Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-сентябры № 599
Бишкек шаарында 2016-жылдын 23-декабрында жана Анкара шаарында 2016-жылдын 30-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 23-декабрында жана Анкара шаарында 2016-жылдын 30-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу);
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 23-декабрында жана Анкара шаарында 2016-жылдын 30-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протокол (мындан ары - Протокол).
2. Жогоруда аталган Макулдашууну жана Протоколду аткаруу үчүн жооптуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө түркия тарапка кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Бишкек шаары, 2016-жылдын 23-декабры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" жана өз алдынча "Тарап" деп аталуучу), аскердик кызматташтыкты бекемдөө максатында, узак мөөнөттүү достук мамилелерди өнүктүрүүнүн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн реформалоого көмөктөшүү алкагында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаты
Ушул Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аскердик финансылык кызматташтыктын алкагында 6360000 (алты миллион үч жүз алтымыш миң) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндө акча каражатын грант түрүндө бөлүп берүү үчүн укуктук негиздерди белгилөө болуп эсептелет. 6000000 (алты миллион) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндөгү сумма Түркиядагы жергиликтүү компаниялардан, көбүнчө Түркиянын коргоо өнөр жай ишканаларынан аскердик муктаждыктар үчүн продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну каржылоо үчүн пайдаланылат (продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну каржылоо үчүн бөлүп берилүүчү сумма Кыргыз Республикасы аныктаган батальонду жабдуу үчүн жумшалат) жана калган 360000 (үч жүз алтымыш миң) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы ушул Макулдашуу түзүлгөндөн кийин кол коюлуучу Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протокол күчүнө киргенден кийин берилет.
2-берене. Колдонуу чөйрөсү
Ушул Макулдашуунун алкагында 6000000 (алты миллион) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндөгү акча каражаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Түркиядагы жергиликтүү компаниялардан, көбүнчө Түркиянын коргоо өнөр жай ишканаларынан аскер муктаждыктары үчүн продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрү сатып алуу үчүн берилет (продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну каржылоо үчүн бөлүп берилүүчү сумма Кыргыз Республикасы аныктаган батальонду жабдуу үчүн жумшалат) жана 360000 (үч жүз алтымыш миң) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы Түркия Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун алкагында берилет.
3-берене. Компетенттүү жана координациялоочу органдар
Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын улуттук коргоо министрлиги тарабынан аткарылат. Түркия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигине караштуу Аскердик атташе аппараты ушул Макулдашууну аткаруу боюнча координациялоочу органдар болушат.
4-берене. Ишке ашыруу принциптери
1. 6000000 (алты миллион) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндөгү акча каражаты Түркиянын жергиликтүү компанияларынан, көбүнчө Түркиянын коргоо өнөр жай ишканаларынан аскер муктаждыктары үчүн продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ишке ашыруу учурунда берилет:
а) эгерде сатып алынуучу продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 6000000 (алты миллион) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндөгү сумманы түзсө же аталган суммадан көп болсо, анда 6000000 (алты миллион) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасы өлчөмүндөгү сумманын 100 пайызы гана төлөнөт;
б) эгерде продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы 6000000 (алты миллион) АКШ доллары эквивалентиндеги түрк лирасынан аз болуп калса, анда ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык, Түркия Республикасынын Борбордук Банкы Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинин көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөткөн сатып алуулар ишке ашырылган компаниянын банктык эсебине акча каражаттарын которот жана накталай эмес төлөм формасында сатылып алынган продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бүткүл көлөмүн төлөп берет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн акча каражаттары ушул Макулдашуунун 10-беренесинин 1-пунктунда белгиленген, Макулдашуу колдонулган мөөнөттүн ичинде пайдаланылууга тийиш.
Пайдаланылбаган акча каражаттары Түркия Республикасынын мамлекеттик казынасына кайтарылат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сатып алууларды ишке ашыруу үчүн Түркия Республикасына келгенге чейин Түркия Республикасынын улуттук коргоо министрлигине бөлүнгөн акча каражаттарынын алкагында керектүү каражаттардын тизмесин (артыкчылыктуу аталыштарды көрсөтүү менен) бериши керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги менен макулдашуу боюнча Түркиянын жергиликтүү компанияларынан, көбүнчө Түркиянын коргоо өнөр жай ишканаларынан керектүү продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу процессин ишке ашырат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөткөн сатып алуулар жүргүзүлгөн компаниянын банк эсебине Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан төмөнкү шарттар аткарылгандан кийин акча каражаттары которулат:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен компаниянын ортосунда түзүлгөн контрактка кол коюу жана милдеттенмелерин аткаруу;
б) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн сатып алынган продукцияларды жана көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алуу-өткөрүп берүү жол-жоболорунун бүткөндүгү жөнүндө кабарлоону алуу.
5. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сатылып алынуучу продукциялардын наркы берилген финансылык каражаттардын өлчөмүнөн ашып кетсе, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берилген финансы каражаттарына жетишпеген сумманы төлөшү керек. Түркия Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашууда белгиленген суммадан ашык сумманы төлөп бербейт.
6. Бөлүнгөн акча каражаттарды бөлүштүрүү, таңгактоо жол-жоболору, жүктөрдү жүктөө, ташуу, жеткирүү, окутуу маселелери, иш сапар жана суткалык чыгымдар, камсыздандыруу төлөмдөрү, салыктар, жыйымдар, банктык кармап калуулар жана валюта курстарындагы айырмалар менен түздөн-түз байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен түркиялык компаниянын ортосунда түзүлгөн контрактта чагылдырылышы керек.
7. Сатып алуу процесстери менен байланышкан визиттер ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин ишке ашырылат. Ушул процесс менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жабылат.
Сатып алууларды ишке ашыруунун жүрүшүндө Түркия Республикасынын колдонуудагы ченемдик актыларынын жоболору колдонулат, Кыргыз Республикасына продукция жеткирилгенден жана кызмат көрсөтүлгөндөн баштап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери колдонулат.
8. 360000 (үч жүз алтымыш миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасы ушул Макулдашуунун алкагында Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ортосунда өзүнчө кол коюла турган Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколго ылайык бөлүнөт.
9. Финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколдун алкагында бөлүнгөн акча каражаттары Түркиянын улуттук коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташесинин банктык эсебине которулушу керек.
5-берене. Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу укуктары
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуунун алкагында Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн акча каражаттарына сатып алынган, эсептен чыгарылган продукцияларды сатуудан түшкөн каражат Түркия Республикасынын Өкмөтү аныктаган банк эсебине которууга милдеттенет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн жазуу жүзүндө алдын ала макулдугусуз продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү бербөөгө, ошондой эле аларды колдонуу укугун башка мамлекетке же үчүнчү Тарапка бербөөгө милдеттенет.
3. Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптар катышкан башка эл аралык макулдашуулардан келип чыгуучу милдеттенмелерди чектебейт жана башка мамлекеттердин укуктарына, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө каршы колдонулбашы керек.
6-берене. Жашыруун маалыматты коргоо
Ар бир тарап ушул Макулдашууну ишке ашыруу алкагында Тараптар алмашкан кабарларды жана жашыруун маалыматты үчүнчү Тараптын өкмөтүнө, компанияга же адамга экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ачпоого милдеттенет. Купуялуулуктун бул принциби ушул Макулдашууну колдонуу бүткөндөн кийин да колдонулат.
7-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун же чечмелөөнүн жүрүшүндө талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда үчүнчү Тарапты, арбитражды же эл аралык сотту тартууга жол берилбейт жана дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүү жолдору менен чечилиши керек. Эгер Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча чечимге келе алышпаса, ушул Макулдашуунун 10-беренесинде келтирилген жоболорго ылайык ушул Макулдашуу өзүнүн колдонулушун токтотот.
8-берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Ар бир Тарап ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарын киргизиши мүмкүн. Жазуу жүзүндө кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде Тараптар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү башташы керек.
2. Тараптар менен макулдашылган жана жазуу жүзүндө таризделген толуктоолор ушул Макулдашуунун 9-беренесине ылайык күчүнө кирет.
3. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде макулдашууга келишпесе, ушул Макулдашуунун 10-беренесинин жоболоруна ылайык ушул Макулдашуу өзүнүн колдонулушун токтотот.
4. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тараптар ушул Макулдашууда каралган өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну улантат.
9-берене. Бекитүү жана күчүнө кирүүсү
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган убактан баштап күчүнө кирет.
10-берене. Колдонуу мөөнөтү жана токтотуу
1. Ушул Макулдашуу 5 (беш) жыл ичинде күчүндө болот, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн акча каражаты толугу менен пайдаланылган учурда, ушул Макулдашуу дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө ырасталган акыркы кабарлоо алынган убактан баштап аракетин токтотот.
2. Эгерде Тараптардын бири, экинчи Тарап ушул Макулдашуунун жоболорун сактабаса же сактабай жатат деп эсептесе, жазуу жүзүндөгү кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде баштала турган консультацияларды өткөрүүнү жазуу жүзүндө сунуштайт. Эгерде 60 күндүн ичинде макулдашууга жетилбесе, кайсы гана Тарап болбосун 60 күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоо жиберүү жолу менен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат.
3. Ар кандай себептер менен Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ушул Макулдашуунун 5-беренесинин жоболоруна таасир эте албайт.
11-берене. Текст жана кол коюу
1. Ушул Макулдашуу эки нускада даярдалды, ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
2. Жогоруда баяндалгандардын алкагында, ушул Макулдашууга Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2016-жылдын 23-декабрында жана Түркия Республикасынын Анкара шаарында 2016-жылдын 30-декабрында кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
|
|
|
Дуйшеналиев Н.М. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын ИУА Полковник |
| Фикри Ышык Улуттук коргоо министри |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык жардам берүү жөнүндө ПРОТОКОЛ
Бишкек шаары, 2016-жылдын 23-декабры
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - "Тараптар" жана өз алдынча "Тарап" деп аталуучу), Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 201__-жылдын "___" ____________ жана Түркия Республикасынын Анкара шаарында 201__-жылдын "___" ______________ кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) алкагында бөлүнгөн финансылык жардамды өздөштүрүү максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Максаты
Ушул Протоколдун максаты Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилүүчү 360000 (үч жүз алтымыш миң) АКШ долларынын эквивалентиндеги түрк лирасынын суммасындагы финансылык жардамды өздөштүрүүнүн принциптерин аныктоо болуп эсептелет.
2-берене. Колдонуу чөйрөсү
Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилүүчү финансылык жардам Тынчтык үчүн өнөктөштүк борбору, Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча борбор жана Деңиз коопсуздугун камсыздоо боюнча эл аралык борбор сыяктуу Түркия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн алдындагы окуу борборлору тарабынан берилүүчү/координациялануучу кыска мөөнөттүү (бир айдан ашпаган) курстарга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Түркия Республикасындагы өкүлдөрүн ташуу, тамактандыруу жана жашоо, окуу курстары (чоң чыгымдуу тренингдерден/курстардан тышкары), визиттери менен байланышкан чыгымдарын, ошондой эле Бельгиянын Монс шаарындагы НАТОнун "Тынчтык үчүн кызматташтык" программасын координациялоо боюнча топко (жыл сайын 30000 (отуз миң) АКШ доллары өлчөмүндө) жана Түркиянын Измир шаарындагы НАТОнун Штаб-квартирасына (жыл сайын 24000 (жыйырма төрт миң) АКШ доллары өлчөмүндө) дайындалган кыргыз өкүлдөрү үчүн ар айлык төлөмдөрдү жабуу үчүн колдонулат.
3-берене. Ишке ашыруу принциптери
1. Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташесинин Аппаратынын банк эсебине которулуучу финансылык жардам Түркиянын Башкы штабынын буйруктарына ылайык Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Аскердик атташесинин Аппаратынын контролу алдында чыгымдалышы керек.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн бөлүнгөн акча каражаттары ушул Протоколдун 8-беренесинин 1-пунктунда белгиленген Протоколдун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде колдонулушу керек. Колдонулбаган акча каражаттары Түркия Республикасынын мамлекеттик казынасына кайтарылат.
4-берене. Жашыруун маалыматты коргоо
Тараптар ушул Протоколду ишке ашыруунун алкагында Тараптар алмаша турган маалыматтарды жана жашыруун маалыматты үчүнчү Тараптын өкмөтүнө, компанияга же адамга башка Тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу жок ачпоого милдеттенет. Купуялуулуктун бул принциби ушул Протоколду колдонуу аяктагандан кийин дагы колдонулат.
5-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
1. Ушул Протоколду ишке ашыруунун же чечмелөөнүн жүрүшүндө ар кандай талаш-тартыш маселелер келип чыккан учурда үчүнчү Тарапты, эл аралык сотту же арбитражды тартууга жол берилбейт жана дипломатиялык каналдар боюнча сүйлөшүүлөр жолу менен чечилиши керек.
2. Ушул Протоколдо каралбаган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 201__-жылдын "___" ______________ жана Түркия Республикасынын Анкара шаарында 201___-жылдын "___" ______________ кол коюлган Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиешелүү жоболору колдонулат.
3. Ушул Протоколдун жоболору Тараптардын башка эл аралык макулдашууларынан келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттенмелерин чектебейт.
6-берене. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор
1. Тараптардын ар бири ушул Протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштай алат. Тараптар жазуу жүзүндөгү кабарлоону алаары менен 30 күндүн ичинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү башташы керек.
2. Тараптар менен макулдашылган жана жазуу жүзүндө таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Протоколдун 7-беренесинин жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
3. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 60 күндүн ичинде макулдашууга жетишилбесе, ушул Протоколдун 8-беренесине ылайык ушул Протокол өзүнүн аракетин токтотот.
4. Сүйлөшүүлөр процессинин жүрүшүндө Тараптар ушул Протоколдо каралган өзүнүн милдеттерин аткарууну улантат.
7-берене. Бекитүү жана күчүнө кирүү
Ушул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы кабарлоону дипломатиялык каналдар боюнча алган убактан баштап күчүнө кирет.
8-берене. Колдонуу мөөнөтү жана колдонулушун токтотуу
1. Ушул Протокол 5 (беш) жыл бою күчүндө болот, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бөлүнгөн акча каражаттары толук пайдаланылган болсо, анда ушул Протоколдун колдонулушу жазуу жүзүндө ырасталган акыркы билдирүү алынган учурдан тартып токтотулат.
2. Эгерде Тараптардын бири ушул Протоколдун жоболорунун талаптарын сактабаса, же экинчи Тарап сактабай жатат деп эсептесе, Тараптар жазуу жүзүндөгү кабарлоону алгандан кийин 30 күндүн ичинде баштала турган жазуу жүзүндө консультацияларды өткөрүүнү сунуштай алышат. Эгерде 60 күндүн ичинде макулдашууга жетишилбесе, Тараптардын бири жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган убактан баштап 60 күндүн ичинде ушул Протоколдун колдонулушун токтото алат.
3. Ушул Протокол Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 201__-жылдын "___" ___________ жана Түркия Республикасынын Анкара шаарында 201___-жылдын "___" _______________ кол коюлган Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун колдонулуу учурунда күчүндө болот.
Ушул Протокол Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 201__-жылдын "___"_______________ жана Түркия Республикасынын Анкара шаарында 201___-жылдын "___" _____________________ кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда өзүнөн-өзү токтойт.
9-берене. Текст жана кол коюу
Ушул Протокол эки нускада, ар бири кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде даярдалды, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Ушуну ырастап, төмөндө кол койгон эки Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул Протоколго Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2016-жылдын 23-декабрында жана Түркия Республикасынын Анкара шаарында 2016-жылдын 30-декабрында кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
| Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан |
|
|
|
Дуйшеналиев Н.М. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын ИУА полковник |
| Фикри Ышык Улуттук коргоо министри |