Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-сентябры № 552
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө жободо:
5-пунктунда:
- биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. "Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасына жалпы жетекчилик кылуу жана ишин координациялоо Премьер-министр - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан күнүмдүк башкаруу органдары аркылуу жүргүзүлөт жана аймактык-өндүрүштүк принцип боюнча аймагында өзгөчө кырдаал пайда болгон аткаруу бийлигинин республикалык органдарын, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана уюмдары тартуу менен уюштурулат.";
- үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясынын төрагасынын орун басарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу башчысынын биринчи орун басарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- башкаруу сигналдарын жана ЖКМТнын аймактык системасынын иштөө режиминин өзгөрүүсүнө сигналдарды кабыл алуу-берүү;
- өрттөн куткаруучу кызматтарынын гарнизонунун күчтөрүн жана каражаттарын, дайыма даярдыктагы Жарандык коргонуунун авариялык-куткаруу, издөө-куткаруу жана башка күчтөрүн оперативдүү башкаруу.
Жарандык коргонуунун Мамлекеттик системасынын башкаруу органдарын бирдиктүү маалымат мейкиндигине бириктирүү үчүн Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы колдонулат.";
- 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү-он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"КМКЖКТ калкты маалымдоо жана кабарлоо үчүн төмөнкүдөй технологияны жана техникалык каражаттарды колдонот:
- электрондук сиреналар;
- телерадио берүү каналдарын тартып алуу;
- тез кабарлоо кызматы;
- аудио билдирүүлөр;
- светодиоддук экрандар;
- видео байкоо камералары;
- үн күчөткүчтөр менен маалымдоо;
- түстүү плазма (суюк кристалдык) панелдери;
- "жүгүртмө сап" сыяктуу текстик дисплейлер;
- экранды кеңейтүү тутуму;
- калкты маалымдоо жана кабарлоо мобилдүү комплекстери.
11-пунктунда:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. ЖКМТнын бардык деңгээлдеринде калкты оперативдүү кабарлоо үчүн маалымдоонун жана кабарлоонун борбордоштурулган атайын системалары түзүлөт.";
- үчүнчү абзацы "органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "аткаруучу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пунктунда:
- үчүнчү абзацындагы "жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кырдаалдар залын" деген сөздөр алып салынсын;
- төртүнчү абзацындагы "жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кырдаалдар залын каржылоо жана материалдык камсыздоо тиешелүү уюмдардын бюджетинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат" деген сөздөр "каржылоо жана материалдык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн тиешелүү жылга каралган бюджетинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |