Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-сентябры № 576
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү (сот приставынын ишине тийиштүү маселелер боюнча) киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү (сот приставынын ишине тийиштүү маселелер боюнча) киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү (сот приставынын ишине тийиштүү маселелер боюнча) киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 319-статьясынын биринчи абзацы "сот аткаруучусун," деген сөздөрдөн кийин "сот приставын," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 320-статьясынын 2-пункту "сот аткаруучусуна," деген сөздөрдөн кийин "сот приставына," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 564-беренесинде:
- 10-пунктундагы "адамдары." деген сөз "адамдары;" сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) сот пристав кызматкерлери - сот адилеттигине кол салуу менен администрациялык укук бузууларды жасоодо, сотко сый мамиле жасабаганда, сот чечимин аткаруу боюнча сот аткаруучунун мыйзамдуу талабын аткарбоодо.".
3-берене.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2016-жылдын 7-июну, № 49-50) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пункту "бажы кызматына" деген сөздөрдөн кийин ", сот приставына" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 24-беренесинин 5-бөлүгүндө:
- 3-пунктундагы "жетекчисин." деген сөз "жетекчисин;" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) башкы сот приставын.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти