Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-сентябры № 586
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 6-пунктунун алтынчы абзацындагы "2018-жылга чейин" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөрүүлөргө ылайык 2017-жылдын аягына чейин "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |