Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-сентябры № 585
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.У.Жапаров демилгелеген "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 585 токтому менен жактырылган |
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.У.Жапаров демилгелеген "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
Бул Мыйзам долбоору менен бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган адамдарга бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгына байланыштуу баланы багуу боюнча чыгымдардын ордун толтуруу үчүн бала төрөлгөндө (же баланы алты айлык кезине чейин асырап алганда) бир жолку акчалай компенсация төлөө сунушталууда.
Негиздеме-маалымкатка ылайык Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарындагы калктуу конуштарында жашаган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.
Ушуга байланыштуу, бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда оор табигый-климаттык шарттарда жашагандыгына жана иштегендигине байланыштуу жарандар тарткан кошумча материалдык жана физиологиялык чыгымдардын ордун толтуруу боюнча мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар, 1997-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралгандыгын белгилөө зарыл 789 калктуу конушта жашаган калк үчүн эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөрүнө үстөктүн коэффициенттери, бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине ай сайын берилүүчү кызматтык маянага үстөк төлөө белгиленген.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун төртүнчү абзацы менен бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган адамдарга бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгына байланыштуу баланы багуудагы чыгымдардын ордун толтуруу үчүн ар бир бала төрөлгөндө (баланы алты айлык кезине чейин асырап алганда) бир жолку акчалай компенсация дайындоо сунушталууда. Бир жолку акчалай компенсация алууга укук бала төрөлгөндө (асырап алганда) пайда болот жана бала төрөлгөн күндөн алты ай өткөндөн кийин токтойт.
Ошол учурда эле, мыйзам долбоорунда сунушталган бир жолку акчалай компенсация ким тараптан дайындала тургандыгы жөнүндө жоболор камтылган эмес.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин төртүнчү жана алтынчы абзацтарынын сунушталган редакциясына талдоо жүргүзүүнүн алкагында төртүнчү абзацка ылайык тийиштүү калктуу конуштарда туруктуу жашаган адамдардын кошумча эркин билдирүү талабын койбостон бир жолку компенсация дайындоо каралгандыгын белгилөө зарыл, ал эми алтынчы абзацка ылайык мындай укук компенсация алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүү жолу менен кошумча эркин билдирүү аркылуу ишке ашырылат деп аныкталган.
Ушуга байланыштуу, мыйзам долбоорунда колдонулган укук мамилелер жаатында каралган укуктук жөнгө салуу методун тактоо зарылчылыгы пайда болууда.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин алтынчы абзацында бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган баланын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп саналган адамдар (ата-энелер, асырап алгандар, камкорчулар) бала төрөлгөн (асырап алынган) учурдан тартып ал алты айлык кезине чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жолку акчалай компенсация алуу жөнүндө арыз менен кайрылуу укугун камсыздоо сунушталууда.
Ушуну менен бирге "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелеринин негизинде Өкмөт ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, ошондой эле мамлекеттик органдар жөнүндө жоболорду бекитет.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын ишине, укуктарына жана функцияларына таандык кандайдыр бир ченемдерди мыйзамдын негизинде бекитип берүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренелерине каршы келет жана мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принциптерин бузууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын чектөөгө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кошумча ыйгарым укуктарды берүүгө алып келет.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун алтынчы, жетинчи, сегизинчи жана он биринчи абзацтарында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга", "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" жана "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тийиштүү", "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган", "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөрдү аткаруу бийлигинин органдарынын укуктарын белгилөөчү ченемдер катары алып салууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин тогузунчу абзацында бир жолку акчалай компенсация бала өлүк төрөлгөн учурларда, мамлекеттик же үй-бүлөлүк балдар үйүндө, башка балдар мекемелеринде жашаган балдар үчүн дайындалбай тургандыгы, ошондой эле бала өлүп калса жокко чыгарыла тургандыгы каралган. Бир жолку акчалай компенсация алуу жөнүндө арыз менен кайрылууга укугу бар адамдар төлөө учурунда Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылган же айрылган учурларда бир жолку акчалай компенсация дайындалбайт, ошондой эле төлөө учурунда бийик тоолуу жана алыскы зоналарга кирбеген туруктуу жашаган жерин өзгөрткөндө жокко чыгарылат.
Ушуга байланыштуу, эгерде бул компенсация мурда төлөнүп берилген жана андан кийин алты айдын ичинде Мыйзам долбоорунун жогоруда аталган жоболорунда көрсөтүлгөн окуялар (баланын каза болушу, жашаган жерин өзгөртүү) келип чыккан учурда бир жолку акчалай компенсация кандай ыкма менен жокко чыгарыла тургандыгы түшүнүксүз бойдон калууда.
Мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына каршы келүүдө, анткени Мыйзам долбоорун колдонууга киргизүүдө социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык мүмкүн болуучу кесепеттеринин болжолу, Мыйзам долбоорунун мыйзамдарга шайкеш келишинин анализи жөнүндө маалымат камтылган эмес.
Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында сунушталып жаткан компенсациянын түрүн алууга ата-эненин укугу токтой турган баланын алты айлык курагын аныктоонун негиздүүлүгү ачылып берилген эмес, анткени мыйзам долбоорунда "бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгына байланыштуу баланы багуу боюнча чыгымдардын ордун толтуруу" катары аныкталган ушул компенсациянын максаттуу багыты белгиленген.
Ошондой эле, Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатында сунушталган сумманын бардык түзүүчүлөрүн чагылдыруучу бир жолку компенсациянын өлчөмүн эсептөө методу жөнүндө маалыматты камтыган эмес.
Андан сырткары, негиздеме-маалыматкатка ылайык бир жолку акчалай компенсация төлөө үчүн жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен берилүүчү сумма жылына 330,0 млн. сомго жакын өлчөмдү түзүшү мүмкүн, өз учурунда аны орто мөөнөттүү келечекте табууга мүмкүн эмес.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.