Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-сентябры № 595
Карызкорду - жеке жакты издөө жана баланы издөө, ошондой эле карызкордун - юридикалык жактын мүлкүн жана карызкордун - жеке жактын мүлкүн издөө боюнча чыгымдарды эсептөө тартибин бекитүү жөнүндө
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карызкорду - жеке жакты издөө жана баланы издөө, ошондой эле карызкордун - юридикалык жактын мүлкүн жана карызкордун - жеке жактын мүлкүн издөө боюнча чыгымдарды эсептөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
Карызкорду - жеке жакты издөө жана баланы издөө, ошондой эле карызкордун - юридикалык жактын мүлкүн жана карызкордун - жеке жактын мүлкүн издөө боюнча чыгымдарды эсептөө ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип карызкорду - жеке жакты издөө жана баланы издөө, ошондой эле карызкордун - юридикалык жактын мүлкүн жана карызкордун - жеке жактын мүлкүн издөө боюнча чыгымдарды эсептөө механизмин аныктайт.
2. Республикалык бюджеттин каражаттары, өндүрүүчүнүн акчалай каражаттары, анын ичинде чыгымдарды авансылоо катары алынган жана мүлктү издөө боюнча чыгым тарткан башка адамдардын каражаттары карызкорду - жеке жакты издөө жана баланы издөө, ошондой эле карызкордун - юридикалык жактын мүлкүн жана карызкордун - жеке жактын мүлкүн издөө боюнча чыгымдар (мындан ары - издөө боюнча чыгымдар) болуп саналат.
3. Издөөгө жумшалган чыгымдар издөө менен байланышкан, иш жүзүндө сарпталган чыгымдардын негизинде эсептелет.
4. Конкреттүү издөө иши жана аткаруу өндүрүшү боюнча издөө менен байланыштуу иш жүзүндө сарпталган чыгымдардын калькуляциясын түзүүдө документтер менен ырасталган сарптоолор гана эске алынат.
5. Чыгымдардын калькуляциясын түзүү командировкалык чыгымдардын белгиленген ченемдеринин жана алардын ордун толтуруу тартибинин жана ушул Тартиптин 6-пунктунда аталган товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) бирдигинин орточо базар баасынын, ошондой эле расмий статистикалык эсеп жүргүзгөн мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү тиешелүү кварталга статистикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
6. Издөө боюнча чыгымдарга төмөнкүлөргө гана сарпталган акча каражаттары кирет:
1) почта жөнөтүүлөрү;
2) кеңсе чыгымдары;
3) жеке жана мамлекеттик органдар көрсөтүүчү акы төлөмө кызматтар;
4) байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө (телефон сүйлөшүүлөрү) чыгымдар;
5) менчик автотранспортто жүрүүгө кеткен чыгымдар жана жеке транспортту кызматтык максатта пайдаланууга байланышкан чыгымдар;
6) командировкалык чыгымдар.
7. Карызкорду - жеке жакты издөө жана баланы издөө боюнча чыгымдар ушундай издөөнү жүргүзүүчү ички иштер органынын эсептөөсүнүн негизинде аныкталат.
8 Мүлктү издөө боюнча чыгымдар сот аткаруучусу тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөнүн негизинде аныкталат.
9. Издөөнү камсыз кылуу максатында өндүрүүчүгө тиешелүү чыгымдарды же болбосо алардын бөлүгүн өндүрүү үчүн жеткиликтүү болгон өлчөмдө авансалык төгүмгө укугу түшүндүрүлөт.
10. Өндүрүүчү авансалык төгүмдү төлөөгө макул болгон учурда өндүрүүчү авансалык төгүмдү төлөө жөнүндө арыз берет.
11. Сот аткаруучусу, авансалык төгүмдү алгандан кийин ички иштер органынын кызматкери авансалык төгүмдү алгандыгын ырастоочу документ (маалымдама, квитанция) берет.
12. Авансалык төгүм алынганын ырастоочу документте авансалык төгүмдүн суммасы, издөө ишин алдын ала жүргүзүүгө авансалык төгүм жетишсиз болгон учурда, кошумча акча каражаттарын төлөөнүн тартиби жана авансалык төгүм издөө иштерин жүргүзүүдө толук чыгымдалбаган учурда анын калдыгын кайтаруу тартиби көрсөтүлөт.
13. Сот аткаруучусу, ички иштер органынын кызматкери авансалык төгүмдүн сарпталышын эсепке алат, ал ошондой эле ушул издөө иши жана аткаруу өндүрүшү боюнча издөө менен байланыштуу иш жүзүндө сарпталган чыгымдардын калькуляциясын түзүүдө эске алынат.
14. Издөө боюнча чыгымдардын орду сот аткаруучусунун токтомунун негизинде карызкордун эсебинен толтурулат.
15. Ошол эле мезгилде негизги аткаруу өндүрүшү аяктагандан кийин сот аткаруучусу издөө боюнча чыгымдарды карызкордон өндүрүү жөнүндө токтом чыгарат.