Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 485
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш убагында) жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункттагы "Коргоо министрине" деген сөздөр "Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө (тынчтык жана согуш убагында) жободо:
- Жобонун бүткүл тексти боюнча жана 24-тиркемесинде:
"Генералдык штабынын аскердик-дарыгердик комиссиясы" деген түрдүү жөндөмө формаларындагы сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Республикалык аскердик-дарыгердик комиссиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Жобонун бүткүл тексти боюнча жана 8-тиркемесинде:
"ГШ АДК" деген аббревиатура "РАДК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 25-пункттун төртүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскер комиссариатынын кириш документтерди каттоо журналындагы катталган ден соолугунун абалын изилдөө актысы, ошондой эле дарыгердин корутундусу (10-тиркеме)" чакыруу комиссиясынын кароосуна берилет, ал чакырылуучунун аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө чечимди анын ден соолугунун абалы жана физикалык өнүгүүсү жөнүндө маалыматтарды эске алуу менен чыгарат.";
- 28-пункттун үчүнчү абзацындагы экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Республикалык аскердик-дарыгердик комиссиясы ден соолугунун абалы боюнча негизсиз мөөнөттүү калтырган, аскердик кызматка чакыруудан же ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматка чакыруудан бошоткон учурда, райондук (шаардык) дарыгердик комиссиялардын чечимдерин тиешелүү корутунду берүү менен (24-тиркеме) жокко чыгарганга укуктуу.
- 63-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Аскердик кызмат өтөөнүн чектүү жашына жеткен жана контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларын медициналык күбөлөндүрүү гарнизондук жана госпиталдык АДК тарабынан текшерүү башталган 3 (үч) күндөн 15 (он беш) жумуш күнгө чейинки мөөнөттө амбулатордук же стационардык түрдө жүргүзүлөт. Оорунун, мертинүүнүн жана алардын кесепеттеринин диагнозу бүдөмүк болгон учурда, аскер кызматчысын медициналык күбөлөндүрүү создуктурулса жана көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылбаса аны текшерүү аскердик-медициналык мекеменин башчысынын жазуу түрүндөгү тескемеси менен жети күндөн ашпаган мөөнөткө узартылат, бул жөнүндө аскер бөлүгүнүн командирине (мекеменин башчысына) же аскер кызматчысын медициналык күбөлөндүрүүгө жөнөткөн кадр бөлүгүнө кабар берилет. Күбөлөндүрүүчүнү медициналык текшерүүнү бир айдын ичинде бүткөрүүгө мүмкүн болбосо, ошондой эле дайындалган медициналык текшерүүлөрдүн жыйынтыктары өз убагында берилбесе, гарнизондук же госпиталдык АДК төмөнкүдөй чечим чыгарат: "Аскер кызматчысы медициналык күбөлөндүрүүгө келбегендигине байланыштуу корутунду чыгарылган жок (текшерүү толук эмес)".
Аскердик-дарыгердик комиссиянын жыйындарынын протоколдор китебинде жана аскер кызматчысын күбөлөндүрүүгө жөнөткөн командачылыкка жазылган катта чечимдин чыгарылбагандыгынын себептери толук көрсөтүлөт.";
- Жобо төмөнкүдөй мазмундагы IX глава менен толукталсын:
"IX ГЛАВА. Контролдук текшерүүнү же кайталанган медициналык күбөлөндүрүүнү (жаңы медициналык күбөлөндүрүүнү) уюштуруу жана өткөрүү
159. Аскер кызматчыларын, жарандарды контролдук текшерүү же кайталанган медициналык күбөлөндүрүү алардын ооруларынын, майыптыктарынын, жаракаттарынын диагноздорунун негиздүүлүгүн жана бул боюнча чыгарылган эксперттик корутундуларды текшерүү максатында жүргүзүлөт.
160. Көрсөтүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча штаттык АДКнын корутундусу менен штаттык эмес аскердик-дарыгердик (аскердик-учкучтук) комиссиялардын, райондук (шаардык) аскер комиссариаттарынын (мындан ары - штаттык эмес АДК) дарыгердик комиссияларынын корутундусу туура келбеген аскер кызматчылары, жарандар контролдук текшерүүгө жана кайталанган медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүлөрү тийиш.
161. Контролдук текшерүүгө же кайталанган медициналык күбөлөндүрүүгө төмөнкүлөр жөнөтүлөт:
- өздөрүнө карата чыгарылган штаттык эмес АДК чечимдерине жогору турган АДКга даттанган аскер кызматчылары, жарандар;
- ден соолугунда штаттык эмес АДК корутундуларын кайта карап чыгууга негиз берген өзгөрүүлөр болсо, аларга карата чыгарылган штаттык эмес АДК корутундусунун колдонуу мөөнөтү (жарадарлыктын, контузиянын, майыптыктын, жаракаттын, оорунун себептик байланышы жөнүндө корутундусунан тышкары) өтө элек аскер кызматчылары, жарандар;
- өздөрүнө карата штаттык эмес АДК тарабынан чыгарылган корутундулар, штаттык АДК тарабынан бекитиле элек аскер кызматчылары, жарандар;
- негизсиз эксперттик корутундуну (диагноз) чыгарууга (белгилөөгө) себеп болгон, медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүүнүн тартибин бузууларга жол берген аскер кызматчылары, жарандар.
162. Контролдук текшерүүгө же кайталанган медициналык күбөлөндүрүүгө жөнөтүү жөнүндө чечим штаттык АДК тарабынан берилген медициналык жана башка документтерди АДКнын адистеринин изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча кабыл алынат.
163. Контролдук текшерүү аскердик госпиталдарда, саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген, амбулатордук-бейтапканалык мекемелерде тийиштүү штаттык АДКнын жөнөтүүсүнүн негизинде өткөрүлөт. Кайталанган медициналык күбөлөндүрүү штаттык АДКнын жөнөтүүсүнүн негизинде штаттык эмес АДКга өткөрүлөт.
Штаттык АДК тескөөсү боюнча жаранды жана аскер кызматчысын контролдук текшерүүдөн же кайра медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүчү медициналык мекемелердин башчыларына (жетекчилерине) алдын ала диагнозу менен коштомо кагаз жана жолдомонун максаты көрсөтүлгөн жолдомо берилет.
Контролдук текшерүүнү же кайталанган медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүп жаткан штаттык эмес АДК күбөлөндүрүүнү өткөрүү үчүн керектүү документтерди талап кылууга укуктуу.
164. Штаттык АДК аскер кызматчысын, жаранды контролдук текшерүүгө же кайталанган медициналык күбөлөндүрүүгө жөнөткөндүгү жөнүндө корутунду чыгарууда беш күндүк мөөнөттө штаттык эмес АДКга коштомо кагазы менен оорусу жөнүндө күбөлүгүн, маалымкатты, ден соолугунун абалын изилдөө актысын түзгөн өзүнүн чечимин жөнөтөт, анда кабыл алынган чечимдин негиздемеси баяндалат жана аскер кызматчысын, жаранды контролдук текшерүүдөн же кайталанган медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү маселелери боюнча кошумча көрсөтмөлөр берилет.
Контролдук текшерүүдө же кайталанган медициналык күбөлөндүрүүдө диагноз жана корутунду медициналык мекеменин адистеринин милдеттүү катышуусу менен чыгарылат. Татаал жана талаш учурларда, КР КК РАДК көрсөтмөсү боюнча контролдук текшерүүгө же кайталанган медициналык күбөлөндүрүүгө саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын медицина адистери тартылат. Эксперттик диагнозду ырыстаган аспаптык изилдөөлөр дарылоочу врачтын, врачтын жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын диагностикалык бөлүмүнүн, дарылоо алдын алуу мекемелеринин (аскердик-медицина мекемесинин) башчысынын (жетекчисинин) катышуусунда өтүүгө тийиш. Изилдөө протоколуна, аны өткөрүүгө катышкан бардык врачтардын колу коюлат.
165. Алгачкы текшерүүдө же күбөлөндүрүүдө штаттык эмес АДКнын мурда койгон диагнозу жана (же) чыгарган эксперттик корутундусу далилденбеген учурда, ошондой эле аскер кызматчысын, жаранды текшерүүдөн өткөргөн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарылоо алдын алуу мекемелеринде (аскердик-медицина мекемесинде) ишти уюштуруудагы кемчиликтер табылганда штаттык АДК аскер кызматчысы, жаран мурда текшерүүдөн өткөн жерге аныкталбаган диагностук (эксперттик) каталарды көрсөтүп, штаттык эмес АДК дарылоо-диагноздоо жана эксперттик ишинин сапатын жакшыртуу сунуштары менен кат жөнөтөт.
Штаттык АДКнын каты штаттык эмес АДК кайталанган медициналык күбөлөндүрүүсү боюнча корутундусу штаттык АДК тарабынан бекитилгенден кийин (беш) жумуш күндөн кечиктирилбей жөнөтүлөт.
Төмөнкү учурларда диагноз ырысталбаган катары эсептелинет:
- контролдук текшерүүдө күбөлөндүрүүчүдө мурда диагноздолгон ар кандай оорулар болбогондо;
- алгачкы медициналык күбөлөндүрүүдө диагноздолбогон негизги жана коштоп жүрүүчү ооруларды жана алардын күчөп кетишин контролдук текшерүүдө же кайталанган медициналык күбөлөндүрүүдө табылганда;
- органдардын жана системалардын жаңылыш эксперттик корутундуга алып келген функциялык бузууларынын (компенсацияларынын) байкалган даражасын туура баалабаганда.
Штаттык эмес АДК эксперттик корутундусу төмөнкүдөй учурларда ырасталбаган болуп эсептелет:
- күбөлөндүрүлүүчүнүн жарактуулук категориясы туура бааланбаганда;
- аскер кызматын өтөөдө жарадарлыктын (контузия, майыптык, жаракат), ооруга чалдыгуунун себептик байланышы туура аныкталбаганда.
Ар бир кетирилген диагноздук жана эксперттик каталар, кызматтык иликтөөгө, ошондой эле дарылоо алдын алуу мекемесинин дарыгерлер курамы, штаттык эмес АДК төрагасы жана мүчөлөрү менен териштирилүүгө, ал эми натыйжалары штаттык АДК жиберилүүгө тийиш.
166. Жыл сайын контролдук текшерүүнүн же кайталанган медициналык күбөлөндүрүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтарды штаттык АДК Генералдык штабдын башчысынын орун басарына 5/мед. формасы боюнча жылдык отчеттун түшүнүк катында берет. Мында аскер кызматчыларын, жарандарды акыркы үч жылга салыштырганда отчеттук жыл үчүн текшерүүнүн жана күбөлөндүрүүнүн кемчиликтерине талдоо жүргүзүлүп, көп кемчиликтерди кетирген кызмат адамдарынын аты аталып, медициналык уюмдар жана штаттык эмес АДК, ошондой эле дарылоо-диагноздук жана эксперттик иштеги кемчиликтерди жоюуга багытталган конкреттүү көрсөтмөлөр берилет. Көрсөтмөлөр аскер-медициналык, дарылоо алдын алуу мекемелеринин бардык дарылоо курамына, штаттык эмес АДК төрагаларына жана мүчөлөрүнө жеткирилет. Саламаттык сактоонун дарылоо-алдын-алуу мекемелериндеги табылган дарылоо-диагноздук иштин кемчиликтери боюнча саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кат жөнөтүлөт.";
- Жобонун 3-тиркемесинин 62-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Боордун функциясы бузулбаган жана (же) анын минималдуу активдүүлүгүндөгү өнөкөт гепатиттүү жарандарды алгачкы аскердик каттоого алууда, аскердик кызматка (аскердик жыйындарга) чакырууда, контракт боюнча аскердик кызматка жана аскердик-окуу жайларга (жайларга) кирүүдө, чакыруу боюнча аскер кызматын өтөп жаткандар оорулардын тизмесинин 62-пунктунун "б" пунктчасы боюнча, ал эми контракт боюнча аскер кызматчылар "в" пунктчасы боюнча күбөлөндүрүлөт.";
- Жобонун 24-тиркемесиндеги "райондук (шаардык)" деген сөздөрдөн кийинки "чакыруу" деген сөз "дарыгердик" деген сөз менен алмаштырылсын, "негизинде кабыл алынган" жана "___________________________________" (чакыруу комиссиясынын чечими) деген сөздөр алынып салынсын;
- Жобонун 26-тиркемесиндеги "Республикалык чакыруу комиссиясынын чечими" жана "Медициналык күбөлөндүрүү бөлүмүнүн улук дарыгери" деген сөздөр "Республикалык (облустук) чакыруу комиссиясынын чечими" жана "Республикалык (облустук) чакыруу комиссиясынын улук дарыгери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- Жобонун 27-тиркемесиндеги "Республикалык чакыруу комиссиясынын чечими" жана "Медициналык күбөлөндүрүү бөлүмүнүн улук дарыгери" деген сөздөр "Республикалык (облустук) чакыруу комиссиясынын чечими" жана "Республикалык (облустук) чакыруу комиссиясынын улук дарыгери" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Республикалык" деген сөздөн кийин "(облустук)" деген сөз менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча:
"ГШ АДК" деген аббревиатура "РАДК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 1-пункттун биринчи абзацы "аскердик кызматты (аскердик жыйындарды)" деген сөздөрдөн кийин "мобилизациялык резервдеги жыйындар" деген сөздөр менен толукталсын";
- 5-пункттагы жана 4-главанын аталышында:
"Генералдык штабынын аскердик-дарыгердик комиссиясы" деген сөздөр "Республикалык аскердик-дарыгердик комиссиясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункттун "6)"-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) контролдук стационардык же амбулатордук текшерүүгө жана күбөлөндүрүүгө аскер кызматчыларын, аскердик жыйындарды, мобилизациялык резервдеги жыйындарды өтөп жаткан жарандарды, контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча аскер кызматына жараксыз деп табылган альтернативдик (аскердик эмес) кызматты өтөп жаткан жарандарды АДК (ДУК) корутундусуна таасир эткен күбөлөндүрүү тартибин бузган учурлар табылганда, ошондой эле штаттык эмес АДК (ДУК) корутундусунун негизделгендигин текшерүү үчүн жиберүүгө;";
- 9-пункттун "9)"-пунктчасындагы "АДЭ (ДУЭ) суроолорун чечүү үчүн КК" деген сөздөрдөн жана аббревиатурадан кийин "жана саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пункттун "6)"-пунктчасындагы "жана КК Генералдык штабынын медицина кызматынын жетекчилигине" деген сөздөр алынып салынсын;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Республикалык аскердик-дарыгердик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө аскердик-дарыгердик экспертиза башкармалыгынын жетектөөчү органы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн РАДКсынын аскердик-дарыгердик экспертиза маселелери боюнча методикалык сунуштары жана көрсөтмөлөрү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик-медициналык мекемелеринде милдеттүү түрдө колдонулат жана аткарылат.
КР КК РАДКсы өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, белгиленген үлгүдөгү штамптарга жана бланктарга ээ болот.";
- 14-пункттун биринчи-үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Республикалык аскердик-дарыгердик комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басарына түздөн-түз баш иет жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө аскердик-дарыгердик экспертизаны уюштурууга жооп берет.
КР КК РАДКсы аскерлерде, аскердик дарылоо алдын алуу мекемелеринде, штаттык эмес АДКда адистиги боюнча клиникалык даярдыгы жана тажрыйбасы бар квалификациялуу дарыгер-эксперттер: терапевт, хирург, невролог, психиатр, отоларинголог, офтальмолог, дарыгердик-учкучтук экспертиза боюнча дерматовенеролог врач-эксперттер, катчы менен комплектелет.
КР КК РАДКны медициналык техника жана мүлк, санитардык жана чарба шаймандары, эмеректер, буюм мүлкү жана кеңселик буюмдары менен камсыздоо, аларга жайларды берүү жана коммуналдык тейлөө коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын тиешелүү башкармалыктарына жана кызматтарына жүктөлөт.";
- 15-пункттун "1)"-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү:";
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "9)", "10)"-пунктчалар менен толукталсын:
"9) Комиссиянын дарыгер-эксперттери аскердик-дарыгердик экспертиза боюнча маселелерди кароодо сотто жана башка мамлекеттик органдарда мамлекеттик мекемелердин кызыкчылыгын көздөйт;
10) АДК (ДУК) корутундусуна даттанган жарандар контролдук медициналык күбөлөндүрүүгө тийиш. Контролдук медициналык күбөлөндүрүүдөн кийин КР КК РАДКнын чечими акыркы болуп саналат жана кайрадан сотко даттанылышы мүмкүн эмес.";
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Аскердик-медициналык мекемелерде, аскердик бөлүктөрдө түзүлгөн штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДКнын тизмеси КР КК РАДК төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары тарабынан бекитилет.
Согуш мезгилинде госпиталдык АДКлар (ДУК) көрсөтүлгөн бөлүктөргө келип түшкөн аскер кызматчыларын күбөлөндүрүү үчүн аскердик санаторияда, өзүнчө медициналык отряддарда түзүлөт.
Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын АДКлары саламаттык сактоо уюмдары менен макулдашуу боюнча аскер кызматчылары текшерүүдөн жана дарылануудан өтүп жаткан адистештирилген медициналык мекемелерде түзүлөт. Штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДКлары бар саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчиси жана КР КК РАДК төрагасынын көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басарынын биргелешкен буйругу менен бекитилет.
Штаттык эмес дарыгердик комиссиялар райондун, районго бөлүнбөгөн шаардын ар бир аскер комиссариатында, (мындан ары - аскер комиссариаты) түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары тарабынан бекитилген тизмеге киргизилбейт.";
- 18-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Штаттык эмес убактылуу иштөөчү АДК (ДУК) курамы: аскердик-окуу жайлар, кошумча билим берүү программалары менен жалпы орто (толук) билим берүү мекемелери коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик чек ара кайтаруу чөйрөсүнүн жетекчилери тарабынан бекитилет. Аскер комиссариаттарынын штаттык эмес убактылуу иштөөчү дарыгердик комиссияларынын курамы аскердик-дарыгердик экспертиза маселелери боюнча квалификацияланган дарыгерлердин ичинен саламаттык сактоо уюмунун жана тиешелүү аскер комиссарынын көрсөтмөсү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аткаруу органынын башчысы тарабынан бекитилет.
Дарыгердик комиссиялардын АДК (ДУК), курамында төрага, төраганын орун басары (комиссия мүчөлөрүнүн бири), комиссиянын мүчөлөрү (гарнизондук же госпиталдык АДКда, саламаттык сактоо уюмунун, АДК үчтөн кем эмес дарыгер-адистери), башка АДК (ДУК) курамында, дарыгердик комиссиялардын курамында - хирург, терапевт, невропатолог, психиатр, окулист, отоларинголог, стоматолог, дерматолог жана катчы дайындалат. АДК (ДУК), дарыгердик комиссиялардын курамында башка адистиктеги дарыгерлер дайындалышы мүмкүн.";
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДКнын (ДУКтун) төрагасы жана төраганын орун басары тиешелүү штаттык АДКнын башчысы (төрагасы) менен макулдашуу боюнча дайындалат.
Штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДКлар түзүлгөн саламаттык сактоо уюмунун жетекчилери, комиссиянын курамына КР КК РАДКнын төрагасы менен макулдашуу боюнча аскердик-медициналык мекеменин өкүлүн киргизет.
Аскер комиссариаттарынын штаттык эмес дарыгердик комиссиясынын төрагасы жана анын орун басары саламаттык сактоо уюму жана тийиштүү аскер комиссары менен макулдашуу боюнча дайындалат.
Штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДК (ДУК) жыл сайын, жылдын 10-ноябрына чейин КР КК РАДКга макулдашууга комиссиянын курамын, макулдашуудан кийин төмөнкүлөрдүн кол тамгаларынын үлгүлөрүн берет: төраганын, төраганын орун басарынын, АДКнын мүчөлөрүнүн жана катчысынын, жылдын 20-декабрына чейин комиссияны дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмө бөлүгүн.
Штаттык эмес (госпиталдык, гарнизондук,) АДКлардын курамы өзгөргөн учурда КР КК РАДКнын төрагасына маалымдалат жана кол тамгалардын үлгүлөрү жана тийиштүү буйруктун көчүрмө бөлүгү менен жаңыланган тизмеси берилет.
Штаттык эмес АДКга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү медициналык күбөлөндүрүү жаатындагы ченемдик укуктук жана ведомстволук актылардын талаптарына ылайык аскер кызматчыларын жана башка категориядагы жарандарды аскердик-дарыгердик экспертизадан өткөрүү жана күбөлөндүрүү, эксперттик документтерди (оору тууралуу күбөлүктөрдү, маалымкаттарды) тариздөө жүктөлөт.";
- 23-пункттун "1)"-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Аскер кызматчыларын жана башка категориядагы жарандарды аскердик-дарыгердик экспертизадан жана күбөлөндүрүүдөн өткөрүү, эксперттик документтерди (оору тууралуу күбөлүктөрдү, маалымкаттарды) тариздөө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү медициналык күбөлөндүрүү жаатындагы ченемдик укуктук жана ведомстволук актыларына ылайык жүргүзүлөт;".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 485
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтомуна ылайык күчүн жоготту)