Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 485
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 787 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-июлундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынч жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында аскердик-дарыгердик (дарыгердик-учкучтук) экспертизанын органдары жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча:
"ГШ АДК" деген аббревиатура "РАДК" деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 1-пункттун биринчи абзацы "аскердик кызматты (аскердик жыйындарды)" деген сөздөрдөн кийин "мобилизациялык резервдеги жыйындар" деген сөздөр менен толукталсын";
- 5-пункттагы жана 4-главанын аталышында:
"Генералдык штабынын аскердик-дарыгердик комиссиясы" деген сөздөр "Республикалык аскердик-дарыгердик комиссиясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункттун "6)"-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) контролдук стационардык же амбулатордук текшерүүгө жана күбөлөндүрүүгө аскер кызматчыларын, аскердик жыйындарды, мобилизациялык резервдеги жыйындарды өтөп жаткан жарандарды, контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча аскер кызматына жараксыз деп табылган альтернативдик (аскердик эмес) кызматты өтөп жаткан жарандарды АДК (ДУК) корутундусуна таасир эткен күбөлөндүрүү тартибин бузган учурлар табылганда, ошондой эле штаттык эмес АДК (ДУК) корутундусунун негизделгендигин текшерүү үчүн жиберүүгө;";
- 9-пункттун "9)"-пунктчасындагы "АДЭ (ДУЭ) суроолорун чечүү үчүн КК" деген сөздөрдөн жана аббревиатурадан кийин "жана саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 10-пункттун "6)"-пунктчасындагы "жана КК Генералдык штабынын медицина кызматынын жетекчилигине" деген сөздөр алынып салынсын;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Республикалык аскердик-дарыгердик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө аскердик-дарыгердик экспертиза башкармалыгынын жетектөөчү органы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн РАДКсынын аскердик-дарыгердик экспертиза маселелери боюнча методикалык сунуштары жана көрсөтмөлөрү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик-медициналык мекемелеринде милдеттүү түрдө колдонулат жана аткарылат.
КР КК РАДКсы өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, белгиленген үлгүдөгү штамптарга жана бланктарга ээ болот.";
- 14-пункттун биринчи-үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Республикалык аскердик-дарыгердик комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басарына түздөн-түз баш иет жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө аскердик-дарыгердик экспертизаны уюштурууга жооп берет.
КР КК РАДКсы аскерлерде, аскердик дарылоо алдын алуу мекемелеринде, штаттык эмес АДКда адистиги боюнча клиникалык даярдыгы жана тажрыйбасы бар квалификациялуу дарыгер-эксперттер: терапевт, хирург, невролог, психиатр, отоларинголог, офтальмолог, дарыгердик-учкучтук экспертиза боюнча дерматовенеролог врач-эксперттер, катчы менен комплектелет.
КР КК РАДКны медициналык техника жана мүлк, санитардык жана чарба шаймандары, эмеректер, буюм мүлкү жана кеңселик буюмдары менен камсыздоо, аларга жайларды берүү жана коммуналдык тейлөө коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын тиешелүү башкармалыктарына жана кызматтарына жүктөлөт.";
- 15-пункттун "1)"-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү:";
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы "9)", "10)"-пунктчалар менен толукталсын:
"9) Комиссиянын дарыгер-эксперттери аскердик-дарыгердик экспертиза боюнча маселелерди кароодо сотто жана башка мамлекеттик органдарда мамлекеттик мекемелердин кызыкчылыгын көздөйт;
10) АДК (ДУК) корутундусуна даттанган жарандар контролдук медициналык күбөлөндүрүүгө тийиш. Контролдук медициналык күбөлөндүрүүдөн кийин КР КК РАДКнын чечими акыркы болуп саналат жана кайрадан сотко даттанылышы мүмкүн эмес.";
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Аскердик-медициналык мекемелерде, аскердик бөлүктөрдө түзүлгөн штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДКнын тизмеси КР КК РАДК төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары тарабынан бекитилет.
Согуш мезгилинде госпиталдык АДКлар (ДУК) көрсөтүлгөн бөлүктөргө келип түшкөн аскер кызматчыларын күбөлөндүрүү үчүн аскердик санаторияда, өзүнчө медициналык отряддарда түзүлөт.
Саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын АДКлары саламаттык сактоо уюмдары менен макулдашуу боюнча аскер кызматчылары текшерүүдөн жана дарылануудан өтүп жаткан адистештирилген медициналык мекемелерде түзүлөт. Штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДКлары бар саламаттык сактоо уюмдарынын тизмеси саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчиси жана КР КК РАДК төрагасынын көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басарынын биргелешкен буйругу менен бекитилет.
Штаттык эмес дарыгердик комиссиялар райондун, районго бөлүнбөгөн шаардын ар бир аскер комиссариатында, (мындан ары - аскер комиссариаты) түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары тарабынан бекитилген тизмеге киргизилбейт.";
- 18-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Штаттык эмес убактылуу иштөөчү АДК (ДУК) курамы: аскердик-окуу жайлар, кошумча билим берүү программалары менен жалпы орто (толук) билим берүү мекемелери коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик чек ара кайтаруу чөйрөсүнүн жетекчилери тарабынан бекитилет. Аскер комиссариаттарынын штаттык эмес убактылуу иштөөчү дарыгердик комиссияларынын курамы аскердик-дарыгердик экспертиза маселелери боюнча квалификацияланган дарыгерлердин ичинен саламаттык сактоо уюмунун жана тиешелүү аскер комиссарынын көрсөтмөсү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аткаруу органынын башчысы тарабынан бекитилет.
Дарыгердик комиссиялардын АДК (ДУК), курамында төрага, төраганын орун басары (комиссия мүчөлөрүнүн бири), комиссиянын мүчөлөрү (гарнизондук же госпиталдык АДКда, саламаттык сактоо уюмунун, АДК үчтөн кем эмес дарыгер-адистери), башка АДК (ДУК) курамында, дарыгердик комиссиялардын курамында - хирург, терапевт, невропатолог, психиатр, окулист, отоларинголог, стоматолог, дерматолог жана катчы дайындалат. АДК (ДУК), дарыгердик комиссиялардын курамында башка адистиктеги дарыгерлер дайындалышы мүмкүн.";
- 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДКнын (ДУКтун) төрагасы жана төраганын орун басары тиешелүү штаттык АДКнын башчысы (төрагасы) менен макулдашуу боюнча дайындалат.
Штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДКлар түзүлгөн саламаттык сактоо уюмунун жетекчилери, комиссиянын курамына КР КК РАДКнын төрагасы менен макулдашуу боюнча аскердик-медициналык мекеменин өкүлүн киргизет.
Аскер комиссариаттарынын штаттык эмес дарыгердик комиссиясынын төрагасы жана анын орун басары саламаттык сактоо уюму жана тийиштүү аскер комиссары менен макулдашуу боюнча дайындалат.
Штаттык эмес туруктуу иштөөчү АДК (ДУК) жыл сайын, жылдын 10-ноябрына чейин КР КК РАДКга макулдашууга комиссиянын курамын, макулдашуудан кийин төмөнкүлөрдүн кол тамгаларынын үлгүлөрүн берет: төраганын, төраганын орун басарынын, АДКнын мүчөлөрүнүн жана катчысынын, жылдын 20-декабрына чейин комиссияны дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмө бөлүгүн.
Штаттык эмес (госпиталдык, гарнизондук,) АДКлардын курамы өзгөргөн учурда КР КК РАДКнын төрагасына маалымдалат жана кол тамгалардын үлгүлөрү жана тийиштүү буйруктун көчүрмө бөлүгү менен жаңыланган тизмеси берилет.
Штаттык эмес АДКга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү медициналык күбөлөндүрүү жаатындагы ченемдик укуктук жана ведомстволук актылардын талаптарына ылайык аскер кызматчыларын жана башка категориядагы жарандарды аскердик-дарыгердик экспертизадан өткөрүү жана күбөлөндүрүү, эксперттик документтерди (оору тууралуу күбөлүктөрдү, маалымкаттарды) тариздөө жүктөлөт.";
- 23-пункттун "1)"-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Аскер кызматчыларын жана башка категориядагы жарандарды аскердик-дарыгердик экспертизадан жана күбөлөндүрүүдөн өткөрүү, эксперттик документтерди (оору тууралуу күбөлүктөрдү, маалымкаттарды) тариздөө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөгү медициналык күбөлөндүрүү жаатындагы ченемдик укуктук жана ведомстволук актыларына ылайык жүргүзүлөт;".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |