Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 529
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| М.Абулгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-берененин он бешинчи абзацы төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"перифериялык түзүлүштөгү аппараттарды пайдалануу менен накталай эмес формада (төлөм карточкалары) товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алуучунун төлөө ыкмасын тандап алуусун чектөө. Сатуучулардын (аткаруучулардын) тизмеги, ошондой эле сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө үчүн ага ылайык өздөрүндө POS-терминалдарды орнотууга милдеттүү болгон критерийлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Тизмекке киргизилген иштердин түрлөрүн ишке ашыруучу сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын пайдалануу менен накталай эмес формада төлөм кабыл алуу үчүн арналган жабдуулардын (орнотмонун) жоктугу үчүн административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-глава төмөнкүдөй мазмундагы 293-1-берене менен толукталсын:
"293-1-берене. Тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган иштин өзүнчө түрлөрүн аткарууда банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуулары үчүн арналган жабдуулардын (орнотмонун) жоктугу.
Тизмеги Өкмөт тарабынан аныкталган иштин өзүнчө түрлөрүн аткарууда банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуулары үчүн арналган жабдуулардын (орнотмонун) жоктугу, -
жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер, администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталап жасалганда, -
жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана:
шаарларда - расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин;
райондук борборлордо - расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|