Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры № 578
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 "Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 661 "Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:
- 1-пункт "лицензия" деген сөздөн кийин "жана/же уруксат" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктунун:
биринчи абзацындагы "ал иштердин төмөнкү түрлөрүнө лицензия берет" деген сөздөр "ал иштин төмөнкүдөй түрлөрүнө жана аракеттерге лицензия жана уруксат берет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кесиптик лотереяны уюштуруу боюнча иш;";
төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик же кызыктыруучу лотереяны өткөрүү;";
- 3-пунктунда:
биринчи абзац "лицензия" деген сөздөн кийин "жана/же уруксат" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик же кызыктыруучу лотереяны өткөрүүгө уруксат ушул Убактылуу жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча лицензия берүүчүнүн фирмалык бланкында берилет.";
- 2-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-глава. Кесиптик лотереяны уюштуруу боюнча ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
5. Кесиптик лотереяны уюштуруу боюнча ишке берилүүчү лицензия мөөнөтсүз болуп эсептелет.
6. Кесиптик лотереяны уюштуруу боюнча ишке берилүүчү лицензия Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
7. Кесиптик лотереяны уюштуруу боюнча ишке лицензия алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- лотереяны өткөрүүнүн шарттары;
- бизнес-план;
- тез лотереялардын байге фондунун жалпы көлөмүнүн 30 пайыздан кем эмесин түзөөрүн ырастаган документ;
- лотерея билеттеринин коргоо даражаларын сыпаттоо.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-2-глава менен толукталсын:
"2-2-глава. Мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяны өткөрүүгө уруксат берүүнүн өзгөчөлүктөрү
7-5. Мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяны өткөрүүгө берилген уруксат мөөнөтсүз болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
7-6. Мамлекеттик жана кызыктыруучу лотереяны өткөрүүгө уруксат алуу үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- белгиленген формадагы арыз;
- юридикалык жактын же жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арызды кароо жана уруксат берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- лотереяны өткөрүүнүн шарттары.";
- 10, 14, 18, 22, 26, 30-пункттардын жетинчи абзацтарындагы "(тийиштүү банктын маалымкаты)" деген сөздөр алып салынсын;
- 71-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"71. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү;
- лицензиялардын жана уруксаттардын дубликаттарын берүүнү;
- чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары берген лицензияларды жана уруксаттарды таанууну;
- лицензияларды жана уруксаттарды кайра тариздөөнү;
- лицензиялык талаптардын лицензиаттар тарабынан сакталышына лицензиялык контроль жүргүзүүнү;
- лицензиялардын жана уруксаттардын колдонулушун токтотууну;
- лицензиялардын жана уруксаттардын колдонулушун калыбына келтирүүнү;
- лицензияларды жана уруксаттарды жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арыз берүүнү;
- лицензияларды жана уруксаттарды берүүдөн баш тартууну;
- лицензиялардын жана уруксаттардын реестрин түзүүнү жана жүргүзүүнү.";
- 20-главанын аталышы "лицензия" деген сөздөн кийин ", уруксат" деген сөз менен толукталсын;
- 74-78-пункттар ар түрдүү жөндөмөдөгү "лицензия" деген сөздөн кийин тийиштүү жөндөмөлөрдөгү ", уруксат" деген сөз менен толукталсын;
- 21-глава аталышындагы "Лицензиянын" деген сөздөн кийин ", уруксаттын" деген сөз менен жана 23-глава аталышындагы "Лицензияны" деген сөздөн кийин ", уруксатты" деген сөз менен толукталсын;
- 80-83-пункттар "лицензияны" деген сөздөн кийин "жана/же уруксатты" деген сөздөр менен толукталсын;
- 84-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"84. Лицензия жана/же уруксат кайра таризделгенге жана аларды колго алганга чейин лицензиат ишин мурда берилген лицензиянын, уруксаттын негизинде жүргүзөт.";
- 1-тиркемесинде:
бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "лицензия" деген сөздөн кийин тийиштүү жөндөмөдөгү "/уруксат" деген сөз менен толукталсын;
ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
|
| "Банктык эмес финансылык сектор жаатында иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобонун 4-тиркемеси |
Форма
___________________________________________________________________________
(лицензия берүүчү органдын - лицензиардын толук аталышы)
УРУКСАТ
________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук жана кыскартылган (эгерде болсо) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы, уюштуруучулук-укуктук формасы же жеке ишкердин, лицензиаттын аты-жөнү)
Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө
күбөлүгү _______________________________________________
(номери жана датасы)
Жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери _________________________
(номери жана датасы)
Иштин лицензиялануучу түрү __________________________________________________________
Уруксаттын колдонуу мөөнөтү: _________________________________________________________
Иш жүргүзүлүүчү аймак: ______________________________________________________________
Берилген дата: 20__-жылдын "__" ___________________
Уруксаттын каттоо номери: ____________________________________________________________
(номерди көрсөтүү керек)
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери ____________________________________________
Уруксатты ээликтен ажыратууга болбойт _________________________________________________
(Уруксат берген адамдын кызмат орду, колу)
М.О.".