КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 506
Кыргыз Республикасынын аскердик сотторунун жоюлушуна байланыштуу айрым маселелер жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 24-июнундагы № 335 , 2024-жылдын 27-августундагы № 509 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесинде:
- 45-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-декабрындагы № 575 "Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагынын сыйымдуулугун пайдалануу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын бөлүнгөн телефон тармагына кошулуу укугу берилген абоненттердин тизмесинде:
- VI бөлүмүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 771 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо:
- 59-пунктунун "а)" пунктчасындагы "жана аскер сотунун органдары же аскер трибуналы" деген сөздөр алып салынсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 509 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аскердик прокуратуранын кызматчылары болгон аскер кызматчылар кызматты Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык, аскердик прокуратуранын ишин жөнгө салуучу атайын мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен өтөшөт.";
- 6-пунктунун 1-пунктчасындагы "жана Аскер сотунун" деген сөздөр алып салынсын;
- 52-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52. Офицерлер аскердик кызматта жана запаста Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө мыйзамына ылайык болушат.";
- 54-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 61-пункттун 8-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 90-пункттун 8-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 111-пункттун 8-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 186 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 33-пунктунун 3-пунктчасынын биринчи абзацындагы "жана аскердик соттун" деген сөздөр алып салынсын;
- 57-пунктунун 4-пунктчасынын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 68-пунктунун "з)" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 118-пунктунун "з)" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
8. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- аскердик соттордун судьяларын аскердик кызматтан бошотуу Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын буйруктары менен 2017-жылдын 1-мартынан баштап, иштеген жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугун алууга чейин үч жылдан ашык эмес убакыт калган, аскердик судья катары аскерде кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылардан башкаларын ушул пункттун үчүнчү абзацында белгиленген шарттарды эске алып өздүк курамдын тизмесинен чыгаруу менен ишке ашырылат;
- иштеген жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугун алууга чейин үч жылдан ашык эмес убакыт калган, аскердик сотто аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар аскердик кызматты улантууну каалашса алар Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин кадрына белгиленген тартипте киргизилишет. Мында андай аскер кызматчылардын аскердик кызматты андан ары улантуу маселеси Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык чечилет.
- судья катары аскердик соттордо аскердик кызмат өтөгөн, "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алып жаткан аскер кызматчылардын маянасы төмөнкүдөй кызмат орундардын маяналарына теңештирилет:
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасы - Башкы прокурордун орун басары - Кыргыз Республикасынын Аскер прокуроруна;
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун орун басарына;
Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьясы - Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокуроруна;
гарнизондун аскердик сотунун төрагасы - гарнизондун аскер прокуроруна;
гарнизондун аскердик сотунун төрагасынын орун басары - гарнизондук аскер прокурорунун орун басарына;
гарнизондун аскердик сотунун судьясы - аскер прокуратурасынын бөлүмүнүн прокуроруна.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти аскердик соттордо судья катары кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылардын социалдык укуктарын камсыздоого байланыштуу акча төлөө маселесин Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларды акча менен камсыздоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык чечсин.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун жана гарнизондордун аскердик сотторунун маселелери" жөнүндө токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
12. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
13. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2017-жылдын 5-сентябрындагы № 99 саны менен жарыяланды
Премьер-министри | С.Жээнбеков |