Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-сентябры № 550
2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттерде эл аралык электр байланыш кызматтарын көрсөтүүдө операторлор аралык өз ара эсептешүүлөрдү ишке ашыруунун шарттары жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттерде эл аралык электр байланыш кызматтарын көрсөтүүдө операторлор аралык өз ара эсептешүүлөрдү ишке ашыруунун шарттары жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) ушул токтомдун тиркемесине ылайык эскертме менен бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эскертме менен аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 22-сентябрында N 104 жарыяланды
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттерде эл аралык электр байланыш кызматтарын көрсөтүүдө операторлор аралык өз ара эсептешүүлөрдү ишке ашыруунун шарттары жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын ЭСКЕРТМЕСИ
Кыргыз Республикасы Тараптардын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу салык салуу мамилелеринде каралган Макулдашуунун жоболорунан сырткары, 2015-жылдын 30-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган КМШга катышкан мамлекеттерде эл аралык электр байланыш кызматтарын көрсөтүүдө операторлор аралык өз ара эсептешүүлөрдү ишке ашыруунун шарттары жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга катышат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |