Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры № 583
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 32-абзац менен толукталсын:
"Облигацияларды жоюу - эмитенттин жайгаштырылган облигацияларын сыйакы жана номиналдык наркын төлөө жолу менен (кийинки сатуу максаты жок) алуу же аны облигациялардын чыгарылыш проспектинде белгиленген тартипте ошол эле эмитенттин акциясына (акцияларына) алмаштыруу боюнча иш-аракети;";
2) 16-1-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 13-абзац менен толукталсын:
"- камсыз кылынган облигацияларын чыгарган учурда эмитенттин милдеттенмелеринин аткарылышы камсыздалганын тастыктоочу документтер;";
- 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 2-абзац менен толукталсын:
"Каттоо үчүн тапшырылган проспектте эксперт (эксперттик уюм) даярдаган корутундуга же отчетко шилтеме бар болсо документтерди кароонун мөөнөтү 15 жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узартылат.";
3) 17-1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Максатка ылайык келбеген себеп боюнча баалуу кагаздардын ачык сунуштарынын жана проспектинин шарттарын мамлекеттик каттоодон баш тартууга тыюу салынат.";
4) 18-берененин 2-бөлүгүнүн 5-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эмитент баалуу кагаздар рыногунун депозитардык иш жүргүзгөн кесипкөй катышуучусу менен эмитенттин Кыргыз Республикасында ачык сунушталуучу баалуу кагаздарына ээлик кылуучулардын укуктарын эсепке алуу үчүн келишим түзсө.";
5) 20-берененин 1-бөлүгүндө:
- 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:
"- баалуу кагаздарды төлөө, баалуу кагаздар боюнча киреше алуу ыкмасы, баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн мөөнөтү жана жоюунун тартиби;
- баалуу кагаздарды алмаштыруунун тартиби (алмаштырылуучу баалуу кагаздарды чыгарууда);";
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1 - 6-7-пункттар менен толукталсын:
"6-1) эмитент өндүрүүчү же керектөөчү товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жалпы наркынын беш жана андан ашык пайызын түзгөн көлөмдө товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) керектөөчүлөр жана жеткирип берүүчүлөр жөнүндө;
6-2) активдердин жалпы көлөмүнүн он пайыздан кем эмесин түзгөн эмитенттин активдеринин баяндамасы жана көлөмү, анын ичинде:
- эмитенттин ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген, ошондой эле эмитенттин милдеттенмелеринин камсыздоочусу болуп саналган активдери жөнүндө, активди баалоонун суммасын, баалоочунун аталышын жана тийиштүү келишимдердин жарактуулук мөөнөтү бүтүүчү датаны көрсөтүү менен;
- эмитенттин активдеринин баланстык наркынын беш жана андан ашык пайызын түзгөн дебитордук карыздар, аларды жоюунун мөөнөтү жөнүндө, дебиторлорунун тизмесин көрсөтүү менен;
6-3) эмитенттин милдеттенмелеринин баланстык наркынын беш жана андан ашык пайызын түзгөн кредитордук карыз, аны жоюунун мөөнөтү жөнүндө, кредиторлордун тизмесин, анын ичинде эмитент чыгарган баалуу кагаздар боюнча кирешени төлөө боюнча карыздын суммасын көрсөтүү менен;
6-4) ушул бөлүктүн 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн жактардан тышкары эмитенттин аффилирленген жактары жөнүндө;
6-5) облигациялык зайымдын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө. Мында проспектиде жүгүртүүдөгү каражаттардын толукталышын максаттуу пайдалануу катары көрсөтүүгө жол берилбейт;
6-6) камсыздалган облигацияларды чыгарган учурда ошол чыгарылыштагы облигацияларды камсыз кылуу жөнүндө;
6-7) облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө";
6) 22-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунун үчүнчү, бешинчи, жетинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтарында жана 6-6-пунктунда көрсөтүлгөн облигацияларды чыгаруу проспектиндеги маалыматтарды өзгөртүү эмитент тарабынан облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунун чечиминин негизинде, төмөнкүдөй шарттарды сактоо менен ишке ашырылат:
1) бул чечим үчүн эмитент тарабынан сатылып алынган ушул чыгарылыштагы облигацияларды кошпогондо, жайгаштырылган облигациялардын жалпы санынын сексен беш пайызынан кем эмес облигацияларга ээлик кылган облигациялардын кармоочулары добуш берсе;
2) эмитент тарабынан сатылып алынган облигацияларды кошпогондо, курамда ушул чыгарылыштагы облигациялардын он пайыздан ашыгына ээ болгон эки же андан ашык жактар бар болсо, - мындай облигацияларды кармоочулардын жалпы санынын жетимиш беш жана андан ашык пайызы чыгаруунун шарттарын өзгөртүү үчүн добуш берсе.";
7) 30-беренеде:
- 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"- кыймылсыз мүлк объекттери тууралуу маалымат, жайгашкан жерин, негизги багыттын, аянтын квадрат метр менен, жана чектөөсү бар же жок экендигин көрсөтүү менеп;";
5-бөлүктүн 2-абзацы "басма сөз" деген сөздөрдөн кийин "же электрондук" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 31-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- предмети кыймылсыз мүлктүн аянтына карабастан кыймылсыз мүлктү сатып алуу, алуу же бир жылдан ашык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү же иликтен ажыратуу болгон келишимди түзүү фактысы жана/же андай келишимди мамлекеттик каттоонун фактысы;";
- 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык баалуу кагаздар рыногунун жөнгө салынуучу субъекттеринин иши жөнүндө милдеттүү түрдө жарыялануучу маалыматты жарыялоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон түрүнө карата талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";
9) 35-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Баалуу кагаздардын мурдагы чыгарылышын ишке ашты же ишке ашкан жок деп тааныганга чейин баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоого мүмкүн эмес.";
10) төмөнкүдөй мазмундагы 35-1 жана 35-2-беренелер менен толукталсын:
"35-1-берене. Облигацияларды чыгаруунун шарттары
1. Эмитент облигацияларды чыгарууну мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтерди берген күнгө карата гана анда акыркы үч жыл ичинде жүгүртүүдө жүргөн (акциялардан тышкары) баалуу кагаздарды (анын ичинде сыйакыны төлөө же баалуу кагаздарды жоюу боюнча милдеттенмелер) чыгаруу шарттарын кечиктирип аткарган же аткарбаган учурлар жок болсо, ошондой эле акыркы үч жыл ичинде жүгүртүүдө жүргөн баалуу кагаздардын делистинги (акциялардан жана облигацияларды кармоочулар макул болгон учурда облигациялардын өз ыктыяры менен делистингинен тышкары) жок болсо гана акцияларды чыгарууга укуктуу.
2. Ушул облигацияларды чыгаруунун проспектисинде белгиленген облигациялардын жүгүртүү мөөнөтү ичинде эмитент төмөнкүдөй шарттарды аткарууга милдеттүү:
1) эмитенттин активдеринин курамына кирген мүлктү ажыратуу күнүнө карата эмитенттин активдеринин жалпы наркынын жыйырма беш пайызынан ашкан суммага ээликтен ажыратпоого;
2) эмитенттин облигацияларын чыгаруу менен байланышпаган милдеттенмелердин облигациялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоо күнүнө карата ушул эмитенттин активдеринин жалпы наркынын он пайызынан ашык аткарылбай калуу фактысына жол бербөөгө;
3) эмитенттин уюштуруучу документтерине эмитенттин ишинин негизги түрлөрүн өзгөртүүнү караштырган өзгөрүүлөрдү киргизбөөгө;
4) уюштуруу-укуктук формасын өзгөртпөөгө.
Эмитент ушул бөлүктө каралган шарттарды бузган учурда эмитент облигацияларды кармоочулардын талабы боюнча облигацияларды облигациялар боюнча топтолгон пайыздык кирешени эсепке алуу менен облигациялардын номиналдык наркына барабар тиешелүү баада сатып алууга милдеттүү.
3. Жайгаштырылган облигацияларды эмитент төмөнкү учурларда сатып ала алат:
1) эмитенттин органы облигациялардын делистинги жөнүндө чечим чыгарса;
2) фондулук биржага тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана фондулук биржанын ички документтери менен аныкталган маалыматтарды берүү боюнча атайын (листингдик) талаптар аткарылбагандыктан фондулук биржа эмитенттин облигацияларын делистингдөө жөнүндө чечим чыгарса.
4. Ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген учурларда, эмитент жайгаштырылган облигацияларды алардын тийиштүү номиналдык баасына барабар баада, топтолгон пайыздык кирешени эсепке алуу менен, же облигациялардын адилеттүү рыноктук баасы боюнча, кайсы баасы өтө жогору болгонуна жараша эң көп баасы боюнча сатып алууга милдеттүү.
35-2-берене. Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушу
1. Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунун үчүнчү, бешинчи, жетинчи, тогузунчу жана онунчу пункттарында жана 66-пунктунда көрсөтүлгөн облигацияларды чыгаруу шарттары өзгөргөнү жөнүндө чечим кабыл алуу максатында облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушу өткөрүлөт.
2. Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушуна катышуу жана добуш берүү укугуна ээ болгон облигацияларды кармоочулардын тизмесин реестрдин кармоочусу облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүгө чейин үч жумуш күн мурда түзөт.
Эгерде облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушуна катышуу жана добуш берүү укугуна ээ болгон, облигацияларды кармоочулардын тизмесин түзүп бүткөндөн кийин бул тизмеге киргизилген адам ага таандык облигацияларды ээликтен ажыратса, облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушуна катышуу укугу облигациянын жаңы кармоочусуна өтөт. Мында облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушуна катышуу үчүн аталган адам эмитентке облигацияларга менчик укугун ырастаган документтерди (реестрдин көчүрмөсүн) берет.
3. Эмитент облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүү жөнүндө билдирүүнү аталган эмитенттин баалуу кагаздары менен бүтүмдөр жасалуучу фондулук биржага, реестрди кармоочуга, депозитарийге жиберет жана облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушу өткөрүлөөрү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында таркатылуучу, тиражы беш миң нускадан кем эмес чыгарылуучу басма жалпыга маалымдоо каражаттарына, өзүнүн интернет-ресурсуна жана (же) фондулук биржанын интернет-ресурсуна облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүчү күндөн жыйырма календардык күндөн кечиктирбей мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялайт.
Жарыяны интернет-ресурска жайгаштыруу убактысы бир айдан кем болбоого тийиш. Интернет-ресурста жарыяны жайгаштырган күн жана убактысы көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде облигацияларды кармоочулардын саны элүүдөн ашпаса, билдирүү ошондой эле облигацияларды кармоочуларга жазуу жүзүндө билдирүү жиберүү аркылуу да жеткирилиши керек.
4. Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби эмитенттин башкаруу органы тарабынан бекитилүүчү эмитенттин ички документтери менен аныкталат.
Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунда добуш берүү "бир облигация - бир добуш" принциби боюнча жүргүзүлөт.
Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунун чечим кабыл алуусу ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген талаптарды эске алуу менен ишке ашырылат.
5. Облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунун чечими басма жалпыга маалымдоо каражаттарында аны кабыл алган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбей жарыяланууга тийиш. Жогоруда аталган чечим жарыяланган күндөн тартып үч күндүн ичинде эмитент кабыл алынган чечим жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, депозитарийге жана реестрди кармоочуга да билдирүүгө милдеттүү.
6. Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунун үчүнчү, бешинчи, жетинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтарында жана 66-пунктунун 1-бөлүгүндө аталган облигацияларды кармоочулардын облигацияларды чыгаруу проспектиндеги маалыматтарды өзгөртүү маселелери боюнча жалпы чогулушун өткөргөн күндөн облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимди жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялаган күндөн кийинки күнгө чейинки мезгилде облигацияларды жайгаштыруу жана жүгүртүү токтотулат.
Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунун үчүнчү, бешинчи, жетинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтарында жана 66-пунктунун 1-бөлүгүндө аталган облигацияларды чыгаруунун шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди облигацияларды кармоочулар кабыл алган учурда облигацияларды жайгаштыруунун жана жүгүртүүнүн токтото туруу мөөнөтү облигациялардын чыгарылган проспектинде өзгөртүүлөр мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн кийинки күнгө чейин узартылат.";
11) 36-беренеде:
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- эмитенттин милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоону ырастоочу камсыздалган облигациялар, документтер чыгарылган учурда.";
- 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган проспектте корутундуга шилтеме же эксперт (эксперттик уюм) даярдаган отчет камтылса, документтерди кароо мөөнөтү 5 жумуш күндөн ашык эмес мөөнөткө узартылат.";
- 6-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Белгиленген жайгаштыруу мөөнөтүнүн ичинде жайгаштырылбаган баалуу кагаздар жокко чыгарылат жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасындагы Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу жазылат.";
- 8-бөлүктүн биринчи абзацы:
"эгерде" деген сөздөн кийин "баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоодо билдирилген шарттарга жана тартипке ылайык" деген сөздөр менен толукталсын";
үчүнчү сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Белгиленген жайгаштыруу мөөнөтүнүн ичинде жайгаштырылбаган баалуу кагаздар жокко чыгарылат жана бул жөнүндө Кыргыз Республикасындагы Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу жазылат.";
12) 41-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Квалификациялык күбөлүктү ырастоо үчүн баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жумушчусу бир жылда бирден ашык эмес жолу квалификацияны жогорулатуу программасы боюнча квалификациясын милдеттүү жогорулатуудан өтүүгө тийиш. Квалификацияны жогорулатуу программаларын түзүүнүн, квалификациясын милдеттүү жогорулатуудан өтүүнүн, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кызматкери тарабынан квалификациясын милдеттүү жогорулатуу жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин жана мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.";
13) 42-беренеде:
- 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- экономикалык, финансылык же юридикалык маселелер боюнча финансы тармагында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушун. Иш тажрыйбасына (стажына) чарбалык ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан иши кирбейт;";
- 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкер кызмат ордуна дайындоо (шайлоо) же болбосо башка финансылык уюмдар макулдугун чакыртып алуунун жол-жобосуна дуушар болду. Аталган талап акыркы он эки ырааттуу айдын ичинде жетекчи кызматкер кызмат ордуна дайындоо (шайлоо) макулдугун чакыртып алуу жөнүндө чечимди кабыл алгандан кийин колдонулат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-8-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлери болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) директорлор кеңешинин жетекчиси жана мүчөлөрү;
2) аткаруу органынын жетекчиси (аткаруу органынын функцияларын жеке өзү аткаруучу жак) жана мүчөлөрү;
3) башкы бухгалтер же жалгыз бухгалтер;
4) баалуу кагаздар рыногунда кесипкөй ишти аткаруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун бир же бир нече түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин координациялоочу жана (же) көзөмөлдөөчү жана кардарлар менен түзүлгөн бардык келишимдерге кол коюу укугуна, кардарларга жана (же) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү маалыматтарга, анын ичинде кардарлар менен түзүлгөн келишимдер жана ченемдик укуктук актыларда каралган отчет берүүнүн ар кандай формасын кошо алганда, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун кардарларынын эсептериндеги активдердин кыймылын жана калдыктарын салыштырууну ырастаган документтерге ээ болгон обочолонгон бөлүмдөрдүн жетекчилерин жана алардын бухгалтерлерин кошпогондо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун башка жетекчилери.
4. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетектөөчү кызматкери макулдашуусуз ал дайындалган (шайланган) күндөн тартып кырк беш календардык күндөн ашык эмес мөөнөттө өз кызмат ордун ээлөөгө укуктуу.
Ушул бөлүктө аталган мөөнөт аяктагандан кийин жана макулдашууга документтердин толук пакети берилбеген же макулдашуудан баш тарткан учурда баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу ушул жак менен эмгек келишимин бузууга же эмгек келишими жок болгон учурда бул жетектөөчү кызматкердин ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Макулдашуусуз, ушул бөлүктө белгиленген мөөнөттөн ашык баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкеринин милдеттерин аткарууга (кызмат ордунда жок адамды убактылуу алмаштырууга) тыюу салынат.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлерин дайындоого (шайлоого) макулдук берүү үчүн берилген документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен талаптарга ылайык документтердин толук пакети берилген күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде каралат.
5. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерин дайындоого (шайлоого) макулдук берүүнүн тартибин, макулдугун алуу үчүн зарыл болгон документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
6. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерлерин дайындоого (шайлоого) макулдук берүүдөн төмөнкү негиздер боюнча баш тартылат:
1) жетекчи кызматкерлердин ушул беренеде белгиленген талаптарына ылайык келбегендиги;
2) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан сын-пикирлердин жоюлбагандыгы же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген документтерди кароо мөөнөтү аяктагандан кийин сын-пикирлерди эске алуу менен иштелип чыккан документтердин берилиши;
3) ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин документтерди берүүсү, ал мөөнөттүн ичинде жетекчи кызматкер өзүнүн кызмат ордун макулдашуусуз ээлеп турат;
4) талапкерге карата баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан колдонулуучу, анын ичинде чектелген таасир этүү чараларынын болушу.
Бул талап баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу талапкер жөнүндө макулдашуу өтүнүчүн берген күнгө чейин бир жыл бою колдонулат;
5) талапкердин анын ыйгарым укуктарына кирген, финансылык уюм, анын ичинде финансылык-кредиттик же камсыздандыруу уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга алып келген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алган фактылар жөнүндө маалыматтардын болушу, анда талапкер жетекчи кызматкердин же жетекчи кызматкердин милдетин аткаруучунун кызмат ордун ээлейт (ээлеген) жана ал баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бул финансылык уюм, анын ичинде финансылык-кредиттик же камсыздандыруу уюмунун таасир этүү чаралары колдонулат.
Бул талап бир жыл бою баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бузуулар аныкталган күндөн баштап колдонулат.
Ушул пункттун максаты үчүн финансылык уюмдун кызматкери деп жетекчи кызматкерди же анын милдеттерин аткаруучу адамды жана (же) фондулук биржанын трейдерин түшүнсө болот, анын компетенциясына жогоруда аталган бузууларды алып келген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу кирет.
7. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкеринин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдук берүүдөн бир жылдын ичинде эки ырааттуу баш тартуу болсо, бул адам аны баалуу кагаздар рыногунун кесиптик катышуучусунун жетекчи кызматкеринин кызмат ордуна экинчи жолу дайындоодо (шайлоодо) макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин ырааттуу он эки ай өткөндөн кийин баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкери болуп дайындалышы (шайланышы) мүмкүн.
8. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкеринин кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) берилген макулдук төмөнкү негиздер боюнча чакыртып алынат:
1) так эмес маалыматтардын негизинде макулдук берилгендиги аныкталса;
2) системалуу түрдө (акыркы он эки календардык айда үч жана андан көп жолу) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жетекчи кызматкерге жана (же) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна карата таасир этүү чараларын колдонуу, анда бул жетекчи кызматкер тиешелүү кызмат ордун ээлейт (акыркы он эки календардык айдын ичинде ээлеген);
3) экономика чөйрөсүндө кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугунун болушу. Баалуу кагаздар рыногун кесиптик катышуучусунун кызматкерин дайындоого (шайлоого) макулдукту чакыртып алуу ушул жетектөөчү кызматкерге башка баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларында мурда берилген макулдукту (макулдуктарды) кайра чакыртып алууга негиз болуп саналат.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкери кызмат ордуна дайындоого (шайлоого) макулдукту чакыртып алган учурда баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу аталган адам менен дароо эмгек келишимин бузууга же болбосо эмгек келишими жок болсо, бул жетектөөчү кызматкердин ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жетекчи кызматкерин дайындоого (шайлоого) макулдукту кайра чакыртып алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.";
14) 50-берененин 12-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчтөн ашпаган биржалык инспекторду дайындоого милдеттүү, алар баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын фондулук биржанын сакташын контролдоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болушат.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти