (UVEDOMLENIE STI-003-001);
2) көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүүгө арналган товарлардан тышкары, ЕАЭБ алкагында убактылуу ташылып чыккан товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жөнүндө ижарага берүүчүнүн кабарлоосунун формаларын (UVEDOMLENIE STI-006) жана анын ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык "Ташылып чыгуучу товарлар жана ижарачы жөнүндө маалыматтар" тиркемесин (UVEDOMLENIE STI-006-001) (мындан ары - Кабарлоо);
3) ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык көргөзмөнү жана/же жарманкени өткөрүү жөнүндө кабарлоонун формаларын (UVEDOMLENIE STI-007) (мындан ары - Кабарлоо) жана анын ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден көргөзмөгө жана/же жарманкеге катышуучулар жана алар ташып келүүчү товарлар жөнүндө маалыматтар" тиркемесин (UVEDOMLENIE STI-007-001).
2. Кабарлоо товарларды убактылуу ташып келүүдө төмөнкүлөр боюнча берилет:
1) финансылык ижара (лизинг) келишимдеринен тышкары, кыймылдуу мүлктү жана транспорт каражаттарын мүлктүк жалдоо (ижара) келишимдери боюнча;
2) ташылып келинген товарларды андан ары сатпастан, концерттик оюн-зоок жана жалпы элдик иш-чараларды өткөрүүдө;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык көргөзмөлөрдү-жарманкелерди өткөрүүдө;
4) бир юридикалык жактын чегинде товарларды өткөрүп берүүгө байланыштуу.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же ЕАЭБдин укугун түзүүчү актыларда аныкталган мааниде түшүнүлөт.
4. Кабарлоо берилген дата деп салык органы кабыл алган дата эсептелет.
5. Товарларды иш жүзүндө ташып келүү датасына, ошондой эле ташылып келинген товарлардын Кабарлоодо көрсөтүлгөн туруу мөөнөтү аяктаганга чейин келишимдин (контракттын) шарттарын өзгөртүүгө таасирин тийгизген күтүлбөгөн жагдайлар (жолдон кечигүү) пайда болгон учурда, тараптардын (контрагенттердин) өз ара макулдашуусу боюнча салык төлөөчү салык органына башка Кабарлоо берет.
6. Кабарлоо туура эмес толтурулган учурда (субъекттердин реквизиттери туура эмес көрсөтүлсө жана/же жаңылыш маалыматтар көрсөтүлсө), салык төлөөчү салык органына такталган Кабарлоону берет.
7. Кабарлоого салык төлөөчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
8. Кабарлоо салыктык катталган жери боюнча салык органына кагаз жүзүндө баруу тартибинде же тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен заказдык кат түрүндө почта аркылуу жана электрондук түрдө же электрондук-санариптик колу менен электрондук түрдө берилет:
1) Кабарлоо баруу тартибинде же Кабарлоонун жиберилгендиги жөнүндө кабарлоо аркылуу заказдык кат менен берилген учурда, салык органынын кызмат адамы Кабарлоонун II бөлүмүнүн уячаларын толтурат;
2) баруу тартибинде же заказдык кат менен почта аркылуу салык органына жиберилген учурда: Кабарлоонун биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө берилет же кабарлоо аркылуу заказдык кат менен жиберилет жана салык төлөөчүнүн сактоосунда калат.
Салык төлөөчү заказдык каттын жеткени жөнүндө почта байланышынын кабарлоосун алат, ал Кабарлоонун берилгендигин ырастоо болуп саналат;
3) Кабарлоо электрондук түрдө берилсе, алмашуу файлынын аты төмөнкүдөй түрдө болушу керек: K_N_GGGGMMDD_O, мында:
К - ижарачы тарабынан берилүүчү Кабарлоонун формасынын номерин билдирген префикс;
N - маалыматты алуучунун коду (салык органдарынын маалымдамасы боюнча салык органынын үч сандан турган коду);
GGGG - берилүүчү файл түзүлгөн жыл, ММ - ай, DD - күн;
О - маалыматты жөнөтүүчүнүн идентификатору, тактап айтканда ижарачынын ИСНи (маалыматты жөнөтүүчүнүн идентификатору файлдын уникалдуулугун камсыз кылышы керек).
9. Эгерде салык төлөөчүдө төмөнкүдөй электрондук билдирүүлөр болсо отчетту электрондук түрдө берүү фактысы таанылат:
1) сервистин адистештирилген операторунан ырастоосу (ижарачы Кабарлоону жөнөткөн убакытты жана датаны камтыган электрондук документ);
2) Кабарлоону алгандыгы тууралуу салык органынын ырастоосу (кириш контролунун протоколу).
10. Убактылуу ташылып келинген товарлардын Кабарлоодо көрсөтүлгөн туруу мезгили келишимде (контрактта) көрсөтүлгөн мөөнөт менен бирдей болушу керек.
11. Товарларды убактылуу ташып келүү мөөнөтү мындай ташып келүүнүн максаттарына жана жагдайларына ылайык товарларды убактылуу ташып келүүчү салык төлөөчү тарабынан аныкталат. Бир юридикалык жактын чегинде берилген товарларды ташып келүү учурунда, салык төлөөчү Кабарлоо менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык бир юридикалык жактын чегинде товарларды берүүнү ырастоочу зарыл болгон документтерди берүүгө милдеттүү.
12. Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташылып келинген, аларды ташып келүүдө тиешелүү салыктар төлөнбөгөн товарлар ташылып чыкпаса, ошондой эле бир юридикалык жактын чегинде товарларды берүү учурунда алынган товарларды андан ары сатууда, товарларды мындай ташып келүү салыктарды башкаруу максатында салык салынуучу импорт деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте салык салынууга тийиш.
13. Кабарлоо өз убагында берилбеген учурда салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүүгө арналган товарлардан тышкары, ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү жөнүндө ижарачынын кабарлоосун (UVEDOMLENIE STI-003) толтуруу жана берүү эрежеси
14. Кабарлоо ташылып келинген товарлардын касиетин жана мүнөздөмөсүн өзгөртпөстөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүүчү Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү (мындан ары - ижарачы) тарабынан (UVEDOMLENIE STI-003) берилет.
15. Кабарлоо жана анын тиркемеси (UVEDOMLENIE STI-003-001) ижарачы же анын өкүлү тарабынан салыктык катталган жери боюнча салык органына Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү датасына чейин беш жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө, эки нускада берилет.
16. Кабарлоо товарлар ташылып келинген ар бир датага карата берилет. Ижарачы салык органына Кабарлоо менен бирге товарды убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө контрагенттердин ортосунда түзүлгөн келишимдин (контракттын) көчүрмөсүн берет.
17. Кабарлоону толтурууда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жана сызып оңдоолорго жол берилбейт.
18. 001-уячага "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде, Кабарлоо биринчи жолу берилип жатса, белги "Алгачкы" уячасында коюлат;
2) эгерде, мурда ушул эле мезгил үчүн Кабарлоо берилип, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген Кабарлоодо оңдолсо, белги "Такталган" уячасында коюлат;
3) Кабарлоонун электрондук түрүн толтурууда 001-уячада Кабарлоонун 0/1 статусуна ылайык келүүчү маанилердин бири киргизилет, мында:
- "0" (нөл) - алгачкы;
- "1" - такталган.
19. 102, 103, 104, 107, 112, 113, 114, 115 жана 116-уячаларда ижарачы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
20. 102-уячада ижарачынын ИСНи көрсөтүлөт.
21. 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык ижарачы-юридикалык жактын толук аталышы, ижарачы-жеке жактын аты-жөнү көрсөтүлөт.
22. 104-уячада ижарачынын салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
23. 107-уячада ижарачыны каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт.
24. 112-уячада ижарачынын иш жүзүндө турган жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
25. 113-уячада ижарачы иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, айыл, поселок, ж.б.).
26. 114-уячада ижарачынын иш жүзүндө турган жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
27. 115-уячада ижарачынын байланыш телефон номери көрсөтүлөт.
28. 116-уячада ижарачынын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
29. 201-уячада Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
30. 202-уячада убактылуу ташылып келинген товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагында туруу мөөнөтү аяктаган дата "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт. Мисалы: "01.01.2017".
31. 151-уячада Кабарлоого тиркелген документтердин барактарынын саны көрсөтүлөт.
32. 153-уячада бир юридикалык жактын чегинде берүүгө байланыштуу товарларды ташып келүүдө "X" белгиси коюлат.
33. 297-уячада колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, Кабарлоодо келтирилген маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу үчүн ижарачынын жоопкерчилигин ырастоо менен, ижарачынын кызматы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
34. 120-уячада салык төлөөчүнүн ички эсепке алуусуна ылайык, берилүүчү Кабарлоонун номери көрсөтүлөт.
35. 121-уячада берилүүчү Кабарлоонун датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
36. 122-уячада такталган Кабарлоо берилген учурда, алгачкы Кабарлоонун номери көрсөтүлөт.
37. 123-уячада такталган Кабарлоо берилген учурда, алгачкы Кабарлоонун датасы КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
38. II бөлүмдүн уячалары салык органынын кызмат адамдары тарабынан толтурулат.
3. Көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүүгө арналган товарлардан тышкары, ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү жөнүндө ижарачынын кабарлоосунун "Ташылып келинген товарлар жана ижарага берүүчү жөнүндө маалыматтар" (UVEDOMLENIE STI-003-001) тиркемесин толтуруу эрежеси
39. Көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүүгө арналган товарлардан тышкары, ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү жөнүндө ижарачынын кабарлоосунун "Ташылып келинген товарлар жана ижарага берүүчү жөнүндө маалыматтар" тиркемесин толтурууда (мындан ары - Тиркеме), товарларды андан ары сатпастан, концерттик оюн-зоок жана башка иш-чараларды өткөрүүдө мүлктүк жалдоо үчүн пайдалануучу товарлардын менчик ээси ижарага берүүчү болуп аталат.
40. 102-уячада ижарачынын ИСНи көрсөтүлөт.
41. 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык ижарачы-юридикалык жактын толук аталышы, ижарачы-жеке жактын аты-жөнү көрсөтүлөт.
42. 104-уячада ижарачынын салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
43. 125-уячада ижарага берүүчүнүн ЕАЭБге мүчө мамлекетинин мыйзамдарына ылайык ыйгарылган ижарага берүүчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
44. 126-уячада уюштуруу документтерине ылайык ижарага берүүчү-юридикалык жактын толук аталышы, ижарага берүүчү-жеке жактын аты-жөнү көрсөтүлөт.
45. 130-уячада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык ижарага берүүчүнүн ЕАЭБге мүчө мамлекетинин санариптик коду көрсөтүлөт.
46. 131-уячада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык ижарага берүүчүнүн ЕАЭБге мүчө мамлекетинин аталышы көрсөтүлөт.
47. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.
48. 2-графада товардын аталышы көрсөтүлөт.
49. 3-графада ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын классификациясына ылайык товардын ТЭИ ТН коду көрсөтүлөт.
50. 4-графада тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (ТЭИ ТН) ылайык өлчөө бирдейлиги көрсөтүлөт.
51. 5-графада тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (ТЭИ ТН) ылайык товардын саны көрсөтүлөт.
52. Тиркемеге ижарачы кол коёт жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
4. Көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүүгө арналган товарлардан тышкары, ЕАЭБ алкагында убактылуу ташылып чыккан товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жөнүндө ижарага берүүчүнүн кабарлоосун (UVEDOMLENIE STI-006) толтуруу жана берүү эрежеси
53. Тиркемеси менен Кабарлоо ташылып чыккан товарлардын касиетин жана мүнөздөмөсүн өзгөртпөстөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге мурда убактылуу ташылып чыккан товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүчү Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү (мындан ары - ижарага берүүчү) тарабынан берилет.
54. Кабарлоо жана анын тиркемеси ижарага берүүчү же анын өкүлү тарабынан салыктык катталган жери боюнча салык органына Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар ташып келинген датадан кийин 5 (беш) жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө, эки нускада берилет.
55. Кабарлоо товарлар ташылып келинген ар бир датага карата өзүнчө берилет. Ижарага берүүчү салык органына Кабарлоо менен бирге товарды убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө контрагенттердин ортосунда түзүлгөн келишимдин (контракттын) же оюн-зоок же башка жалпы элдик иш-чарага катышуу жөнүндө келишимдин (контракттын) көчүрмөсүн, ошондой эле бир юридикалык жактын ичинде товарларды берүүдөгү тиешелүү документтерди берет.
56. Кабарлоого ижарага берүүчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
57. Убактылуу ташылып чыккан товарлардын Кабарлоодо көрсөтүлгөн иш жүзүндө ташып келүү датасы келишимде (контрактта) көрсөтүлгөн дата менен бирдей болушу керек.
58. Мурда убактылуу ташылып чыккан товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү мөөнөтү сакталбаган жана/же бул мөөнөттүн өзгөргөндүгүн ырастаган Кабарлоо берилбеген учурда, ошондой эле Кабарлоо өз учурунда берилбесе, ижарага берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Кабарлоону толтурууда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жана сызып оңдоолорго жол берилбейт.
59. 001-уячага "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде, Кабарлоо биринчи жолу берилип жатса, белги "Алгачкы" уячасында коюлат;
2) эгерде, мурда ушул эле мезгил үчүн Кабарлоо берилип, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген Кабарлоодо оңдолсо, белги "Такталган" уячасында коюлат;
3) Кабарлоонун электрондук түрүн толтурууда 001-уячада Кабарлоонун 0/1 статусуна ылайык келүүчү маанилердин бири киргизилет, мында:
- "0" (нөл) - алгачкы;
- "1" - такталган.
60. 102, 103, 104, 107, 112, 113, 114, 115 жана 116-уячаларда ижарага берүүчү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
61. 102-уячада ижарачынын ИСНи көрсөтүлөт.
62. 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык ижарага берүүчү-юридикалык жактын толук аталышы, ижарага берүүчү-жеке жактын аты-жөнү көрсөтүлөт.
63. 104-уячада ижарага берүүчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
64. 107-уячада ижарага берүүчүнү каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт.
65. 112-уячада ижарага берүүчүнүн иш жүзүндө турган жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
66. 113-уячада ижарага берүүчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, айыл, поселок, ж.б.) көрсөтүлөт.
67. 114-уячада ижарага берүүчүнүн иш жүзүндө турган жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
68. 115-уячада ижарага берүүчүнүн байланыш телефон номери көрсөтүлөт.
69. 116-уячада ижарага берүүчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
70. 203-уячада Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт. Мисалы: "05.06.2017".
71. 151-уячада Кабарлоонун тиркемесинин барактарынын саны көрсөтүлөт.
72. 152-уячада Кабарлоого тиркелген документтердин барактарынын саны көрсөтүлөт.
73. 297-уячада колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, Кабарлоодо келтирилген маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу үчүн ижарага берүүчүнүн жоопкерчилигин ырастоо менен, ижарага берүүчүнүн кызматы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
74. 120-уячада ижарага берүүчүнүн ички эсепке алуусуна ылайык, берилүүчү Кабарлоонун номери көрсөтүлөт.
75. 121-уячада берилүүчү Кабарлоонун датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
76. 122-уячада такталган Кабарлоо берилген учурда, алгачкы Кабарлоонун номери көрсөтүлөт.
77. 123-уячада такталган Кабарлоо берилген учурда, алгачкы Кабарлоонун датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
78. 124-уячада Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүүдө ижарачы тарабынан өткөрүү пунктунда берилген коштомо кагаздын датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
79. 127-уячада Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгууда мурда берилген Кабарлоонун номери көрсөтүлөт.
80. 128-уячада Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгууда мурда берилген Кабарлоонун датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
81. II бөлүмдүн уячалары салык органынын кызмат адамдары тарабынан толтурулат.
5. Көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүүгө арналган товарлардан тышкары, ЕАЭБ алкагында убактылуу ташылып чыккан товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жөнүндө ижарага берүүчүнүн кабарлоосунун "Ташылып келинүүчү товарлар жана ижарачы жөнүндө маалыматтар" (UVEDOMLENIE STI-006-001) тиркемесин толтуруу эрежеси
82. Тиркемеде (UVEDOMLENIE STI-006-001) (мындан ары - Тиркеме) ташылып келинген товарлар жана ижарачы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
83. 102-уячада ижарага берүүчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
84. 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык ижарага берүүчү-юридикалык жактын толук аталышы, ижарага берүүчү-жеке жактын аты-жөнү көрсөтүлөт.
85. 104-уячада ижарага берүүчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
86. 125-уячада ижарачынын ЕАЭБге мүчө мамлекетинин мыйзамдарына ылайык ыйгарылган ижарачынын ИСНи көрсөтүлөт. Товарлар бир юридикалык жактын чегинде берилген учурда 125-уячада товарларды жөнөтүүчү тууралуу маалыматтар толтурулат.
87. 126-уячада уюштуруу документтерине ылайык ижарачы-юридикалык жактын толук аталышы, ижарачы-жеке жактын аты-жөнү көрсөтүлөт. Товарлар бир юридикалык жактын чегинде берилген учурда 126-уячада товарларды жөнөтүүчү тууралуу маалыматтар толтурулат.
88. 130-уячада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык ижарачынын ЕАЭБге мүчө мамлекетинин санариптик коду көрсөтүлөт.
89. 131-уячада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык ижарачынын ЕАЭБге мүчө мамлекетинин аталышы көрсөтүлөт (ИСО 3166) 004-97.
90. Тиркеменин 1-графасында саптын катар номери көрсөтүлөт.
91. 2-графада товардын аталышы көрсөтүлөт.
92. 3-графада ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын классификациясына ылайык товардын ТЭИ ТН коду көрсөтүлөт.
93. 4-графада тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (ТЭИ ТН) ылайык өлчөө бирдейлиги көрсөтүлөт.
94. 5-графада тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (ТЭИ ТН) ылайык товардын саны көрсөтүлөт.
95. Тиркемеге ижарачы кол коёт жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
6. ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык көргөзмөнү жана/же жарманкени өткөрүү үчүн убактылуу ташылып келинген товарлар жөнүндө кабарлоону берүүнүн эрежеси
96. Эл аралык көргөзмөгө жана/же жарманкеге (мындан ары көргөзмө-жарманке) катышуу үчүн ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына акциздик продукциялар ташылып келинген учурда, салыктарды башкаруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 10-бөлүмүнүн ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
97. Товарларды убактылуу ташып келүүдө көргөзмөнү-жарманкени уюштуруучу (мындан ары - Уюштуруучу) ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык көргөзмөнү-жарманкени өткөрүү үчүн убактылуу ташылып келинген товарлар жөнүндө кабарлоону (мындан ары - Кабарлоо), ошондой эле Кабарлоонун "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден көргөзмөгө жана/же жарманкеге катышуучулар жөнүндө маалыматтар" (UVEDOMLENIE STI-007-001) тиркемесин (мындан ары - Тиркеме) берет.
98. Уюштуруучу Кабарлоону жана Тиркемени көргөзмөнү-жарманкени өткөрүү башталганга чейин он жумуш күндөн кечиктирбестен жайгашкан жери боюнча салык органына берет.
99. Эгерде Уюштуруучулар бир нече субъекттер болсо, анда алар көргөзмөнү-жарманкени өткөрүү үчүн жооптуу болгон өздөрүнүн ичинен бирөөнү Уюштуруучу кылып дайындоо жөнүндө чечим кабыл алуулары керек. Чечим жазуу жүзүндө, протокол формасында түзүлөт, бардык субъекттер кол коюшат жана мөөрлөрү менен күбөлөндүрүлөт.
100. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү көргөзмө-жарманкеде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына мурда импорттолгон, алар боюнча тиешелүү салыктар төлөнбөгөн товарларды сатып алса, салыктар көргөзмө-жарманкенин катышуучусу менен сатып алуу-сатуу келишимдери (контракттар) болсо товарлардын менчик ээси тарабынан төлөнөт.
101. Уюштуруучу эл аралык көргөзмө-жарманкенин катышуучуларына Кабарлоо берүү зарыл экендиги тууралуу маалымдайт.
102. Уюштуруучу көргөзмө-жарманкенин катышуучусуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүдө өткөрүү пунктунан коштомо кагазды алуу үчүн салыктык каттоо жөнүндө маалымдаманы берет.
7. ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык көргөзмөнү-жарманкени өткөрүү жөнүндө кабарлоону (UVEDOMLENIE STI-007) толтуруу эрежеси
103. Кабарлоону толтурууда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жана сызып оңдоолорго жол берилбейт.
104. 001-уячага "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде, Кабарлоо биринчи жолу берилип жатса, белги "Алгачкы" уячасында коюлат;
2) эгерде, мурда ушул эле мезгил үчүн Кабарлоо берилип, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген Кабарлоодо оңдолсо, белги "Такталган" уячасында коюлат;
3) Кабарлоонун электрондук түрүн толтурууда 001-уячада Кабарлоонун 0/1 статусуна ылайык келүүчү маанилердин бири киргизилет, мында:
- "0" (нөл) - алгачкы;
- "1" - такталган.
105. 102, 103, 104, 107, 112, 113, 114, 115 жана 116-уячаларында Уюштуруучу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
106. 102-уячада Уюштуруучунун ИСНи көрсөтүлөт.
107. 103-уячада Уюштуруучунун толук аталышы көрсөтүлөт.
108. 104-уячада Уюштуруучунун салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
109. 107-уячада Уюштуруучуну каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт.
110. 112-уячада Уюштуруучунун иш жүзүндө турган жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
111. 113-уячада Уюштуруучу иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, айыл, поселок, ж.б.).
112. 114-уячада Уюштуруучунун иш жүзүндө турган жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
113. 115-уячада Уюштуруучунун байланыш телефон номери көрсөтүлөт.
114. 116-уячада Уюштуруучунун электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
115. 201-уячада көргөзмө-жарманке иштери башталган дата "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт. Мисалы: "07.08.2017".
116. 202-уячада көргөзмө-жарманке иштери аяктаган дата "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
117. 150-уячада өткөрүлүүчү көргөзмө-жарманке иш-чарасынын түрү көрсөтүлөт.
118. 154-уячада көргөзмө-жарманке өткөрүлүүчү жердин дареги көрсөтүлөт.
119. 151-уячада Кабарлоонун тиркемесинин барактарынын саны көрсөтүлөт.
120. 297-уячада колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, Кабарлоодо келтирилген маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилигин жазуу жүзүндө ырастоо менен, Уюштуруучунун кызмат адамынын кызматы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
121. 120-уячада берилүүчү Кабарлоонун номери көрсөтүлөт (салык төлөөчүнүн ички эсепке алуусу үчүн номер).
122. 121-уячада берилүүчү Кабарлоонун датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
123. 122-уячада такталган Кабарлоо берилген учурда, алгачкы Кабарлоонун номери көрсөтүлөт.
124. 123-уячада такталган Кабарлоо берилген учурда, алгачкы Кабарлоонун датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
125. II бөлүмдүн уячалары салык органынын кызмат адамдары тарабынан толтурулат.
8. ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык көргөзмөнү-жарманкени өткөрүү жөнүндө кабарлоонун "ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден көргөзмөгө жана/же жарманкеге катышуучулар жөнүндө маалыматтар" тиркемесин (UVEDOMLENIE STI-007-001) толтуруу эрежеси
126. Тиркемеде көргөзмө-жарманкенин Уюштуруучусу жана катышуучулары жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
127. 102-уячада Уюштуруучунун ИСНи көрсөтүлөт.
128. 103-уячада Уюштуруучунун толук аталышы көрсөтүлөт.
129. 104-уячада Уюштуруучунун салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
130. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.
131. 2-графада көргөзмө-жарманкенин катышуучусунун аталышы көрсөтүлөт.
132. 3-графада көргөзмө-жарманкенин катышуучусунун ЕАЭБге мүчө мамлекетинин мыйзамдарына ылайык ыйгарылган идентификациялык салык коду көрсөтүлөт.
133. 4-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык көргөзмө-жарманкенин катышуучусунун ЕАЭБге мүчө мамлекетинин санариптик коду көрсөтүлөт.
134. 5-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык көргөзмө-жарманкенин катышуучусунун ЕАЭБге мүчө мамлекетинин аталышы көрсөтүлөт.
135. 6-графада көргөзмө-жарманкеге катышууга өтүнмө-контрактты түзүү датасы көрсөтүлөт.
136. Тиркемеге Уюштуруучу кол коёт жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
|
| ЕАЭБ аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартибинин 1-тиркемеси |
Көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүүгө арналган товарлардан тышкары, ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү жөнүндө ижарачынын КАБАРЛООСУ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| ЕАЭБ аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартибинин 2-тиркемеси |
Көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүүгө арналган товарлардан тышкары, ЕАЭБ алкагында убактылуу ташылып чыккан товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жөнүндө ижарага берүүчүнүн КАБАРЛООСУ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| ЕАЭБ аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды убактылуу ташып келүү жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартибинин 3-тиркемеси |
ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык көргөзмөнү жана/же жарманкени өткөрүү жөнүндө КАБАРЛОО
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин аймагына товарларды убактылуу ташып чыгуу жөнүндө кабарлоону берүүнүн ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 44-беренесинин 12-пунктунун "в" пунктчасын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты жана төмөнкүлөрдү толтуруунун жана берүүнүн тартибин аныктайт:
1) көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүүгө арналган товарлардан тышкары, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) алкагында убактылуу ташылып келинген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу жөнүндө ижарачынын кабарлоосунун формаларын (UVEDOMLENIE STI-004) (мындан ары - Кабарлоо) жана анын ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык "Ташылып чыгуучу товарлар жана ижарага берүүчү жөнүндө маалыматтар тиркемесин (UVEDOMLENIE STI-004-001);
2) ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды убактылуу ташып чыгуу жөнүндө ижарага берүүчүнүн кабарлоосунун формаларын (UVEDOMLENIE STI-005) (мындан ары - Кабарлоо) жана анын ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык "Ташылып чыгуучу товарлар жана ижарачы жөнүндө маалыматтар" тиркемесин (UVEDOMLENIE STI-005-001);
3) ЕАЭБ алкагында эл аралык көргөзмөнүн жана/же жарманкенин катышуучусу тарабынан мурда ташылып келинген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу жөнүндө кабарлоонун формаларын (UVEDOMLENIE STI-008) (мындан ары - Кабарлоо), ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык Кабарлоонун "Эл аралык көргөзмөнүн жана/же жарманкенин катышуучулары жөнүндө маалыматтар" тиркемелеринин (UVEDOMLENIE STI-008-001) реестрин.
2. Кабарлоо төмөнкү учурларда берилет:
1) товарларды убактылуу ташып чыгууда:
а) финансылык ижара келишимдеринен (лизинг) тышкары, кыймылдуу мүлктү жана транспорт каражаттарын мүлктүк жалдоо (ижара) келишимдери боюнча;
б) ташылып келинген товарларды андан ары сатпастан, концерттик оюн-зоок жана башка жалпы элдик иш-чараларды өткөрүүдө;
в) бир юридикалык жактын чегинде товарларды берүүгө байланыштуу;
г) ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары өткөрүлүүчү эл аралык көргөзмөгө жана/же жарманкеге катышуу үчүн;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык көргөзмөгө-жарманкеге катышуу үчүн ЕАЭБ алкагында мурда ташылып келинген товарларды ташып чыгууда.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же ЕАЭБ ченемдик актыларында аныкталган мааниде түшүнүлөт.
4. Кабарлоо берилген дата деп салык органдары кабыл алган дата эсептелет.
5. Кабарлоо товарлар ташылып чыккан ар бир датага карата берилет. Салык төлөөчү салык органына Кабарлоо менен бирге товарды убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө контрагенттер менен түзгөн келишимдин (контракттын) көчүрмөсүн же концерттик оюн-зоок же башка жалпы элдик иш-чараларга катышуу жөнүндө, эл аралык көргөзмөгө-жарманкеге катышуу жөнүндө келишимдердин (контракттардын) көчүрмөлөрүн, ошондой эле товарларды бир юридикалык жактын ичинде берүүдөгү тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн берет.
6. Кабарлоо туура толтурулбаган учурда (субъекттердин реквизиттери туура эмес көрсөтүлсө жана/же жаңылыш маалыматтар көрсөтүлсө), салык төлөөчү салык органына такталган Кабарлоону берет.
7. Кабарлоого салык төлөөчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
8. Кабарлоо салыктык катталган жери боюнча салык органына кагаз жүзүндө баруу тартибинде же тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен заказдык кат түрүндө почта аркылуу жана электрондук түрдө же электрондук-санариптик колу менен электрондук түрдө берилет:
1) Кабарлоо баруу тартибинде же Кабарлоонун жиберилгендиги жөнүндө кабарлоо аркылуу заказдык кат менен берилген учурда, салык органынын кызмат адамы Кабарлоонун II бөлүмүнүн уячаларын толтурат;
2) баруу тартибинде же заказдык кат менен почта аркылуу салык органына жиберилген учурда: Кабарлоонун биринчи нускасы салык органында калат, экинчи нускасы салык органынын белгиси менен салык төлөөчүгө берилет же кабарлоо аркылуу заказдык кат менен жиберилет жана салык төлөөчүнүн сактоосунда калат.
Салык төлөөчү заказдык каттын жеткени жөнүндө почта байланышынын кабарлоосун алат, ал Кабарлоонун берилгендигин ырастоо болуп саналат;
3) Кабарлоо электрондук түрдө берилсе, алмашуу файлынын аты төмөнкүдөй түрдө болушу керек: K_N_GGGGMMDD_О, мында:
К - ижарачы тарабынан берилүүчү Кабарлоонун формасынын номерин билдирген префикс;
N - маалыматты алуучунун коду (салык органдарынын маалымдамасы боюнча салык органынын үч сандан турган коду);
GGGG - берилүүчү файл түзүлгөн жыл, ММ - ай, DD - күн;
О - маалыматты жөнөтүүчүнүн идентификатору, тактап айтканда ижарачынын ИСНи (маалыматты жөнөтүүчүнүн идентификатору файлдын уникалдуулугун камсыз кылышы керек).
9. Эгерде салык төлөөчүдө төмөнкүдөй электрондук билдирүүлөр болсо отчетту электрондук түрдө берүү фактысы таанылат:
1) сервистин адистештирилген операторунун ырастоосу (ижарачы Кабарлоону жөнөткөн убакытты жана датаны камтыган электрондук документ);
2) Кабарлоону алгандыгы тууралуу салык органынын ырастоосу (кириш контролунун протоколу).
10. Убактылуу ташылып келинген товардын Кабарлоодо көрсөтүлгөн туруу мезгили келишимде (контрактта) көрсөтүлгөн мөөнөт менен бирдей болушу керек.
11. Товарларды убактылуу ташып келүү мөөнөтү мындай ташып келүүнүн максаттарына жана жагдайларына ылайык салык төлөөчү тарабынан аныкталат.
12. Бир юридикалык жактын чегинде берилген товарларды ташып келүү учурунда, салык төлөөчү Кабарлоо менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык бир юридикалык жактын чегинде товарды берүүнү ырастоочу зарыл болгон документтерди берүүгө милдеттүү.
13. Кабарлоо өз убагында эмес берилген учурда салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 540 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүүгө арналган товарлардан тышкары, ЕАЭБ алкагында убактылуу ташылып келинген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу жөнүндө ижарачынын кабарлоосун (UVEDOMLENIE STI-004) толтуруу жана берүү эрежеси
14. Көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүүгө арналган товарлардан тышкары, ЕАЭБ алкагында убактылуу ташылып келинген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу жөнүндө ижарачынын кабарлоосу (UVEDOMLENIE STI-004) жана анын тиркемеси (UVEDOMLENIE STI-004-001) ташылып келинген товарлардын касиетин жана мүнөздөмөсүн өзгөртпөстөн, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгуучу Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү (мындан ары - ижарачы) тарабынан берилет.
15. Кабарлоо жана анын тиркемеси ижарачы же анын өкүлү тарабынан салыктык катталган жери боюнча салык органына Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгуу датасына чейин 5 (беш) жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө, эки нускада берилет.
16. Кабарлоону толтурууда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жана сызып оңдоолорго жол берилбейт.
17. 001-уячага "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде, Кабарлоо биринчи жолу берилип жатса, белги "Алгачкы" уячасында коюлат;
2) эгерде, мурда ушул эле мезгил үчүн Кабарлоо берилип, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген Кабарлоодо оңдолсо, белги "Такталган" уячасында коюлат;
3) Кабарлоонун электрондук түрүн толтурууда 001-уячада Кабарлоонун 0/1 статусуна ылайык келүүчү маанилердин бири киргизилет, мында:
- "0" (нөл) - алгачкы;
- "1" - такталган.
18. 102, 103, 104, 107, 112, 113, 114, 115 жана 116-уячаларда ижарачы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
19. 102-уячада ижарачынын ИСНи көрсөтүлөт.
20. 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык ижарачы-юридикалык жактын толук аталышы, ижарачы-жеке жактын паспорту боюнча аты-жөнү көрсөтүлөт.
21. 104-уячада ижарачынын салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
22. 107-уячада ижарачыны каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт.
23. 112-уячада ижарачынын иш жүзүндө турган жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
24. 113-уячада ижарачы иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, айыл, поселок, ж.б.).
25. 114-уячада ижарачынын иш жүзүндө турган жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
26. 115-уячада ижарачынын байланыш телефон номери көрсөтүлөт.
27. 116-уячада ижарачынын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
28. 203-уячада Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды ташып чыгуу датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
29. 151-уячада Кабарлоонун тиркемесинин барактарынын саны көрсөтүлөт.
30. 152-уячада Кабарлоого тиркелген документтердин барактарынын саны көрсөтүлөт.
31. 297-уячада кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, Кабарлоодо келтирилген маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу үчүн ижарачынын жоопкерчилигин ырастоо менен, ижарачынын кызматы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
32. 120-уячада салык төлөөчүнүн ички эсепке алуусуна ылайык, берилүүчү Кабарлоонун номери көрсөтүлөт.
33. 121-уячада берилүүчү Кабарлоонун датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
34. 122-уячада такталган Кабарлоо берилген учурда, алгачкы Кабарлоонун номери көрсөтүлөт.
35. 123-уячада такталган Кабарлоо берилген учурда, алгачкы Кабарлоонун датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
36. 124-уячада Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүүдө өткөрүү пунктунда ижарачы тарабынан берилген коштомо кагаздын датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
37. 127-уячада Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүүдө мурда берилген Кабарлоонун номери көрсөтүлөт.
38. 128-уячада Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүүдө мурда берилген Кабарлоонун датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
39. II бөлүмдүн уячалары ыйгарым укуктуу салык органдары тарабынан аныкталган тартипте салык органынын кызмат адамдары тарабынан толтурулат.
2. Көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүүгө арналган товарлардан тышкары, ЕАЭБ алкагында убактылуу ташылып келинген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу жөнүндө ижарачынын кабарлоосунун "Ташылып келинүүчү товарлар жана ижарага берүүчү жөнүндө маалыматтар" (UVEDOMLENIE STI-004-001) тиркемесин толтуруу эрежеси
40. 102-уячада ижарачынын ИСНи көрсөтүлөт.
41. 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык ижарачы-юридикалык жактын толук аталышы, ижарачы-жеке жактын аты-жөнү көрсөтүлөт.
42. 104-уячада ижарачынын салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
43. 125-уячада ижарага берүүчүнүн ЕАЭБге мүчө мамлекетинин мыйзамдарына ылайык ыйгарылган ижарага берүүчүнүн ИСНи көрсөтүлөт. Концерттик-оюн зоок жана башка иш-чараларды өткөрүүдө мүлктүк жалдоо үчүн колдонулуучу, ошондой эле аларды андан ары сатпастан, бир юридикалык жактын чегинде берилген товарлардын менчик ээси ижарага берүүчү болуп саналат.
44. 126-уячада уюштуруу документтерине ылайык ижарага берүүчү-юридикалык жактын толук аталышы, ижарага берүүчү-жеке жактын паспорту боюнча аты-жөнү көрсөтүлөт.
45. 130-уячада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык ижарага берүүчүнүн ЕАЭБге мүчө мамлекетинин санариптик коду көрсөтүлөт.
46. 131-уячада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык ижарага берүүчүнүн ЕАЭБге мүчө мамлекетинин аталышы көрсөтүлөт.
47. Тиркеменин 1-графасында саптын катар номери көрсөтүлөт.
48. 2-графада товардын аталышы көрсөтүлөт.
49. 3-графада ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын классификациясына ылайык товардын ТЭИ ТН коду көрсөтүлөт.
50. 4-графада тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (ТЭИ ТН) ылайык өлчөө бирдейлиги көрсөтүлөт.
51. 5-графада тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (ТЭИ ТН) ылайык товардын саны көрсөтүлөт.
52. Тиркемеге ижарачы кол коёт жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
3. ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды убактылуу ташып чыгуу жөнүндө ижарага берүүчүнүн кабарлоосун (UVEDOMLENIE STI-005) толтуруу эрежеси
53. Кабарлоону жана анын тиркемесин толтурууда товарларды андан ары сатпастан, концерттик-оюн зоок жана башка иш-чараларды өткөрүүдө мүлктүк жалдоо, ошондой эле эл аралык көргөзмө-жарманкеге катышуу үчүн товарларды колдонуучу жак ижарачы болуп аталат.
54. 001-уячага "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде, Кабарлоо биринчи жолу берилип жатса, белги "Алгачкы" уячасында коюлат;
2) эгерде, мурда ушул эле мезгил үчүн Кабарлоо берилип, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген Кабарлоодо оңдолсо, белги "Такталган" уячасында коюлат;
3) Кабарлоонун электрондук түрүн толтурууда 001-уячада Кабарлоонун 0/1 статусуна ылайык келүүчү маанилердин бири киргизилет, мында:
- "0" (нөл) - алгачкы;
- "1" - такталган.
55. 102, 103, 104, 107, 112, 113, 114, 115 жана 116-уячаларда ижарага берүүчү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
56. 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
57. 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык ижарага берүүчү-юридикалык жактын толук аталышы, ижарага берүүчү-жеке жактын аты-жөнү көрсөтүлөт.
58. 104-уячада ижарага берүүчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
59. 107-уячада ижарага берүүчүнү каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт.
60. 112-уячада ижарага берүүчүнүн иш жүзүндө турган жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
61. 113-уячада ижарага берүүчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, айыл, поселок, ж.б.) көрсөтүлөт.
62. 114-уячада ижарага берүүчүнүн иш жүзүндө турган жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
63. 115-уячада ижарага берүүчүнүн байланыш телефон номери көрсөтүлөт.
64. 116-уячада ижарага берүүчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
65. 201-уячада Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды убактылуу ташып чыгуу датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт. Мисалы: "01.01.2017".
66. 202-уячада Кыргыз Республикасынын аймагынан убактылуу ташылып чыккан товардын туруу мөөнөтү аяктаган дата "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
67. 151-уячада Кабарлоонун тиркемесинин барактарынын саны көрсөтүлөт.
68. 152-уячада Кабарлоого тиркелген документтердин барактарынын саны көрсөтүлөт.
69. 153-уячада бир юридикалык жактын чегинде берүүгө байланыштуу товарды ташып чыгууда "X" түрүндө белги коюлат.
70. 297-уячада колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, Кабарлоодо келтирилген маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу үчүн ижарага берүүчүнүн жоопкерчилигин ырастоо менен, ижарага берүүчүнүн кызматы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
71. 120-уячада берилүүчү Кабарлоонун номери көрсөтүлөт.
72. 121-уячада берилүүчү Кабарлоонун датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
73. 122-уячада Кабарлоо такталып берилген учурда, алгачкы Кабарлоонун номери көрсөтүлөт.
74. 123-уячада такталган Кабарлоо берилген учурда, алгачкы Кабарлоонун датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
75. II бөлүмдүн уячалары ыйгарым укуктуу салык органдары тарабынан аныкталган тартипте салык органынын кызмат адамдары тарабынан толтурулат.
4. ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды убактылуу ташып чыгуу жөнүндө ижарага берүүчүнүн кабарлоосунун "Ташылып чыгуучу товарлар жана ижарачы жөнүндө маалыматтар" (UVEDOMLENIE STI-005-001) тиркемесин толтуруу эрежеси
76. 102-уячада ижарага берүүчүнүн ИСНи көрсөтүлөт.
77. 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык ижарага берүүчү-юридикалык жактын толук аталышы, ижарага берүүчү-жеке жактын паспорту боюнча аты-жөнү көрсөтүлөт.
78. 104-уячада ижарага берүүчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
79. Бул бөлүмдө товарларды эл аралык көргөзмөгө-жарманкеге катышуу үчүн ташып чыгуу учурунда, ЕАЭБге мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсү - көргөзмө-жарманкени уюштуруучу ижарачы болуп саналат.
80. 125-уячада ижарачынын ЕАЭБге мүчө мамлекетинин мыйзамдарына ылайык ыйгарылган ижарачынын идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.
81. 126-уячада уюштуруу документтерине ылайык ижарачы-юридикалык жактын толук аталышы, ижарачы-жеке жактын аты-жөнү көрсөтүлөт.
82. 130-уячада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык ижарачынын ЕАЭБге мүчө мамлекетинин санариптик коду көрсөтүлөт.
83. 131-уячада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык ижарачынын ЕАЭБге мүчө мамлекетинин аталышы көрсөтүлөт.
84. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.
85. 2-графада ташылып чыгуучу товардын аталышы көрсөтүлөт.
86. 3-графада ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын классификациясына ылайык товардын ТЭИ ТН коду көрсөтүлөт.
87. 4-графада тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (ТЭИ ТН) ылайык өлчөө бирдейлиги көрсөтүлөт.
88. 5-графада тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (ТЭИ ТН) ылайык товардын саны көрсөтүлөт.
89. Тиркемеге ижарага берүүчү кол коёт жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
5. ЕАЭБ алкагында көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүү үчүн мурда ташылып келинген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу жөнүндө кабарлоону (UVEDOMLENIE STI-008) толтуруу жана берүү эрежеси
90. ЕАЭБ алкагында көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүү үчүн мурда ташылып келинген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу жөнүндө кабарлоо (UVEDOMLENIE STI-008) (мындан ары - Кабарлоо) көргөзмөнү жана/же жарманкени (мындан ары -көргөзмө-жарманке) уюштуруучу тарабынан берилет.
91. Көргөзмөнү-жарманкени уюштуруучу (мындан ары - Уюштуруучу) көргөзмө-жарманке өткөрүлгөндөн кийин он жумуш күндөн кечиктирбестен турган жери боюнча салык органына Кабарлоону жана Кабарлоонун тиркемелеринин реестрлерин берет.
92. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү көргөзмө-жарманкеде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына мурда импорттолгон, алар боюнча тиешелүү салыктар төлөнбөгөн товарды сатып алган учурда, салыктар көргөзмө жана/же жарманкенин катышуучусу менен сатып алуу-сатуу келишими (контракт) болсо товарлардын менчик ээси тарабынан төлөнөт.
93. Уюштуруучу эл аралык көргөзмөнүн-жарманкенин катышуучуларына Кабарлоону берүү зарыл экендиги тууралуу маалымдайт.
94. Кабарлоону толтурууда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жана сызып оңдоолорго жол берилбейт.
95. 001-уячага "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде, Кабарлоо биринчи жолу берилип жатса, белги "Алгачкы" уячасында коюлат;
2) эгерде, мурда ушул эле мезгил үчүн Кабарлоо берилип, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген Кабарлоодо оңдолсо, белги "Такталган" уячасында коюлат;
3) Кабарлоонун электрондук түрүн толтурууда 001-уячада Кабарлоонун 0/1 статусуна ылайык келүүчү маанилердин бири киргизилет, мында:
- "0" (нөл) - алгачкы;
-"1" - такталган.
96. 102, 103, 104, 107, 112, 113, 114, 115 жана 116-уячаларда Уюштуруучу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
97. 102-уячада Уюштуруучунун ИСНи көрсөтүлөт.
98. 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык Уюштуруучунун толук аталышы же эгерде уюштуруучу жеке жак болсо аты-жөнү көрсөтүлөт.
99. 104-уячада Уюштуруучунун салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
100. 107-уячада Уюштуруучуну каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт.
101. 112-уячада Уюштуруучунун иш жүзүндө турган жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт.
102. 113-уячада Уюштуруучу иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, айыл, поселок, ж.б.) көрсөтүлөт.
103. 114-уячада Уюштуруучунун иш жүзүндө турган жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт.
104. 115-уячада Уюштуруучунун байланыш телефон номери көрсөтүлөт.
105. 116-уячада Уюштуруучунун электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт.
106. 201-уячада көргөзмө-жарманке башталган дата "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
107. 202-уячада көргөзмө-жарманке аяктаган дата "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт. Мисалы: "01.01.2017".
108. 150-уячада өткөрүлгөн көргөзмө-жарманкенин түрү көрсөтүлөт.
109. 151-уячада Кабарлоонун тиркемесинин барактарынын саны көрсөтүлөт.
110. 152-уячада Кабарлоого тиркелген башка документтердин барактарынын саны көрсөтүлөт.
111. 297-уячада колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, Кабарлоодо келтирилген маалыматтардын аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилигин ырастоо менен, Уюштуруучунун кызмат адамынын кызматы, аты-жөнү көрсөтүлөт.
112. 120-уячада берилүүчү Кабарлоонун номери көрсөтүлөт (салык төлөөчүнүн жеке эсепке алуусу үчүн номер).
113. 121-уячада берилүүчү Кабарлоонун датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
114. 122-уячада такталган Кабарлоо берилген учурда, алгачкы Кабарлоонун номери көрсөтүлөт.
115. 123-уячада такталган Кабарлоо берилген учурда, алгачкы Кабарлоонун датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
116. 127-уячада Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүүдө мурда берилген Кабарлоонун номери көрсөтүлөт.
117. 128-уячада Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүүдө мурда берилген Кабарлоонун датасы "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
118. II бөлүмдүн уячалары ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте салык органынын кызмат адамдары тарабынан толтурулат.
7. ЕАЭБ алкагында эл аралык көргөзмөнүн-жарманкенин катышуучусу тарабынан мурда ташылып келинген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу жөнүндө кабарлоонун "Эл аралык көргөзмөдө жана/же жарманкеде сатылган товарлар жөнүндө маалыматтар" тиркемелеринин реестрин (UVEDOMLENIE STI-008-001) толтуруу эрежеси
119. 102-уячада Уюштуруучунун ИСНи көрсөтүлөт.
120. 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык Уюштуруучунун толук аталышы же эгерде уюштуруучу жеке жак болсо, паспорту боюнча аты-жөнү көрсөтүлөт.
121. 104-уячада Уюштуруучунун салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт.
122. 107-уячада Уюштуруучуну каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт.
123. 201-уячада көргөзмө-жарманке башталган дата "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт.
124. 202-уячада көргөзмө-жарманке аяктаган дата "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматында көрсөтүлөт (күн, ай жана жыл).
125. 1-графада саптын катар номери көрсөтүлөт.
126. 2-графада көргөзмө-жарманкенин катышуучусунун аталышы көрсөтүлөт.
127. 3-графада көргөзмө-жарманкенин катышуучусунун ЕАЭБге мүчө мамлекетинин мыйзамдарына ылайык ыйгарылган идентификациялык салык номери көрсөтүлөт.
128. 4-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык көргөзмө-жарманкенин катышуучусунун ЕАЭБге мүчө мамлекетинин санариптик коду көрсөтүлөт.
129. 5-графада Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору МК (ИСО 3166) 004-97 ылайык көргөзмө-жарманкенин катышуучусунун ЕАЭБге мүчө мамлекетинин аталышы көрсөтүлөт.
130. Кабарлоонун тиркемелеринин реестрине Уюштуруучу кол коёт жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ аймагына товарларды убактылуу ташып чыгуу жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартибинин 1-тиркемеси |
Көргөзмө (жарманке) иш-чараларын өткөрүүгө арналган товарлардан тышкары, ЕАЭБ алкагында убактылуу ташылып келинген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу жөнүндө ижарачынын КАБАРЛООСУ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ аймагына товарларды убактылуу ташып чыгуу жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартибинин 2-тиркемеси |
ЕАЭБ алкагында Кыргыз Республикасынын аймагынан товарларды убактылуу ташып чыгуу жөнүндө ижарага берүүчүнүн КАБАРЛООСУ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ аймагына товарларды убактылуу ташып чыгуу жөнүндө кабарлоону берүүнүн тартибинин 3-тиркемеси |
ЕАЭБ алкагында эл аралык көргөзмөнүн жана/же жарманкенин катышуучусу тарабынан мурда ташылып келинген товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу жөнүндө КАБАРЛОО
Графикалык көчүрмөнү караңыз.