Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 530
Жашы жетпеген балдарына алимент кармалып калуучу эмгек акынын жана башка кирешенин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү жөнүндө
Жашы жетпеген балдарына алимент кармоо боюнча аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу механизмдерин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашы жетпеген балдарына алимент кармалып калуучу эмгек акынын жана башка кирешенин түрлөрүнүн тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрдин, милдетин аткаруучу Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| М.Абулгазиев |
Тиркеме
Жашы жетпеген балдарына алимент кармалып калуучу эмгек акынын жана башка кирешенин түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ
1. Жашы жетпеген балдарын багууга алимент кармап калуу, ата-эненин негизги иштеген жеринен да, айкалыштырып иштеген жеринен да акчалай (сом же чет элдик валютада) жана натуралай формада алган баардык эмгек акыларынын түрлөрүнөн (акчалай сыйлыктарынан, акчалай үлүштөрүнөн) жана кошумча сыйлыктарынан жүргүзүлөт, анын ичинде:
- тарифтик ставка менен эсептелген эмгек акыдан, иштелген убакыт үчүн, иштегенине жараша төлөнүүчү аткарылган жумуш үчүн маянадан (кызматтык маянадан), продукцияларды сатуудан түшкөн (аткарылган жумуштан, кызмат көрсөтүүдөн), акчалай эмес түрдө берилген же комиссиялык сыйлыктан (камсыздандыруу агенттерине, брокерлерге ж.б.) түшкөн акчанын пайызынан;
- телекөрсөтүү жана/же радио аркылуу берилүүчү, басылма жана/же электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялануучу чыгармачыл иштердин түрлөрүн (маданият, маалымат чыгармаларын жаратуу) аткаргандыгы үчүн кызматкерге төлөнүүчү калем акыдан;
- кесиптик чеберчилиги, класстуулугу, иштеген жылдары (иш стажы), илимий даражасы, окумуштуулук наамы, чет тилин билгендиги, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтар менен иштегендиги, эки кесипти (кызматты) айкалыштыргандыгы үчүн тарифтик ставкаларга жана маяналарга үстөктөрдөн же кошумча төлөөлөрдөн (кызматтык маяналардан);
- жумуш шартына байланыштуу төлөөлөрдөн, анын ичинде эмгек акыны райондук жөнгө салуу менен шартталган (эмгек акыга коэффициенттер жана пайыздык үстөктөр түрүндө) төлөөлөрдөн, оор жумуштарда, зыяндуу жана/же кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шартындагы жумуштарда жогорулатылган эмгек акылардан, ошондой эле түнкү убакытта, майрамдарда жана дем алыш күндөрү иштегендиги үчүн, жумуш убактысынан тышкары иштегендиги үчүн төлөөлөрдөн;
- эмгек акы төлөө системасында каралган кошумча төлөөлөрдүн жана үстөктөрдүн баардык түрүнөн, ошондой эле эмгек акы төлөө фондунун чегинде же тиешелүү органды кармоого каралган каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен алынган үстөктөрдөн;
- эмгек акы төлөө системасында каралган акчалай сыйлыктардан жана сый акылардан;
- эмгек өргүүдө сактала турган эмгек акыдан, ошондой эле колдонулбай калган өргүү үчүн акчалай компенсациядан, бир нече жыл үчүн өргүүлөрдү бириктирген учурда гана;
- акы төлөнүүчү ар жылдык эмгек өргүү берилген учурда ден соолукту чыңдоого берилген жөлөкпулдардан;
- багуучусунан ажырагандыгы боюнча төлөнүүчү пенсияларды кошпогондо, пенсионерлердин айрым категорияларына белгиленген пенсиянын баардык түрлөрүнөн, аларга ар айлык үстөктөрдү, көбөйтүүлөрдү, жогорулатууларды жана кошумча төлөөлөрдү эске алуу менен;
- билим берүү уюмдарында окугандарга төлөнүүчү стипендиялардан;
- убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулдардан, кош бойлуулугу жана төрөт боюнча жөлөкпулдардан жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдардан, соттун чечими жана алиментти өндүрүү жөнүндө соттук буйрук же болбосо алимент төлөө жөнүндө нотариалдык жактын күбөлөндүрүлгөн макулдашуу болгондо гана, эгерде жөлөкпулдардын белгиленген өлчөмдөрү эмгек акынын, эмгекти жана саламаттыкты коргоого кепилдик берилген минималдуу өлчөмдөн төмөн болбосо;
- уюмду жоюуга, кызматкерлердин санын же штатты кыскартуу иш чараларын ишке ашырууга байланыштуу жумуштан бошотулган кызматкерлерге жумушка орношконго чейин төлөнө турган суммадан;
- ишкердикти жүргүзүүгө байланыштуу кеткен чыгымдарды алып салуу менен аныкталуучу юридикалык жакты түзбөгөн ишкердиктен түшкөн кирешеден;
- мүлктү ижарага бергенден түшкөн кирешеден;
- уюмдун жеке менчигин башкарууга катышуудан түшкөн акциялар боюнча кирешеден жана башка кирешеден (дивиденттер, үлүштүк пайлардын төлөмдөрү ж.б.);
- материалдык жардамдын суммасынан;
- жарандык мыйзамдарга ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча алынган кирешелердин суммасынан, ошондой эле автордук жана чектеш укуктарды ишке ашыруудан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жумуштарды аткаргандыгы жана кызмат көрсөткөндүгү үчүн (нотариалдык, адвокаттык иштер ж.б.) алынган кирешелерден;
- дарылоо-профилактикалык тамактанууну кошпогондо берилүүчү (төлөнүүчү) тамактануунун наркына барабар суммадан, ошондой эле баланын төрөлгөнүнө, туугандарынын каза болушуна, никеге катталгандыгына байланыштуу төлөнүүчү акчалай суммаларды кошпогондо эмгек жөнүндө мыйзамдарга ылайык жумуш берүүчүнүн башка төлөөлөрүнөн, ошондой эле кызматтык командировкага, башка жерге иштөөгө которулганына, кабыл алууга же жиберүүгө, кызматкерге таандык аспаптардын эскиргенине байланыштуу компенсациялык төлөөлөрдөн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кызматтык маяналардан, аскердик, атайын наам боюнча маянадан, атайын наам же класстык чен үчүн кошула турган үстөктөрдөн жана кызматты өтөөнүн өзгөчө шарттары үчүн үстөктөрдөн;
- эмгек акы төлөө системасында каралган туруктуу жана бир жолку мүнөздөгү жана тиешелүү органды кармоого каралган каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен алынган сый акылардан (акчалай сыйлыктардан);
- аскер окуу жайларынын, атайын окуу жайларынын курсанттарынын (угуучулардын) кызматтык маянасынан (стипендиясынан).
2. Алимент төлөөчү адамга эсептелген эмгек акынын жана башка кирешенин суммасынан алимент өндүрүү ушул эмгек акыдан жана башка кирешеден Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү кармап калгандан (төлөнгөндөн) кийин жүргүзүлөт.
3. Түзөтүү жумуштарына соттолгондордон аткаруу документтери боюнча алимент өндүрүү соттун өкүмү же токтому боюнча жүргүзүлгөн кармоолорду эсептен чыгарып салуу менен баардык эмгек акынын 70 пайызынан жүргүзүлөт.
4. Түзөтүү мекемелеринде, ошондой эле тергөө изоляторунда жазаларын өтөп жаткан, акы төлөнүүчү жумуштарга тартылган соттолуучулардан алимент өндүрүү аларды аталган мекемелерде кармоо боюнча чыгымдардын ордун толтурууга чегерүүлөрдү алып салуу менен бардык эмгек акысынын жана башка кирешелеринин 70 пайызынан жүргүзүлөт.