Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-сентябры № 553
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешов, Ө.Т.Бабанов, Н.К.Макеев, М.К.Жеенчороев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Приложение
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешов, Ө.Т.Бабанов, Н.К.Макеев, М.К.Жеенчороев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Бул Мыйзамдын долбоору IV топ боюнча мүлккө салыкты жокко чыгарууну жана бул салыкты акциз салыгына кошууну карайт.
Эгерде, ушул демилге ишке ашырылса, бардык жарандар автомобилинин наркына карабастан бирдей акциз салыгын төлөп калышат. Андан дагы автомобили жоктор жана эч качан болбогондор да ар кандай товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда жаңы салык төлөшөт, анткени акциз кыйыр салык катары транспорттук чыгымдар аркылуу ар кандай товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына кошулат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамынын негизги принциптеринин бири болуп саналган, салык салуунун адилеттүүлүк принциби бузулат. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык салык мыйзамынын ченемдери Кодексте белгиленген принциптерге карама-каршы келбеши керек.
Мындан тышкары, күйүүчү майларга акциздик салыкты жогорулатуу күйүүчү-майлоочу материалдардын (мындан ары - КММ) эле эмес, транспортко байланышы бар бардык башка товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө алып келет. Белгилүү болгондой, КММга баанын өсүшү сөзсүз түрдө инфляциянын өсүшүнө жана баалардын жалпы деңгээлинин жогорулашына алып келет.
Ошондой эле, бюджеттик мыйзамга ылайык мүлккө салык жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин бекитилген булактары болуп саналат, аны башкаруу боюнча ыйгарым укуктар мамлекеттик каттоо функциясын кошпогондо, салык мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген. Ушуга байланыштуу мүлккө салыктан түшкөн кирешенин суммасы (I-IV топтор) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (мындан ары - ЖӨБ) тарабынан түзүлөт жана жергиликтүү кеңеш тарабынан жергиликтүү бюджеттердин курамында бекитилет.
Жыйымдардын толуктугун камсыз кылуу максатында процесске ЖӨБ органдарын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды тартуу аркылуу Салык кодекси менен жөнгө салынуучу транспорт каражаттарына салынуучу салыкты башкаруу системасы коррупциялык тобокелдиктерди азайтаарын белгилейбиз жана салыктын иш жүзүндө төлөнгөн суммасын расмий ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын статистикалык каттоо маалыматтарында топтолгон баалоо көрсөткүчтөрү менен күзгүдөй чагылдырып салыштыруу ыкмасына шайкеш келет, ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарына мониторинг жүргүзүүгө жана башкарууну жакшыртууга дем берет.
Алсак, жүргүзүлгөн талдоого ылайык 2014-жылы транспорт каражатынан түшкөн салыктар 670,6 млн. сомду, 2015-жылы - 689,2 млн. сомду, 2016-жылы - 796,5 млн. сомду түзгөн, ошону менен алардын 30%ы Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешеси болуп саналат.
Бюджеттик мыйзамга ылайык КММнын импортуна акциздик салык республикалык бюджеттин негизги бекитилген киреше булактарынын бири болуп саналат, анын болжолдуу суммасы республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилет. Мында КММнын импортунун негизги көлөмү Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдөн ташылып келет, алар боюнча акциздердин түшүүлөрүн башкаруу салык органдарынын ыйгарым укугу болуп саналат. Ошондой эле салык кызматы КММнын импортунун көлөмүнө эч кандай таасирин тийгизбейт жана тиешелүү түрдө пландалган салыктын суммаларынын түшүшүнө кепилдик бере албайт. 2016-жылдын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышына жүргүзүлгөн талдоого ылайык, импорттун көлөмүнүн төмөндөшүнөн улам, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден ташылып келген товарларга акциздик салыктар боюнча алынбай келген жыйым 71 млн. сомдон көптү түзөт.
Ошол эле учурда, 2016-жылы кыймылсыз мүлккө салык боюнча план 113,3%га аткарылган, же пландан тышкары 93,6 млн. сом түшкөн. Мында 2015-жылга салыштырганда түшүүлөрдүн өсүшү 15%дан көп болуп, 107,3 млн. сомду түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 46-беренесине ылайык жалпы мамлекеттик кирешелер гана бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренесине ылайык тиешелүү бюджеттерде каралган кирешелердин айрым түрлөрүн башка бюджетке өткөрүп берүүгө тыюу салынган жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенде гана жүзөгө ашырылат, анда республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды так чектөөгө негизделген.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 45-беренесинде каралган бюджеттердин ортосундагы мамилелердин негизги принциптеринин бири бюджеттик системанын ар бир бюджетине кирешелердин өздүк булактарын бекитип берүү жана бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнүн ченемдерин узак мөөнөттүү негизде аныктоо болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, аталган мыйзам долбоору кабыл алынган учурда:
- жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын суммасын көбөйтүү зарылдыгы пайда болот, ошону менен бюджеттик ресурстардын чектелүү экенин эске алсак, социалдык, маданий жана жергиликтүү органдардын ишине байланыштуу башка программалардын аткарылбай калуу коркунучу түзүлөт;
- салыктарды төлөө боюнча калктын салыктык маданиятын түзүү жана өнүктүрүү процесстерин жоготууга алып келет. Бүгүнкү күндө, коомчулукта мүлккө салык төлөө зарылдыгы жөнүндө оң тенденция түзүлүп калды. Ал жокко чыгарылган учурда кыймылсыз мүлккө салыкты, жер салыгын жокко чыгарууну лоббирлөөдөн прецедент пайда болот;
- бардык кирешелерди декларациялоону киргизүү алдында, кыймылдуу мүлктөр боюнча салык органдарынын базасын жоготууга алып келет, натыйжасында региондор, айыл өкмөтү, калктуу конуштар боюнча 4-топтогу мүлккө жана төлөнгөн салыктарга карата талдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жоголот;
- бензинге акциздик салыктын колдонуудагы ставкасын көбөйтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат, ошону менен бул салык республикалык бюджетке түшөт;
- КММнын баасынын кымбатташы транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын да жогорулашына алып келет, бул калктын социалдык аялуу катмарынын, транспорттук компаниялардын, дыйкандардын, фермердик чарбалардын жана түздөн-түз ушул чөйрөдө иштеген субъекттердин (нефтетрейдерлердин) нааразычылыгын пайда кылат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү IV топтогу мүлккө салыкты жоюуну караган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.