Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры № 580
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" (мындан ары - Мыйзам долбоору) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзам долбоору мүлктүк чыгарып салуунун чектик деңгээлин жылына 460000 сомго чейин жогорулатууну караштырат.
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 48-беренесине ылайык мүлк салыгы жергиликтүү бюджетке түшөт. Эгерде, бюджеттер ченемдик актылар бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынса, ага ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгымдары көбөйсө же кирешелери азайса, тиешелүү суммалар республикалык бюджеттен жабылат.
Ушундан улам, Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында аталган Мыйзам долбоору кабыл алынганда бюджеттин, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин жоготууларынын суммасы жана ушул мыйзам долбоорун кабыл алуунун натыйжасында жергиликтүү бюджеттер кирешесин жоготсо, республикалык бюджеттен орду жабыла турган сумма көрсөтүлгөн эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча 2014-жылдагы декларациялоонун жыйынтыгы менен мүлктүк чыгарып салуулар боюнча 593 жеке адамга 9166013 сом, ал эми 2015-жылы 781 жеке адамга 13520507 сом кайтарылып берилген.
Мүлктүк чыгарып салуунун чектелишин 460,0 миң сомго көбөйтүүдө киреше салыгы боюнча мүлктүк чыгарып салуунун суммасынын таасирин талдоо, киреше салыгы боюнча мүлктүк чыгарып салуунун суммасы ипотека боюнча пайыздардын иш жүзүндө жабылган өлчөмүнө жараша болот.
Эгерде, ипотека боюнча пайыздардын иш жүзүндө жабылган суммасы мүлктүк чыгарып салуу боюнча чектен аз болсо (< 460,0 миң сом), чыгарып салуу суммасы колдонулуп жаткан 230,0 миң сомдук чектөөдө алынган кайтаруу суммасына салыштырмалуу өзгөрүүсүз калат.
Эгерде, ипотека боюнча пайыздардын иш жүзүндө жабылган суммасы мүлктүк чыгарып салуу боюнча чектен көп же ага барабар болсо (> 460,0 миң сом), анда чыгарып салуу суммасы колдонулуп жаткан 230,0 миң сомдук чектөөдө алынган кайтаруу суммасына салыштырмалуу эки эсеге көп болот.
Ошентип, жеке адамдын пайыздарынын иш жүзүндө жабылган суммасы 230,0 миңден азды түзсө, анда мүлктүк чыгарып салуунун чегин 460,0 миңге көбөйтүү кайтарып алуулардын өлчөмүнө таасирин тийгизбейт.
Мүлктүк чыгарып салуу укугу жана чыгарып салуунун чектик деңгээлин 460,0 миң сомго көбөйтүү эмгек акысы жогору жарандар үчүн пайдалуу, эмгек акы канчалык аз болсо, жарандарда турак жай үчүн ипотекалык кредит алуу мүмкүнчүлүгү аны төлөй албагандыгынан улам ошончолук аз болот.
Тажрыйба көрсөткөндөй мүлктүк чыгарып салуу укугун көбүнчө банк кызматкерлери колдонушат, анткени банк системасында өзүнүн кызматкерлери, ошондой эле кирешелери жогорку жарандар үчүн жеңилдетилген шарттарда кредиттерди берүү каралган.
Мыйзам долбоорун кабыл алуу мүлктүк чыгарып салуунун адилеттүү режимин орнотпойт, анткени мүлктүк чыгарып салуу укугу кирешеси жогору болгон адамдардын айрым категорияларына гана пайдалуу.
Мындан тышкары, ченемдерди кабыл алуу киреше салыгы боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин төмөндөшүнө алып келет, анткени кармалган бардык киреше салыгынын суммасы бюджеттен кайтарылып берилүүгө тийиш.
2. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт. Ошол эле учурда иштеп чыгуучу тарабынан негиздеме берилбегенде ченемдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга тийиш.
Бирок сунушталган Мыйзам долбооруна карата жөнгө салуучу таасирди талдоонун негизинде даярдалган негиздеме берилген эмес.
3. Сунушталган Мыйзамдын долбоору төмөнкүдөй программалык документтердин максаттарына жооп бербейт:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, анда салыктык жеңилдиктердин колдонуу системасын оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу, ошондой эле салык салуудан качуу мүмкүнчүлүктөрүн жоюу салык системасынын киреше потенциалын жогорулатуу жагындагы саясаттын өзүнчө багыты болуп калаары белгиленген;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык валюта фондунун ортосунда 2015-жылдын 24-мартында кол коюлган, 2015-2018-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча меморандум, анын 12-пунктунда Өкмөткө күчү токтотулган салыктык бошотууларды кайрадан жаңылоодон, ошондой эле жаңы салыктык бошотууларды жана айрым секторлор жана иштин түрлөрү үчүн салык салуунун жеңилдетилген режимдерин киргизүүдөн кармануу милдети коюлган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен бекитилген, 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясы, мында чет өлкөлөрдүн практикалык тажрыйбаларын колдонуу менен милдеттүү төлөмдөр боюнча жеңилдиктерди берүүнүн негиздүүлүгүн баалоо методикасын иштеп чыгуу, ошондой эле салыктык жеңилдиктерди максималдуу түрдө кыскартуу жана салык төлөөчүлөрдүн жеңилдиктер берилген категориясынын салыктык отчетту туруктуу негизде берүү милдетин белгилөө жолу менен алардын натыйжалуулугун мониторингдөө системасын түзүү каралган.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.