Загрузка документа…
КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-сентябры № 572
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 358 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик жөнүндө жободо:
- 5-пунктунун экинчи абзацы "тиешелүү жылдагы республикалык бюджеттин" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- белгиленген тартипте гидрометеорология чөйрөсүндө жана ага жакын тармактарда Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын түзүү жана өнүктүрүү, ошондой эле айлана-чөйрөнүн булганышына жана кар көчкүсүнө каршы коопсуздукка мониторинг жүргүзүү;";
- 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кыргызгидромет төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (мындан ары - Министрлик) төмөнкүдөй сунуштарды киргизет:
гидрометеорологиялык коопсуздук жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча;
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык гидрометеорологиялык ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча;
- гидрометеорологиялык байкоолордун улуттук тутумун өнүктүрүүнү жана өркүндөтүүнү, маалыматтардын банкын түзүүнү камсыз кылат;
- метеорологиялык, агрометеорологиялык жана гидрологиялык шарттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында айлана-чөйрөнүн булгануусу жөнүндө маалыматка системалык талдоо жүргүзөт жана аны жалпылайт, кар көчкүлөрүнүн реестрин даярдоону жана чыгарууну, алардын кадастрын жүргүзүүнү камсыз кылат;
- суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү боюнча милдеттерди ишке ашырат;
- маалымат системаларын, мамлекеттик суу кадастрын жана мамлекеттик мелиоративдик кадастрын жүргүзүү боюнча милдеттерди ишке ашырат;
- аба ырайын, дарыядагы суулардын деңгээлин, суу сактагычтарга суунун куюлушун, көчкүлөрдүн абалын, табигый гидрометеорологиялык кубулуштарды, жаратылыш чөйрөсүнүн булгануусунун экстремалдык жогорку деңгээлдерин болжолдойт, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн фенологиялык жактан болжолдойт;
- өнөр жай-чарбалык объектилерди долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо гидрометеорологиялык негиздөө, улуттук экономиканын узак мөөнөткө өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон гидрометеорологиялык маалыматтардын жана жаратылыш чөйрөсүнүн булгануусу жөнүндө маалыматтардын Мамлекеттик фондун түзөт жана башкарат;
- климаттык, агроклиматтык, гидрологиялык, кар көчкү боюнча илимий-колдонмо жана башка маалымдамаларды түзөт жана басып чыгарууга даярдайт;
- кооптуу жана табигый гидрометеорологиялык кубулуштар же атмосфералык абанын, суунун, кыртыштын булгануусу менен шартталган табигый кырсыктардын, авариялардын жана катастрофалардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча мамлекеттик жана ведомстволук комиссиялардын ишине белгиленген тартипте катышат;
- Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмда жана КМШга катышкан мамлекеттердин гидрометеорология боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргойт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында климат, ага болгон ыңгайлашуулар, климаттык тейлөө жана климат менен байланышкан башка маселелер боюнча региондук, ведомстволор аралык комиссиялардын ишине катышат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде чет элдик жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте кызматташат;
2) жөнгө салуу функциялары:
- метеорологиялык, гидрологиялык, кар көчкүлөрү боюнча, гляциологиялык жана агрометеорологиялык шарттардын, айыл чарба жана жайыт өсүмдүктөрүнүн, жердин үстүндөгү суулардын, кыртыштан, атмосфералык абанын булгануусунун, анын ичинде радиоактивдүү абалдын үстүнөн системалуу байкоолорду жүргүзөт жана бул маалыматтарды жыйноону, талдоону, жалпылоону камсыз кылат;
- метрологиянын жана стандартташтыруунун эрежелерин сактоону, өлчөө каражаттарына ички метрологиялык көзөмөлдү ишке ашырууну камсыз кылат;
- гидрометеорологиялык байкоолордун бүткүл дүйнөлүк системасынын алкагында эл аралык маалымат алмашууларга катышат;
- күтүлүп жаткан кооптуу жана табигый гидрометеорологиялык кубулуштар, аба ырайы жана алардын чарбалык иштерге тийгизүүчү таасири жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкты маалымдоону камсыз кылат;
- кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен бирдикте суу ресурстарын (сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр боюнча) жана аларды суу кадастрын жүргүзүүнүн бирдиктүү системасы боюнча пайдаланууну мамлекеттик эсепке алат;
- мөңгүлөргө, жырылып кетүү коркунучу бар көлдөргө жана кар көчкүлөргө мамлекеттик мониторинг жана алардын кадастрларын жүргүзөт;
- суу боюнча Улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызгидрометтин инженердик-техникалык курамын аттестациялоону уюштурат;
3) кызмат көрсөтүү функциялары:
- жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча келишимдик негизде адистештирилген маалыматтарды (метеорологиялык, гидрологиялык, агрометеорологиялык жана Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын атмосферасындагы булганган заттардын фондук концентрациялары боюнча) берет;
- адистештирилген метеорологиялык, агрометеорологиялык, гидрологиялык маалыматтарды берүү боюнча мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
- маалыматтык продукциянын өндүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- гидрометеорология жана ага жакын тармактардагы, курчап турган чөйрөнүн булгануусуна мониторинг жүргүзүү жана көчкүгө каршы коопсуздук боюнча адистердин квалификацияларын жогорулатууну жана кайра даярдоону уюштурат;
- Кыргызгидрометтин карамагына таандык маселелер боюнча жарандардан жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
4) колдоо функциялары:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташууну ишке ашырат;
- Кыргызгидрометтин компетенциясына кирген маселелер боюнча гидрометеорологиялык камсыздоонун адистештирилген (максаттуу) ыкмаларын өнүктүрөт;
- гидрометеорологиялык маалыматтарды алууну, жыйноону, иштеп чыгууну жана жайылтууну камсыз кылуучу аспаптар жана жабдуулар, запастык тетиктер менен байкоо тармактарын жабдуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- Кыргызгидрометтин байкоо тармактарынын кызматтык турак имараттарын жана курулмаларын жакшы абалда кармоого колдоо көрсөтүү боюнча оңдоо-калыбына келтирүү иш-чараларын аткарат;
- көчкү коркунучу бар участокторду жана аймактарды экспедициялык изилдөө боюнча иш-чараларга катышат, республиканын аймагындагы калктын жана чарбалык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көчкүлөрдү алдын ала (мажбурлап) түшүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө корутунду берет;
- адистерди даярдайт, кайра даярдайт жана квалификацияларын жогорулатат, кызматкерлерди окутат жана студенттердин өндүрүштүк практикасын камсыздайт;
- гидрометеорологиянын өнүгүшүнө гранттарды жана чет элдик түз инвестицияларды тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу үчүн Министрликке сунуштарды киргизет, эл аралык долбоорлорду жана программаларды жүзөгө ашырууну камсыз кылат, бардык келип түшүү булактары боюнча инвестициялардын, гуманитардык жардамдардын, финансылык каражаттардын келип түшүүсүн жана пайдаланылышын эсепке алууну уюштурат;
- ведомстволук гидрометеорологиялык уюмдар жана кызматтар, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет.";
- 10-пунктунда:
алтынчы абзацы төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактарга акы төлөмө кызматтарын көрсөтүүгө;";
- 11-пунктунда:
экинчи абзацы "Директордун орун басарлары" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленген тартипте сынактын жыйынтыктары боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пунктунда:
он биринчи абзацындагы "белгиленген тартипте" деген сөздөр "мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленген тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик органдарда, эл аралык жана региондук уюмдарда өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргызгидрометтин атынан чыгат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |