Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-июну № 370
"2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик мектептердин курулушу боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик мектептердин курулушу боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик мектептердин курулушу боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик мектептердин курулушу боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик мектептердин курулушу боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Сауд өнүктүрүү фондуна билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июнундагы № 370 токтому менен жактырылган |
2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик мектептердин курулушу боюнча кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы мамлекеттик мектептердин курулушу боюнча кредиттик макулдашуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кредиттик макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 571-б буйругу менен жактырылган.
Мамлекеттик жалпы билим берүү мектептеринин курулушун ишке ашыруу үчүн финансы каражаттары Сауд өнүктүрүү фондунан берилет.
Кредиттик макулдашууга ылайык Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 112500000 сауд риалынын өлчөмүндө кредит берилет.
Кыргыз Республикасы тарабынан кош каржылоо каралган эмес.
Долбоорду төмөнкүдөй шарттарда каржылоо үчүн Сауд өнүктүрүү фонду 112500000 сауд риалын (бул 30,00 млн. АКШ долларына жакын) берет: кредит боюнча пайыз - жылына 1%; кредитти төлөө мөөнөтү - 5 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо 25 жыл.
Кредит жарым жылда бир жолу төлөнөт, ар жылы 15-майда жана 15-ноябрда, 2022-жылдан баштап 2042-жылдардын аралыгында, ал мамлекеттик бюджетке өтө чоң оорчулук келтирбейт.
Долбоордун максаты жалпы билим берүү секторун өнүктүрүү жана өлкөнүн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу, ошондой эле төмөнкүдөй жолдор аркылуу өлкөнүн ар кайсы региондорунда бир катар мектептерди куруу жана жабдуунун эсебинен окуучулардын санынын көбөйүшүн канааттандыруу болуп саналат:
(а) өлкөнүн ар кайсы региондорунда 150дөн 550го чейинки окуучулук орунга эсептелген 16 мектепти куруу;
(б) мектептер үчүн жабдууларды жана эмеректерди берүү;
(в) долбоордук жана конкурстук документтерди даярдоо үчүн кеңеш берүүчү кызматтарды көрсөтүү жана долбоорду көзөмөлдөө;
(г) жер участокторун сатып алуу.
Жогоруда аталган Кредиттик макулдашуу билим берүү секторун өнүктүрүү жана өлкөнүн билим берүү кызматтарына болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу боюнча артыкчылыктуу милдеттерди чечүүнү караштырат.
Кредиттик макулдашууну ратификациялоо социалдык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерди алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт.