Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-сентябры № 562
"Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын:
- "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу".
2. Аталган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 3, 123-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
7-беренесинде:
- 2-бөлүгүнүн он үчүнчү абзацындагы "(акциялардын пакетине)" деген сөздөр алып салынсын;
- 4 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө
1-берене. Жалпы жоболор
1. Ушул Мыйзам мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүнүн максаттарын, тартибин жана ыкмаларын аныктайт жака мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу процессинде келип чыккан ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусу (мүлктүн менчик ээси) менен ишенимдүү башкаруучунун ортосунда пайда болгон укуктук мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттин менчигинде турган мүлктөргө жайылтылат:
- чарбалык шериктиктердин жана коомдордун капиталындагы акцияларга (үлүштөргө);
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тутумунда иш алып барган мамлекеттик ишканалардын мүлктүк комплекстеринен тышкары мүлктүк комплекс катары мамлекеттик ишканаларга;
- кыймылсыз мүлккө.
3. Ишенимдүү башкаруунун банк, камсыздандыруу жана инвестициялык иштер чөйрөсүндөгү өзгөчөлүктөрү тиешелүү мыйзамдарда белгилениши мүмкүн.
4. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилиши аны менчиктөө укугунун ишенимдүү башкаруучуга өтүшүнө алып келбейт.
2-берене. Мүлктү ишенимдүү башкаруунун максаттары
1. Мамлекеттик мүлк төмөнкү максаттарда ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилет:
- аны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана пайда алуу;
- мамлекеттин экономикасына тышкы жана ички инвестицияларды тартуу;
- экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
- ишенимдүү башкаруу - башкаруу ыкмаларынын бири, ага ылайык ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусу (мүлктүн менчик ээси) ишенимдүү башкаруучу менен мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин түзөт;
- ишенимдүү башкаруучу - мамлекеттик мүлккө карата ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырган жана ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) же ал көрсөткөн жактын (пайда көрүүчүнүн) кызыкчылыктары үчүн ар кандай юридикалык жана иш жүзүндөгү аракеттерди жасаган мамлекеттик ишканадан тышкары юридикалык жак (коммерциялык уюм) же жеке ишкер;
- ишенимдүү башкаруу келишими - бул тараптардын макулдашуусу, ага ылайык тараптардын бири (ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) экинчи тарапка (ишенимдүү башкаруучуга) аныкталган мөөнөткө мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берет, ал эми ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусунун (мүлктүн менчик ээсинин) же ал көрсөткөн жактын (пайда көрүүчүнүн) кызыкчылыктарында башкарууга милдеттендирилет;
- конкурс - мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүүнүн бир ыкмасы, мында ишенимдүү башкаруу келишимин түзүү укугуна конкурстун шарттарында белгиленген милдеттенмелер менен, мамлекеттик мүлктү өнүктүрүүнүн мыкты бизнес-планын сунуштаган мамлекеттик ишканадан тышкары юридикалык жак (коммерциялык уюм) же жеке ишкер ээ болот;
- мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү - мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучуга ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген шарттарда, конкурс боюнча же түз өткөрүп берүү ыкмасы менен берүү;
- түз өткөрүп берүү - ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген шарттарда, конкурс өткөрбөстөн эле, конкреттүү жакка мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү ыкмасы;
- ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусу (мүлктүн менчик ээси) - мамлекеттин атынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
4-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү тартиби
1. Мамлекеттик мүлк ишенимдүү башкарууга ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан өткөрүлүп берилет. Ишенимдүү башкарууга бериле турган мамлекеттик мүлктүн тизмеси ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарабынан бекитилет.
2. Ишенимдүү башкарууга берилип жаткан мамлекеттик мүлк мамлекеттик ишкананын мүлктүк комплекс катары тармактык мамлекеттик органдын алдында иштеген учурларда ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) мындай мамлекеттик мүлктү ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык иштелип чыга турган тизмеге аны тескөөчү тармактык мамлекеттик органдын макулдугу боюнча киргизет.
3. Мамлекеттик мүлк ишенимдүү башкарууга конкурстун негизинде же түз өткөрүп берүү жолу менен берилет.
4. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга бүтүндөй мүлктүн өзүнчө түзүүчү бөлүгү (жабдуулар, курулушу бүтө элек объекттер) түрүндө берүүгө тыюу салынат.
5. Башкарууга берилип жаткан мүлк башка мүлктөн айырмаланып бөлүнөт жана ишенимдүү башкаруучунун өзүнчө балансында чагылдырылып, ал боюнча өз алдынча эсеп жүргүзүлөт, эсептешүүлөр үчүн өзүнчө банктык эсеп ачылат.
6. Мамлекеттик мүлк мүлктүк комплекс же кыймылсыз мүлк түрүндө мамлекеттик ишканадан тышкары юридикалык жакка (коммерциялык уюм) жана жеке ишкерге ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилет.
7. Мамлекеттик мүлк чарбалык шериктиктин жана коомдун капиталындагы акция (үлүш) түрүндө Кыргыз Республикасында инвестициялык активдерди башкарууга лицензиясы бар юридикалык жактарга гана ишенимдүү башкарууга берилет.
8. Ишенимдүү башкарууга берилип жаткан мамлекеттик мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мүлктү баалоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык аныкталат.
9. Эгерде, ишенимдүү башкаруунун предмети чарбалык шериктиктин жана коомдун акциясы (үлүшү) түрүндө мамлекеттик мүлк болуп саналса, ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) өткөрүп берүү буйругунун негизинде ишенимдүү башкаруучуга акцияларды (үлүштү) берет, мында акционерлердин реестрин жүргүзүү системасына жазуу киргизүү үчүн негиз катары инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруунун тиешелүү келишими көрсөтүлөт (келишимдин номери жана ал түзүлгөн күн).
5-берене. Мүлктү түз өткөрүп берүү
1. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга туз өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча ишке ашырылат.
2. Мүлктү түз өткөрүп берүү төмөнкүдөй учурларда колдонулат:
- эгерде, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү зарылдыгы каралса;
- мамлекеттик мүлктү жөнөкөй акциялардын (үлүшүнүн) 51,0 пайызынан көбү мамлекетке таандык болгон чарбалык шериктикке жана коомго берилсе;
- стратегиялык объекттерге тийиштүү болгон чарбалык шериктиктин жана коомдун жөнөкөй акциясынын (үлүшүнүн) беш же андан аз пайызы ушундай чарбалык шериктиктин жана коомдун жөнөкөй акциясынын (үлүшүнүн) 49 же андан аз пайызына ээ болгон экинчи акционерге (катышуучуга) объектти өнүктүрүүгө инвестиция жумшаган шартта берилсе.
6-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү боюнча конкурс
1. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү боюнча конкурс өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Мамлекеттик мүлктү конкурс боюнча ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүнүн негизги шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ишенимдүү башкарууга берилип жаткан мамлекеттик мүлктүн конкреттүү максаттарды жана натыйжаларды камтыган өнүктүрүү бизнес-планы;
- сунушталган бизнес-пландын аткарылышынын милдеттүүлүгү;
- мамлекеттик мүлктүн экономикалык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды же чараларды камсыз кылуунун финансылык кепилдиги катары кепилдик төгүм.
3. Конкурс өткөрүү үчүн ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан конкурстук комиссия түзүлөт, ал:
1) стратегиялык маанидеги объекттерден башка, мамлекеттик мүлктүн ушул Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кепилдик төгүмдүн өлчөмүн бекитет;
2) ишенимдүү башкаруучунун сыйакысынын өлчөмүн жана формасын аныктайт;
3) конкурстун шарттарына жана ишенимдүү башкаруучуга карата кошумча талаптарды аныктайт;
4) конкурс өткөрөт;
5) конкурстун жеңүүчүсүн жарыялайт.
4. Конкурс төмөнкүдөй учурларда өткөн жок деп таанылат:
- конкурска катышуу үчүн арыздар жок болсо;
- эгер конкурска катышуу үчүн бир гана арыз келип түшсө;
- келип түшкөн арыздар конкурстун шарттарына туура келбесе.
5. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү боюнча конкурстун жыйынтыгы конкурстун катышуучуларына конкурстук комиссиянын жыйыны өткөрүлгөн күнү жарыяланат.
6. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү боюнча конкурстун жыйынтыгы "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
7-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү үчүн ишенимдүү башкаруучуга карата негизги талаптар
1. Эгерде, ишенимдүү башкаруунун предмети мүлктүк комплекс жана кыймылсыз мүлк түрүндөгү мамлекеттик мүлк болуп саналса, ишенимдүү башкаруучу:
- мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик ишканадан тышкары жеке ишкер же юридикалык жак (коммерциялык уюм) катары катталууга жана конкурска катышууга арыз берген учурда ишкердигин беш жылдан кем эмес ишке ашырууга тийиш;
- башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээсине) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу учурунда келтирилген зыяндардын жана чыгымдардын ордун толтуруу үчүн активдерге ээ болушу керек;
- өзүнүн чарбалык иши акыркы төрт жылдын ичинде кирешелүү болууга тийиш;
- акыркы үч жылдын жыйынтыгы боюнча өзүнүн финансылык отчётуна ылайык, орду жабылбаган чыгымдары болбоого тийиш.
2. Ишенимдүү башкаруунун предмети чарбалык шериктиктин жана коомдун акциясы (үлүшү) түрүндөгү мамлекеттик мүлк болуп саналса, ишенимдүү башкаруучу:
- мамлекеттик мүлктү башкарууга арыз берген учурда мамлекеттик ишканадан тышкары юридикалык жак (коммерциялык уюм) катары ишкердигин беш жылдан кем эмес ишке ашырышы керек;
- өзүнүн чарбалык иши акыркы төрт жылдын ичинде кирешелүү болууга тийиш;
- акыркы жылдын жыйынтыгы боюнча өзүнүн финансылык отчётуна ылайык орду жабылбаган чыгымдары болбоого тийиш;
- башкаруучу компания катары инвестициялык активдерди же иштерди ийгиликтүү башкаруу тажрыйбасына ээ болууга жана мындай мисалдары боюнча маалыматтарды жалпыга ачууга даяр болууга тийиш.
3. Ишенимдүү башкаруучуга карата ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган талаптар акцияларынын (катыштык үлүшүнүн) 51 пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык шериктикке жана коомго мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүүдө, ошондой эле чарбалык шериктиктин жана коомдун жөнөкөй акцияларынын (үлүшүнүн) беш же андан аз пайызын берүүдө колдонулбайт.
8-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү боюнча конкурс жарыялоо жана аны өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтарды жарыялоо
1. Боло турган конкурс жөнүндө маалымат мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү боюнча конкурс өткөрүү датасына чейин, отуз календардык күн мурда, ал эми стратегиялык объекттер үчүн - конкурс өткөрүү датасына чейин, токсон календардык күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
2. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүүдө маалыматтык билдирүү формасында жарыяланууга тийиш болгон маалыматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Төмөнкүдөй маалыматтар милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш:
- объекттин (мамлекеттик мүлктүн) аталышы;
- конкурс өткөрүү датасы;
- мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу мөөнөтү.
3. Конкурс өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат, конкурс өткөн датадан кийинки он күндөн кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
9-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими
1. Мамлекеттик мүлктү башкарууга байланыштуу укуктук мамилелер ишенимдүү башкаруучунун жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) ортосунда түзүлүүчү ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде келип чыгат.
2. Келишим түзүлгөн учурда бар болгон, ошондой эле келечекте болушу мүмкүн болгон, анын ичинде ишенимдүү башкаруу келишиминен келип чыккан негиздерде башкаруучу тарабынан түзүлгөн жана сатып алынган, башкарууга берилүүчү мамлекеттик мүлк, ошондой эле аларга байланыштуу мүлктүк укуктар ишенимдүү башкаруу келишиминин предмети болуп саналат.
3. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими беш жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт, эгерде ишенимдүү башкаруучу тарабынан мамлекеттик мүлктү өнүктүрүүгө өлчөмү конкурстун шарттары менен аныктала турган ири инвестиция салынса, келишимдин мөөнөтү он жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.
4. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш, эгерде мамлекеттик мүлк мүлктүк комплекс жана кыймылсыз мүлк катары ишенимдүү башкарууга берилсе.
5. Ишенимдүү башкаруучунун мамлекеттик мүлктү башкарууга киришүүсү, эгерде ишенимдүү башкаруу келишиминде башкача каралбаса, ишенимдүү башкаруу келишими күчүнө кирген учурдан тартып аныкталат.
6. Ишенимдүү башкаруу келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- ишенимдүү башкарууга берилүүчү мамлекеттик мүлктүн курамы;
- мамлекеттик мүлктүн баланстык жана рыноктук наркы;
- ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусунун (мүлктүн менчик ээсинин) аталышы;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензия (чарбалык шериктиктин жана коомдун капиталдарындагы акцияларды (үлүштү) берүүдө);
- эгерде келишимде ишенимдүү башкаруу кайтарымсыз негизде жүргүзүлө турганы каралбаса, ишенимдүү башкаруучунун сыйакысынын өлчөмү жана формасы;
- ишенимдүү башкаруучунун ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) өзүнүн иштери жөнүндө отчет берүүсүнүн мөөнөттөрү жана тартиби;
- ишенимдүү башкаруу келишиминин колдонуу мөөнөтү;
- ишенимдүү башкаруучунун жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) укуктары жана милдеттери;
- мамлекеттик мүлктү башкарууда ишенимдүү башкаруучу тарабынан келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу тартиби;
- мамлекеттик мүлктө жетишпестиктер, анын ичинде абалынын начарлашы болсо, ишенимдүү башкаруучу тарабынан келтирилген зыяндын наркын кайтаруу же ордун толтуруу шарттары;
- тараптардын күнөөсү боюнча ишенимдүү башкаруучуга жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) келтирилген зыяндардын ордун толтуруу шарттары;
- ишенимдүү башкаруу келишимин узартуунун жана бузуунун шарттары;
- ишенимдүү башкаруу келишиминин шарттары бузулган учурда ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусунун (мүлктүн менчик ээсинин) жана ишенимдүү башкаруучунун жоопкерчилиги;
- ишенимдүү башкаруучу тарабынан мамлекеттик мүлк ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) кайтартуу мөөнөтү жана шарттары;
- кепилдик төгүмдүн кайтарып берүүнүн мөөнөттөрү жана шарттары;
- тараптардын ыктыяры боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга каршы келбеген башка шарттар.
7. Мамлекеттик мүлктү өнүктүрүүнүн бизнес планы ишенимдүү башкаруу келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
8. Ишенимдүү башкарууда турган мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүдө ишенимдүү башкаруу келишиминин колдонулушу токтотулбайт. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин негизинде жүзөгө ашырат.
9. Ишенимдүү башкаруу келишими түзүлгөн учурдан тартып он күндүк мөөнөттүн ичинде ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) эмитенттин реестрин кармоочуга (акцияларды (үлүштөрдү) берүүдө) же кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мүлктүк комплексти жана кыймылсыз мүлктү берүүдө) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга берүү жөнүндө маалыматты жөнөтөт.
10-берене. Кепилдик төгүм
1. Кепилдик (камсыз кылуу) төгүмдүн өлчөмү ишенимдүү башкарууга берилүүчү мамлекеттик мүлктүн наркынын он пайызынан кем эмесин түзүшү керек жана конкурстук комиссия тарабынан, ал эми стратегиялык объекттерге карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталат.
2. Кепилдик төгүм конкурстун жыйынтыгы жарыялангандан кийинки он иш күнүнүн ичинде төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилүүгө тийиш:
- эгерде конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылбаса;
- эгерде конкурс болгон жок деп таанылса;
- эгерде конкурска катышуу үчүн берилген билдирме катышуучу тарабынан чакыртылып алынса.
3. Кепилдик төгүм ишенимдүү башкаруучуга ишенимдүү башкаруу келишими боюнча милдеттенмелер аткарылган шарттарда кайтарылып берилет.
4. Эгер ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган өз милдеттерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, кепилдик төгүм соттун чечиминин негизинде кармалып калышы мүмкүн.
5. Жөнөкөй акцияларынын (үлүшүнүн) 51,0 пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык шериктикке жана коомдорго мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга тикелей берүүдө кепилдик төгүм талап кылынбайт.
11-берене. Ишенимдүү башкаруучуну сыйлоо
1. Ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган сыйакыны алууга, ошондой эле ага ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануудан түшкөн кирешенин эсебинен, бирок тиешелүү мезгил ичиндеги кирешенин 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууда сарпталган зарыл болгон чыгымдардын ордун толтурууга укуктуу.
2. Төмөнкүлөрдү башкаруу боюнча ишенимдүү башкаруучунун чыгымдарынын ордун толтуруу:
- акциялар боюнча, ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө ишенимдүү башкарууга берилген акциялар боюнча болгон дивиденддеринин эсебинен жүзөгө ашырылат;
- үлүштөр боюнча, ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө таза пайданын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык мүлктүк комплексти же кыймылсыз мүлктү башкаруу боюнча ишенимдүү башкаруучунун чыгымдарынын ордун толтуруу, ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө, мамлекеттик мүлктү пайдалануудан алынган кирешенин эсебинен жүзөгө ашырылат.
12-берене. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) укуктары жана милдеттери
1. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) төмөнкүлөргө укуктуу:
- ишенимдүү башкарууга берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын жана бүтүндүгүн текшерүүгө;
- расмий суроо-талаптын негизинде документтерди жана маалыматтарды алууга;
- акционерлердин жана катышуучулардын жалпы чогулушунда ишенимдүү башкаруучунун ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышын контролдоого;
- ишенимдүү башкаруучу тарабынан ишенимдүү башкаруу келишиминин шарттары аткарылганын текшерүүгө.
2. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мүлктү ишенимдүү башкаруучуга ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө өткөрүп берүүгө;
- ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган сыйакыны төлөөгө жана ишенимдүү башкаруучунун зарыл чыгымдардын ордун толтурууга.
13-берене. Ишенимдүү башкаруучунун укуктары жана милдеттери
1. Ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин), анын ичинде ага ишенимдүү башкарууга берилген акциялардын (үлүштүн) ээси - акционердин (коомдун катышуучусунун) укуктарын кызыкчылыктарын көрсөтөт жана мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) же ал көрсөткөн жактын (пайда көрүүчүнүн) кызыкчылыгында башкарат.
2. Ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) же ал көрсөткөн жактын (пайда көрүүчүнүн) кызыкчылыктары үчүн ар кандай юридикалык жана иш жүзүндөгү аракеттерди жасаганга жана ошондой эле сыйакыны алууга жана мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууда жумшалган зарыл чыгымдардын ордун толтурууга укуктуу.
3. Ишенимдүү башкаруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мамлекеттик мүлктүн чарбалык иш аракетинин натыйжалуулугун жогорулатууга;
- мамлекеттик мүлктүн сакталышын жана бүтүндүгүн камсыз кылууга;
- мамлекеттик мүлктү күтүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон пайданын алынышын камсыз кылууга;
- башкаруунун уюштуруучусунун (мүлктүн менчик ээсинин) жана (же) анын ыйгарым укуктуу органдарынын расмий суроо-талабы алынган күндөн тартып он беш күндөн кечиктирбестен, ишенимдүү башкаруучу катары өзүнүн иш аракеттери жөнүндө документтерди жана маалыматтарды берүүгө;
- мамлекеттик мүлктүн карыздарынын топтолушуна жол бербөөгө;
- өзүнүн ишинде мамлекеттик мүлккө карата ишенимдүү башкаруучу катары иштеп жатканын көрсөтүүгө;
- ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминде, ошондой эле ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген мөөнөттө жана тартипте өзүнүн иши жөнүндө отчёт берүүгө.
4. Акционердин (коомдун катышуучусунун) укугун ишке ашырууда ишенимдүү башкаруучу төмөнкүлөр боюнча чечим кабыл алууга укугу жок;
- чарбалык шериктиктин жана коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө;
- чарбалык шериктикти жана коомду жоюу же кайра уюштуруу жөнүндө;
- ишенимдүү башкарууга берилген акциялар (үлүштөр) пакетин же анын бөлүгүн ээликтен ажыратуу жөнүндө;
- ишенимдүү башкарууга берилген акциялар (үлүштөр) пакетин же анын бөлүгүн күрөө катары колдонуу боюнча.
5. Мүлктүк комплексти жана кыймылсыз мүлктү ишенимдүү башкарууда ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү, анын өзүнчө түзүүчү бөлүгүн ээликтен ажыратууга, коюуга, эсептен чыгарууга, алып салууга, алмаштырууга укуктуу эмес.
Ишенимдүү башкаруучу мүлктүк комплексти жана анын өзүнчө түзүүчү бөлүгүн өлкөдөн чыгарууга укугу жок.
6. Акционердин (коомдун катышуучусунун) укугун ишке ашырууда ишенимдүү башкаруучу төмөнкүдөй маселелер боюнча чечимдерди ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээсине) менен макулдашууга милдеттүү:
- башка юридикалык жактардын уставдык капиталына катышуу тууралуу;
- мамлекеттик мүлктүн активдеринин баланстык наркынын 10 жана андан ашык пайызын түзгөн ири бүтүмдү же өз ара байланышкан бир нече бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө.
7. Мүлктүк комплексти жана кыймылсыз мүлктү ишенимдүү башкарууда ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкарууну уюштуруучу менен мүлктүк комплексти, анын өзүнчө түзүүчү бөлүктөрүн жайгаштыруу, ошондой эле мамлекеттик мүлктү капиталдык оңдоого кеткен чыгымдар жөнүндө маселелерди макулдашууга милдеттүү.
8. Мамлекеттик мүлктү пайдалануу боюнча маселелер ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) менен макулдашылат.
9. Ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү башкарууну жеке өзү жүзөгө ашырат жана мындай укукту башка жакка бере албайт.
10. Ишенимдүү башкаруучу төмөнкүдөй учурларда түзгөн бүтүмү мыйзамда белгиленген тартипте жараксыз деп таанылат:
- ал үчүн ушул Мыйзам жана ишенимдүү башкаруу келишими менен белгиленген чектөөлөрдү бузуу;
- ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) кызыкчылыктарына карама-каршы келүү.
11. Ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттеринин, ошондой эле ал тараптан келишимдик милдеттердин тийиштүү эмес аткарылышынын натыйжасында келтирилген чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучусуна (мүлктүн менчик ээсине) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу учурунда албай калган пайдасынын жана анын табигый эскирүүсүн эске алуу менен, келтирилген зыяндардын, чыгымдардын жана бузуулардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.
12. Ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча тийиштүү эмес аракеттеринен улам келтирилген зыян үчүн ишенимдүү башкаруучу үчүнчү жактардын алдында өзүнүн жеке мүлкү менен субсидиардык жоопкерчиликти тартат.
14-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин токтотуу
1. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими төмөнкү учурларда токтотулат:
- тараптардын бири ишенимдүү башкаруу келишими боюнча шарттарды аткарбаган же тиешелүү эмес деңгээлде аткарган учурда, тараптардын биринин ишенимдүү башкаруу келишими мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызы;
- ишенимдүү башкаруучу ишин токтоткондо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ал кудуретсиз (банкрот) деп таанылганда;
- ишенимдүү башкаруучунун жеке өзү мамлекеттик мүлктү башкарууну жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүгү болбогондугуна байланыштуу, башкарууну жүзөгө ашыруудан ишенимдүү башкаруучу баш тартканда;
- ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) ишенимдүү башкаруучуга ишенимдүү башкаруу келишиминде шартталган сый акыны төлөп берүү шарттарында ишенимдүү башкаруу келишиминен баш тартканда;
- ишенимдүү башкаруу келишими тараптардын макулдугу боюнча узартылбаган учурда, ишенимдүү башкаруу келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн акыркы күнү аяктаганда;
- ишенимдүү башкаруучу болуп саналган жеке ишкер өлсө, аны аракетке жөндөмсүз, аракеттенүү мүмкүнчүлүгү чектелген же дайынсыз жок болгон деп таанылса;
- ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген милдеттенмелер ишенимдүү башкаруучу жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан аткарылбаган жана талаптагыдай аткарылбаган учурда соттун чечими боюнча.
2. Ишенимдүү башкаруу келишиминин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишиминде аныкталган мөөнөткө жана шарттарга ылайык мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) кайтарып берүүнү камсыз кылат.
3. Тараптардын биринин демилгеси боюнча ишенимдүү башкаруу келишимин мөөнөтүнөн эрте токтотууда экинчи тарап үч ай мурун кабардар болушу керек, эгерде ишенимдүү башкаруу келишиминде башка мөөнөт каралбаса.
4. Ишенимдүү башкаруу келишимин мөөнөтүнөн эрте токтотууда, ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкарууда турган мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) берүүнү камсыз кылууга милдеттүү, эгерде ишенимдүү башкаруу келишиминде башкасы белгиленбесе.
5. Мамлекеттик мүлктү кайтарып берүү тараптардын кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен таризделет.
15-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 2-августундагы № 62) күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашырууну камсыз кылуучу, зарыл болгон ченемдик актыларды сегиз ай мөөнөт ичинде кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|