Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы № 696 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-сентябры № 575
"Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин Тоо" гезити 2013-жылдын 26-июлу № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-беренесинде:
а) 2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкө жарандары, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана чет өлкөлүк юридикалык жактар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) төмөнкү мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте, ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн башка себептерсиз, туруктуу жашоого уруксаты же Кыргыз Республикасында инвестициялык визасы бар, чет өлкөлүк юридикалык жактар турак жай үйлөрүн салууга, аларды сатып алууга жана колдонууга укугу бар.
Чет өлкөлүк адамдарга, кайрылмандардан тышкары, жарандыгы жок адамдарга, жана чет элдик юридикалык жактарга турак жайларды жана үйлөрдү жеке менчикке сатып алууга, аларды Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарында курууга тыюу салынат.";
2) 14-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 15-беренесинде:
а) 1-бөлүгү "ошондой эле юридикалык жактар" деген сөздөрдөн кийин "ушул кодекстин 7-беренесинин 2-1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүгүндөгү "жарандарга" деген сөз "Кыргыз Республикасынын жарандарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти