Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 592
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 315-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясында:
а) үчүнчү абзацы алып салынсын;
б) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кургак учукка каршы жардам - кургак учук менен ооругандарды аныктоого, текшерүүгө жана дарылоого, байкоо жүргүзүүгө жана реабилитациялоого багытталган социалдык, медициналык, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы жана амбулатордук же стационардык шарттарда медициналык жардам көрсөтүүдө өткөрүлүүчү иш-чаралардын жыйындысы;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"кургак учук - кургак учуктун микобактериясынан пайда болуучу инфекциялык оору.";
2) 2-статьясында:
а) 1-бөлүгүндөгү "жана башка ченемдик укуктук актыларда" деген сөздөр "саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндөгү ", жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарында" деген сөздөр алып салынсын;
в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы мекемелерине пландуу медициналык жардам сурап кайрылган чет өлкөлүк жарандарды изилдөө жана дарылоо жарандардын ден соолугун сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.";
3) 3-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Кыргыз Республикасынын калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөгү мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөгү мыйзамдары ушул Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине негизделген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден, ошондой эле ушул Мыйзамдан, жарандардын ден соолугун сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.";
4) 4-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик кепилдиктер жана иш-чаралар
Мамлекет тарабынан төмөнкүлөр кепилденет:
- кургак учукка каршы кечиктирилгис жардам;
- кургак учукту адистештирилген профилактикалоо, мамлекеттик кургак учукка каршы уюмдарында (мындан ары - кургак учукка каршы уюмдары) амбулатордук жана стационардык шарттарда консультациялык-диагностикалык, дарылоо, реабилитациялык жардам;
- кургак учук менен ооруган адамдын ден соолугунун абалы жөнүндө маалымат берүү;
- кургак учук менен оорунун натыйжасында майыптык алган адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктарын коргоо жана кепилдиктерди камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө кургак учук менен ооруган адамдын ден соолугуна зыян келтирилген учурда зыяндын ордун толтуруу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумушчу орундарын квоталоо аркылуу ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда кургак учукка чалдыгуунун кесепетинде майыптык алган адамдарды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын коргоо жана кепилдиктерди камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушка орноштуруу;
Кургак учукка каршы жардам төмөнкүлөр аркылуу камсыздалат:
- амбулатордук, стационардык кургак учукка каршы жардам көрсөткөн уюмдар аркылуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык кургак учук менен ооруган адамдарга дары-дармектер менен акысыз жардам берүү аркылуу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кургак учукка каршы уюмдарга, ошондой эле кургак учук менен ооруган адамдарга бюджеттик мыйзамдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен финансылык колдоо көрсөтөт.";
5) 5, 6 жана 7-статьялары күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 8-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу боюнча ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кургак учукка каршы иш-чараларды уюштуруу максатында:
- Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча уюмдарды аныктайт;
- Өкмөттүн Программасында каралган калкка кургак учукка каршы жардам көрсөтүү чөйрөсүндө Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар пландарын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын аймагында инфекциялык оорулардын жайылышына эпидемиологиялык көзөмөлдөө жүргүзүү тартибин жана коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык эпидемиологиялык кырдаалдын оорлошуусуна таасир көрүү системасын аныктайт;
- айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүнө кургак учукка чалдыгуу ыктымалдыгына туруктуу контролдоо жүргүзүүнү камсыздайт.";
7) 9-статьясында:
а) 1 -бөлүгүндөгү "Активдүү" деген сөз алып салынсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кургак учуктун микобактериялары биринчи жолу табылган адамдарга карата, аларды кургак учукка каршы уюмда каттоодон тышкары, санитардык-эпидемиялык көзөмөл органдарына жугуштуу оорулуулар катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте чукул маалымдоо жиберилет.";
8) 10-статьясында:
а) 1-бөлүгүндөгү "мамлекеттик бюджеттен өзүнчө сап менен "Кургак учук" улуттук программасында каралган көлөмдө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекет төмөнкүлөрдү каржылоону камсыздайт:
- алдын алуучу иш-чараларды, анын ичинде вакциналарды сатып алууну;
- диагноздук иш-чараларды (бактериялогиялык, флюорографиялык, ренттендик изилдөөлөрдү, кургак учукту туберкулиндик табууну жана башка зарыл изилдөөлөрдү);
- кургак учук менен ооругандардын бардыгын стационардык жана амбулаториялык шарттарда дарылоону;
- кургак учукка каршы препараттарды сатып алууну;
- кургак учукка каршы уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү.";
в) 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "кургак учукка каршы мекеме" деген сөздөр "кургак учукка каршы уюм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 4-бөлүгүндөгү "республикалык бюджетте өзүнчө каралат жана" деген сөздөр алып салынсын;
9) 11-статьясында:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ренттендик-флюорографиялык изилдөөдөн өтпөгөн адамдарга көрсөтүлгөн тизмедеги иштерде иштөөгө жол берүүгө тыюу салынат.";
б) 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
в) 4 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
г) 6, 7, 8 жана 9-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Кургак учук менен ооругандар жашаган жерлерде эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чаралар коомдук саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
Коргонуу, чек ара кызматы, улуттук коопсуздук органдарынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери аскер кызматчыларынан кургак учук табылганда алардын жашаган жери боюнча кургак учукка каршы уюмдарды маалымдоого милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана жаза аткаруу системасынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери тергөө изоляторлорунда кармалган же эркиндигинен ажыратылган жерлерде болгон адамдардын жашаган жери боюнча кургак учукка каршы уюмдарды төмөнкүлөр боюнча маалымдоого милдеттүү:
- адамдардын кургак учук менен ооругандыгы биринчи жолу айкындалган ар бир учур жөнүндө;
- түзөтүү мекемелеринен бошонуп жаткан кургак учук менен ооругандар жөнүндө;
- адамдардын кургак учуктан өлгөн учурлары жөнүндө.
Жаза аткаруу системасынын администрациясы бошотуу жөнүндөгү маалымдамаларда жазасын өтөгөн адамдарга кургак учугунун бар-жогу тууралуу белги коюуга милдеттүү.";
д) 10-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
10) 12-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Кургак учук инфекциясын профилактикалоо
Жаңы төрөлгөндөрдү кургак учукка каршы вакциналаштыруу жана кургак учукту туберкулиндик табуу милдеттүү болуп саналат. Кургак учукка каршы вакциналаштыруу жана кургак учукту диагностикалоо иммунопрофилактикалоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык профилактикалык эмдөө боюнча Улуттук календарда белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.";
11) 13-статьясында:
а) 2-бөлүгүндөгү "ченемдик укуктук актылардын" деген сөздөр "ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр "ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 7-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
в) 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мал чарбалардын жетекчилери жана мал ээлери азык багытындагы малды кармоонун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузгандыгы үчүн администрациялык мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартышат.";
г) 9-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте" деген сөздөр "коомдук саламаттык сактоо жана ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 15-статьясында:
а) статьянын расмий тилиндеги текстинин аталышындагы "страдающих" деген сөз "больных" деген сөз менен алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы "мекемелерде" деген сөз "уюмдарда" деген сөз менен алмаштырылсын;
в) 2-бөлүгүндөгү үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
г) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кургак учук менен ооруп калуунун кесепетинен эмгекке жөндөмдүүлүгүн убактылуу жоготкон кызматкерлердин майыптык тобу белгиленгенге же болбосо клиникалык айыкканга чейин эмгек мыйзамдарына ылайык жумуш орду, ээлеген кызматы сакталат.";
д) 4 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
е) 6, 7 жана 8-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кургак учукка каршы уюмда дарылануудагы балдарга орто (толук) билим берүү программасы боюнча окуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Кургак учук менен ооруган жана жумуш издеген мезгилде, анын ичинде эмгекке убактылуу жөндөмсүз мезгилде расмий түрдө жумушсуз деп саналган адамдар калкты жумуш менен камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жумушсуздук боюнча жөлөкпул менен камсыздалат.
16 жашка чыга элек, кургак учук менен ооруган жана ага байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар деп табылган балдардын ата-энеси же иш жүзүндө аларды баккан адамдар:
- оорусу катуу жана кичине балдар менен кургак учукка каршы уюмда чогуу болууга;
- жыл сайын алуучу эмгектик өргүүнү эмгек мыйзамдарына ылайык аларга ыңгайлуу болгон каалаган учурунда же белгиленген мезгилде алууга укуктуу болушат.";
ж) 9-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
13) 16-статьясынын 1-бөлүгүндө:
а) экинчи абзацындагы "так" деген сөз алып салынсын;
б) үчүнчү абзацындагы "учукка каршы мекемеге" деген сөздөр "кургак учукка каршы уюмга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) бешинчи абзацындагы "учукка каршы жергиликтүү мекемеде" деген сөздөр "жашаган жери боюнча кургак учукка каршы уюмда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 17-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. Кургак учук менен ооруган адамдардын жоопкерчилиги
Дарылоодон качкан кургак учук менен ооруган адамдар соттун чечими боюнча кургак учукка каршы атайын түзүлгөн дарылоо уюмдарына мажбурлап жаткырылат.";
15) 18-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын;
16) 19-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Медицина кызматкерлеринин жоопкерчилиги
Медицина кызматкерлери кесиптик милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигин тартат.";
17) 21-статьясы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "администрациялык иштер чөйрөсүндөгү" деген сөздөр жана "мыйзамдарына ылайык" деген сөздөрдөн кийин "же" деген сөз менен толукталсын;
18) 22-статьясындагы "мекемелердин" деген сөз "уюмдардын" деген сөз менен алмаштырылсын;
19) 23-статьясында:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кургак учукка каршы уюмдардын медициналык жана башка кызматкерлери 14 календарлык күндүк узактыктагы кошумча өргүүгө чыгууга, эмгек акысына кызматтык маянасынын 30 пайызы өлчөмүндө кошумча акы алууга укуктуу болушат.";
б) 2-бөлүгүндөгү "кургак учуктун активдүү түрлөрү" деген сөздөр "кургак учук" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20) 24-статьясынын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти