Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 532
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 123 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы "2018-жылдын 1-мартына" деген сөздөр "2020-жылдын 31-мартына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
1) 1-пунктунда:
- биринчи абзац "ипотекалык кредиттерди" деген сөздөрдөн кийин ", турак жайды кеңейтүүгө жана капиталдык оңдоого кредиттерди берүүнүн шарттарын, кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага берүүнүн шарттарын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 2-пунктунда:
- экинчи абзацы "катышуучу" деген сөздөн кийин "тандоо критерийлерине шайкеш келген" деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- турак жай - Программада каралган критерийлерге жооп берген, турак жай фондунун өзүнчө бирдиги (жеке турак үй, жеке турак үйдүн бөлүгү, көп батирлүү үйдөгү батир);";
- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ачык акционердик коому (мындан ары - МИК) - ипотекалык турак жай кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ачык акционердик коом формасында түзүлгөн юридикалык жак, ишинин предметтеринин бири Программаны ишке ашыруу болуп саналат;";
- сегизинчи абзацындагы "жарандарга турак жай сатып алууга же курууга" деген сөздөр "катышуучуларга турак жай сатып алууга жана курууга же турак жайды кеңейтүүгө жана капиталдык оңдоого" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- тогузунчу абзацында:
- "жарандарга" деген сөз "катышуучуларга" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "банк." деген сөз "финансы-кредиттик мекеме;" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу, он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"- барак үйдөгү батир - жалпы пайдалануудагы жер участогунда жайгашкан, 2 же андан көп үй-бүлөө жашаган бир кабаттуу жер үйдөгү батир;
- эмгек стажы - уюмда иштеген жылдары же ишкердик/экономикалык иштерди ишке ашыруу мезгили;
- төлөө жөндөмдүүлүгү - Программанын катышуучусунун кредиттик келишимден же аны сатып алуу менен ижара келишиминен келип чыгуучу финансылык милдеттенмелерди өз учурунда жана толугу менен аткаруу жөндөмдүүлүгү.";
- 3-главасынын аталышы "катышуучуларын" деген сөздөн кийин "Жеңилдетилген ипотека" жана "Арзан ипотека" багыттары боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 3-пунктунда:
- "Программанын катышуучусу болушат" деген сөздөр "катышуучу болуп саналышат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "ипотекалык кредиттин" деген сөздөр "ипотекалык кредитти жоюунун же ижара төлөмдөрүнүн пландык графиктерине ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 4-пунктунда:
- биринчи абзацы "же куруу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле кийин сатып алуу менен ижарага алуу" деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзацы "балдарында" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын аймагында" деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзацы "3 жылдын ичинде" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 - 4-5-пункттар менен толукталсын:
"4-1. Катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында мыйзам боюнча мураска калган турак жайда 12 кв.м көп эмес үлүшү болгон учурда Программага катышууга жол берилет.
4-2. Турак жайын кеңейтүү үчүн катышуучуларга коюлуучу талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
- жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес же ушул уюмда иш стажы бир жылдан кем эмес болгондо;
- катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында жалгыз биргеликте жеке турак жайынын болушу (жалпы аянты 24 кв.м чейин), тактап айтканда барак үйлөрдө батири, жатаканада бөлмөсү же коммуналдык батири;
- Программага катышуучуда, катышуучунун күйөөсүндө (аялында) жана катышуучунун жашы жете элек балдарында катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
- катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү.
4-3. Контракттык турак жай аманаттары жана жеке турак жайын капиталдык оңдоо механизмдеринин алкагында Программага катышуу үчүн жеке турак жайы бар Кыргыз Республикасынын жарандарына жол берилет.
4-4. МИК иштеп чыккан механизмдерди эске алуу менен "Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча Программага катышуу үчүн Комиссия жарандардын өзүнчө категорияларын аныктайт.
4-5. Катышуучуларга ипотекалык кредиттерди, анын ичинде субсидияларды жана жеңилдиктерди максаттуу кызыкчылыктарга жана даректүү берүү үчүн МИК карыз алуучуларды тандоо процесстерин автоматташтыруу жана дифференциацияланган мамиле колдонуу, ошондой эле карыз алуучунун кирешелеринин деңгээлин, турак жайдын наркын, үй-бүлөө курамын жана аймактык жайгашканын эске алуу менен кредит берүү шарттарына максаттуу багыттарды белгилөөдө карыз алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоо методологияларын өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзөт.";
5) 5-пунктунда:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Программага катышууга биринчи кезекте укук төмөнкүлөргө берилет:";
- үчүнчү абзацы "жаткан адамдарга" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын камкорчуларына" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- жашы жете элек баланы/балдарды ата-эненин бири гана тарбиялаган толук эмес үй-бүлөөлөргө;
- республиканын бийик тоолуу, алыскы барууга кыйын болгон зоналарында жана чек ара райондорунда оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарында жашаган жана иштеген жаш адистерге (врачтарга, мугалимдерге, социалдык кызматкерлерге).";
6) 10-пунктунда:
- биринчи абзацы "Программага" деген сөздөн мурун "Ипотекалык кредит алуу максатында" деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзацы "иш берүүчү" деген сөздөн кийин "(ишкерлер үчүн - экономикалык/ишкердик ишин тастыктоочу документ)" деген сөздөр менен толукталсын;
- жетинчи абзацындагы "акыркы 3 жылдын ичинде" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында катышуучуга, катышуучунун күйөөсүнө (аялына) жана катышуучунун жашы жете элек балдарына" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- кыймылсыз мүлккө укугун белгилөөчү жана укугун күбөлөндүрүүчү документтер (кеңейтүүдө).";
7) 11-1-пунктунда:
- үчүнчү абзацы "ипотекалык кредит" деген сөздөрдөн кийин "кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары ар бир айдын 10уна чейинки мөөнөттө катышуучулардын топтомо тизмелерин, арыз-анкеталарын, катышуучулардын паспортторунун көчүрмөлөрүн жана башка документтерди МИКке жиберип турушат.";
9) 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"МИК катышуучулардын тизмеси келип түшкөндөн кийин катышуучулардын тизмесин топтойт, түзөт жана бекитет.";
10) 4-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"15-1. Турак жайды андан ары сатып алуу менен ижарага берүүнүн алкагында МИК өз алдынча белгиленген тартипке ылайык катышуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзөт.";
11) 16-18-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 19-пунктунда:
- "белгиленген квоталар менен" деген сөздөр алып салынсын;
- "МИК" деген аббревиатурадан кийин "ипотекалык кредит берүүдө" деген сөздөр менен толукталсын;
13) 21-1-пунктунда "ипотекалык кредиттин" деген сөздөр "Программанын" деген сөз менен алмаштырылсын;
14) 25-пунктунда "квоталар менен, " деген сөздөр алып салынсын;
15) Убактылуу жобонун 1-тиркемесинде:
- аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы" деген сөздөр "Жеңилдетилген ипотека" багыты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Эскертүү" графасынын 2-пунктунда:
- "сатып алуу" деген сөздөрдөн кийин ", анда жашоо милдеттүү шарт болуп саналат" деген сөздөр менен толукталсын;
- "(жеке турак үй)" деген сөздөрдөн кийин ". Убактылуу жобонун 4-2-пунктуна ылайык турак жайды кеңейтүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Эскертүү" графасынын 10-пунктундагы "камсыздандыруу" деген сөздөн кийин "жана кредиттик таржымалы жөнүндө маалымат алуу сурамдары" деген сөздөр менен толукталсын;
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
15 | Ипотекалык кредит боюнча баштапкы төгүм (жеке салымы) жана пайыздык ставкалар | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу мамлекеттик ипотекалык кредит боюнча базалык пайыздык ставкага колдонулуучу коэффициенттер эсептөө тартибине ылайык. Катышуучунун жеке салымы жок болсо, өнөктөш банктын ыктыяры боюнча кошумча күрөөнү коюуга, ошондой эле кепилдик фондунун каражаттарынан каралган кепилдик милдеттенмелерге же бюджеттик уюмдар үчүн башка булактарга жол берилет. |
".
- төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"
15-1 | Кепилчилик | Ипотекалык кредит катышуучуга сатып алынуучу турак жайга кепилчилик берүүчүсүз бөлүнөт. |
";
- 20-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
16) ушул токтомдун тиркемесине ылайык 1-1-тиркеме менен толукталсын;
17) Убактылуу жобонун 2-тиркемесинде:
- аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасы боюнча ипотекалык кредитке" деген сөздөр "Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункту менен толукталсын:
"
1-1 | Ижара объектинин предмети иштеген жери боюнча көп батирлүү үйдөгү батир же жеке турак үй болуп саналат | Укугун белгилөөчү документтер, кыймылсыз мүлк объектинин (батир же жеке турак үй) техникалык паспорт |
";
- "Ипотекалык кредитке алынуучу турак жайга талаптар" графасынын 4-пунктунда:
- "ипотекалык кредиттин предмети" деген сөздөр "турак жай" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "карыздын калдыгынын суммасына" деген сөздөр алып салынсын;
18) Убактылуу жобонун 3-тиркемесинде:
- "Жеке маалыматтары" графасындагы "Иш жүзүндө жашаган дареги" деген сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Иш жүзүндө жашаган дареги | Шаар/район _____________________ көчө: _________________________ үй № _________ батир № ________ |
";
- "Иш жүзүндө жашаган дареги" графасындагы "Үй-бүлөнүн курамы" деген сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Үй-бүлөнүн курамы | Жалпы саны, анын ичинде арыз берүүчү _______________, алардын ичинен: 18 жашка чейинки үй-бүлөө мүчөлөрү _____________; 18 жаштан жогору үй-бүлөө мүчөлөрү _____________. |
";
- "Иши жөнүндө маалымат" графасы төмөнкүдөй мазмундагы сап менен толукталсын:
"
Ишинин чөйрөсү | □ бюджеттик чөйрө □ жеке ишкердик |
";
- "Ипотекалык кредит жөнүндө маалымат" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
Программага катышуу жөнүндө маалымат | |
□ даяр турак жай сатып алууга ипотекалык кредит(*) | □ турак жайды кеңейтүүгө ипотекалык кредит(*) |
□ жеке турак жай курууга ипотекалык кредит(*) | □ кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага берүү |
(*) Ипотекалык кредиттин суралып жаткан суммасы, сом |
|
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| М.Абулгазиев |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жобонун 1-1-тиркемеси |
"Жеңилдетилген ипотека" багыты боюнча кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага берүү ШАРТТАРЫ
№ | Параметрлер | Эскертүү |
1 | Катышуучу (максаттуу топ) | Тандоо критерийлерине шайкеш келген жарандар |
2 | Максаттуу багыты | МИКтин турак жай фондунан турак жайды кийин сатып алуу менен ижарага берүү |
3 | Ижара предмети | МИКтин турак жай фондундагы көп кабаттуу даяр батир |
4 | Ижара мөөнөтү | Ижаранын максималдуу мөөнөтү - 15 жылдан ашык эмес |
5 | Валютасы | Кыргыз сому |
6 | Жоюу графигине ылайык сумманы толугу менен жоюуга чейин жеке менчик укугу | МИК |
7 | Жеке менчик укугунун ижарачыга өтүүнүн мөөнөтү | Төлөө мөөнөтү бүткөндө же турак жайдын толук наркы мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн учурда. Ижара келишиминин тиркемесине (төлөө графиги) ылайык акыркы сумма төлөнгөндөн кийин 30 жумушчу күндүн ичинде ижарачынын жеке менчигине ижара объектисин тариздөө мөөнөтү |
8 | Ижарага төлөө суммасы | Эсептөөлөр турак үйдүн бир (1) квадрат метринен алынат. (Эсептөө методикасы коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдөн жана ижара объектин талаптагыдай абалда кармоо үчүн чыгымдардан тышкары, батирдин наркынын бөлүгүнөн, ижара наркынан, ижара объектин камсыздандыруудан турат) |
9 | Комиссиянын түрлөрү жана өлчөмү | Башкаруу үчүн кандайдыр бир комиссия жок. Ижара төлөмүн ай сайын кабыл алуу үчүн комиссия өнөктөш банктын тарифине ылайык |
10 | Ижара наркы | МИКтин чечими менен аныкталат |
11 | Ижарага турак жай берүү боюнча шарттарды өзгөртүү | Бир айлык төлөмдөн кем болбогон өлчөмдө сумма берилген шартта ижарачынын макулдугу менен ижарадагы турак жайды сатып алуу мөөнөтүн кыскартууну эсепке алуу менен учурдагы график боюнча келечектеги төлөмдөрдүн эсебине ижара акысын төлөөгө жол берилет. Графикке ылайык ижаралык төлөмдөрдүн суммасынын толук калдыгын төлөө аркылуу бүтүм түзүлгөн учурдан тартып ижарадагы турак жайды мөөнөтүнөн мурда сатып алууга жол берилет |
12 | Камсыздандыруу | "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ижарадагы объекттерди милдеттүү түрдө жыл сайын камсыздандыруу |
13 | Катышуучуларга мониторинг жүргүзүү | МИК ижарадагы объекттердин максаттуу пайдаланылышын жана талаптагыдай күтүлүүсүн текшерет |
14 | Катышуучунун, катышуучунун күйөөсүнүн (аялынын) жана кепилчилик берүүчүнүн кредиттик таржымалы | Арыз берүү учуруна чейин 3 (үч) жыл ичинде кредит боюнча терс таржымалдын болбоосу, атап айтканда: - учурда мөөнөтү өтүп кеткен милдеттенмелердин жоктугу; - насыя бергендин пайдасына карыздын суммасын өндүрүү, мүлкүн камакка алуу тууралуу сот тарабынан чечимдин болбоосу |
15 | "Ижаралык турак жай" механизминин алкагында программага катышуу | Катышуучу, ошондой эле катышуучунун күйөөсү (аялы) "Ижаралык турак жай" механизминин алкагында турак жай менен бир жолудан көп эмес камсыз болот |
16 | Кепилчилик | МИК зарылдыгына жараша кепилчилик берүүнү талап кылууга укуктуу |
17 | Кепилчилик берүүчүгө коюлуучу талаптар | Эгерде катышуучу катталган никеде турган болсо, анда анын күйөөсү/аялы анын туруктуу кирешеси бар же жок экенине карабастан, милдеттүү түрдө катышуучу жана кепилчилик берүүчү болуп калат. Тастыкталган ар айлык киреше (эмгек акы жөнүндө маалымдама же кирешени тастыктоочу башка документтер). |